Beeline: «ЕВРАЗИЯ МОБИЛДИК КУБОГУ» – КЫЯЛЫӉДЫ ОРУНДАТ!

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

eeline уюлдук оператору уюштуруп жаткан эл аралык «Евразия мобилдик кубогу» (Eurasia mobile challenge) сынагы кызуу уланууда. Өткөн жумада кубоктун катышуучулары үчүн атайын тренингдер өткөрүлгөн. Катышуучуларга жардам берүү үчүн Кыргызстанга эл аралык эксперттер келип, сынактын алкагында сунушталган ар бир идеяга токтолуп, өз ойлору менен бөлүшүштү. Андан сырткары start-up долбоорлорун түзүү жана digital-жыйынтыгын иштеп чыгуу жаатында да баалуу кеӊештерин аяшкан жок.

«Евразия мобилдик кубогу» – Vimpelcom (Beeline-Кыргызстан) компаниялар тобу тарабынан атайын жаштар үчүн уюштурулган эл аралык инновациялык сынак. Сынактын максаты – бүткүл Евразия жаштарынын башын бириктирип, ар кайсы мамлекеттеги социалдык маселелерди чечүүнүн жолдорун камтыган актуалдуу digital-продуктуларды иштеп чыгуу, ойлоп табуу. Буга мобилдик технологиянын негизинде жасалган инновациялык тиркемелер же башка системалар кириши мүмкүн. Сынакка Кыргызстандын, Армения, Казакстан, Грузия, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын жаш ишкерлери, ошондой эле прогрессивдүү жарандары катышууда.

НЕГИЗГИСИ – ИДЕЯ
Кубоктун биринчи этабында идеялар таймашы жүрүүдө. Жагымдуусу, жөнөтүлгөн арыз-билдирмелердин саны боюнча Кыргызстан алдыӊкы үчилтикке кирип, мекендештерибиз сынакка 50гө чукул идея жөнөтүшкөн. Командаларга жардам катары сынакка катышып жаткан бардык өлкөлөрдө идеяларды конкреттүү digital-жыйынтыкка алып келүүчү Acceleration day – керектүү техникалык билим берүүчү семинарлар күнү өткөрүлгөн. Андыктан атайын техникалык билими жок жаштар дагы сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

ACCELERATION DAY
Кыргызстанга Acceleration күнүн өткөрүү үчүн Украинадан эксперттер келишкен. 10 бизнес-компанияны, анын ичинде
Start-up Ukraine негиздеген Анна Петрова өз сөзүндө Кыргызстандын атынан катышкандардын жогорку жана туруктуу активдүүлүгүнө эксперттер таӊ калып, баа бергендиктерин баса белгиледи. Өзүнүн презентациясында Анна ийгиликтүү бизнести кантип баштоо тууралуу ойлору менен да бөлүштү.
Мекендештерибиздин атынан «Намба Taxi» мобилдик кызматынын жаратуучуларынын бири Улукман Карабукаев сөз сүйлөп, Кыргызстандын жаштары өзүнүн идея, долбоорлорун бир гана мекенинде эмес, чет жердин рыногунда да көрсөтүү үчүн эмне кылуу керектиги тууралуу айтып берди. Ал эми иш-чаранын уюштуруучуларынын атынан Beeline`дагы Бизнес-тиркемелердин архитектурасын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын кызматын аркалаган Екатерина Буннакова сөз алды. Ал Beeline`дагы мурда бар тиркеме-кызматтар тууралуу жана digital-рыногунда лидерлик позицияны ээлөө үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын, ошондой эле жаӊыдан баш көтөрүп келе жаткан ишкерлер канткенде рыноктогу «чоӊ оюнчулар» менен иштеше алары тууралуу ой бөлүштү. Идеяларды талкуулоого адистер олуттуу мамиле жасашты. Катышуучуларга бир катар сындар айтылды, ошону менен катар түрдүү маалыматтар берилип, бири-бири менен байланыш түзүүгө, тажрыйба алууга кенен мүмкүнчүлүк берилди.

$20 000 ЖАНА БАРСЕЛОНАГА САПАР
Сынактын биринчи этабынын жыйынтыгы менен ар бир мамлекеттен 3төн финалист тандалып алынат. Алар кубоктун жарым финалына катышуу үчүн 2016-жылдын январында Москва шаарына аттанышат. Ал эми жарым финалдан уткан 3 командага өзүлөрүнүн идеяларын конкреттүү digital-продуктуларга айлантуу үчүн жалпы суммасы
$20 000 – 1-орун, $15 000 – 2-орун, $10 000 – 3-орун болгон акчалай сыйлык жана керектүү жабдыктар берилет. Бул жеӊүүчүлөр Евразия аймагын «Дүйнө мобилдик кубогу» (Global Mobile Challenge) бүткүл дүйнөлүк сынагында алып чыгышат. Сынак 2016-жылдын 22-26-февраль аралыгында Бүткүл дүйнөлүк мобилдик байланыш конгрессинин алкагында Барселонада өтмөкчү.

ИЗИӉИ КАЛТЫР...
Бул сынактын арты менен Кыргызстанда «VimpelCom Ltd» (Кыргызстанда Beeline) компаниялар тобунун «Изиӊди калтыр...» (Make Your Mark) аттуу глобалдуу социалдык программасы ишке кирди. Бул социалдык кампания – «VimpelCom» салымы, планетадагы адамдардын санынын ашыкчалыгы сыяктуу адамзатына тиешелүү маселелерди, жаӊы экологиялык катастрофалар, билим берүү ресурстарындагы жетишсиздик жана башка маселелерди чечүүдөгү жаӊы мобилдик технологиялардын жардамы. Бул жаштарга келечектеги пайдубалын бекем курууга жана өз мекениӊдин, бүткүл дүйнөнүн тарыхына из калтырууга болгон мүмкүнчүлүк.

Асыл Орозбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
02.11.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билайн компаниясы силерден суранат элек бизде айылда Билайн жакшы иштебейт бир вышкасын орнотуп берсенер жакшы болот эле адрес: Чуй обл Панфилов район село келечек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо