Зордукталган 6 жаштагы кыздын энеси: «КЫЗЫМДЫ ООРУКАНАДАН УУРДАП КЕТҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛЫШЫПТЫР»

№677 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж

Өткөн саныбызда 6 жаштагы кызды бир зөөкүр зордуктап, аны жанында шериги карап тургандыгы тууралуу макала жарыялаганбыз. Гезит жарыкка чыккан соӊ жабырлануучу кыздын апасы Гүлгаакы айым бизге байланышты. Анын айтымында, кылмышка шектүүлөр ишти жабуу үчүн ар кандай жолдорго барышууда.

ЭСКЕ САЛСАК...
12-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кеӊ-Суу айылынын 34 жаштагы Гүлгаакы аттуу тургуну күйөөсүнүн айылдаштары тарабынан сабалып жана кызынын зордукталганы тууралуу арыз менен милицияга кайрылган. Арыздын негизинде бул кылмышка шектүү катары 33 жана 34 жаштагы Анарбек, Нурлан аттуу эки жаран колго түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматкери Сталбек Усубакунов төмөнкүлөрдү билдирген:
– 11-октябрда Анарбек менен Нурлан арыз ээсин жана анын Азат аттуу жолдошун үйүнөн алып чыгып, Нурландын кашардагы үйүнө алып барышкан. Сарайга барышкан соӊ эркектер ичимдик ичишкен. Кызуу болуп калгандан кийин шектүүлөр Азатты сабап, аялын зордуктамакчы болушат. Экөөнүн ур-токмогунан бошонуп, жубайлар эшикке качып чыгышат. Экөө аларды издеп чыгып таппай коюшат да, алардын үйүнө барып, жубайлардын 6 жашар кызынын жалгыз экенин көрүшүп аны талаага алып кетишкен. Ал жактан Нурлан кызды зордуктап, ал эми Анарбек карап турган.

«АЗАТ КЫЗЫМДЫ ӨЗ КЫЗЫНДАЙ КӨРЧҮ»
Учурда жабырлануучу кызды апасы ооруканада карап жатат. Ал ыйлап окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Негизи биз бул ишти коомчулукка жарыялабай эле, тергөөнүн жыйынтыгын күтмөкчү болгонбуз. Бирок кээ бирлери ар кандай сөздөрдү чыгарышып, зордукталган кыздын ата-энеси да иччү деп чыгышты. Ал тургай жолдошумду да зордуктаганга тиешеси болгон, ошон үчүн качып кетти деп жатышат. Ошондуктан силерге байланышып окуя тууралуу айтып берейин дедим.
Ооба, Азат менин кызымдын өгөй атасы, бирок ал аны өз кызындай эле көрчү. Ошол окуядан бери Азат дайынсыз. Кызды коргоп кала албаганына өзүн күнөөлүү сезип тоого барып асынып алдыбы же кылмышка шектелип кармалгандардын туугандары кармап алып бир нерсе кылдыбы белгисиз. Алардан көргөнүбүздүн себеби ооруканада жаткан кызымды да 2 чоочун киши келип уурдап чыгып кетүүгө аракет кылышыптыр. Ал убакта мен бир жакка чыгып кеткен элем, биз менен палатада чогуу жаткандар чырылдап жатып бербей алып калышыптыр.

«КҮЙӨӨМДҮН КӨЗҮНЧӨ МЕНИ ЗОРДУКТАМАКЧЫ БОЛУШТУ»
– Биз ушул жылдын май айынан бери Чоӊ-Сары-Ой айылында иштеп жатканбыз. Мал багып эмес, алма багын карап. Коӊшу сарайда иштеген Нурлан малын биздин сарайга киргизип жиберчү, ошонун айынан аны менен көп урушуп, жылдызыбыз келишчү эмес.
11-октябрда кечки саат сегиздерде Нурлан келип үйүнө конокко чакырды. Кызыбызды ээрчитип алалы десек ал чарчадым уктайм дегенинен аны үйгө таштап, сыртынан кулпулап, жолдошум экөөбүз Нурландыкына бардык. Барганда эле Нурлан менен Анарбектин бизди конокко эмес, сабаш үчүн чакырганын байкадым. Алар мас экен, ар кандай намыска тийчү сөздөр менен тийишип, сөгүп киришти. Бир убакта Азатты, ортого түшө калсам мени да сабашты. Экөөбүздүн оозубузга зордоп арак куюп киришти, мени кыйнап жарым бөтөлкө аракты оозума куюшту. Анан Нурлан күйөөмө «сенин көзүӊчө аялыӊды зордуктайбыз» деп чыкты. Анарбек күйөөмдү кармап, Нурлан мени зордуктоого аракет кылды. Менин канчалык каршылык көрсөткөнүмө карабай шымымды чечип салды. Ошол убакта күйөөм Анарбектин колунан эптеп бошонуп чыгып, мени да бошотту. Анан күйөөм экөөбүз жылаӊаяк бойдон качып жөнөдүк. Артыбыздан мылтык атылды эле, отура калдык. Башым жарылган экен, кан токтобой агып жатты. Бир топ отургандан кийин буттарыбызды чычырканакка тыттырып, токой аралап үйдү көздөй жөнөдүк. Биз үйгө жеткиче 1 сааттай убакыт өтүп кетти. Барсак, үйдүн эшиги ачык, кызым жок экен. Атынан чакырып кыйкырып издеп жүрсөк, бир убакта чычырканактардын арасынан кызым чыгып келди. Чуркап жетип барсак, алаасы кан болуп калыптыр. Эмне болду десек эле «Нурлан» деди. Күйөөм «бир кичине кызды коргоп кала албадым» деп бакырып-өкүрүп ыйлап кирди.
«Тез жардам» чакырсак кечигип туруп алды эле, милиция чакырдык. Милиция кызматкерлери келип, бөлүмгө алып барып эмне болгону тууралуу сурап отуруп кечки саат 11 болуп кетти. Милициядан чыкканыбыздан кийин көчөдөн айылдагы балдар жолугуп калып, күйөөмө «сен эмнеге Нурланды сабап салдыӊ» деп асылып киришти. Эми болсо туугандары «өзүбүзчө чечишип алалы» деп ортого киши салууда.

«КАРМАЛГАНДАР МАСТЫККА ШЫЛТАШУУДА»
Бул кылмыш боюнча тергөө кандай жүрүп жаткандыгын билүү үчүн биз Ысык-Көл РИИБинин башчысы Таалай Нуралиевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Нурлан жана Анарбек деген жарандар кармалып, соттун чечими менен 2 айга тергөө абагына киргизилген. Экөө теӊ кылмыштарын моюнуна алып, аны мастыкка шылташууда. Анарбек мурда соттолгон эмес, ал эми Нурлан мурда уурулук кылгандыгы үчүн соттолгон. Жабырлануучу 6 жаштагы кыздын зордукталгандыгы аныкталган, бирок биологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Ошондуктан мындан ашыкча маалымат бере албайбыз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(35)
26.10.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлобогон дейин дегем
26.10.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Педофилдерди олум жазасына тартыш керек окмот!
26.10.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ичкен эркектердин уйуно эмнеге конокко барат кудайды карап калп айтса боло оозума арак куйду деп баланды эмес сени жазаласа болмок
26.10.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оздору кошуналар урушуп журушсо мурда,анан коноко чакырсе кете береби эне сорой,кыз ы алтыда эле экен,кантип дити барды ээн таладагы уйуно сыртынан кулптап коюп.
26.10.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыртынан кулптап коюп кетсе анда тиги кишилер кантип ачат. Аялды алар сабабай эле куйоосу эле сабады болуш керек. Ишениш кыйын го
26.10.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
6-жаштагы кызы кантип чарчап атам уйдо эле калайын деди. Менин алты жаштагы кызым чарчаганды билбейт. Карангыда уйго жалгыз камап кеткен ХХХ го.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-27 10:47:30
27.10.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
26.10.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
6 жашар кыз чарчадым уктайм деп айтканына ишенбейм. Чарчаса да кантип озун таштайт. Которуп алса да боло берет баса турган алы жок болсо.
26.10.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу апасына ишенбегиле е.6 жаштагы кызым болбосо да уйго жалгыз таштап кетпейт элем.
27.10.2015. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне деген эне болдук 21-кылымга таянып эмне болуп бара жатабыз.Эр учун олгон аялдар кобойду жакында эле башын печкага куйгузуп олтургон кыздын апасы эринин куноосун жабып бечара баланы кыйнаган.Бул акмак аял эми куйоосун таза деп актаганына не дейсин куноосу бар ошон учун да качып журот.Алтынай деген келин да 2баласын чоочун адамга таштап Россияга кетсе эл ага боору ачыды ошо да бир эрдин артынан кууп козун май басып кетти да.
27.10.2015. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асынып олуп алгыла 6 жаштагы кызды зордуктаган зоокурлар
27.10.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп жаман болуп кетип жатам(( 6жаштагы бобокто эмне куноо?Кудайым силерди кечирбейт
27.10.2015. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынар энесини куноолойсунор,энеси билген жокта ушундай болуп кетишин.Кызы уктап жатса барып кайтабыз деген ойдо барышкандыр
27.10.2015. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа.Аллах жазасыз калтырбай куноолулорду
27.10.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
силерди энесине ишенгиле деп ким сурап жатат кызыксынар? Бычып салыш керек ! малдан айырмасы жок !
27.10.2015. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
6 жаштагы кыз коноко барабыз десе жатып алганы караандай калп.озу эле ээрчиткиси келген эмес кенен чонон ичип отуруп келем деп.мен 6 жашар уулумду 15 минутка жалгыз таштагым келбейт.эне деген балдарды коргоочу болушубуз керек да.эркектер го ой жок аял киши сезимтал мээримдуу болсок.кочону энсеп турган аялдарга танмын да.
27.10.2015. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журогу оорубай ээн талаадагы уйго кантип кызын таштайт.... 6жаштагы кыз эмес кечкисин мен уйдо жалгыз калгандан корком...... Мээрим,сезим деген жок го бул аялда тобооо
27.10.2015. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий каражаным десе, окуп алып жүрөгүм ооруп кетти. Эмне дейбиз, убалың ошо зөөкүрлөргө жетсин!!!
28.10.2015. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле жомокко
28.10.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апасы жомок айтканды жакшы корот экен. Ото хитрая аял экен бул созуно ишениш кыйынго милиция ишенди бекен.
28.10.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети. Жаман кишиге жар болгончо, алтындай кызы учун жашаса болмок.
29.10.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы маалыматтар боюнча - биологиялык экспертизанын жыйынтыгы белгилуу болду. Областык экспертизанын жыйынтыгына шектуулордун жакындары ишеним корсотпогону учун, Бишкек шаарынан дагы аныкталып чыкты. Эки жакта тен бирдей жыйынтык чыккан. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча - шектуулордун бири Нурлан зордуктагандыгы ТАСТЫКТАЛДЫ. Зордукчуларга эми жазаны СОТ аныктайт.
29.10.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экоон атып салыш керек
Жомок окугандай болдум
Адамдар жырткыч болуп кеттиго
29.10.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга окшогон окуяларды европанын кинолорунан корчубуз эми б.со жаныбызда б.п жатат. Наристеде не куноо убалы тийсин зоокурлорго
29.10.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кудайым бул эмне деген айбандар,ар бир санында уройду учурган окуялар,аманчылыгынды бере кор.
31.10.2015. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх эмнеси болсода болду баары эми бир жаратканым озу берет алардын жазасын ыймансыз ичкен шерменделер
01.11.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы ишенген жокмун,кандайча булардан биринчи тиги зоокурлор жетип калды уйго?
01.11.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ишенген жокмун деп эле жаза беришиптир, силер ишенгенде же ишенбегенде эмне озгормок! тиги зоокурлорду асыш керек! Жаш кызды жалгыз кароосуз калтырган апасын дагы сот жообуна тартыш керек!
01.11.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш кыз зордукталып энеси зар какшап жатса мен ишенген жокмун, тигилер апасынан мурда кантип барып калышат деп жазгандарга тан калып жатам.
01.11.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз коому деградация болуп жатат:( Мындан көрө ата бабабыздын айткан накыл сөздөрүн эстеп нукура кыргыз тарбиясына, баалуулуктарына кайрылмайынча ушинтип жырткычтын жашоосун жашай беребиз
01.11.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жазаларын берсин....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо