БИР БҮРКҮМ

№677 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж

  • Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада 3 адам газга ууланып КАЗА ТААП, 2 адам ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
  • Жыл башынан бери өлкөдө 83 ӨСПҮРҮМ өз жанын кыйды. Алардын 49у эркек, 34ү кыздар.
  • Quacquarelli Symonds агенттиги жарыялаган рейтингге ылайык, өнүгүп келе жаткан Европа жана Азия өлкөлөрүндөгү 150 мыкты жогорку окуу жайлардын катарына Кыргызстандын бир гана ОКУУ ЖАЙЫ илешти. Ал – Борбордук Азиядагы Америка университети.
  • Президент Алмазбек Атамбаевдин 22 жаштагы уулу КАДЫРБЕК АТАМБАЕВДИН монографиясы жарык көрдү. Эмгек «Улуттардын жанданышы. Экономикалык пассионардыктын теориясы» деп аталат.
  • «Азыр биз толугу менен жылытуу иштерине даярбыз. Бул кышта жарандар үзгүлтүксүз ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ, жылытуу жана газ менен камсыз болушат»,- дейт өкмөт башчы Темир Сариев.
  • 2015-жылдын 9 айында Кыргызстанда ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНАН 774 киши каза таап, 7594 адам жаракат алган. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматы маалымдайт.
  • Жыл башынан бери ата-энесинин кароосу жок калышкан 527 бала башка үй-бүлөлөр тарабынан БАГЫЛЫП АЛЫНГАН. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
  • Сентябрь айынан тарта Кыргызстанда Орусиядан уурдалган 5 АВТОУНАА табылды.
  • Өлкөдө жыл башынан бери 137 ӨСПҮРҮМ ЗОРДУКТАЛГАН. Алардын 70 пайызын кыздар түзсө, калганы эркек балдар. Зордуктоо фактыларынын эң көбү Чүйдө жана Бишкекте катталат.
  • Өлкөдө 1 тонна КӨМҮРДҮН БААСЫ 1300-5000 сом болууда. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Нурлан Садыков билдирди. Анын айтымында, бул баа былтыркыга салыштырмалуу жогору.
  • Мектеп окуучулары үчүн КҮЗГҮ КАНИКУЛ 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин гана созулат. Кыскартылуусу кышкы каникулду узартууга байланыштуу.
  • Япониянын премьер-министри СИНДЗО АБЭ 26-октябрда иш сапары менен Кыргызстанга келет.
  • Улуттук статистикалык комитеттин бөлүм башчысы Жылдыз Рахманованын айтымында, өлкөнүн айыл жеринде шаарга салыштырмалуу 2 эсе көп ЭРКЕК жашайт. Шаардагы эркектердин саны 941 миңдей, айылда 1 миллион 975 миңден ашуун.
  • КУРМАНБЕК БАКИЕВ «Оору, сүйүү жана үмүт: Менин Кыргызстаным» («Боль, любовь и надежда: Мой Кыргызстан») деп аталган китебин жарыкка чыгарды. Китептин бет ачары Минск шаарында 22-октябрда болуп өттү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо