Абир Касенов, ырчы: «САХНАГА ЧЫГЫП ЫРДАГАНДАН КОРКЧУМУН»

№677 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж

Бул ырчы жигит түнт мүнөзгө ээ, дайыма токтоо жүргөн адам. Кеп «Асыл тумарым», «Вера в любовь» аттуу ырлардын аткаруучусу Абир Касенов жөнүндө болууда. Анда убакытка так, айтканынан кайтпаган Абир менен болгон маектешүүнүн жыйынтыгына өзүӊүз баа бериӊиз, окурман.

АБИР ЖӨНҮНДӨ

Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 20-июль
Туулган жери – Сокулук району, Шалта айылы
Билими – Кыргыз-Орус Славян университетинин экономика факультети
Бою – 183 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы

– Абир, саламатсызбы? Мен айткан убакыттан кечикпей келдиӊиз, чыгармачыл адамдар такай кечигип жүрүшчү эле...
– Ооба (күлүп), убакытка, жумушума так болгонду жакшы көрөм. Бул нерсе менин балалыгымдан калыптанып калса керек. Себеби атам бүт нерсеге так болууну үйрөткөн. Окуучулук кезде түнкү клубдан саат 12де үйгө келем десем, дал ошол убакытта үйдө болуп калуум керек эле. Жаштайымдан ошондой тартипке көнгөм.
– Жакында жарык көргөн «Shake» аттуу ырыӊызга түрдүү сындар айтылды, балким, бул ырды талкуу жаратуу үчүн чыгаргандырсыз...
– Угармандар «качан шаӊдуу ыр жаратасыз?» деп суранып жүрүштү. Ошондуктан бул угармандарым үчүн жаралган ыр эле. Бир күнү интернеттен атактуу модель Ирина Шейк менен актёр Брэдли Купер жөнүндөгү жаӊылыкка көзүм урунду. Анан эргүү келип, клубдарда жаӊырса жарашчудай деп аталган ырды жарыкка алып келдим. Бул менин чыгармачылыгымдын ар тараптуулугунан кабар берет.
– Ошол эле учурда ырларыӊыздын көбү лирикалык, бул сиздин ашыкча романтигиӊизден улам эмеспи?
– Болушу мүмкүн. Бирок менин ырларымдын обону алгач гитарада жаралат. Башында мен жазган обон сүйүү же башка темада болорун билбейм. Себеби музыкага сөз кийин жазылат. Жыйынтыгында сүйүү тууралуу ырлар жаралып калып жатат окшойт.
– Гитара деп калдыӊыз, бул музыкалык аспап менен кантип достошуп калдыӊыз эле?
– 7-8-класста бир жигиттин гитара чертип Виктор Цойдун ырын ырдап жатканын көрүп калдым. Ушунчалык таасирленген экенмин, дароо гитара сатып алдым. Алгач бир байке жөн эле бир-эки чертип, кантип ойношту көрсөтүп берди. Анан өзүм эле үйрөнүп кеттим. Гитараны жонума асып алып шаар аралап жүрө берер элем. Кээ бирөөлөр жолдон «кел, чертип берейин» десе кошулуп ырдап, кыскасы, өткөөл курагымды гитара менен жүрүп өткөрдүм.
– Абир Касенов деген ысым сахнада көптөн бери бар, бирок ал мега жылдыз болуп кеткен жок, ошол эле учурда аны эч ким тааныбайт десек да туура эмес...
– Чындыгында, менин «Асыл тумарым» деген ырым жарык көргөндө ырчылык эмне экенин билчү эмесмин. Башында концерт же кечелерге чакырып ырдап кет дешсе такыр барчу эмесмин. Себеби кантип ырдашты, сахнада өзүмдү алып жүрүштү билчү эмесмин. Ошондуктан уят болом деп коркчумун. Бара-бара сахнада иштегенди үйрөндүм, сапаттуу чыгармаларды жазганды, угармандардын табитине ылайык ыр чыгарганды үйрөнүп калдым. Демек, менде өсүү бар.
– Муну менен баары алдыда дегени турасызбы?
– Балким...
– Ырчылардын ар биринин өз максаты бар, бири чет элге таанылсам десе, бири сынактарда жеӊсем дейт. Сиздин чыгармачылыктагы максатыӊыз эмне?
– Ырларымды жөн жерден жазбайм, алардын да максаты бар. Бирок чет элге таанылуу, ал жакта чыгармачылыгымды өркүндөтүү тууралуу кеп козгой турган болсок, мекенимде эле өркүндөп-өскүм келет. Чет жерлерге тартылбайм, кыргыз калкымдын арасында эле жүрөйүнчү. Кыргызстанда өзүмдү эркин сезем, эргүү да башкача келет. Чет элде мага мынчалык эркиндик жана эргүү тартуулоочу нерселер жок.
– «Жубайымды көрсөтсөм көз тиет деп корком» деп маек бергениӊиз эсимде. Өмүрлүк жарыӊызды эл алдына алып чыгууга мезгил келе элекпи?
– Акырындап чыгармачылык эмне экенин түшүнүп келе жаткандай эле бир күнү жеке жашоом тууралуу кеп козгогон мезгил келет. Азырынча мен дагы, жубайым дагы бул нерсеге даяр эмеспиз.
– Үйдө кандай атасыз, жолдошсуз, ошол тууралуу да айта кетпейсизби?
– Үйдө мекенимдин катардагы миллиондогон мырзаларындай эле. Анан да жубайыма бардык жактан жардам бергим келет. Учурдан пайдаланып мырзаларга айтып кетер элем, жубайыӊардан колуӊардан келген жардамыӊарды аябагыла. Идиш жууп, тамак жасап, өмүрлүк жарыӊардын көӊүлүн алып койсоӊор эч нерседен кемип калбайсыӊар. Менде дал ушундай принцип.
– Ашкана жаатындачы?
– Керек болсо өзүм деле тамак жасап коё берем. Муну жейм, аны жебейм деген жаман жоруктарым жок. Жубайым эмнени даярдаса, ошону жей берем.
– Байкашымча, гастролго чыгып, той-топурларга барып киреше таппайсыз. Демек, үй-бүлөнү багуу үчүн башка жумуш менен алектенесиз?
– Ооба, бирок жумушум тууралуу кеп козгоону каалабай турам.
– Түшүнүктүү, сизге чыгармачылык ийгилик!
– Рахмат.

Маек соӊунда

– Мүнөзүӊүз оор туюлду же адашып жатамынбы?
– Мындай сынды буга чейин уккан эмес элем. Балким, толкундануудан улам ушундай сезилгендирмин.
– Өзүӊүзгө кайсы ырыӊыз жагат?
– Бардык жан шериктерге арналганы үчүн «Две половинки» деген ырым жагат.
– Жубайыӊыз тууралуу суроолорго такыр жооп бергиӊиз келбеди...
– Мен бул адамды канча жыл издедим, аны бирөө сын көз караш менен карашына азырынча жол бере албайм.
– Сизди таӊ калтырчу нерсе барбы?
– Өмүрүмдө Абир аттуу мырзаны жолуктура элекмин. Эгер азыр ысымы Абир деген бирөө менен тааныштырчу болсоӊ, аябай таӊ калмакмын.
– Сүрөткө түшүп жатып такыр жылмая албай койдуӊуз...
– Ооба, мага кайсы бир эмоцияны чагылдыруу өтө оор. Жылмаюу баарынан оор.

Абир мырзанын аткаруусундагы "Вера в любовь" аттуу ыры учурда жаштардын арасында популярдуу болууда.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


Ырчы Абир Касенов: “Сахнага чыгып ырдагандан коркчумун”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(39)
SUPER.KG видео
24.10.2015. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азамат байке экен ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
24.10.2015. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Я вас очень люблю и уважаю Абир
SUPER.KG видео
24.10.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
По больше песен пожалуйста...а вы женаты??
Медиа-портал
24.10.2015. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
молодец!!! Mужчина моей мечты!!
SUPER.KG видео
24.10.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орусчаго ырларынын кобу
SUPER.KG видео
24.10.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
SUPER.KG видео
24.10.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец умный и решительный мужчина желаю семейное счастье и творческих успехов,ждём хороших песен
SUPER.KG видео
25.10.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялын сыйлаганы билинип турат молодец коп коп хит ырларды жарата бериниз.Скромный и умный бала экен.
Медиа-портал
25.10.2015. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр эмне коп? ырчы коп...))
SUPER.KG видео
25.10.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушундай ырчы бар экенин билбепмин
Медиа-портал
25.10.2015. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
хочу такого мужа
SUPER.KG видео
26.10.2015. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардын баары суйуп калган окшойт Абирди.Орусча суйлогонун эч Ким сындабаптыр.Азыр кыз болгондо ар кимиси талап кетмек кыргызстанда туруп кыргызча суйлобойт деп.)))
26.10.2015. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
элден калбай мен да жаза кетейин суйорумду!и баса туулган кунубуз бир кундо экен!
26.10.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баары мыкты, жонокой, кызыктуу маек куруп бериптир. Кысталактыкы орусча суйлогону кичине окшошпой калыптырда, кыргызча суйлогондо кыздар такыр эле суйдум-куйдум болуп жатып калмак экен)))
Медиа-портал
26.10.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец, Песни классные. По больше бы таких песен как у него
26.10.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
незнаю почему но не могу слушать его песни, а так видно, что он образованный чел
26.10.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынанда ушул созуно кошулам,жана маанилуу суйлогон аялы жонундо" Мен бул адамды канча жыл издедим,аны бироо сын коз караш менен карашына жол бербейм"- жана эле ушул принципти баары колдонсо жакшы болгудай.Себеби омурлук жарыбызды ар кимибиз озубуз тандайбызда,башка бироого кулак салабыз ар ким ар кандай сын пикирлерлдиайтат аларды укан сон ар бир адамдын ойу озгорот.Айрыкча жылдыздар...
26.10.2015. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ммм....брутальный мужчина...а глаза...повезло его жонушке.Мечта девушек...
Медиа-портал
27.10.2015. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Настоящий мужчина во всех смыслах этого слова! Побольше бы таких как ты Абир, мальчики берите пример от таких людей! Процветания счастья,здоровья тебе и твоей семье!
Медиа-портал
27.10.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик! вот таким должен быть кыргызский мужчина!
Медиа-портал
27.10.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абир, азаматсыз! Чыгармачылык ийгилик, үй бүлөлүк бакыт. Өзү да, ырлары да мыкты.
27.10.2015. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
Медиа-портал
27.10.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында таланттуу жигит. өкүнүчтүү... кыргызча суйлосон жакшы болмок.
Медиа-портал
27.10.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз негизи бул байкеша мага жагат да олоо.
SUPER.KG видео
28.10.2015. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин эски суйуумо окшош экен. Эки кундон бери эстетип журогумду оорутту.
Эки кундон бери Абирдин ырларын гана угуп жатам.
Медиа-портал
28.10.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adiletkina,
Эскертүү! Жалаң баш тамагалар менен жазууга тыюу салынат!
29.10.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абир, сизге ийгилик каалайм! Ырларыныз аябай жагат! Озунуз да ыймандуу экениниз корунуп турат! Чон рахмат!
30.10.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшыны жакшы дей алат экенбиз го. негедир эч ким терс соз жазбаптыр. озгоро баштаган окшойбуз! жалан гана мактоолор!!! Абир эле эмес биз да АЗАМАТ экенбиз!!!
30.10.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик экенго, суйлогон создору орду менен,билимдуу экенин билинип турат. Арбир эркек аялын ушундай сыйласа экен. Ийгилик!
02.11.2015. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча суйлосо болбойбу? Уйротконго даярмын Кыргызчаны ))) раз билбесе!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо