Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ...

№677 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

– Кантип? Ушунун баарын унутуп коё алабызбы?
– Унутабыз, сен жакшы болуп кетсеӊ эле болду. Калганы баары ордуна келет. Ишенчи мага, баары жакшы болот.
Айкөл ушул нерсеге ишенип турду. Көптөн күткөн бактысы баары бир колуна тиет деп ойлоп жатты. Аделдин жаралуу жүрөгүн сүйүүсү, мээрими менен дарылап аларына ишенип жатты. Бирок тагдыр ал ойлогондон алда канча татаал эле. Адел дагы деле Тимурдан башканы ойлой албай койду. Ал аз убакыттын ичинде дилине, жан дүйнөсүнө, атүгүл канына кирип алган экен. Айкөлдү аяп жатты, анын үмүтүнө балта чапкысы келген жок. Ким билет, балким, мезгил дарылап, баары Айкөл айткандай жайына келет беле? Бирок экөөнө мезгил дагы каршы туруп алды.
Турсун апа түн ичинде кыӊкыстаган үндөн ойгонуп кетти. Тыӊшаса Адел экен. Толгоосу келип калган окшойт.
– Апа, апа,- деп жатты ал тыбырчылай.
– Айкөл, айланайын, тез машинеӊди даярдай кал, Аделдин толгоосу келип калыптыр,- деди карбаластаган Турсун апа.
– Азыр,- тез кийине салган Айкөл Аделдин бөлмөсүнө жөнөдү. Экөө жөлөп-таяп машинеге отургузуп жөнөп кетишти. Төрөткана... Адел кыбырап жанында жаткан наристени тиктеп жатты. Кызы өзүнө окшош экен, бир караганда Тимурга да окшошуп кетет. Эмнегедир кабагын чытып алыптыр. Жылмайып алган Адел кызын акырын колуна алып көкүрөгүнө кысты. Ушул айыгышкан тагдырдын күрөшүндө канчалык кыйынчылык менен жетсе да, өзүн жеӊишке жеткенин сезди. Мына жеӊиши колунда турат. Мындан башка тагдырдын ырайымы болмокпу?
Палатага кирип келген медайым ага чоӊ букет гүл алып кирди.
– Күйөөӊ байкуш сен төрөгүчө  айласы кетти. Күйүмдүү жолдошуӊ бар тура, бактылуу болгула,- деди ал чын дилинен.
Ордунан туруп сыртты караган Адел ары-бери басып жүргөн Айкөлдү көрдү. Аделди көрө сала ал бир нерселерди айтып колун булгалап жатты. Сыягы, эми баары жакшы болот деп жатты окшойт. Муӊайым жылмайган Адел башын ийкей терезеден оолактай берди.

ххх

Карыпбек бул жакка келгенден бери бир топ убакыт өттү. Өткөн өмүрүн көз алдына чууруткан ал дагы деле эмнеден улам жаӊылыштык кетиргенин түшүнбөй, мындан ары эмне кылуу керек, кантип жашоо керек деп ойлонуп жатты. Адел менен ажырашып кетүүнү да ойлоду, бирок баары бир көкүрөгүндө аны коё бергиси келбегендей. Кайрадан чогуу жашаса деле унута албай, кыйнай берерин да сезип жатты. Ушул учурда Айкөл чалып, Аделдин кыз төрөгөнүн айтты. Баланын аман-эсен төрөлгөнүн укканда анын эмне кылары анык болду. Менин баары бир балам болбойт экен. Демек, бул да болсо тагдырдын белеги. Мен эми баарын унутуп, Адел менен жашашым керек. Мен аны баары бир коё бере албайм. Өзүмдүн кызымдай тарбиялап чоӊойтом деп ойлоп жатты. Ошол замат көӊүлү ачылып, дароо шаарды көздөй жөнөдү.
Палатага кирип келген Карыпбекти көргөндө Адел жылан көргөндөй жыйрыла түштү.
– Эмнеге келдиӊиз?
– Адел, алгач кызымды көрүп алайынчы,- деген ал Аделдин жанындагы наристени кызыгуу менен тиктеп туруп мурдунан чымчып өөп койду.
– Эми экөөбүз тууралуу сүйлөшөлү. Мен сени баары бир коё бере албайм. Сени аябай сүйөм. Буга чейинки кылыктарыӊдын баарын кечирейин, кызыӊды мага каттатып алабыз. Баарын кайрадан башынан баштайлы.
– Сиз кечирсеӊиз да мен кечирбейм, унута албайм.
– Адел, көк беттенбе. Мага деле бул чечим оӊой болбоду. Же билимиӊ болбосо, же колдой турган тууган-уругуӊ жок баланы жалгыз чоӊойто албайсыӊ. Жакшылап ойлон,- деди да, сыртка чыгып кетти. Эртеси төрөтканадан чыгарайын деп камынып келген Карыпбек анын кечээ түнү кызын алып кетип калганын угуп шалдайып отуруп калды.

ххх

Айкөл алакандай кагазды тиктеп максатсыз отурду. Бул Аделдин жазып кеткен каты экен. Кеӊсеге таштап кетиптир.
«Айкөл байке, атыӊыздан айланайын. Сиз менин жашоомдогу эӊ жакын адамымсыз. Сиздин мага болгон сезимиӊизди да билем, баалайм, урматтайм. Бирок сизди бир боорумдай көрөм. Менде андан артык сүйүү болушу мүмкүн эмес. Мен сизге татыктуу эмесмин, сиз бактылуу болуш үчүн төрөлгөн адамсыз. А мага бакыт аралынан орун жок көрүнөт. Мени бакыт аралынан издебеӊиз, Айкөл байке. Бир боор боюнча калайын, экөөбүздүн таза, тунук мамилебизге кир жукпасын дедим. Сизге турмушка чыгып бактылуу кылууну да ойлодум. Бирок сиз дагы таякеӊиз талап кылган мээримди, сүйүүнү талап кыласыз. Мезгилдин өтүшү менен мен сизди эркек катары сүйө албашымды сезип бактысыз болосуз. Мени жек көрүп, тилиӊиз тие баштайт. Мен антүүнү каалабадым. Тагдыр экен, баркымды билбеген жанга сүйүүмдү арнадым, жаӊылдым, сыздадым, ишеничим сынды. Бирок мени бул кайгынын орунан алып чыккан кызым болду. Ушул кичине наристе үчүн жашайм. Таякеӊиз дагы жаӊы жашоо баштайлы деп келиптир. Аны менен да жашай албайм. Мен өз алдынча кетүүнү туура көрдүм. Апам менен кызымды алып айылга кеттим. Кызымды бир аз чоӊойтуп туруп апама таштап иштейм. Мындан ары өз жашоомду өзүм чечем. Мейли, ал жол татаал, тикенектүү болсун, эчен сыноолор күтүп турсун. Мен ошол жол менен тике барам. Ушуга чейин эркектер менин жашоомду башкарып келишти. Эми өз алдынча болгум келет. Мени издебеӊиз. Кайсы бир учурда кезиккенде сизге рахматымды айтам. Кош, менин бактылуу балалыгымдын күбөсү, жалгыз жакын адамым. Бактылуу болуӊуз!»
Айкөл кагазды көпкө тиктеп турду да, төш чөнтөгүнө салды. Аделдин бул чечкиндүүлүгү аны жаӊы жашоо баштоого түрттү. Досу көптөн бери чет өлкөгө иштеп келгенге чакырып жүргөн. Анын чакыруусу менен кете турган болду. Кийим-кечесин алганы барганда Карыпбекти көрүп таӊ кала түштү. Арыктап, тез эле карып кеткен экен. Аны менен кош айтышып өз жолуна түштү. Учакка отурганда гана жеӊилдене дем алып күлүмсүрөп алды. Көз алдына Адел тартылды.
– Сени баары бир бакыт аралынан табам, кичинекейим. Жүрөгүм сезип турат, үмүт кылам. Ага чейин аман бол, жарыгым!- деп ичинен коштошту. Баары бир тагдыр аны кайрадан Адел менен кезиктирерин ички туюму менен сезип жатты...

(Аягы)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Башка сандарда:
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 661-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 662-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 663-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 664-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 665-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 666-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 667-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 668-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 669-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 670-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 671-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 672-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 673-сан
МЕНИ БАКЫТ АРАЛЫНАН ИЗДЕБЕ… 674-сан
Комментарийлер(21)
26.10.2015. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен биринчи
26.10.2015. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бирок кызыксыз болуп бутуптур
26.10.2015. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аягында Аделди Тимур менен бактылуу кылып койбоптурда автор
26.10.2015. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwul 4ygarmany bawynan ele okuganyma okunup jatam, uwul u4un 1 jyl kyinaldymby ne
26.10.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы
26.10.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутту эх
26.10.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супсак бир нерсе жетишсиз болуп бутуптур
26.10.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Коптон куткон бир жума да отуп бул чыгарманы да жыйынтыктадык.Ушундай сериялдарды кутуп атып эле карый турган болдук го.
26.10.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягы кызыксыз, канча куттум эле.
26.10.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи болуму да чыкса керек, эгер афтордун фантазясы кенири болсо аябай эле кызыктуу кылып жазса болгудай
26.10.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нефтемщик(((((((((( йо майоо хотябы мынча жылдан кийин деп койсо болмок да
26.10.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай иий ушинтип эле бутуп калабы?А мумкун экинчиси бардыр автор?..
26.10.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээ болбоптур, кошуп ташып болсода кызыктуурак кылып бутурбопсунор
26.10.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уландысы бар болушу керек...... минтип эле бутуп калбас(((((
26.10.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягын аябай шашып жазган окшойт, бирок баары бир рахмат))
26.10.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин окуган акыркы сериялым ушул болсун. Жетишет! Мен бул болум менен коштошуп кете берейин. Менин "Бакыт аралым" бул жолдо эмес окшойтда. Аделдин эми козу ачылган тура.
27.10.2015. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош бойлуу кезинде кыйналдыбы же Айколдун жардамы менен эч нерсе сезбедиби.Карыпбектин уйундо жашадыбы же айылдабы?Апасы айылдан келгенби баарын шашып бутуруп салыптыр.Тимурга эмне болду дегендей.Кичине чыгарма жазганда аягын дагы кызыктуу бутурушсо.
27.10.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроолор боюнча уландысы....
Адель кеткенден коп отбой Карыпбек узака созулган оорунун айынан бул дуйно менен кош айтышты
***
Арадан 5 жыл отту
Сентябрь аяктары 1кыз 1 баласын ээрчиткен бактылуу жубайлар кызы 5 жаш тегерегинде а баласы 1 жаштан отуп калгандай там -тун басып... Сейил бакта эс алып журушот
Ангыча эле бир тааныш кыйкырык угулду
Адееель
Бул Тимур эле козу ачылбай ичкендиктен селсаяка айланып калган эле ... Бирок аны эч ким укбады...
Балдары менен алек болгон жубайлар сапарын улап кетип жатышты...
29.10.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Neizvestno777,сонун уланыптыр ))))))
27.10.2015. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Адел сага боорум ооруйт коросун сенда бир кун кайрадан суйууго жолугасын бактылуу болосун ишен мага.
02.11.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Neizvestno777 молодец жакшы кылдын улап коюп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо