Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Зияш Турдубеков, тамашоучу: «ТАМАШОУГО» «СУПЕР-ИНФО» АРКЫЛУУ КЕЛГЕМ»

№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж

«Тамашоу» долбоорунда орусча сүйлөп элди күлдүргөн гамашчан Зияш аттуу оюнчуну таанысаңыз керек. Бул жигит акыркы учурда тасмаларга тартылып, каскадёр да болуп жүрөт. Өзүн кыргыздын Брюс Лиси деп эсептеген Зияш менен маек курдук.

  • 1991-жылы 1-февралда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында туулган.
  • Үй-бүлөдө 6 бир тууган. 3 уул, 3 кыз.
  • Билими орто. 3 жогорку окуу жайынан айдалып кеткен.
  • Тартылган тасмалары – «Мачо», «Уктаткыч», «Алдамчы Жеки», «Салам, Бишкек-2», «Гонщик таксист» жана башка.
  • Спорт менен дос. «Ырдабаган ушул эле калды» деген сындан коркуп, рэп окуйм деген оюн ишке ашыра албай жүрөт.

– Саламатсыңбы, Зияш? Атың өзгөчө, бул ысым сага азан чакырылып коюлганбы же лакап атыңбы?
– Азан чакырылып коюлган атым Мухаммедзиямидин. Бирок мени өз атымдан эч ким айтпайт. Кичинекейимде эле ата-энем эркелетип Зияш деп чакырышып, ошол бойдон атыгып калгам.

– Көпчүлүк балдар Брюс Лини кичине кезинде туурашат. Сен аны бүгүнкүгө чейин туурап жүрөсүң...
– 1-класста окуп жатканда «Ажыдаардын чыгышы» аттуу тасманы көрүп, ошол күндөн тарта Брюс Ли болуп чыга келдим. Фильмди көргөн күндүн эртеси мектепке барып классташ балдарымдын баарын сабап атаман болуп алдым. Өзүмдү эр сезип, улуу балдарга асылып далай ирет токмок жедим. Анан 6-класста окуп жатканда актёр тууралуу окуп калып, андай боло албасымды түшүндүм да, эркин күрөш менен машыга баштадым.
Бала кездеги кыялым «Башаламан» тасмасын көргөндөн кийин кайра жанданды. Кинодон Адилет Акматовду көрүп кыргыздын Жеки Чаны бар турбайбы, эмне үчүн кыргыз Брюс Лиси болбосун деп ойлодум. Адилет байкеге жолукканымда менин кыймыл-аракетимди байкап, «сенин чымының бар экен, каскадёр болсоң болот» деп шыктандырып койду. Азыр бул жаатта машыгып жүрөм, айрым кинолорго дублёрдук кылып жатам.

– Элге «Тамашоу» долбоору аркылуу таанылдың. Аталган долбоорго кандайча келип калдың эле?
– «Тамашоуго» «Супер-Инфо» гезити аркылуу келгем. Ал учурда №77-мектепте 10-класста окучумун. Эжем гезиттин туруктуу окурманы болчу. Өзү окуп бүтмөйүнчө бизге берчү эмес. Мен гезитти окучу эмесмин, сүрөттөрүн эле карап койчумун. Бир күнү гезиттен Эрмек Нурбаевдин «кыргызча тамаша ойногон балдарды чакырабыз» деген кулактандыруусун окуп калдым. Дароо эле телефон чалып, айткан дареги боюнча бардым. Эрмек байке «мурда ойнодуң беле?» деп сурады, жок десем албай коёт деп коркуп «ооба» деп койдум. Мектепке барып бул таланттуу, бул талантсыз дебей эле дос балдарымды алып чыгып, биринчи оюнда эле жакшы көрсөткүчкө ээ болгонбуз.

– «Тамашоудон» таарынып кеткениңди уккам. Ал кимге болгон таарыныч эле?
– Сочи шаарына бара турган оюнчуларды тандоо туру башталган. Бирок тизмеде менин атым жок болуп чыкты. Бардык командадан экиден оюнчу алып, бизден бир эле оюнчу алышыптыр. Аябай ызаланып, шагым сынып кетип калдым. Эмне үчүн мындай болду деп сурагым да келген жок. Жаңылып калышты го, чакырат болуш керек деп ойлогом. Бирок чакырышкан жок, өзүм дагы барган жокмун.

– Тизмеге илинбей калганыңдын себебин билдиңби?
– Мен анча-мынча тентектик кылып койчумун. Тамашоучулар Москвага концерт коюп барганда тааныштарым конокко чакырып калышты. «Тамашоу» долбоорунун башкы редакторунан сурансам жибербей койду. Өзүм билип кетип калдым. Келгенден кийин аябай урушту. Алматыга барганда да суранбастан конокко кетип калгам. Мени Сочиге алып барбай койсок тарбияланат болуш керек деп тизмеге кошпой коюшса керек.

– Жогорку билимиң барбы?
– Мектепти аяктагандан кийин атам уста болосуң деп Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине тапшыртты. Ал окууга көңүлүм тартпай, Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырып алдым. Бир жыл окугандан кийин ал окуум да калды. Кийин режиссёрлукка кызыгып, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине тапшырдым. Аны да аяктаган жокмун. Негизи, мага студент болуу буюрбаса керек (күлүп).

– Өзүңдү кайсы кесиптин ээсимин деп эсептейсиң?
– Өзүмдү бир тармактан көрүп, бир орунда туруп иштей албайм, универсалмын. Учурда борбор калаабыздагы студиялардын биринде тасма, клиптерге монтаж жасап иштейм. Тамадалык кылып той башкарам.

– «Апам айтмакчы, батыраак бутума туруп анан үйлөнөйүн» деп айтып калчусуң. Ата-энеңди качан келиндүү кылайын деп жатасың?
– Кудай буюрган күнү. Көпчүлүк ата-энелер балдарын насыя алып үйлөнтүп, төлөй албай кыйналып жатышат. Мен антип үйлөнгүм келбейт. Каражат чогултуп, турмушка бышкан кыз тапкандан кийин үйлөнөм. Ага чейин бойдокчулуктун доорун сүрөм го. Тапкан кирешем өзүмдөн бир аз эле ашат. Акырындан бутка туруп келе жатам.

– Анда сүйүктүүң жок турбайбы?
– Сүйлөшкөн кызым бар болчу. Ал турмушка чыгып кеткенден кийин кыз менен сүйлөшсөм эле ага салыштыра берем. Аябай кыз жандуумун. Сүйлөшкөн кыздарымдын санын айтпай эле коёюн (күлүп). Бирөөнө чалсаң «бош эмесмин» десе экинчисине чалам. Беш кыз менен сүйлөшсөң бирөөсү тандалып чыгат. Кыздар бабниктерди жаман көрүшөт, бирок мен бабникмин.

– Сөзүңө караганда али токтоло элек окшойсуң?
– Өзүм да ошентип ойлойм. Бирок дос балдарым «токтолуп калдың» дешет.

– Шок жигиттин бала чагы да түрдүү окуялар менен коштолсо керек?
– Биринчи классты аяктаган жылы үй-бүлөбүз менен Бишкекке көчүп келип батирде жашап калдык. Атам курулушта, апам базарда иштеп калды. Апама жардам берип тамеки, жумуртка сата баштадым. Шуулдап бат эле товарымды өткөзүп жиберчүмүн. Кээде отура калып бут кийим майлачумун. «Бир бут беш, эки бут он, жылтыратыш беш сом» деп кардарларды чакырам. Бир күнү бир байке келип туфлисин майлатып калды. Байпагы апапак экен. Өтүк май менен сүртүп жатып байпагын булгап алдым. Мени аябай тилдеп, бирок боору ачыдыбы, акысын төлөп кеткен. Кечке кыйналып тапкан акчанын бардыгын Dendy, Sega деген оюндарга коротуп, үйгө куру кол барчумун.
Үч жыл окубай базарда жүргөндөн кийин мени 1-гимназияга окууга беришти. Биринчи класстык билимим менен дароо эле 4-класска отургузушту. Окуй албай аябай кыйналдым. Эки алуу боюнча рекорд койдум. Эки алар деп классташтарым өздөрүнүн катарына кошушчу эмес. Бир күнү ызаланып балдардын баарын сабап салдым. Ошондон кийин мени жектебей калышты. Ал мектепте да көпкө окуган жокмун.
Бир жолу адаттагыдай апама жардам берип, товарларын контейнерге киргизип бүтсөм, бычак сыртта калып калыптыр. «Эртең китеп кабымдан алып аласыз» деп салып алып кетип калгам. Апам унутуп калса керек, албаптыр. Эртеси сүрөт сабагында карандашты бычак менен уучтап жатсам классташ кызым мугалимге айтып коюптур. Бир заматта милиция кызматкерлери келип «курал көтөрүп жүрөт» деп мектептен чыгарып салышты. Кайра эле базарга барып, картон, пакет тере баштадым. Азыр ошол убактагы мени менен картон терген балдардын экөөсү ырчы болуп жүрүшөт. Кийин борбордогу Ак-Өргөө жаңы конушуна үй салып, №77-мектепте окуп, ошол жакта жашап калдык.

«КООМДУК УНААДА ЭЛЕ ЖҮРӨМ»

– Сараңсыңбы же берешенсиңби?
– Элүү-элүү.

– Ойчулсуңбу же тобокелчиби?
– Тобокелге салам.

– Айфон же Самсунг?
– Самсунг.

– Кымыз же виски?
– Кымыз. Өмүрүмдө бир эле жолу мектепти аяктап жатканда пиво ичкем.

– Аргымакпы же автоунаабы?
– Аргымак. Автоунаа сатып алуу планга кире элек. Коомдук унаада эле жүрөм.

– Мактаганды жактырасыңбы же мактангандыбы?
– Кимдин мактангысы келбесин? Мактанчу жерден мактаныш керек.


"Тамашоу долбооруна эң биринчи келген оюнчумун"

"Менин үй бүлөм. Тамашакөйлүгүм атамдан өткөн".

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Зияш: "Сүйгөн кызым тоюна чакыруу берип, көз алдымда турмушка узаган"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(48)
SUPER.KG видео
17.10.2015. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зияш аябай талантту бала, муну коро албагандар эле шагын сындырып коюшту, бир жолу Гулнур Сатылганованын айтканын эстеп кеттим, Зияш абдан талантту бала муну коп баалай бербейбиз дегенин, келечек алдыда...
SUPER.KG видео
17.10.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зияш абдан жонокой бала экен. Соонун маек болуптур.
SUPER.KG видео
17.10.2015. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантты бар,тамашаларда сонун бирок Эрмек байке бир аз тундук туштук кылып болотда,бул туштуктон турбайбы. Но неймди канча жолу ыйлатканын эске алып жазып жатам!
SUPER.KG видео
17.10.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгына албан-албан ийгиликтер жарала берсин !
SUPER.KG видео
18.10.2015. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жонокой адам экен
SUPER.KG видео
18.10.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик
SUPER.KG видео
19.10.2015. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой ачык бала экен.Азаматсын чыгармачылык ийгилик.Ушул маектен кийин сыйлап калдым.Сени сыйлаган акылдуу кызга жолугуп бактылуу бол.
Медиа-портал
19.10.2015. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынызды баалайбыз, сыйлайбыз! Дагы-дагы коптогон ийлиликтерди каалайбыз! Кызык, Эрмек Нурбаев эмнеге ушундай талантуу адамды таштап кеткен болду экен....
SUPER.KG видео
19.10.2015. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепте жургондо эле герсейчу. Тамашоуга чыга электе деле. Мектептин аяз атасы да болгон 77 де))) Ак оргонун балдары класс
SUPER.KG видео
19.10.2015. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зияш аракет кылып иштей бер сенин талантыны эл баалайт калган балдар акчабыз барда уйлонуп алалы дешип атандашып ысрап кылып биринен отуп бири той берип жатышат "ото кызыл бат онот" болуп эртен эле очуп калышат душаны кенен жайып элге кызмат кылып журо бер ийгилик !
19.10.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокой жигит. Ачык ачык суйлоптур. Молодец
19.10.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыныгы мырзылык сапаттары бар, жонокой жана тамашакой жигит. Алга ийгилик!
SUPER.KG видео
19.10.2015. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зияш Азамат,жакшы маек бериптир,эч качан сынып калба,алдыга карап умтула бер,сенден коп нерсе чыгат
19.10.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ачык айрым жонокойлугу жакты азаматсын Зияш.
Медиа-портал
19.10.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azia9393,
Саламатсызбы! Катачылыктар дагы деле кайталанып жатабы?
19.10.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коментерди окусам баарыле жакшы жазыптыр суйундум, негизиле жагат магада Зияш Алга!!!!!!
19.10.2015. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зияш азаматсын
20.10.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак ийилет бирок сынбайт . душманды алыстан издебе Зияш , сен еркексин .
20.10.2015. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек
21.10.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ziyaw murun ele jak4u birok azyrky maegin korup alyp murdagydan da jagyp kaldy
21.10.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жүрөгүнө жакшы эле из калтырган экен, ошол Уулжан деген кыз. Кыз да азамат экен, бир пикиринде калыптыр. Зияшка жакшы сабак берген. Кичинекейинен көп кыйынчылыкты баштан кечирип, бирок бандит болуп кетпеген бала эми дагы далай кыйынчылыкты жеңет. Сага ийгилик!
21.10.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
55555+
21.10.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бабникмин деп мактанып коет дагы . Кыздар убал,ишенип суйлошсо ушундай да болобу?) Бирок ийгилик..Аллах ден-соолук,бактылуулук берсин Аамин!)
21.10.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жагып калды окунучтуу неге сочиге алып барбай койгон экен э но нейм барганбы сочиге супер инфо эми Эрмек Нурбаевден интервью алгылачы сураныч?
SUPER.KG видео
21.10.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чеч-Добо айылы Ош областы Ноокат районунда ошол айылдан болот экенда
22.10.2015. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокойлугу мн жакты,азаматсын!Ийгилик!
24.10.2015. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик аябай жагат ушул бала.
24.10.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын ийгилик.
24.10.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тамашоудо жакшы ойнойт эле эмнеге?корунбой кетти десе кеп бул жакта турбайбы?
28.10.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
учурунда ушулар менен чогуу ойногон кызыл байпактын ролун, ошол кыз жонундо да маэк алгылачы, бул жерде суротто туратго. Азыркы учурда кайда эмне менен алек болуп жургону мага кызык болутат
29.10.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Positive, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо