Элиза Кененбаева, журналист, «Жылдын ТВ персонасы-2013» наамынын ээси: «ЖҮРӨГҮМДӨ СҮЙҮҮ БАР. АЛ ТУУРАЛУУ КӨП АЙТУУНУ КААЛАБАЙМ»

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

«Кыздары кыйын кыргыздын» деп коюшат эмеспи. Жаштыгына карабай адегенде ди-джей, кийин телеалпаруучу, азыр Прагада дүйнөдөгү кыргыздарды жаңылыктар менен тааныштырып турган тың кыздарыбыздын бири бүгүн маек төрүбүздө. Ал – журналист, телерадио алып баруучу Элиза Кененбаева.

«ИШ КҮНДӨРҮ ЖУРНАЛИСТ, ДЕМ АЛЫШТА САЯКАТЧЫМЫН»

  • 1987-жылдын 19-июнунда Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Орловка айылында туулган.
  • Үй-бүлөдө 3 кыздын ортончусу, бойдок.
  • Эне тилинен тышкары орусча жана англисче эркин сүйлөйт. Чех тилин аз-маз түшүнөт.
  • Китеп окууга кызыгат. Акыркы окуганы – Филип Шорттун «Мао Цзэдун» биографиялык чыгармасы. Шайлообек Дүйшеевдин «Агындыларын» кайталап окугандан тажабайт.
  • Дем алыш күндөрүн саякаттоо менен өткөрөт. Акыркы жолу Испаниянын Барселона шаарына барып келди.
  • Жакынкы келечекте кайрымдуулук иштери менен алек болгусу келет. «Шоола» деп атап алган долбоорун ишке ашыруу дымагында.

– Элиза, саламатсызбы? «Азаттык+» берүүсүндө алпаруучу болуп жүрүп Чехияга сапар алдыңыз эле. Ал жактагы тажрыйба топтооңуз карьераңыздагы пландарга кандай өзгөртүү киргизип жатат?
– «Азаттык+» берүүсүн 3 жылдай алып бардым. Жаштар берүүсүндөгү ишимди жыйынтыктап, силердин сыйлыкты алып, анан бул жактагы «Азаттык» радиосунун башкы кеңсесинде иштеп жатканыма 1 жарым жылдан ашты. Эл аралык өңүттөгү макалаларды жазам. Чет жердеги журтташтардын көйгөйлөрүн, ийгиликтерин чагылдырам. Карьералык пландарым азырынча өз нугунда. Айрым кесиптештерим саясатка аттанышты, мен ал жөнүндө ойлоно элекмин. Буюрса, тажрыйба топтоо менен чектелип калбай, башкаларга да пайда алып келе турган темаларды ачсам деген ниеттемин.

– Журналистика чөйрөсүнө кантип келип калдыңыз эле?
– Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз-Орус Славян университетинин архитектура жана дизайн факультетин артыкчылык диплому менен бүтүрдүм. Өз кесибим менен бир күн да иштеген жокмун. Университетте окуп жүргөндө кокусунан «Тумар» радиосуна келип калып, 3-курстан тарта ди-джей болуп иштеп калдым. Окуумду бүткөн соң журналистикага баш-отум менен кирип кеттим. Бул тармактын чеберчилигин үйрөнүүнү «Азаттыктан» баштадым. Берилип иштейм. Журналист болуп тапканым – аз да болсо атым бар. Кудайга шүгүр, ушул иш менен жакындарыма да жардам бере ала тургандай каражат таап жатам. Апам эле кабатыр болбосо, баары жакшы.

– Апаңыз санаачыл болсо, сизди кантип чет жерге жиберди? Дегеле, сизди тарбиялап-өстүрүүдө кимдин ролу чоң болду?
– Эне да, сарсанаа болот го. Бирок ишимди колдойт. Мен жазган макалаларды окуп, телевизордон көрүп, өз сын пикирин айтып турат. Өзү мектепте орус тили жана адабиятынан сабак берет. Мурда өз апама өтө жакын эмес болчумун. Азыр мени эң жакшы түшүнгөн адамым эле апам. Апама ойлонтуп койбоюн же санаа кылбайын деп айрым нерселерди айтпай коюшум мүмкүн. Ал болсо баарын билгиси келет. Социалдык тармактардан менин сүрөттөрүмө ким лайк басканын, ким комментарий калтырганынан бери санап, текшерип турат. Кыргызстанда жүргөндө мен үйгө келдим деп кечинде чалып, айтып коймоюн уктачу эмес. Азыр болсо саат канчада онлайн отурду экен деп интернеттен карап турат, көп убакыт онлайн болбой калсам, сарсанаа болуп чалып жиберет.
Мени таята-таенем тарбиялап чоңойтту. Оюнчугум аябай көп болчу, бир баштык оюнчук менен бир баштык момпосуйду аралаштырып туруп чачып ойночумун. 4 жашымда эле окуганды, жазганды үйрөнүп алып, мектепке барам дей баштагам. Ошентип 6 жашымда мектепке барып жаным тынды.
Атам Автандил Кеминде таанымал терапевт врач болгон. 42 жашында оорудан көз жумду. Ал кезде эжем экөөбүз студент, сиңдим мектепте окучу. Атам өтүп кеткенде ортодо 1-2 жыл кадимкидей кыйналдык. Ал күндөр да өттү. Эжем турмушка чыккан, 2 баласы бар. Сиңдим атамдын жолун жолдоп врач болду. Турмушка чыкты. Бир туугандарым менен сыймыктанам.

– Жеке жашооңузда жаңылыктар барбы?
– Жеке жашоом жөнүндө соңку мезгилде курбуларыма, тааныштарыма деле айтпай калдым. Эң негизгиси, баары сонун, өзүм кыялдангандай. Нике кайып деп коёт го, буюрса, турмушка чыга турган күн да алыс эместир. Жүрөгүмдө сүйүү бар. Ал тууралуу көп айта берүүнү каалабайм.

– Азыр элдин сүйлөшкөнү эле парламенттик шайлоонун жыйынтыгы болуп жатпайбы. Чет жерде иштеп жаткан журналист катары баам салууңуз тууралуу бөлүшө кетсеңиз. Эмне үчүн сырттагы мекендештер добуш берүүгө пассивдүү катышты?
– Мен өзүм шайлоо тынч өткөнүнө аябай сүйүндүм. Бул жактагы башка казак, тажик кызматында иштеген кесиптештер сүйлөшүп калганда "ким утат?" деп сурап жатышты. Биз «билбейбиз, эч ким билбейт, өзүбүзгө да кызык» десек аябай таң калышып, алардын өлкөлөрүндө шайлоонун аты эле болбосо, баары 5 жыл мурда эле белгилүү болорун айтып күлүштү. Биздин жарандардын тандоо эркиндиги барына кадимкидей суктанышат. Ал эми чет жердеги журтташтардын пассивдүүлүгү боюнча айтсам, биринчиден жаңы эрежелер бир аз тоскоол болду. Көбү биометрикалык маалыматын тапшырган жок, тапшыргандары өзү жашаган өлкөнүн борборунан алыс тургандыктан, атайын барып добуш берүүдөн жалкоолонушту. Басымдуу бөлүгү консулдук каттоодо турган эмес. Башкаларды айтпай эле коёлу, Орусияда жаңы эрежелерди көбү түшүнбөй калгандыктан шайлоого катыша албай калышты.

– Эл аралык жаңылыктарды чагылдырасыз да. Дүйнөдөгү өнүккөн, өнүгүп келе жаткан жана жакыр өлкөлөр менен Кыргызстанды көп салыштыра берсеңиз керек?
– Бул жакта күндө эл аралык макалаларды жазып жатып, кээде Кыргызстанда бейпил турмушта жашап жатканыбызга шүгүр кылам. Канча өлкөдө согуш жүрүп жатат, канча эл тентип, үй-жайын таштап качкын болуп кетти? Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде эркиндик бар. Каалаганыбызды жазабыз, Ак үйдүн алдына түрдүү талаптарды коюп чыгабыз. Ошондуктан наалып, же болбосо жакшы жашоо издеп, Сирияга бала-чакасын алып кетип жаткандарга таң калам. Жаштарга билим жетишпей жатса керек, көп окуп билим алышса, мындай жаңылыштыктар болмок эмес. Биз өнүгүп кеттик, укмушпуз деп айтуудан алысмын. Ошентсе да Кыргызстандын келечеги кең экенине ишенем.


"Карьералык пландарым азырынча өз нугунда. Айрым кесиптештерим саясатка аттанышты, мен ал жөнүндө ойлоно элекмин".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(19)
12.10.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акылдуу кыз экени корунуп турат. Аял катары бактылуу бол.
12.10.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жумуштан ордун тааптыр эми турмуштан да оз ордунузду табыныз
12.10.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жагат ушул кыз.
12.10.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бактылуу бол турмушта
12.10.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага жонокойлугу менен жагат. айылдарга барганда жонокой кийинип алчы, анан элдер менен жакшы тил табышчы азыркы алып баруучунын кийингени укмуш эми, тойго келгенсип жасанып алат интервью алганы айылдагы чон апалар, тушунот элем жылдыздардан интервью алып репортаж жасап атса.
12.10.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
ХХХ ХХХ болуп калдын озунчо эле акылдуусуна бербе негизи эл козуно корунуп калган(ырчысыбы журналисиби молдосубу жбус)баарысын эле мактап туруш керек болбосо олдун дей бер либой нерсенин эки жагы болот жаман жана жакшы жагы
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-13 10:07:06
13.10.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jaz3, буйруса Элиза ак боз атчан ханзаадага турмушка чыгат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-13 10:08:01
13.10.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bayana1987, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
13.10.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaz3, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
12.10.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жагат ушул кыз)))) бакыт каалайм , эн башкысы аялдык бакыт каалайм- демек достойный муж и семья )))))
12.10.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйом да ушул кызды
12.10.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
MAKALAK,Суйсон озуно айтта
12.10.2015. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Азыркы алып баруучу Айгерим Акылбекова кыйла жакшы алып барат суроолору жакшы даярдалган. Элиза экөөнүн талкуу алып барганы менен салыштырып корсон укмуш эми айырма. болбосо жашы жагынан бир топ жаш. Супер инфо жаны алып баруучулар жонундо деле жазбайсынарбы
13.10.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Albina96,ал кыз такыр жылдызы жок, анан да суз жургондой кызыксыз алып барат , мен мурда Элиза менен Жанар алып барганда дайым корчумун, аз ваааще корбойм)))
13.10.2015. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulanbek120190, жеке билдирүүну купуя менен жазыңыз!
13.10.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жагымдуу,Суйкумдуу,Жылдыздуу кыз. Ал эми журналистка тармагында мыктылардын катарында. Жумушунуздан да,турмушунуздан да ийгилик артынан ийгилик каалайм.
13.10.2015. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жылдыздуу кыз мага аябай жагат бирок менин жашым кичине бир топ эле ошого журогумдо жашай бересиз
14.10.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Красотка. Удачи тебя.
16.10.2015. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ямычкасы менен айрымаланат бактылуу болгула принцинер менен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо