ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

КҮНҮМДҮК ЖАШООДО
Фотобомба – бул өзгөчө сүрөттөр деп койсо болчудай. Мындай сүрөттөрдө адатта сүрөткө түшкөн объект өзү эмес, тескерисинче, анын фону кызыктуу болот. Башкача айтканда, бир сүрөткө досуӊуз менен түшсөӊүз, бирок силердин артыӊарда кимдир бирөө байкатпастан өӊүн өзгөртүп тамашалап же дагы бир кызыктуу нерсе жасап жибергени кадрга илинип калса, бул – фотобомба. Андай сүрөттөр бардыгыбыздын эле сүрөт альбомдорубузда болсо керек.
Социалдык тармактарда белгилүү адамдар катышкан фотобомбалар популярдуу. Маселен, режиссёр Стивен Спилберг менен актёр Жерри Сайнфелд сүрөткө түшүп жатканда анын артынан пайда боло калган актёр Жорж Клуни мыкты фотобомбанын жаралышына себепкер болгон.

КОСМЕТОЛОГИЯДА
Крем-филлер – бул беттеги бырыштарды жок кылуу үчүн колдонулуучу крем. Filler – сөзү англис тилинен которгондо «толтуруучу» деген маанини берет. Айымдарга абдан керек болуучу бул кремдин курамында косметологияда бырыштарды жазуу үчүн кеӊири колдонулуучу гиалурондук кислота бар. Андыктан кремди жүзүӊүзгө шыбагандан кийин эле аз убакытта таасир берет. Бул крем бырыштарды жазуу үчүн колдонулуучу уколдорго альтернатива катары чыгарылганы айтылып жүрөт. Учурда косметика сатуучу айтылуу бренддердин дээрлик бардыгы крем-филлер сатып жатканы ага болгон талап жогору экенин көрсөтөт.

ИНТЕРНЕТТЕ
Лол (LOL)
– бул акыркы учурда интернет же уюлдук телефон аркылуу кат алышууларда кеӊири колдонула баштаган сөз. Ал англис тилиндеги «laughing out loud» деген сөздөрдүн кыскартылып айтылышы, кыргызчага которгондо «каткыруу» же «үндү бийик чыгарып күлүү» деген маанини берет. Демек, LOL кат алышууда адамдын эмоциясын чагылдыруучу сөз деп айтууга болот. Башкача айтканда, кимдир бирөө сизге кат жазып, анда LOL деген сөздү колдонгон болсо, анда кат жазган адам каткырып жатат деп түшүнүӊүз. Баса, LOL сөзү англис тилинин айтылуу Чоӊ Оксфорд сөздүгүнө жаӊы сөз катары киргизилген.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(4)
02.11.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы создорду тушунуп алдым.
03.11.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан мурун мага "лол" деп жазды эле бирок тушунгон эмесмин
03.11.2015. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен билип алдым LOL
08.11.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lol
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо