ШАЙЛОО-2015: БИЗНЕСМЕНДЕР САЯСАТЧЫЛАРДЫ ЖЕҢДИ

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

Шайлоого саналуу күндөр калганда президент уйкудан калганын айтты эле. Эми добуштардын расмий жыйынтыгы, мандат бөлүштүрүү, коалиция куроо, өкмөт курамын түзүү өңдүү маселелерден улам жеңишке ээ болгон партия лидерлерин уйкудан калтырчу түндөр башталды.

«ТИРҮҮЛӨР ГАНА ДОБУШ БЕРИШТИ»
Шайлоонун 8-октябрга карата болжолдуу жыйынтыгы боюнча, республикалык 7 пайыздык, аймактык 0,7 пайыздык босого чектен өткөн партиялар Жогорку Кеңештин VI чакырылышында алышы мүмкүн болгон мандаттардын саны жана алардын үгүт иштерине короткон чыгымы:


Шайлоого 1 миллион 589 миң 479 киши катышты. Шайлоочулардын ар бир үчүнчүсүн 20 жашка чыга электер түздү. Биометрикалык маалыматын 2 миллион 761 миң 297 киши тапшырган. Ошондо жалпы добуш берүүчүлөрдүн 58 пайызга жакыны гана атуулдук парзын аткарды. Буга байланыштуу өкмөт башчы Темир Сариев: «Добуш берүүгө келгендердин баары тирүү адамдар. Биз «карусель» дегенге каршы бөгөт коё алдык»,- деди. Жаңы тартипте биринчи жолу өткөрүлгөн шайлоодо техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам добуш бере албай калгандар болду.

ДЕЖАВЮ: КАЙТАЛАНГАН ОКУЯЛАР
2010-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП марага экинчи болуп келсе, бул сапар президенттин партиясы биринчи болуп келди. Ал эле эмес мурдагы жеңүүчү «Ата Журтка» караганда позициясын кыйла бекемдеп, 38 мандатка ээ болду. Албетте, шайлоо жарышына аттанганда 40тан ашуун мандатка, тагыраагы, депутаттык корпустун үчтөн бир бөлүгүнө ээ болууну көздөшкөн эле. Ал максатка бир кадам жетпей калышты. Демек, Акаевдин «Алга, Кыргызстаны» менен Бакиевдин «Ак жол» партиясы шайлоолордо депутаттык корпустун дээрлик бардык креслосун ээлегендей абсурд көрүнүштөр артта калды.
5 жыл мурун биринчи жана төртүнчү болуп келген «Ата Журт» менен «Республика» бул жолу бир жакадан баш чыгарышканы аларга экинчи орунду камсыз кылды. Өмүрбек Бабанов премьерликтен кеткенден кийинки 3 жылын текке кетирбегени көрүнүп турат.
«Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир болго» келсек, жаңыдан пайда болуп, тажрыйбалуу партиялар менен үзөңгү талаша Жогорку Кеңешке жетишти. Сюрприз жараткан бул үчилтикти дагы эмне бириктирип турат? «Кыргызстандын» демөөрчүсү болбосо да, бетке кармар лидери Канатбек Исаев, «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир болдун» эки чылбырды бирдей кармаган башчылары Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов 2010-жылы «Республиканын» катарында депутат болуп шайланышкан. Аталган 3 партиянын курамы көбүрөөк ишкерлерден турганы идеологиялык негизде түптөлгөн саясий партия эмес, бизнес-шериктештик деп атоого жем таштайт. Дал ушул 3 партиянын жеңишинен улам да жаңы парламент «Олигархтардын Жогорку Кеңеши» атала баштады.
«Ата Мекен» талапкерлер тизмесин Мелис Мырзакматов, Аида Салянова, Садык Шер-Нияз жана башка таанымал жүздөр менен толуктап, үгүт кампаниясына бир топ каражат сарптаганына карабай бул сапар да марага соңку болуп келди. Өмүрбек Текебаевден тышкары Адахан Мадумаров да 5 жыл мурунку кейипте. Ал бул жолу айтылуу ишкер Аскар Салымбеков менен бириккенине карабай «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» партиясы 7 пайыздык босого чекти багынта албай турат. 2010-жылы Мадумаровго депутат болууга 0,1 пайыз жетпей калган эле.

«ТАЗА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ МЕНИН КЫЯЛЫМ БОЛЧУ»
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев добуш берүүдөн кийин: «Таза шайлоо өткөрүү менин кыялым болчу жана ал орундалды. Кимге жана кандай добуш берүү – бул эми сиздердин укугуңуздар. Добуштарды так эсептеп чыгууну бийлик камсыздайт»,- деди.
КСДПнын жалпы шайлоочулардын 27,4 пайыздык колдоосуна ээ болгонуна көңүл бурсак, демек, калган 72,6 пайыз добуштар башка партияларга берилди. Мындай көрүнүш Кыргызстанда тандоо эркиндиги бардыгын көрсөтөт.

КСДП ПРЕЗИДЕНТКЕ ТИРЕК БОЛО АЛАБЫ?
Электен өткөн 6 партия КСДПга ар кандай комбинация түзүүгө кенен жол ачып берет. Коалицияны куроо ишеними президент тарабынан КСДПга берилери күмөн жаратпайт.
Чү дегенде эле КСДП жыл башынан бери сөз болуп келе жаткан «президенттик партиянын клондору» атыккан партиялар менен коалиция курат дешүүдө. Алар – «Кыргызстан», «Бир бол» жана «Өнүгүү-Прогресс». КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков: «Жогорку Кеңешке идеялык жактан жакын партиялар өтүп жатат»,- деди. Идеялык жактан жакын деп кимди айтып жатканын коалиция куралганда көрүнөт. «Республика-Ата Журт» да коалицияны түзүүдө вариант катары каралып жатат. Ал эми «Ата Мекенди» жакынкы 5 жылда оппозиция болот деп бүтүм чыгарып койгондор көп.
Парламенттик шайлоо 2 жылдан кийин өтүүчү президенттик шайлоого старт берди. Ал убакыт ичинде Улуттук стратегиялык өнүгүү долбоору, «Кумтөр», Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, соттук реформа жана башка толгон-токой маанилүү маселелерди чечүү керек. КСДП мына ушул иштерди жүзөгө ашырууда парламенттин ичинде президентке бекем тыл болуп берүүсү зарыл. Анткени эл «президентти колдойлу» деген чакырыктын негизинде дал ушул партияга ишеним артты.

КИМДЕР КЕТТИ? КИМДЕР КЕЛЕТ?
Болжолдуу жыйынтыктын негизинде жаңы депутаттардын катарында кимдер болбойт, көрүнүктүүлөрүнө көз жүгүртсөк. Бөдөш Мамырова, Исмаил Исаков, Жылдызкан Жолдошова, Карганбек Самаков, Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу, Феликс Кулов жана башкалар.
Жаңы депутаттарга келсек, азыркы тапта жеңишке жетишкен партиялардын штабдары талаш-тартыштын чордонуна айланып, парламентке ким келет да, ким тизмеден чыгат деген маселеге баш оорутуп жаткан убагы. Партиялардын "жазылбаган" мыйзамына ылайык, бөлүнгөн аймагынан көп добуш алган талапкер гана депутат болуп келет. БШК талапкер катары каттоодон баш тарткан Мелис Мырзакматовдун мисалында карап көрөлү. Ал талапкер бойдон калса, шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Ата Мекен» ага мандатты карматпай коюшу мүмкүн эле. Ош шаары боюнча «Ата Мекен» 4328 добуш, ал эми КСДП 29 413 добуш алган. Айырма 6 эсеге чейин көптүк кылат. Андыктан БШКга жакында тизмедеги ордун кийинкиге бошотуп берүү үчүн талапкерлердин арыздары жаап баштаары күтүлүүдө.

УБАДАЛАРДЫ ЭСКЕ ТҮЙӨ ЖҮРӨБҮЗ
КСДП үгүт учурунда соңку 5 жылда кандай иштерди жасаганына жана жакынкы 5 жылда улуттук стратегиялык долбоордун алкагында аткарылчу долбоорлорго көбүрөөк басым жасады. «Республика-Ата Журт» 7 пайыздык агрокредит, чиновниктердин санын жана парламенттин чыгымын азайтуу, Жол-кайгуул кызматынын күзөттөрүн алуу жана башка эски-жаңы убадаларды айткан партия болду. «Кыргызстан» ишканалардын жана жумуш орундарынын санын көбөйтүүнү, «Өнүгүү-Прогресс» айыл чарбаны өнүктүрүүнү, «Бир бол» соттук реформа, «Ата Мекен» жеткиликтүү турак жайга байланыштуу убадаларын сөзсүз аткармакчы болушкан.

P.S.БШК 24-октябрга чейин шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялашы керек.

Мирлан Өмүралиев,
Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(33)
12.10.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Атанбаевдин таза шайлоо откору кыялы болсо озунун СДПК партиясынын кантип добуш топтогону коптогон интернет сайттарында оз актууалдуулугун жоготпой келе жатат интернет колдонучулары таза шайлоо отпогонуно козу жеткендей оба бул парламетке жалан мен мен деген алдынкы бай адамдары келишти буларга не жетпейт тушунбойм Текебаевке соз жок ал келбей калса парламент озунун коркун жоготот ко)))
12.10.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
dav312,

СДПКанын кандай откону айдан ачык. Эми андан башкалары жарытып иштеп берээр бекен? Жалпысынан алып карасак, жанагылар эле кайра топтолду.
12.10.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанга шайлоого катышканы жашы жеткен жарандар копда. бул цифра ото эле аз
12.10.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип мактанып жатышат таза шайлоо деп тош какпай эле коюшса жакшы болмок уят да чоон эле кишилер ушинтип суйлоп жатса кантип беттери кызарбайт билбейм
12.10.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
0.7 Аймактык пайызды бир гана Республика Ата-Журт отту деп атпады беле? СДПК Таластан 0,6 алып калды дебеди беле.Анан кандайча 6 партия отту...Тушундуруп бергилечи?
12.10.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сариев кичине алды артын карап суйлосо жакшы болмок шайлоого келип катышкандар тируу адамдар деп,шайлоо таза отпошун билип барбагандыр калган жарандар ошону да бир жакшылап ойлонуп анан чон суйлосо болмок Сариев мырза.
12.10.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дагы дле 120 бакма болот экенда.
12.10.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalpysynan 602 000 000 som ketiptir, andan koro bul ak4any Kyrgyzstandyn karyzyn tolowso bir az paidaluurak bolot ele go, biz owol u4un onukpoi jatabyz
12.10.2015. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
олук адамдар барбай калдыкпы Сариев мырза
12.10.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен такыр сдпк партияны Катип утканын билбейм даже тушуно албай калдым эгер Ушул шайлоо таза откону болгон болсо анда кийин олот шайлоо. Менин ойумча бул жерде отбошу керек эле сдпк чын туугандар заман зордуку деген чын турбайбы...
12.10.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу ХХХ деп эсептеймин мен Сариевди ХХХ Адам экен
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-13 10:11:02
13.10.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kalysbek.89, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! 2 күн БАН!
12.10.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
олук тируу деп аша-чапкан го я? озунун елин! Башчы акелеринер ушинтип турса анда 3,5 млн калк олук екен да а? Даже андан да кобу козунду ач биз тируубуз дегилечи !
12.10.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сариев ХХХ ХХХ ХХХ айтсын! Кантип эле эл башчы болуп туруп ушул созду кантип айтты экен ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-13 10:14:22
13.10.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Msto005571, этика нормаларын бузууга, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө жол жок! 2 күн БАН!
12.10.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Т.Сариев элди коркутуп алгандай го пас адам экен
13.10.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таза шайлоо болгон жок деп ойлойм бизде канча адамдар шайлоого барган жок компьютерден чыкпады
13.10.2015. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сариев элди коркуткудай ким экен эркекче жекпе жек чыкса ХХХ ХХХ ХХХ койом
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-13 10:16:18
13.10.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat.abdrahmanov, этика нормаларын сактаңыз!
13.10.2015. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми 120сын дагы беш жыл багабызбы?
Кайсы жинди бешене тери мн тапкан акчасын воздуха чачып эл учун иштейм деп келет бийликке
13.10.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nigimdi.jogotup.aldym,

Кайсы жинди бешене тери менен тапкан ошончо акчаны элге чачмак эле? Булардын ошол акчаларды бешене тери менен тапканы кумон го....
13.10.2015. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу Атамбаев кыргызды ХХХ деп ойлойт окшойт.Таза шайлоо болду десем ишене берет деп.Кандай отконун элдин баары билет.Кыйындарын жамандап иши кылып жок кылды.Мамкызматкерлерди коркутуп отту да
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-13 10:25:40
13.10.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sake80, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз!
13.10.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар Эми 5жылга чейин ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-14 10:29:36
14.10.2015. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meder_ali, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! 3 күн БАН!
13.10.2015. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи мурунку шайлоолорго караганда чындыгында тазаарак отту десек болот. Мурда кандай эле. Бир эле киши беш алты жолу кирип добуш берчу, блютеньдер толтура салынчу. Азыр андай болгон жок. Акча таратып добуш сатып алган баардык партияларда эле болду. Бир беткей СДПК эле кылды деген болбойт го. Мен башка партиялардын деле акча берип алдап добуш алып жатканын оз козум менен кордум, жана элдердин айтып жаткандарын уктум.
14.10.2015. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СДПК партиясы бюджетниктерди коркутуу жолу менен оздоруно добуш берууго мажбурлады. Байкуш мугалимдер директор,завучтардын каардуу буйругунан кийин,копчулугу СДПК га добуш берууго мажбуур болушту. Демек, Шайлоо таза откон жок.
14.10.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура беш кол тен эмес,бирок таза эмес деген оозду коптуруп суйлогондор ушул создорунорду айгинелей турган фактыларынар барбы?,коргом-уккам дегенден тыщкары эле болсонор бир тууганда,озубуз алакандай эл болсок бири-бирибизди коро албастыкты качан токтотоор экенбиз,балким таза эмес откондур,ошентса да 100% гарантия эч кимде жок болгондуктан,мындай тигиндей деп коро албастыктан качан арылаар экенбиз
15.10.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен учун окунучтуу нерсе К.Самаковдун отпой калганы болду. Кыргыз эли учун ак иштеп, канча сооптуу иштерди кылды бирок тилекке каршы ал нерселерди эске албай койдук. Абдан окунчтуу. Эми шайлоодон уткан партиялар чын журогу менин иштеп,элге берген убадаларын аткарса эле болду.
15.10.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4ynynda taza wailoo bolbodu.mobul parti9ga dobuwundu bersen saga 1000som berebiz dewkender kop boldu.degi baardyk pari9lar dobuwunun koobunu satyp aldy ak4@ga
15.10.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл умут менен шайлаган партиялар шайлоо отору менен шайлоо алдынан кылган иш аракеттеринин тетирисин жасап жатышканы тууралуу айтылып,интернет сайттарында коп талкуу жаратууда. Канткенде да аларды биз озубуз шайладык,
16.10.2015. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүт партия добуш сатып алды. СДПК эле эмес. Мен өзүм күбөөмүн
18.10.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 жуздуулор онолмоюн кыргыз онолушу кыйын го!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо