ӨЗҮН ЖЫЛДЫЗ СЕЗБЕГЕН – МЭТТ ДЕЙМОН

№675 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж

Тубаса таланттуу, дайыма режиссёрлордун талашында жүргөн Голливуд жылдыздары көп. Алардын бири – боевик тасмаларынын көркүн ачып келген америкалык актёр Мэтт Деймон. Анда бул актёр тууралуу кенен маалымат алыңыз.

Толук аты-жөнү – Мэттью Пейж Деймон
Туулган жылы, күнү – 1970-жыл, 8-октябрь
Туулган жери – АКШ, Массачусетс штаты
Кесиби – Актёр, продюсер, сценарист
Кинодо – Актёрлук карьерасын 1988-жылдан баштаган.
Сыйлыктары – «Оскар», «Алтын глобус», «Күмүш аюу» сыйлыктарынын ээси.
Тартылган тасмалары – «Акылдуу Уилл Хантинг», «Жоокер Райанды куткаруу», «Таланттуу мистер Рипли», «Оушендин 11 досу», «Борндун көзүн тазалоо», «Интерстеллар» жана башкалар.

16 ЖАШЫНДА АКТЁР БОЛОМ ДЕП ЧЕЧКЕН
Мэтт Деймон белгилүү Гарвард университети жайгашкан Массачусетс штатынын Кембридж шаарында туулган. Атасы Кент Деймон салык инспектору, апасы Нэнси колледжде мугалим болуп иштечү. Актёр экиге чыкканда ата-энеси ажырашып кетип, Мэтт байкеси Кайл экөө өгөй атасынын колунда тарбияланышат. Балалыгы тууралуу актёрдун: «Мен жубайымдын мурунку никесиндеги 12 жаштагы Алексия деген кызыбызды тарбиялайм. Өгөй кызымды деле кызымдай көрөм. Себеби менин ата-энем 2 жашымда ажырашып кетишип, апам 16 жыл өгөй атабыз менен жашады. Анын бизге берген тарбиясын, мамилесин мен азыр Алексияга көрсөтүп жатам десем болот. Өзүмдүн атам Рождество майрамында келип белек берип, түнөп кетчү. Ажырашуу эки адамдын катасы, ал үчүн бала жапа тартпашы керек. Мен ушундай ажырашуудан жапа чекпеген үй-бүлөдө чоңойдум»,- деп эскергени бар. Мэтт 8 жашында алыс тууганы Бен Аффлек менен таанышып, ал аркылуу кино дүйнөсүнө болгон кызыгуусу артат. Кичинесинен эле экөө дос болуп, кийинчерээк «Акылдуу Уилл Хантинг» тасмасында өнөктөш болгонго да жетишишет.
16 жашында Мэтт биротоло актёр болом деп чечип, Нью-Йоркко кетүүнү каалайт. Бирок уулунун актёрлук кесипти тандоосуна ата-энеси каршы болушкан. «Чоң шаарга барып актёрлук карьерамды баштайм» деген Мэттке алар «жол киреңе өзүң акча тапсаң бара бер» деп уруксат беришкен. Жанындагы 200 доллары менен болочок актёр Нью-Йоркту көздөй жол тартат.

КАРЬЕРАДА
Мэтт Деймон алгачкы жолу 16 жашында Дензел Вашингтон жана Мег Райан катышкан «Мушташтагы эрдик» тасмасында роль жараткан. Бен Аффлек экөө «Акылдуу Уилл Хантинг» тасмасынын сценарийин жазып, көпкө киностудияларга өткөрө албай жүрүшкөн. Себеби аталган кинодо «сөзсүз Бен экөөбүз тасмада роль аткарышыбыз керек» деген талабы бар болчу. Акырында «Miramax Films» кинокомпаниясы сценарийди сатып алып, бул эмгек Мэтт Деймон менен Бен Аффлекке «Мыкты сценарий» деген наамда «Оскар» сыйлыгын алып келген.

ЖЕКЕ ЖАШООДО
Актёр 2005-жылы аргентиналык бармен Лучана Барросого үйлөнүп, учурда экөө 4 кызды тарбиялап келишет. Жан шериги тууралуу: «Лучана экөөбүздү тагдыр табыштырды. Жубайым менен Майамиде киного тартылып жүргөндө таанышкам. Майамидеги тартуу иштеринен баш тартсамбы деген ойлор болгон эле, себеби ал убакта башка фильмге да тартылып жүргөн болчумун. Көрсө, мени Кудай бекеринен ал жакка келтирбептир. Лучана мен каалагандай айым, карапайым, жөнөкөй, акылдуу, сулуу. Мендей түнт, кызыксыз адамга чыдоо кыйын болуш керек. Мен өзүмдү кээде тасма талаасынан сырткары жашоодо кокусунан «Оскар» сыйлыгын алып калган эсепчиге окшоштура берем»,- деген.

КУМСАЛАРГА КАРШЫ ОЮН БИЛДИРИП БАЛЭЭГЕ КАЛГАН
Актёрдун берген маектеринен кумсаларга каршы пикирлерин окууга болот. Ал бир маегинде: «Мен кумсаларга болгон оюмду айтып балээге калдым. Негизи, кумса Голливуд жылдыздарына каршы оюм жок. Болгону кумсамын деп жарнама кылганын туура көрбөйм. Менимче, табияттан ошондой өзгөчө төрөлсө, бул нерсени жашырыш керек»,- дегени бар.
Кызыгы, америкалык басылмалар Мэтт жөнүндө Бен Аффлек менен соо эмес деген айың-кептерди тараткан. Бирок актёр: «Бен экөөбүз чогуу сценарий жазып «Оскар» алып калсак эле ушундай кептерди таратышыптыр. Мен үчүн бул жийиркеничтүү нерсе»,- деп актанган.

«АТА БОЛУУ ЭҢ ЧОҢ КОРКУНУЧУМ БОЛЧУ»

  • Голливудда көз талдыра карап тургуң келген жылдыздар бар. Бирок арасында мен жокмун. Анткени менин жашоом ушунчалык кызыксыз, жадакалса папараццичилер да артымдан аңдыбайт. Менин бир күнүмдү тарткысы келген репортёр зеригип өлөт.
  • Эгер «Оскар» сыйлыгын татыктуу тасмага беребиз десек, анда сыйлык тапшыруу аземин 10 жылда бир кылыш керек.
  • Мен жеңилүүнүн артынан жеңилүүгө тушуккан ийгиликсиз каармандын ролун да жараткым келет.
  • Ата болуу менин эң чоң коркунучум болчу, бирок бул алсыздыкты жеңдим.
  • Мени эң сексуалдуу деп эсептеген басылмалардын кызматкерлери чегип же ичип алышса керек. Себеби эч ким мага баш отун жоготуп сүйүп калганын айта элек.
  • Тасма талаасындагы жумушум бүтөрү менен үйгө жөнөйм. Анткени мен үчүн кыздарымдын күлкүсүнөн артык эс алуу жок.
  • Кино адилетсиз, мырзалар 35-55 жашында мыкты ролдорду алса, ал эми айымдар бул куракта экрандан жоголуп бараткан болушат.
  • Мени менен иштешкен режиссёрлордун көпчүлүгү тасмада мен бийлеген эпизоддорду такыр кошпой коюшат. Эми ошол тасмага кирбей калган видеолор тарап кетсе эмне болорун элестете албайм.
  • Чыныгы ийгиликке көптө жетесиң, ал эми 10 мүнөттө жылдыз болуп чыга келгендерди ийгиликтүү адам деп тааныбайм.
  • «Оскар» сыйлыгын алган көптөгөн тасмалардан баш тарткам, бирок ага өкүнбөйм.
Мэтт Деймон үй-бүлөсү менен.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(9)
12.10.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мэтт Деймон - гений.
12.10.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага өлө жагат.
12.10.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринчи суротунун артындагы кыргыз оюмубу?)))
16.10.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFFANCULO,ал деген италянские обои
13.10.2015. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
вахахах
13.10.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул актёр мага жагат иштерире ийгилик калайм.
15.10.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумса -деген кандай которулат? Тушунбодум
15.10.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIZAD,гей,кызтеке
15.10.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIZAD,гей дегендин кыргызчасы кумса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо