Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АНТКА ТУРУКСУЗ ДЕПУТАТТЫН КИМГЕ КЕРЕГИ БАР?

№677 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж

«БАЛДАРЫМДЫН ЖАКШЫЛЫГЫН КӨРБӨЙ КАЛАЙЫН»
Парламенттик шайлоо алдында «Республика-Ата Журт» партиясынын лидерлери шайлоодо жетиштүү добуш ала албай калган талапкер көп добуш алган талапкерге ордун бошотуп, тизмеден өз каалоосу менен чыгарын айтышкан. Керек болсо жарышка аттангандар: «Берген антымдан тайсам, Кудай урсун! Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!» деп ант беришип, партия жетекчилиги ал процессти видеого тартып, кагазга жаздырып алышкан. Бирок 28 мандатка ээ болуп, шайлоо жарышында 2-орунду багындырган «Республика-Ата Журттун» тизмесинен 70 талапкер четтетилгенде чоң чыр чыкты.
Окуянын жүрүшүндө талапкерлер арызды чын эле жазышканын, кол да коюшканын, бирок арызга датаны жазышпаганы белгилүү болду. Нааразы болуп чыккан талапкерлер да, партия да арыздар шайлоого чейин эле жазылганын моюнга алышты. Талапкерлердин айтымында, арыз ээлери эмес, партия өзү арыздарга датаны кийинчерээк кошуп жазып, БШКга өткөрүп берген. Тизмеден чыгып калышканын талапкерлер ЖМКлар аркылуу билишкен.

ЫЗЫ-ЧУУ ЖОГОРКУ СОТКО ЖЕТТИ
16-октябрь күнү «Республика-Ата Журттун» депутаттыкка ат салышкан бир катар талапкерлери Боршайкомдун алдына митингге чыгышты. Айтымдарына караганда, партия аларды талапкерлердин тизмесинен мыйзамсыз чыгарып салган. Мыйзамга ылайык, мандаттан баш тартуу жана талапкерлердин тизмесинен чыгуу арызын талапкер өз ыктыяры менен жазып, кол коюушу шарт. Нааразы болуп чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары Кантемир Мурзабеков, Аида Исмаилова, Рада Туманбаева, Алиярбек Абжалиев, Жыргалбек Саматов жана башкалар да бар. «Биз мандаттан баш тартуу тууралуу арызды жазган эмеспиз жана кол да койгон эмеспиз»,- дешет алар. 18-октябрь күнү ишти Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту карап, тизмеден чыгарылган талапкерлердин баарынын арыздары БШКда кайрадан каралсын деген талапты четке какты.
Бул боюнча ИИМде талапкерлердин арызы жасалма деген факт боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми «Республика-Ата Журт» партиясынын өкүлү талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу арызды жасалма дегени үчүн Аида Исмаилованы сотко беришерин жана партиянын кадыр-баркына доо келтирди деп 10 миллион сом компенсация талап кылышарын айтты.
20-октябрда тизмеден чыгарылган талапкерлер БШКнын чечимин жокко чыгаруу арызы менен Жогорку Сотко кайрылышты. Арыз ээлери: «Республика-Ата Журт» партиясынан Рада Туманбаева, Закир Шарапов, Аида Исмаилова, Алиярбек Абжалиев, Курманкул Зулушев, Жыргалбек Саматов, Асхат Молдобаев жана «Өнүгүү-Прогресстен» Нургазы Айдаров. Жогорку Сот БШКнын чечимин жокко чыгарса, анда БШК чечимди кайра карап чыгууга аргасыз болот.
Жогорку Соттун чечимине карап «Республика-Ата Журттун» тагдырын да аныктоого болот. Эгер Жогорку Сот чечимди партиянын пайдасына чыгарса, демек, Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиевдин фракциясы коалицияга кирет деген белги. Эгер Жогорку Сот нааразы болуп жаткан талапкерлердин пайдасына чечсе, демек, «Республика-Ата Журтту» коалицияга кошуу планда жок. Жакынкы жылдары 28 депутаттан турган бул фракцияны мурдагы «Республика» менен «Ата Журт» фракцияларынын тагдыры күтөт, партия алган 28 мандат туш-тарапка чачырайт.

«КААЛАСАҢАР АТЫШКЫЛА, БИРИҢДИ БИРИҢ ӨЛТҮРГҮЛӨ, БИРОК...»
20-октябрда БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов «Республика-Ата Журттун» тизмесинен чыгарылган талапкерлерге: «Бири-бириңер менен атышкыла, өлтүргүлө, бирок бизди партиянын ички чыр-чатактарына аралаштырбагыла»,- деди.
Бул аралыкта 12 мандатка ээ болгон «Бир болдун» лидери Алтынбек Сулайманов тизме боюнча алдыңкы 12 орунда тургандар депутат болушарын айтууга шашты. Анын айтымында, талапкерлер Чолпон Жакупова, Лунара Мамытова жана Бакыт Есенбаева мандат алышары тууралуу чечим кабыл алынды. Буга чейин журналист Лунара Мамытованын тизмеден алынгандыгы сөз болуп жаткан болчу.
Адатта мамлекеттик кызматка киришип жатып депутаттар, министрлер, соттор, президент ант берет. «Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!» деп өз каалоосу менен ант берип, бат эле ал шертинен тайып кеткен адамдардын мындан кийинки антына ким ишенет? Антка туруксуз депутаттын кимге кереги бар? Өз эрки менен берген антты сактабаган адамдын дагы бир жолу ант берүүсүнүн кажети жок, ал баары бир антына турбайт. Ал эми ант бермейинче депутат боло алышпайт.
Гезит басууга кетерде Жогорку Сот Аида Исмаилованын арызын канааттандырып, БШКнын тизмеден чыгаруу тууралуу чечимин жокко чыгарды.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(25)
26.10.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эми ушул депутаттар эл учун иштешет деп ким кепилдик берет.Кресло талашып акча жыйнаш керек да булардын максаты
26.10.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Бизге кереги бар.
26.10.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
БШК акебиз жайлаптыр го бирин олуп бирин кал деп ха-ха
27.10.2015. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza5566,Балдарымдын жакшылыгын корбой калайын дегени жакты. Ошентип айтып алып, кууланып жургону так калыштуу.
26.10.2015. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Булар бири-бири менен чырлашып жургучокту эле беш жыл отот. Ушинтип ич ара ынтымака келе албай олтурса,элге качан кызматтары тиет?
26.10.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайсы эле депутат убадасын аткарды эле. Кыйратып койгонсушуп баары эле сөздү тытат го, кылган иштеринен дайын жок.
26.10.2015. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бирин олуп бирин кал тажатты ушул адам сыяктуу айбандар.
26.10.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин мыйзам абдан эле ийилчек да,кандай кааласан ошол жакка бурула берет.Негизи оз жеринде жетиштуу добуш алалбаса,оз элинде кадыр-баркка ээ болбосо,ал кимди жыргатмак эле.«Берген антымдан тайсам, Кудай урсун! Балдарымдын жакшылыгын көрбөй калайын!» деп ант бергенден кийин депутат болом дебей эле койсо болмок.Бирок баары эле ушундай болуш керек.
26.10.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
жон эле ар ким жазса эле ишене бересинерби,алдын ала суйлошуулор болгон,добуш ала албаса четтетилер боюнча,добуш ала алган жок анан партия четтетсе чычалап жатышат,жыгылган курошко тойбойт болуп,ушул 6 партиянын ичинен коросунор ушул партия иштейт жана келээрки ПРЕЗИДЕНТ деп мен гарантия берем кудайым буйруса,биздикилерди билсенер,бири иш корсотуп иштеп жатса эле жамандамай,ушул партияга эл ишеним корсотту демек куткуло ар тараптан ар немени жазбастан,баардык коро албагандарга ичин куйсо тузжала
26.10.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек мен туура эмес айтсам айткыла
26.10.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Берген антынан тайган адамдан эмне джакшылык кутууго болот? Адамдык абиири болсо сотторго ыйламсырап жугурбостон берген антына таянып партия чечимине таянып акырын чыгып кетишсе болмок. Кайдаааан андай акырын чыгып кетуу. Созсуз чычалап сотко чейин баруу керек,анткени сот пайдасына чечип берсе майлуу оорунда чалкалап отуруп каалагандай жеп ичип озунун кара башына байлык толтуруу керек. Депутаттык мандаттын канчалык маанилуу майлуу экени мына ушул адамдар аркылуу билсек болот соттошуп жетуу учун.
26.10.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларга бут жараша берет походу ХХХ да, олуп тирилип,калп айтып жашай беришет )))))
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-10-26 16:46:12
26.10.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pantherka, мазактоодон алыс болуңуз!
26.10.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туйгунаалы Абдраимов туура айтыптыр))) бирин олуп, бирин кал...
26.10.2015. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бири биринерди атып олтуруп, кырылып кала берсенер деле боло берет..
27.10.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз, коп добуш алганын кантип билишет же булар ар бир окуругка болунушконбу? Жакшы тушунгон жокмун. Ушундай ызы чуу болоорун билип алдын ала арыз жаздырып койгондору да кызык болуп жатат. Лидерлер четтетип жатса кайра чырдап неге депутат болом?!
27.10.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутат деген мандатка жеткенде эле адам уят менен намысты унутуп койот окшойт. Шайлоодон алдын берген убадаларынын баарын унутуп, эми мандат талашмайга отушту. Ызылдашкандан башка колдорунан эч нерсе келбейт. Илгеркилер айтмакчы "Б*кк* куурай сая албайт".
29.10.2015. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Республика элге жакшы эле иштемек! Программасыда мага жаккан. Ушулар утканда кичине озгоруш болмок! Жон эле бут тосуп койушту.
29.10.2015. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул депутаттар келеери менен эле уруша башташты анысы аз келгенсип жаны кресло жаны килемге олтургусу келди.эгер чындап эл учун иштейм деген депутат жыгач строго олтуруп шалчанын устундо басып жоо журуп деле иштей бермек деп ойлойм
30.10.2015. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ким эмне деп ушактаса эле кошулуп жамандай бересинерби тура карабай
30.10.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чтож, эмне дейбиз? Өздөрү айтышкандай эми "Жараткан Кудай урсун! Балдарынын жакшылыгын көрбөй калсын!" (Мен каргаган жокмун, болгону алардын сөздөрүн эле кайталап койдум :) )
30.10.2015. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы деле ошол болот экен да.. Эл билбеди карышкырга кой кайтартып жатканын. Шайлоого чейин Кыргызстанды Париж кылабыз деди го чиркин.. "Аа бети жоктор аа" - деп айткан адам болсочу.. Уялбай мандат талашат. Ант урса түбүңөргө жетет . Берген антыңарда турбайсыңарбы.. Добуш ала алган жоксуңбу. Өзүң билип кете бер. Ылайым берген антыңар уруп кетсин!
30.10.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
антынар уруп кетсин.
31.10.2015. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоодон кийин ты кто такой давай до свидания!!! Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным!!!
02.11.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolik, кимдир бирөөнү мазактоого жол жок! 7 күн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо