Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

№677 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж

АКШ
ПЛАНЕТАНЫН ЭҢ УЗУН БУТТУУ АЙЫМЫ АНЫКТАЛДЫ
Флоридалык (штат) сары чачтуу бийкеч Холли Бертке америкалык басылма «Планетанын эң узун буттуу айымы» деген наамды ыйгарды. Кыздын бутунун узундугу 125,7 сантиметрди түзөт. Буга чейин жогоруда аталган наам техастык 26 жаштагы модель Лорен Уильямска таандык болчу. Анын бутунун узундугу 124,4 сантиметрди түзөт.
Холли Берттин боюнун узундугу 195 сантиметр. Кыз жакында эле Нью-Йоркко көчүп келген, дизайнерликте окуйт. Ал өзү тууралуу: «Мени бул жактагы жигиттер ээрчип алышууда. Өзгөчө бийик такалуу бут кийим менен жүргөнүмдө алардын оозу аңырдай ачылат. Мен өзүмө бою 190 сантиметрден кичине болгон жигиттер менен мамиле курбайм деп сөз бергем. Нью-Йоркто мындай узун бойлуулар көп эле»,- дейт.

Австралия
ЖАПАЙЫ БОЛУП КЕТКЕН 2 МИЛЛИОН МЫШЫКТЫ КЫРУУ ПЛАНДАЛУУДА
Жапайы болуп кеткен 2 миллиондой мышыкты Австралиянын өкмөтү жакынкы 5 жыл аралыгында материктин 5 аралы менен 10 районунан кырып жок кылууну пландоодо. Антпесе алардын айынан канаттуулардын 20, ал эми сүт эмүүчү жаныбарлардын 20 түрү жок болуп кетүү коркунучунда турат. Мышыктарды кырып жок кылуу чыгымы болжол менен 4, 8 миллион долларды чапчыйт.

Индия
ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ АРЗАН МАШИНА ЧЫГАРЫЛДЫ
Индияда чыгарылган Qute автомобили дүйнөдөгү эң арзан машина болуп калды. Анын баасы болжол менен 2 миң доллардан ашпайт жана аны 20дай өлкөгө экспорттоо каралууда. Алардын ичинде АКШ, Түштүк Америка да бар.
Машинанын салмагы 400 килограмм жана 13 аттын күчүнө ээ. Максималдуу ылдамдыгы саатына 70 чакырым. Учурдагы бардык өлкөлөрдөгү жол тыгындары эске алынып, кичине өлчөмдө чыгарылгандыгы да айтылат. 100 чакырымга болгону 3 литр бензин ичет.

Япония
АЧ КҮСӨНДӨР МЫЙДЫ «БАГЫП» АЛЫШТЫ
Интернетте ач күсөндөр менен чогуу жашап жаткан Комари аттуу мышыктын учурда популярдуулугу өсүүдө.
Мыйды Япониянын жашоочусу көчөдөн таап алып, үйүндө багып жаткан ач күсөндөргө кошуп койгон. Ач күсөндөр мыйды дароо багып алышып, бүгүнкү күнгө дейре бири-биринен ажырабай жашоо кечиришүүдө. Бул бир жаныбарды башка эле жаныбарлар багып ала тургандыгынын дагы бир далили. Мисалы, мындан бир нече убакыт мурун Коко аттуу горилла 2 мыйды багып алган.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
26.10.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бизде 2 мин долларга жетпеген машиналар толуп жататко)))
26.10.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kursantbek, бирок алар колдон колго откон машиналар да. Бул эч ким мине элек 2000 $
01.11.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ROUSE,кыз дегин а
26.10.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2 мин долларга кичине кошсон жакшы фит келет)
26.10.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КР га эртен бурсугунуле бул машина келип калат))) жакты бирок)
26.10.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мага 3 литр эле бензин ичкени жакты))
26.10.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиконун бир туру экен да
26.10.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага аябай жакты крга келсе алмакмын.
28.10.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эххх... Карачы депутаттар мине турган машинаго дейм ...
28.10.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анан жанагы көөп иче турган машинелерин минип алып, элдин акчасына бензин куюп жүрө бербей ошондон алып алса азыраак акчабыз кетет.
30.10.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда алам
25.11.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул машиналар Кыргызстанга келгиче пайдаланылганы аз келгенсип,3000 доллар болуп келээри бышык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо