№677 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
Быйыл жай мезгили өтө ысык болгондуктан күз, кыш мезгилдери аябай суук болот деген далилдер бар. Күн сууктаганда, температура алмашканда адамдын иммунитетинде ар кандай өзгөрүүлөр болот. Жыйынтыгында адам суукка урунуп, сасык тумоого кабылышы мүмкүн. Бул көрүнүш мурундун бүтүшүнө, баштын ооруусуна, дене табынын көтөрүлүшүнө алып келип, адамды алсыз кылат. Бүгүнкү күндө дарыканаларда сасык тумоодо жана суук тийгенде ичүүчү каржаттар өтө көп. Бирок алардын бардыгы чет мамлекеттен алынып келинген дары-дармектер. Кыргызстандагы «Биовит» ЖЧКсы 2 жылдан бери сасык тумоого каршы КОЛДСТОП деген дары каражатын чыгарып келет. Учурда КОЛДСТОП өлкөбүздүн бардык аймактарына кеӊири таркатылып, суук тийгенде жана сасык тумоого каршы күчтүү каражаттардын бири экенин далилдеп келе жатат. Ошондой эле саламаттыкты сактоо кызматкерлери, адистер, жергиликтүү оорукананын доктурлары тарабынан бул дарыга жакшы баа берилип, сунуш кылынат.
КОЛДСТОП – парацетамолдун негизинде жана витаминдер менен аралашып жасалган эритип ичилүүчү дары. Сасык тумоого жана суук тийүүгө каршы, дененин табын төмөндөткөн, ооруну басаӊдаткан жана аллергияга каршы эӊ мыкты каражат болуп эсептелинет.Парацетамол 325 мг.
Фенирамин малеат 20мг.
Фенилэфрин гидрохлорид 10мг.
Аскорбин кислотасы 50мг.
Жардамчы заттар:
Сахароза, лимон кислотасы, натрий цитраты,
алма кислотасы, лимон жыт бергичи жана сары боёк.
Сактоо ыкмасы:
Кургак, күн нуру тийбеген, балдар жетпеген жерде, 25 градустан ашпаган температурада сактоо кажет.
Дарыканаларда дарыгердин сунушусуз берилет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |