КЛИПТИН КӨРКҮН АЧКАН БАЛАКАЙЛАР

№676 16-октябрь-22-октябрь, 2015-ж

Ырчылардын чыгармаларынын популярдуу болушуна ага тартылган клиптин да түздөн-түз тиешеси бар. Ал эми ошол клиптин сюжеттик окуясын майын чыгара аткарып, көркүнө чыгарган андагы каармандар. Бир кезде клипке тартылган эл көзүндөгү кичинекейлердин бири турмуш жолуна аттанышса, бири керилген жигит болгон. Кеп сөзүбүзгө мисал болчулар тууралуу улансын.

Элиза Суютбекова: «ТУРМУШКА ЧЫГЫП ЖАТКАНЫМДА КЕНЖЕ ЭЖЕ ТОЮМА КЕЛДИ»
Ырчы Кенже Дүйшееванын «Алма гүлү» ырынын клиби тууралуу сөз болгондо ата-энеси селкинчекке отургузуп терметип ойнотуп жаткан секелек кыз көз алдыбызга тартылат. Жагымдуу күлкүсү, таасирдүү образы менен эсте калган кичинекей кыз учурда 19 жашта. Ошто жогорку окуу жайлардын биринде чет тилдер факультетинде билим алып жаткан Элиза ушул жылдын август айында турмуш жолуна аттанган.

-Клипке тартылган убакта 12 жашта элем. Эжем иштеген кийим тигүүчү жайга «Кыз-Бурак» тобунун кыздары көйнөк тиктирүүгө буйрутма беришиптир. Бир күнү алар көйнөктөрдү ченеткенге келишти. Мен эжемдин кабинетинде болчумун. Кенже эже мени көрүп клипке тартылуумду сунуштаганда ойлонбостон макулдугумду бердим. Образды ачып берүү кыйын болгон жок. Мени күлдүрүп, ыйлатыш үчүн бир актёр байке кайгылуу окуяларды айтып берип турган. Бала кезимде актриса болгум келчү. Убагында мода көргөзмөлөрүнө да катышкам. Мен турмушка чыгып жатканда кыз узатуу аземибизге Кенже эже Казакстандан келип катышканда абдан кубангам,- дейт Элиза.

Айжан Алтынбек кызы: «КЛИПТЕГИ АПАМДЫН РОЛУН ӨЗҮМДҮН АПАМ АТКАРГАН»
Гүлнур Сатылганованын «Апакем» аттуу ырынын клибиндеги арыкта аккан алмалар, апасына чуркап келе жаткан тестиер кыз эсиңиздеби? Эненин чексиз мээримин чагылдырган бул клипте баш каармандын ролун маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов менен актриса Таалайкан Абазованын кызы Айжан ойногон. Тоого чыгып канат кагып апасына куш болуп учуп кетүүнү самаган клиптеги 8 жашар кичинекей кыз учурда 15 жашта. Супсулуу болуп бой жеткен карлыгач борбор калаадагы мектептердин биринде 10-класста окуйт.

-Биздин мектепке клипти тартуучу топ келип кастинг өткөрүшүп, каалоочуларды сүрөткө тартып кетишкен. 2-3 айдан кийин мени тандап алышканын билдиришти. Клипте каарманымдын апасынын жүзү көрүнбөйт эмеспи, аны өзүмдүн апам ойногон. Апам мага кандай эмоция беришимди үйрөтүп, жол көрсөтүп турду. Терезенин сыртында тартылган жеринде капалуу көрүнгөнүм менен, күлүп эле жаткан болчумун. Ата-энем актёрлук кесипти аркалагандыктанбы, мен да эл көзүндөгү атактуу адам болууну самачумун. Клип сыналгыдан көрсөтүлүп калса, баарыбыз чуркап келип тыптынч отуруп алып көрөбүз. Кино, искусство тармагы көңүлүмө жакын, бирок аны хобби катары алып кетким келет. Келечекте кийимдердин дизайнери болсом дейм.

Канат Дилдедосов: «КӨЗҮМӨ ПИЯЗ СҮЙКӨП ЫЙЛАТЫШТЫ»
Ырчы Жоодарбешимдин «Балапан» аттуу ырынын клибин көргөндө бакыраң көз бала дароо көзгө урунат. Бул кичинекей жигит буга чейин Арсендин «Энекебай», Данияр Эрматовдун «Адам бойдон калгын өзгөрбөй» аттуу клиптерине да тартылган. Мотурайган тай күлүк 4 жашынан тарта КТРКнын жаштар редакциясында «Баарын билгим келет» берүүсүн алып барып келет. Мындан тышкары «Даңазалуу доор» тасмасындагы Ибрагимдин баласынын үнүн да коштогон. Учурда 7 жашта. №5-улуттук компьютердик гимназияда биринчи класста окуйт.

-Мени клипке тартуу үчүн продюсерим Кундуз Амановадан уруксат сурашат. Камерадан сүрдөбөйм, клиптерге тартылганда кыйналбайм деле. «Балапан» аттуу ырдын клибинде ыйлаган жерим бар. Көпчүлүгү «чын эле ыйладыңбы?» деп сурап жатышат. Режиссёрлор көзүмө пияз сүйкөшкөндө ыйлап жибердим,- дейт сүймөнчүк балакай. Кошумчалай кетсек, Канаттын улуу эжеси Сезим «Келин» сериалындагы Анандинин, экинчи эжеси Гүлзар Чампанын үндөрүн коштошот.

Айбек Садыров: «13 ЖАШАР БАЛАНЫН АРМАНЫНА» ТАРТЫЛГАНДА 13 ЖАШТА БОЛЧУМУН»
Султан Садыралиевдин аткаруусундагы «13 жашар баланын арманы» аттуу ыр учурунда хит чыгармага айланып, анын репертуарындагы салмактуу ырлардын катарын толуктаган. Ырдын клибиндеги кичинекей баланы көргөндө аны аябаган, ага боору оорубаган көрүүчү болгон эмес. Берилген ролду ийинине жеткире аткарган бала учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окуйт.

-«Чыгармачылыкка тубаса талант керек, мен техникага кызыгам, болочоктогу кесибим программист»,- деген Айбек балалыгында тартылган клиби тууралуу: «Клипке тартылуу учурунда он үч жашта болчумун. Сынак жүрүп жатканын угуп, кызыгып барып калгам. Режиссёр мени камера алдында сынап көрүп, «ушул баланы тартабыз» деп тартылып калдым,- дейт Айбек.

Динара Абдыкадырова,
Султан Төрөбеков
star@super.kg


Клиптин көркүн ачкан балакайлар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
17.10.2015. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учоонорго тен албан ийгилик !!! Кичинекей баладан бир нерсе чыккыдай ))
SUPER.KG видео
17.10.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апаааааам жан апам дейт го шириндер Канатиктин бобогу мынча ширин ийгилик.
SUPER.KG видео
17.10.2015. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министирдин кызымын дечи
SUPER.KG видео
17.10.2015. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иштениренге ийгилик
SUPER.KG видео
17.10.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей бала чон адамды кичинертип койгондой эле суйлоптур.
13 жашар баланын арманы клипти корсом журогум ооруйт,аябай эле аянычтуу ойногон.
SUPER.KG видео
17.10.2015. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
13 жашар баланын арманын корсом ыйлаймго дайым
SUPER.KG видео
17.10.2015. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министрдин кызымын деп айткым келбейт деп эле айтып койду го))).Баарына ийгилик,озгочо бобокторго!!!
Медиа-портал
17.10.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канатчик, ойлогон максатына жет. Бул балага ата-энеси да жакшы тарбия бергендей туюлат, өмүрлүү бол.
Медиа-портал
17.10.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тим еле чоон балдардай "бобогум ырдап берсинчи" деп иииййй.... коз тийбесин.... озун айткандай ПРЕДИДЕНТ бол!!!
Медиа-портал
17.10.2015. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
султандын клибине катышкан бала аябай чонойуп калыптыр гоо... ийгилик
SUPER.KG видео
17.10.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алдыгы кичинекейлер абдан таттуу экенго суйлогондору.
SUPER.KG видео
17.10.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канат сага чон ийгилик. Ата энеге чон рахмат сени ушундай акылдуу бала кылып тарбиялаганына.
SUPER.KG видео
17.10.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыран коз кичинекей бала аябай ширинго,учоотен ойлогон максаттарына жетишсин,ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
17.10.2015. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учоо тен талантуу экен.Клиптин коркун 100% ачышкан.
SUPER.KG видео
18.10.2015. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канат аябай акылдуу ширинго коздору балбылдап
Медиа-портал
18.10.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
министир байкебиздин кызы мн султандын клипиндеги балага Караганда кичинекей канатик кыйын тыныраак суйлоптур го уялбай тарс тарс суйлоп молодец тын бала экен министир кызы через чур боенуп алган го
кичинекей канатка ийгилик
SUPER.KG видео
18.10.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей Канатикке ийгилик!
SUPER.KG видео
18.10.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей бала мага жагып калды куткуло 30 жылдан кийин Кыргызстандын Президенти болот
Медиа-портал
19.10.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардыгы азамат! Айрыкча Канат жакты, сонун бала экен, карындашы да таланттуу. Өмүрлүү болуп, тилектери ишке ашсын. Ушундай ширин балдарды тарбиялаган ата-энесине да ыраазычылык.
Медиа-портал
19.10.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатылганованын ушул клибиндеги кыз мага дайым кызык болчу, аябай суйкумдуу кыз. Азыр да татынакай болуп чоноюптур. Бакыракай балапан маанайды которот, бобогунун ырына кошулуп койгонучу)) Позитивдуу даярдапсынар суперчилер ийгилик!
19.10.2015. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжан красавица экен)
Медиа-портал
20.10.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danko2013,
Саламатсызбы! Шилтемени туура жазып кириңиз: http://www.super.kg/media/stv/152205/
Автор : Айзат Болотбек кызы
Оператор : Эрмек Райымбеков
SUPER.KG видео
21.10.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх Канатиик сен эн мыктысын азамат сени тарбиялаган ата энене таазим мыкты инсандар экен азаматсын алга алга алга сен али кооп,онуп ососун,сенден мыкты президент чыкчуудайго э
22.10.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии Канат жагат да мага аман бол.
24.10.2015. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмил Балтагуловтун " ичпечи апа" деген клиптеги баланыда сурап койбопсугар алда клиптин жакшы ачкан, ролун жакшы аткарган.
Медиа-портал
26.10.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоодабешимдин клибиндеги Канатик соонун бала экен. Ушул баладан бир нерсе чыгаарына ишенем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо