ДЖИ (сериал)

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Арууке Малика менен сүйлөшүп бүтүп керебетине чалкасынан түштү.
– Кандай жакшы! Эртеӊки күндү да чыдамсыздык менен күтүүгө болот турбайбы. Жанар, сен кандай жакшысыӊ!
– Жамгыр-Жанар. Уйкашып кетет экен. Жанар-жамгыр, жамгыр-Жанар...- Арууке жигит менен таанышкан күндү эстеп жатты. – Ал эмне кылып жатат болду экен?- деди бир убакта жылмаюусунан жазбай.
– Арууке?- апасы ашканадан үн салды. – Бүгүн анализдериӊди тапшырдыӊбы?
– Жок, апа, жетишпей калдым.
– Ушундай болмок беле? Ден соолукту караш керек да. Башым айланып жатат дейсиӊ да, кайра кайдигер жүрүп алганыӊ кандай?
– Менин башым бүгүнтөн баштап оорубайт,- Арууке кыялдана сүйлөдү. – Мен дары таптым,- деди үнүн акырын чыгарып.
– Эмне дейт?
– Эч нерсе, апа. Кам санабаӊыз. Мен жакшы элемин. Менде баары сонун.
– Эртеӊ сөзсүз тапшыр, унутпа!

***

Жанар Аруукенин сабактан чыгышын күтүп жатты. Күн бүркөө. Окуу жайдан чыгып аны көрө калган Адилет түз эле досун көздөй басты.
– Жүр аялдамага чейин чогуу чыгалы.
– Мен бирөөнү күтүп жатам.
– Койчу, ай! Ал кыз сени карабайт. Күнүгө шөмтүрөп күтүп жүрө бересиӊби? Азыр жигити келип калса ошону менен кетет, сен каласыӊ. Бас!
Дал ушул учурда окуу жайдан Арууке чыкты. Жанарды көздөй басып келип, анын бетинен чоп эттире өөп алды:
– Көпкө күттүӊбү?- Адилет таӊ калганын жашырган жок. Оозун ачып туруп калды. Жанарга ушул эле керек болчу.
– Жок, мен деле жаӊы чыктым. Кеттикпи?
– Саламатсызбы?- Адилет Арууке менен учурашты. Анын көздөрүндө кантип деген суроо дапдаана окулуп жатты.
– Арууке, бул менин досум Адилет. Адилет, бул Арууке. Менин эркем.
– Абдан жакшы, Арууке, жамгыр кишинин эркесимин,- Жанарды эркелеп карап койду.
– Адилет... Жамгыр кишинин, ой, Жанардын досумун,- деди таӊ калганынан жазбай.
– Жанарды жамгыр киши деп мен эле айтышым керек,- Арууке тамашалап өктөм сүйлөдү. Кайсалактап эмне кыларын билбей калган Адилет шашкалактап коштошту да жолуна түштү.
– Козу карынга караганда жамгыр киши сонун угулат экен.
– Эрте кубанбай туруӊуз. Эртеӊ башкача ат менен аталып калууӊуз ыктымал.
– Мейли, баарына макулмун. Эмне кылабыз? Кадимки кыз-жигиттердей сейил бакты аралап басалы, киного баралы, балмуздак жейли, ээ?
– Ошентели. Анан кайтып келе жатып «Ала-Тоо» аянтынан сүрөткө түшкөндү да унутпайлы,- кыз жигиттин тамашасын улады. Бирок алар өздөрү айтып жаткан нерселерди жасашкан жок. Автобуска отуруп шаар четиндеги суу сактагычты көздөй бет алышты.

***

– Мм, өзгөчөлөнүүгө аракет кылганыӊыз үчүн «5»! Жакты. Тигинде дарактарды суу көмүп калыптыр, сонун көрүнөт экен. Балык кармаганга да болот экен.
– А мен бул жакка балык уулаганга эмес, жөн эле ташты суу үстүнөн кайытып ыргытуу үчүн келчүмүн.
– Хе, күлкүлүүсүӊ! А эмнеге?
– Мисалы, минтип ташты алчумун да, төлгө аччумун. Эгер азыр таш сууга 5 жолу кайкып тийсе, демек, Аруукеге мен жөн адам эмесмин, ал мени жакшы көргөн болот
дечүмүн.
– Анан?
– Кээде таш 5 жолу кайкымак тургай «чулп» этип кирип кетип, койчу, сен ал сулууга эч ким эмессиӊ деген жообун берчү,- Жанардын бул кылыгына Арууке күлүп жатты.
– Мен бүгүн дагы төлгө ачам. Кана, таш, Жанар Аруукени жакшы көргөндөй эч кимди жакшы көргөн эмес десеӊ, сууга кайкыбай эле түптүз кирип кет!- деп жээктеги майда таштан бирди алып сууга ыргытып койду.
– Жанар Аруукени жоготуп алуудан коркот. Ал кетип калса, же сезимдери менен ойноп койгон болсо Жанар ооруйт. Жоголуп кетиши мүмкүн десеӊ, сууга кайкыбай түптүз кирип кет,- деп дагы бир ташты ыргытты.
– Хе,- Арууке колуна жээктеги майда таштан бирди алды. – Кана, кичине таш, эгер Арууке Жанарды чынында эле жакшы көрөт десеӊ, суу үстүнө 5 жолу кайкып тиесиӊ. Ашык да эмес, кем да эмес. Келиштикпи?- кыздын бул сөзүнөн соӊ Жанарда кооптонуу пайда болду. Билгизбөөгө аракет кылып жатты, бирок анын өӊү өзгөргөнү дароо байкалды.
– Иху-у,- кыз ташты ыргытты. «Бир, эки, үч, төрт, беш» Жанар ичинен тынчсызданып, таштын сууга тийип кайкыганын санап жиберди. «Yesжигит кубанганын жашырган жок. Колун өйдө көтөрүп жиберди.
– Көрдүӊбү?
– Кантип 5 жолу? Ашык эмес, кем эмес.
– Анткени мен сени чын эле жакшы көрөм,- кыз жигиттин моюнуна асылды.
– Тийбей калса эмне болмок?
– Тийбей калса жакшы көрбөгөн болот деп айткан жокмун да. Туптуура 5 жолу тийгенине мен деле таӊ калып жатам. Муну тагдыр деп койсо болот го. Же жөн гана дал
келүүбү?
– Дал келүү эмес. Жашоодо кереметтер болот. Мени жакшы көрүп жатканыӊдын өзү керемет,- жигит Аруукенин эриндеринен өптү.

***

– Бүгүн да анализ тапшырган жокмун десеӊ урушам,- Аруукени апасы ушундай сөздөр менен тосуп алды.
– Апа, менде баары жакшы.
– Баары жакшы болсо, эмнеге эсиӊ ооп жыгылып калып жатасыӊ? Арууке, жоопкерчиликтүү болуш керек да. Эртеӊ сени өзүм жетелеп барам. Ден соолукту караш керек,
кызым.
– Апа, эртеӊ сөзсүз тапшырам, убада берем...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
ДЖИ (сериал) 675-сан
ДЖИ (сериал) 676-сан
ДЖИ (сериал) 677-сан
ДЖИ (сериал) 679-сан
ДЖИ (сериал) 680-сан
ДЖИ (сериал) 681-сан
ДЖИ (сериал) 682-сан
ДЖИ (сериал) 683-сан
ДЖИ (сериал) 684-сан
ДЖИ (сериал) 685-сан
ДЖИ (сериал) 686-сан
ДЖИ (сериал) 687-сан
ДЖИ (сериал) 688-сан
ДЖИ (сериал) 689-сан
ДЖИ (сериал) 690-сан
ДЖИ (сериал) 691-сан
ДЖИ (сериал) 692-сан
ДЖИ (сериал) 693-сан
ДЖИ (сериал) 694-сан
ДЖИ (сериал) 695-сан
ДЖИ (сериал) 696-сан
ДЖИ (сериал) 697-сан
ДЖИ (сериал) 698-сан
ДЖИ (сериал) 699-сан
ДЖИ (сериал) 700-сан
ДЖИ (сериал) 701-сан
ДЖИ (сериал) 702-сан
ДЖИ (сериал) 703-сан
ДЖИ (сериал) 704-сан
ДЖИ (сериал) 705-сан
ДЖИ (сериал) 706-сан
ДЖИ (сериал) 707-сан
ДЖИ (сериал) 708-сан
ДЖИ (сериал) 709-сан
ДЖИ (сериал) 710-сан
ДЖИ (сериал) 711-сан
ДЖИ (сериал) 712-сан
ДЖИ (сериал) 713-сан
ДЖИ (сериал) 714-сан
ДЖИ (сериал) 715-сан
ДЖИ (сериал) 716-сан
ДЖИ (сериал) 717-сан
ДЖИ (сериал) 718-сан
ДЖИ 719-сан
ДЖИ (сериал) 720-сан
ДЖИ (сериал) 721-сан
Комментарийлер(20)
02.11.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен биринчи! Арууке ооруп,Жанар сактап калат. Мейли баары жакшы. Баарынарга ийгилик☺
02.11.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен биринчииии
02.11.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдаа, анан Жанар олуп калабы?
02.11.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арууке олот Жанар эмес башын эстесенер Жанар метродо Аруукени коруп калып тан калат
02.11.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктыратко адамды, жми куто бер бир жума.
02.11.2015. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аруукенин эгизи бар го дейм. Кийин корот го. Кызык
02.11.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aruuke olot eken da ee, bul serial tagdyr oiununa okwop ketet eken
02.11.2015. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
озунорчо эле жоруй бересинер да куто турсанар кызыктын баары алдыда. ..
02.11.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даагы бир жума. Бул сериалдарды куто берип чач агарып калатко, эх...
03.11.2015. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Да кутом кутом дале кутом деген ырды ырдамай болдумго.
03.11.2015. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу чыгарма экен. Айла жок 1 жума кутомун.
03.11.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даааааааааааааааа
03.11.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башталышы кайсы санда?
04.11.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur2006, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/article/show/33771/
Сериалдын төмөн жагында башка сандарга шилтемелер берилген.
04.11.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,башталышы аңгеменин аягында дапдаана жазылып турат 675-санында деп
04.11.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кызыгына келгенде бутуп калатда
04.11.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу экен ее
06.11.2015. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу мен сени куттум келбедин
08.11.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эртең мен биринчи окубасамбы...
08.11.2015. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суперди окуйм деп айылга келем эми сериал менен оорудумда куйоого тийгени
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо