КАЙРАТ ПРИМБЕРДИЕВ ОРУСИЯЛЫК ЫРЧЫЛАРДЫ ТАӉ КАЛТЫРДЫ

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

24-октябрда ырчы Кайрат Примбердиев Орусиянын Россия-1 телеканалынын «Главная сцена» сынагынын 2-сезонунда ырдап чыгып, калыстар тобунда отурган Владимир Пресняков, Диана Арбенина Валерий Леонтьев жана башка атактуу ырчылардын алкоосуна арзып, чейрек финалга чыкты. Бул сынакка кандайча катышып калганы тууралуу ырчыга суроо узатып, жооп алдык.

– Саламатсызбы, Кайрат мырза?! Бул сынакка катышканга чейин бир катар сынактардын тандоо турларына катышып, бирок ийгиликке жеткен эмессиз. Отузга чыкканда от алайын дегенсиз го?
-Саламатчылык! Буга чейин Кыргызстанда, чет жерде өткөн көптөгөн сынактарга катышкам. «Жаӊы толкун» сынагына да эки ирет барып, тандоо турунун жарым финалынан өтпөй калгам. Ошентсе да Кудай берген талантыма ишеничим эч убакта өчкөн эмес. От алдымбы, күч алдымбы билбейм, айтор, калыстардын сынынан өттүм.
– Аталган сынакка кандайча катышып калдыӊыз?
-Бул сынакка барганга чейин интернеттен башка сынакка билдирме (заявка) жөнөтсөм, тымтырс болуп чакыруу келген жок. Анан «Главная сцена» сынагына жибердим. Арадан бир ай өткөндөн кийин Ош шаарында гастролдо жүрсөм уюштуруучулар телефон чалып калышты. Жанымда ырчы Замир Арыкбаев бар болчу. Ал «иним, аракет кыл, бул сага берилген бирден-бир мүмкүнчүлүк» деп демиме дем кошту. Тандоо туру 18-сентябрда болуп, жалпысынан сынакка 500дөн ашуун катышуучу келишип, 70 адам калыстардын сынынан өттү.
– Калыстар тобунун мүчөсү Диана Арбенина сиздин кастинг учурунда аябай таасир калтырганыӊызды айтты. Кандай сезимдер болду?
-Сынак кызуу башталып, бардык катышуучулар кезеги менен чыгып жатышты. Кезек жакындаган сайын толкунданып турсам калыстар тыныгуу жарыялап калды. Калыстык кылып отурган Диана Арбенина мени көрүп шериктерине «токтой тургула, ушул жигит ырдасын, анан тыныгууга чыгалы» деп айтты. Ошончо катышуучунун ичинен мени баса белгилегенине түшүнбөй калдым. Мен тагынып жүргөн жалтырак бабочка анын көӊүлүн буруптур. Ал «көӊүлдү бурган бабочка тагынганыӊ үчүн сага өзгөчө рахмат» деди. Ошентип Муслим Магомаевдин «Скажите, девушки, подружке вашей» жана орусиялык «Рондо» тобунун «Я постелю тебе под ноги небо» аттуу эки ырын ырдадым.
Арбенинанын мага карата «Тубаса таланты күчтүү. Тандоо турунда мага баары жакпай жатты. Ушул бала чыкканда «оо, Кудай, кандай жакшы» дегем» деген алкоо сөздөрүн укканда жеӊишке болгон үмүтүм, ишеничим андан да артты.
– Сынак тууралуу айтсаӊыз, канча этап менен өтөт?
-Бул сынак 5 этап менен өтөт. Катышуучуларды тандап алуу, андан кийин калыстар тандап алган таланттарды ырдатып көрүшүп, «Главная сцена» сынагында ырдай тургандарды кабыл алат. 3-этабында устат менен иштешүү, 4-этапта катышуучулар топ түзүшөт. Сынактын жыйынтыгы суперфинал менен жыйынтыкталат. Ал жерде көрөрмандардын баасы маанилүү болот.
3-4-ноябрда чейрек финал тартылат. Андан көп өтпөй эле жарым финал болушу мүмкүн. Финалга чыгууга үмүтүм да, аракетим да күч. ВКонтакте социалдык тармагында «Главная сцена» деген топ бар. Аталган социалдык тармакка кирип ой-пикир калтырып, жакты белгисин басып, жаккан катышуучуну алга сүрөсөӊүз болот. Анткени жеӊүүчүнү эл аныктайт. ВКонтакте социалдык тармагынан катышуучулардын кимиси көп добуш алса, ошол ырчы биринчи орунду алат экен.
– Атаандаштарыӊыздын талантына баа берип жатасызбы? Кайсы өлкөдөн келген катышуучу сизди таасирлентти, чочутту?
-Азыркы учурда чейрек финалга чыккандардан түзүлгөн 5 топ бар. Ар бир топто 6 ырчыдан. Атаандаштардын арасында, албетте, сестендиргени да, күлкүнү келтиргендери да бар. Атаандаш болсо да алардын баарын сыйлайм. Алар да жеӊишке жетүүгө татыктуу. Бирок 1-орунга мен татыктуумун (күлүп).
– Сахнада так секирип, жандуу үн менен ырдадыӊыз. Канча күн даярдандыӊыз?
-Сынакка чакыруу алган учур партиялардын үгүт иштерине туура келип калды. Даярданууга жакшы деле мүмкүнчүлүк, убакыт болгон жок. Ошондуктан Олег Газмановдун «Эскадрон» деген чыгармасынын аранжировкасы шашылыш жазылып, орточо болуп калды. Сөзүн дагы шашылыш түрдө жаттадым.
– Сизди коштоп, колдоо көрсөтүп кимдер барышты?
-Сынакта келинчегим Эля курбусу менен, классташым жубайы менен колдоп турушту. Башка элдин сахнасына чыкканда бирөөнүн колдоосуна муктаж болосуӊ да. Жакындарымдын деми, колдоосу мага күч берип, мекенимдин жытын ошолордон сезип турдум.

Владимир Пресняков Кайрат Примбердиевге “Главная сцена” сынагынын тарыхында бул ырчы катышуучулардын арасынан үнү боюнча эӊ жогорку көрсөткүчкө ээ болду. 100 жолу ооба дейм. Албетте, мен сени колдойм” деди.

Владимир Пресняков, Диана Арбенина, Валерий Леонтьев, Михаил Боярский "Главная сцена" долбоорунда калыс болушту.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(44)
02.11.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул байке москвада журотго кыргыздар колдоп койгула
02.11.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
02.11.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик женишке жет алга
02.11.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик сага Кайрат, жениш мн кайтышына тилектешпиз!!! Чындыгында сенин унун оригиналдуу, шансондорду катыра ырдайт болушун керек, мы любим тебя!!!
02.11.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен Кайраттын ырын 5-6 жолу кордум, АЗАМАТСЫН дегенден башка соз жок! Ийгилик!
02.11.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайраттуу жигитсин алга
02.11.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ылайым эле орус достордун эсин оодарып ийгилик менен кел Кайрат! Алга!!!
02.11.2015. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ссылкасын таштап койгулачы.. мен табалбай атам.
02.11.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zara-919, саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/uservideo/152747/
02.11.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз Кайрат мырза жогорку денгээлде озунузду корсото алдыныз.Коруп аябай суйундум.Дагы да болсо бийиктикке карай умтула бериниз ийгилик бакыт каалайм.Бар болунуз.
02.11.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанды баардык жерге даназаланыз. Ийгилик сизге, унунузго береке... Женишке жетип бизди да суйунтунуз.
02.11.2015. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз! Ийгилик
02.11.2015. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азия микс ОРТ да звезда,Кайрат Россия1,Мыкы ТНТ да жана СТС каналында Айнура.
Коруп суйуносун кыргыздар Алга.
02.11.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
02.11.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!
02.11.2015. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn, iygilik!
03.11.2015. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа бали дейли ушундай таланттуу уул кыздарыбыз көбөйө берсин сизди кудай колдосун Кайрат жериңизге утуш менен кайтыңыз
03.11.2015. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
03.11.2015. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптогон ийгиликтерге жете бер.
03.11.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлогон максаттарына жет ийгилик кушу сага жылмайсын
03.11.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийшгилик! Женишке жетишуунузго тилектешпиз!
03.11.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стилида озуно жакшына жарашып калыптыр,ийгилик Кыргыздын атын дунгуротуп журо берин!
03.11.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга алга мен ишенем сиз утасыз!!!!
03.11.2015. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да кайра, кайра угуп тажажадым эн сонун ийгилик!
04.11.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой ачык айрым жигит,ийгилик каалайм КЫРГЫЗдын данкын алыска тарат
04.11.2015. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул ырчыны Апама деген ырын уккандан бери сыйлап колдоп келем таланты ташкындай берсин ийгилик алла колдосун
04.11.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iygilik kayrat bayke
05.11.2015. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Кайратбек 1-орунду алышынды кудайдан сурайбыз.
05.11.2015. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу кыргыз элим ушул бала бираз болсода кыргызстанды маданият жагынан которммологону аракет кылып жатат,келгиле бизда Кайратбекти колдоп койолу
05.11.2015. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии алтыным десе баладай суйунттун го алга кудай колдосун элин кош колдоп колдойбуз!
20.04.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың Кайрат, сенин үнүң жагат, үнүңдү жоготпо эч качан!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-04-20 17:10:22
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо