АЯЛЫН САБАП, МУЗДАК БӨЛМӨГӨ КАМАП ӨЛТҮРДҮ ДЕП КҮЙӨӨСҮ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

Жакында 43 жаштагы адам аялын сабап өлтүрүп, кылмышын жабууга аракет кылган деп шектелип кармалды. Ага 5 баланы төрөп берген аялын сабап өлтүрүүгө эмне себеп болгонун төмөндө окуӊуз.

«7 ЖАШТАГЫ НЕБЕРЕМ КӨРҮПТҮР»
Үстүбүздөгү жылдын 17-октябрь күнү Өзгөн РИИБине 64 жаштагы Датка Токсонбаева аттуу Кара-Кулжа районунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 4 күн мурда «токко урунуп өлдү» деген кызы киши колдуу ажал табышы мүмкүн экендигин билдирген.
– 13-октябрь күнү Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке айылында жашаган 38 жаштагы Гүлайым Пусуева аттуу кызым каза тапкан. Ал Кара-Кулжа районунун Жийде айылында туулган. Күйөө балам жана анын туугандары «түшкү саат 12лер чамасында нан жасап жатканда кокусунан электр меши жарылып кетип токко урунуп каза тапты» дешип, сөөктү ошол эле күнү жерге берип салышыптыр. Алгач күйөө баламдын айткандарына ишенип жаткам. Бирок кызым жерге берилгенден көп узабай, тагыраак айтканда, 17-октябрда алардын үйүнө барсам, күйөө балам жарылып кетти деп айтып жаткан электр меши жарылбай эле жакшынакай ордунда турат. Жүрөгүм бир нерседен шектенип балдарынан сурасам, кызымдын 7 жаштагы уулу «атам апамды ошол күнү сабап, муздак бөлмөгө камап салган. Мени жанына жолотпой койду» деди. Ошондон соӊ гана кызымдын сөөгүн кайрадан каздырып, бул ишти дыкат иликтеп берүүнү өтүнүп милиция кызматкерлерине кайрылдым. Күйөө балам менен кызым турмуш кургандарына бир топ жыл болгон, артында 5 баласы калды.

«АЯЛЫМ МАС БОЛУП ОЙГОНБОЙ КОЙГОНДО САБАП САЛГАМ»
Арыз ээсинин бул кайрылуусунан соӊ Өзгөн РИИБинин кызматкерлери маркумду кайрадан каздырышып, сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүшкөн. 21-октябрь күнү экспертизанын жыйынтыгы чыгып, анда маркумдун киши колдуу болуп каза тапкандыгы аныкталып, бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары анын күйөөсү Рахман Тургунбаев кармалган. Тергөө учурунда ал кылган күнөөсүн моюнуна алып, окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып көрсөтмө берген:
– 10-октябрь күнү болжол менен түшкү саат 12лер чамасында үйүбүздөн анчалык деле алыс эмес жерде жайгашкан үлүш жерибизге чөп чапканы барганбыз. Ал жактан чөп чаппай эле келинчегим жана анын курбусу үчөөбүз 2 бөтөлкө арак ичтик. Кечки саат 7 чамасында мас болуп уктап жаткан келинчегиме «тур, үйгө кетели» десем турбай койду. Анан ачуум келип ошол жерден ур-токмокко алсам, аялым эсин жоготту. Үлүш жерибизден үйүбүзгө чейинки аралык 150 метрдей. Коӊшу-колоӊдор көрүп калбасын деген ой менен аны үйгө чейин колунан сүйрөп келип толук курулуп бүтө элек, от жагылбаган муздак бөлмөгө жаткырып койдум. 2 күн жатты, 3-күнү карасам аялым кырылдап, жаны чыгып баратыптыр. Бул ишти жашыруу максатында аялымдын эски кийимдерин чогултуп келип, үстүнө, бут жагына үйүп туруп өрттөп жибердим да, өзүм талаага кетип калдым. Арадан 1 жарым сааттай убакыт өткөн соӊ кайра келип, «аялым нан бышырып жатканда ток уруп, күйүп калыптыр» деп кошуналарымды жардамга чакыргам.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КҮНӨӨСҮН МОЮНУНА АЛДЫ»
ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 43 жаштагы Рахман Тургунбаев аттуу Өзгөн районуна караштуу Адыр айылында туулган маркумдун күйөөсү кармалды. Учурда ал кылган кылмышын толугу менен моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө иштери жүрүп жатат. Иликтөө тастыктагандай, эгер маркумга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлгөндө, мүмкүн ал тирүү калмак.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(36)
02.11.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тооба бул эмнеси акыр заман белгисиби ушундай да акмакчылык болобу.
02.11.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кээ эркектин кылганы эркекче эмес.
Андайларга ар намыс эч нерсе эмес.
Анык эркек ар дайым эркек болуп.
Сүйүп алган аялын келтектебес!!!!
02.11.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ии, урой учурат . Адатта жардам бере турган бардык адамдан жакын адамын омурлук жолдошун болот го. Бул кандай шумдук окуя . Беш балалуу болгуча бири-биринин канча жакшы создорун, канча кулкулорун укту го. Тубун тушкур арак.
02.11.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арак ичкен куну урса аялын эки кун жатты дейт соолукканда алып чыгып чара корбойбу аялы деле арагы тараганда чыкса болот эле же акыбалы оор бекен эле байкуш
02.11.2015. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каттуу уруп турганга акыбалы жок болсо керек да ошон учун чыга албаса керек байкуш,жаткан жери жайлуу болсун ))
02.11.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ыыы тооба Кудай озун сакта! 2кун жаны ооруп муздак жерде жатып анан орттолуп олсо абдан абдан жаман болуптур :(
02.11.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудааай. Эй сен соосунбу мээн жайындабы ыя. Онбогон араккор ошондон коро ботолко менен озунду башка чапсанчы.
02.11.2015. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта, пландаштырганын ай Тим эле.
02.11.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял киши арак ичпей эле койсо болмок.
06.11.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Taalaibek.,байке куйоосу ичип жатса ичет да ага боло берет аялы ичсе жаман ээ
02.11.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ооо жараткан Аллахым баарыбыздын журогубузго хидаят бере кор!!!
02.11.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунчалык да мыкаачы болобу. Байкуш аял кыйналып жан бериптир да.
02.11.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул окуяга аялы да кунолуу. аРАК ЭЧ КАЧАН ЖАКШЫЛЫК АЛЫП КЕЛГЕН ЭМЕС.
04.11.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korsaromega,мумкун аялы ичкен эместир. Анан дагы октябрь айында кайсы жерде чоп чапчуу эле?
03.11.2015. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишенген жокмун. Актаныш учун арак ичти дегендей
03.11.2015. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча жыл жашап анан .... Эркектерди мынча ж.коруп баратам ...
03.11.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Deniza88,беш кол бирдей эмес.
03.11.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта
03.11.2015. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообоо, 2 кун муздак уйдо жатса, куйоосу го чыккан мыкаачы экен а 5 баласынын бироо да апасын издебедиби? Талаада аялын катуу уруп салган, ал эки кун озуно келе албай анан жан берген да. Болбосо жок дегенде уйуно жормолоп болсо да кирмек да. Акмак,канкор го куйоосу. Турмодо чирисин ылайым. Аялынын арбагы тынч уктатпасын. Эми балдары эмне болот? Деги адамдар эмне болуп баратышат?
03.11.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кылдым кандай гана жан кейиткен окуя.
03.11.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келинчегинин курбусу себепчи болбоду бекен бул окуяга
03.11.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 кун кыйнабай доктур чакырса аман калат беле байкуш аял
04.11.2015. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах жазаласын аялын кандай кыйналып олсо сага да ошондой ажал берсин.
04.11.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкаачылык кудаай Озун сакта
04.11.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектин алсызы аялын урат.
04.11.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жазасын берсин
04.11.2015. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектин арсызы аялына кол которот.беш баланын убалы уктатпасын.
04.11.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Аялымдын курбусу болуп учообуз"- дегени шек туудурат экен...
Тообо кылдым, Кудай сактасын!!! Эн канкор адамдар десе чычалайбыз, жырткычтар да мынчалык эмес!!!Аялы куйоосун, куйоосу аялын олтуруп,бейкуноо наристелерин олтуруп.... (((
04.11.2015. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арактын тийешеси жок, мастын акылы соо. Озунун нийети бузулган да, болбосо эки кун кароосуз таштайбы. Мыкаачы, ыймансыз адам экен го. Акыретте жооп берсин да. Мындайларга бул дуйнонун жазасы аздык кылат.
05.11.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уктап жаткан аялын да тепкилейби? андан коро жанына жатып алып чоогу уктаса болмок.
06.11.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ужас) ишеналбай кетем кееде) психологиябыз олду го)
07.11.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тообо кудай озу сактасын.Бул дуйнонун жазасы мындай мыкаачы адамдарга аздык кылат.
07.11.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым бейишин берсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо