Дэвид Малана, волонтёр: «БИРИНЧИ ЖОЛУ ЭЧКИ СОЮП ЖАТЫП АНДАН КЕЧИРИМ СУРАДЫМ»

№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж

Волонтёрлор – өз ыктыяры менен кайтарымсыз жардам көрсөткөн адамдар. Дүйнөдө коомго пайдасы зор, колун жардамга сунганга даяр мындай адамдар Кыргызстанда да аз эмес. Бүгүн биз Кыргызстанда 4 жарым жыл жашаган америкалык волонтёр Дэвид Малана менен маектешип, өлкөбүз жөнүндө ойлорун угуп көрдүк.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1982-жыл, 11-январь
Туулган жери – АКШ, Калифорния штаты, Ковина шаары
Билими – Калифорниядагы мамлекеттик политехникалык университеттин философия факультетин бүтүргөн.
Барган өлкөлөрү – Индия, Түркия, Германия, Чехия, Индонезия, Малайзия, Таиланд, Мексика, Канада, Бириккен Араб Эмираттары, Кыргызстан жана башкалар.
Максаты – Жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөтүү.

– Саламатсызбы, Дэвид? Кыргызстанга качан волонтёр болуп келдиңиз эле?
– Саламатчылык! Кыргызстанга 2010-жылдын апрель айында баргам. Мен баргандан бир жума өтпөй Апрель окуясы башталып кетти. Тынчтык корпусунун волонтёрлору коопсуздугубуздан кабатырланып «Манас» аэропортунда жайгашкан транзиттик борборго эвакуацияландык. Ошондо бизди кайра Америкага жөнөтөт го деп капа болгон элем. Чынын айтсам, абдан коркунучтуу мезгил болду, кээ бир волонтёрлор Америкага кайтууну чечишти, бирок биз калдык.
Абал тынчыгандан кийин мени Талас облусундагы Арал айылына бөлүштү. Таласта иштеп жатканда Июнь коогалаңы башталып, бизди дагы Бишкекке көчүрүштү. Айтор, мен Кыргызстандын тарыхында калчу бир нече окуялардын күбөсү болдум. Чынын айтсам, мени Тынчтык корпусу волонтёрлукка чакырганга чейин Кыргызстан тууралуу эч жерден уккан эмесмин. Волонтёр болууга документтеримди тапшырганда океандын жанында жайгашкан жылуу өлкөгө жөнөтүүнү сурандым эле. Алар менин оюма келбеген океандан алыс, тоолуу Кыргызстанга жиберишти. Бирок кыргыз жергесине барганыма сыймыктанам. Ал жактан жүрөгү таза адамдарды, булганбаган табиятты, айыл жашоосун көрдүм. Кыргызстанда эң көп жашаган волонтёр болдум. Азыр АКШда болсом да Кыргызстанды абдан сагынам.

– Кыргызстан сизге эмнеси менен жакты, кыргыз тилин кыйналбай эле өздөштүрдүңүзбү?
– Кыргызстандын 7 облусунда тең болдум. Учурдан пайдаланып кыргызстандыктарга Бишкек, Ысык-Көлдөн башка да жерлерге баргыла деген кеңешимди айтат элем. Анткени силерде чынында кооз жерлер көп. Башында Таласта жүргөндө мени «америкалык шпион» деп кооптонуп жүрүшкөн. Таластыктарга шпион эмес экенимди айтып, көпкө ишендире албай жүрдүм. Мага кыргыздардын меймандостугу жакты. Конокко барсаң көп тамак жешиңди суранышып, курсагыңды тойгузуп коюп кечинде жылуу төшөккө жаткырып коюшат экен. Мен мектепте мугалимдерге англис тилин үйрөтүп, окуучуларга сабак берип жаттым. Кыргыз тилин үйрөнүүмө ушул адамдар жана өзүм жашаган кыргыз үй-бүлөдөгү атам, апам жана иним жардам беришти.

– Волонтёр болуп жүрүп кандай иштерди жасадыңыз?
– Алгач англис тилчи мугалимдерге жардам бердим, келишимим узартылганда окуучуларымды тарбияладым. Алардын алдыңкылары чет өлкөлөрдө жана Бишкектеги престиждүү университеттерде окуп жатышат. Талас районундагы 9 мектепке таза суу киргиздик, ала качуу тууралуу театрлаштырылган кечелерди өткөрдүк. Мектепти өнүктүрүү, этникалык бий, стипендиялык фонддорду ачтык, мугалимдерге тренинг өткөрдүк. Кыргызстанда биринчилерден болуп Сасык-Булак айылына айпад окуу классын ачтым.

– Мүмкүнчүлүк болсо Кыргызстанда биротоло калат белеңиз?
– Азыр Америкадамын, бирок кыштын суугуна карабай жаңы жылга чейин барсамбы деп жатам. Кыргызстанда биротоло жашай аларымды азырынча айта албайм. Айылда жүргөндө кыргыз атам, апам болуп отуруп алып Америкадан кафе ачып, ал жерде апам колго чоюлган лагман жасап, атам эсепчи болуп, иним Кубан идиш-аяк жууп иштесекпи деп элестеткен күндөр болгон. Балким, ошондой кафени Таластан ачып, мен Америкадан үйрөнгөн ыкмаларымды колдонуп калармын. Кыргыздардын беш бармагы анча жаккан жок, тоок эти менен басылган аш аябай жакты. Америкада коон, тандырга бышырылган самса жок. Силерде жер-жемиштердин даамы өзгөчө даамдуу. Айтмакчы, Кыргызстанда жүргөндө өмүрүмдө биринчи жолу эчки союп көрдүм. Союп жатып байкуш эчкиден кечирим сурадым.

– Өзүңүздүн ата-энеңиз тууралуу айта кетсеңиз?
– Ата-энем 20 жашында Филиппинден АКШга иштегени келип үйлөнүп калышкан. Мен өзүмдү америкалыкмын деп эсептейм. Кыргызстанда мени кыргызга окшоштурушчу, а мен силер филиппиндиктерге окшошсуңар деп тамашалап койчумун. Алгач атам Кыргызстанга барарымды укканда жактырган эмес. Бирок кийин жасаган иштеримди көрүп сыймыктанып калды.

– Ал эми Кыргызстандагы ата-энеңизчи?
– Ал жакта узак жашап калганыма кыргыз үй-бүлөм себепкер. Алар мени чын жүрөгүнөн кабыл алышты. Башында мен аларга чай менен майды жаман көргөн, суу ичип, чоң сумка көтөрүп колунан фотоаппаратын түшүрбөгөн, жумуш эле дей берген кызыктай жигит көрүнсөм керек. Кыргыз ата-энем мага болушуп, башкалар менен урушкан күндөрү да болду. Эгер ушул маекти атам менен апам окуп жатса, сагынычтуу салам жолдойм. Апоу, сизди абдан сагындым. Мен Америкага кетип жатканда коштошуп жатып жаман болдум. Апам мени кучактап ыйлап жиберди. Атам болсо «эк, болсоңчу, азыр баланы ыйлатасың» деп жубатымыш болду, бирок өзүнүн да көзүнөн жаш чыкканын көрдүм. Мен көп иш жасасам да, мага жан дүйнөсүн ачып өз баласындай мамиле кылган кыргыз ата-энеме ыраазычылыгымды билдирип бүтө албайм. Биз жөн гана окуучу-мугалим, кесиптеш, америкалык же кыргызстандык эмес, чынында бири-бирибизге күйгөн жакын адамдардан болуп калдык.

– Маегиңизге рахмат!


"Кыргыз ата-энем мени өз баласындай кабыл алышты".

"Кылган жумушумдан эргүү алам".

Лунара Бекиева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(48)
19.10.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эмнегедир мага мындайлар коп ишеним бере бербейт. Биздин жерде волонтердун атына жамынып алып жургон АКШнын разведчиетери сыяктуу туюла берет. Мумкун чын эле ошондойдур. Ким билет...
19.10.2015. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Wave.,мен дагы Сизге кошулам..бул жигит жонэле келген эмес
19.10.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен да ишеним арта албайм,илгертеден эле элибиз волонтерсуз эле жашап келишкен.
20.10.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
origami,койгулачы,жасаган иштери, биздин элдин меймандостугун, биякта калган кыргыз ата-энесин сагынганы,мектеп окуучуларына көрсөткөн жардамы тууралуу окудук го. Кылдан кыйкым таба берүү, кыргыздардын меймандостугунан кийинки, экинчи сапатыбы? Ал жасаган иштерди кайсы жетекчи жасап берип жатат,Бир тыйын албай иштеп берсе да жакпаптыр кээ бирөөлөргө.
21.10.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i,
Ал жасаган иштери, бизге зыян келтире турган иштеринин астында - ерунда болуп калат.
21.10.2015. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Wave.,сен ушу жазганыңа өзүң ишенесиңби?
19.10.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец))жакгы маек болуптур))
19.10.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
разведчикго менимче.
19.10.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булардын баарынын ниети жаман волонтерлер барган жерде созсуз уруш болот,озу эле айтып атпайбы Ош окуясы болду,июнь окуясы болду деп.
19.10.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тим эле атам-апам десе,ойлопмун 20 жыл жашаптыр деп))))))
19.10.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суроттордун сапаты аябай жакшы чыгыптыр,класс !!
19.10.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Булар волонтер атты жамынган АКШнын шпиондору. Келип жергиликтуу элди ар кайсы жактан изилдеп маалымат чогултуп АКШга жонотот. Ал жактан берилген маалымат боюнча революциянын гений-конструкторлору Кыргызстанда кандай жол менен согуш отун жандыруунун проектин иштеп чыгышат. Бир соз менен айтканда кыргызга жакшылык каалабаган немелер.
23.10.2015. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Savai80,Туура. СССР ди кулатуу учун Американын салымы чон. Атайын институт ачылган деп айтылып журот го, Союдун тарашы учун
19.10.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай кыргыз жүздүү жигит экен, лайк))
19.10.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо!
Нарын шаарында дагы италиялыктардын Франческо аттуу жараны журот.
Ал дагы волонтербу? Билип бере аласыздарбы?
19.10.2015. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bul jigittin jasaganyn bir da talastyn atka minerleri jasai elek. Shpion bolup kaisy syrdy kimge aitmak, bizde baary achyk, mamleket bashchylarynan beri ushak menen alek bolso. Adamdar jon gana jardam bergileri da kelerin unutpasak. David bytyrgon ishterinin kobyn aitpaptyr.
19.10.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Филипиндер Кыргыздарга эле окшош. Азияттар да. Шпион дегенден алысмын.
20.10.2015. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Филиппиндер мн кыргыздар окшош эмес ....алардын бойлору кичинекей капкара анан дагы ото ХХХ калк...себеби кореядан коргом
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-20 10:35:58
20.10.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anara2015, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган! 1 күн БАН!
20.10.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
anara2015,ар бир калктын жакшысы-жаманы болот, бир-эки кишинин кылганы менен бүтүн элге мүнөздөмө берсе болбос.Анда бизден чыккан кээ бир акмактар үчүн, бүт элибиз жаман болуп эсептелип калышы мүмкүн.Биздин канча мекендештерибиз чет өлкөдө иштеп, окуп жатышпайбы, аларды да ушинтип жазса кандай болот? Алардын баары идеалдуу адамдар эмес да.Бул жигиттин жүрөгү таза экендиги бияктагы ата-апасы ж-дө жазганынан билинип турбайбы
20.10.2015. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shpion ele!!!!

20.10.2015. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чооон ХХХ ХХХ койсок да Бакиев менен американы шылтап отура берели.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-20 10:37:07
20.10.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aya88, этика нормаларын сактаңыз!
20.10.2015. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дегеле бизге эч нерсе жакпайт. Жумурткадан кыр издей беребиз. Мыкты жигит экени корунуп турат.
20.10.2015. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сен келдин кыргызга балее Келди. эчкисин айтбай эле койбойбу Эми.
20.10.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
juroguak,Бакиев балээ эмес,бул эч күнөөсүз жигитпи?
20.10.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!!!
20.10.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эле 6 жаштагы кызды зордуктаган акмактар ж-дө окудум,мына ушулар акмактар,эки буттуу айбандар, ал эми бул жигиттин күнөөсүн жакшы эле көтөрүптүр го кээ бирөөлөр.
21.10.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кереги жок бизге волонтерлордун. Американындагы.
21.10.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин айылга келген волонтер. Ушу агайдын артынан бир кыз Америкада окуп жатат. Далайларга илим жактан берди. Шпион болобу башка болобу анын эмгеги биздин айылда да калды. Анча мынчаларга караганда кыргызчаны жакшы суйлойт макалдаштырып! Ат минип эле журчу. Бизге эгерим эч нерсе жакпайт. Оозду деле коп чойбош керек да!!! Дэвид агай мыкты адам!!!!!!!!!
21.10.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bermet_Kasymova, шпион ушинтип айылга барып, кечке айылдагы окуучулардын билим алуусуна жардам берип жүрбөсө керек. Шпион деген башка иштерди жасап кетмек, ага биздин балдарыбыз билим алабы, албайбы баары бир болмок.Деги чын эле бизге эч ким, эч нерсе жакпайт. Биздин жерибизди сатып, акчаларыбызды соруп, качып кеткен бакиевдерди минтип жамандап жазган киши чыкты беле?
22.10.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, Туура айтасыз. Созунузго кошулам.
25.10.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bermet_Kasymova,al ozun Talastykmyn dep esepteit ayabai Talasty jakshy korot
21.10.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дэвид агайдай болуп, даже кочонорго антип кызмат кылган эмеспиз! Кыргыз бироо башка мамлекеттин гезитине чыкса, анан алар да ушинтип теренирээк ой жугуртпой боктоп жатышса кандай болот эле?!
21.10.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bul jigit tuuraluu anyn okuuchusu sindimden kop jakshy nerselerdi ukkam. Chyndygynda, kolunan kelip turup ech nerse jasabagan ozubuzdukulorgo karaganda Deviddin Bizdin baldar uchun kylgandary maktoogo tatyktuu,al baardygyn chyn dilinen jasap jatkandygyn okuuchularynyn ağa beriluusunon baikasa bolot!!!
21.10.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин отунучумду admin_superstan аткара аласыздарбы, же аттап кеттинерби (((
22.10.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tengara, саламатсызбы!
Тилекке каршы, сунушту аткара албайбыз.
22.10.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тээги кыргызга бир нерсе жагышы кыйын озу омуру ииий ушу кыйын, ушу жакшы иш жасады деп айтпайт созссуз бойроктон шыйрак чыгарып турушат
22.10.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2006-2010-жылдар аралыгында да Ошто волонтер атты жамынган ушуга окшогон "куйумдуулор" толуп кеткен эле. Ар кайсы олконун АКШнын, Европанын, Южный Кореянын жарандары болчу. Негизги методу англис тилин уйротобуз, АКШга окууга отконго жардам беребиз деп жаштарды чогултуп алып ар кандай темада дискуссия откорушчу. Корсо ушундай жол менен тымызын элдин менталитетин, психологиясын, слабый жактарын изилдешет экен. Анан натыйжада 2010-ж июнь окуясы чыгып кетти
22.10.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо менин айылыма айпад классын ачыптыр биринчилерден болуп. буга Динара эжекебиздин жардамы чон. ото кубанычтамын)))
22.10.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
advokatt1990,Dinara eje respublikaga taanymal mykty pedagog
23.10.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikusikdan,ооба, сизге кошулам. Республикабыздагы мыкты мугалимдердин бири
23.10.2015. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ушуларга ишенбейм булар разведчиктер болбосо айлык албай ушинтип журмок беле Колго эсалганы барсам жолдон бир кыз кол которду алып алдым ал американка экен тоже валантер кыргызча такылдатат анан канча айлык аласын десем жок айлык албайм тескерисинче мен толойм дейт эми ойлоп коргуло. Булар акырындан билип журушот талас ким менен урушат ош ким менен урушат узбек менен тополондуда ушулар эле кылды
25.10.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aerforce,kelgenderdin baary ele razvedchik bolso, jok degende Malanadai ishtep bizdin okuuchular uchun anan bolo berishsin kanchasy ech nerse kylbai ele jurboibu
23.10.2015. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ай кыргызым пейилинерди ондосонор. Волонтёр бизге окшогон эле карапайым калк. Алардын максаты онуктуруу айыл жергесин. Биздин уйдо бир кыз жашап кеткен ушул балага окшоп. Озунун ишин кылат уйдон деле чыкпайт. Анын аты Эмма болчу. Франциядан келген 6 жыл мурда. Америкалык десе эле биз террористерди ойлобуз булардын деле қарапайым калкы бизге окшош.
Aksy1993 түзөттү 2015-10-23 07:00:28
25.10.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzcha suilotup maek alsangar bolmok kyrgyzcha ayabai jakshy suiloit
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо