Алмаз Шаадаев, ырчы: «ЫРЧЫ БОЛУУМА SUPER.KG СЕБЕПКЕР»

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

«Келчи, жаным, келчи», «Жаным, ай», «Татынасыӊ» аттуу ырларды ырдап жүргөн Алмаз Шаадаев аттуу ырчы бар. Аз-маз болсо да эл оозуна алынып келе жаткан жигит ушул күздө борбор калаабызга жеке концертин бергени камынып жаткан кези. Биз Алмазды кепке тартып окурмандарыбызга бул жигит тууралуу маалымат берүүнү туура көрдүк.

Туулган жери – Нарын облусу, Ат-Башы району, Кара-Суу айылы
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 11-сентябрь
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 58 килограмм
Билими – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм жана саякат бөлүмүн аяктаган

– Алмаз, айтсаӊ, эмне үчүн ырчы болууну тандагансыӊ?
– Бала кезде эле ырчы болууну кыялданчумун. Мектепти аяктап жатканда Искусство институтуна тапшырайын десем ата-энем «Өзүӊ кыргыз-түрк лицейин аяктап жатасыӊ, классташтарыӊдын баары чоӊ окуу жайларга тапшырышат, сен артист болом дейсиӊби? Башка окуу жайга тапшырып деле ырдай бер» деп болбой коюшту. Анан Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырып туризм жана саякат факультетинде окудум. Адам жүрөгүнө жакын кесипке ыктайт экен. Бала кездеги изги тилегимди жүзөгө ашыруу үчүн ырчы болууну тандадым.
– Бала кез демекчи, сакадай бою сары алтын баланын таттуу балалыгы кайда өткөн?
– Ата-энемдин ишине байланыштуу 9 айлыгымда чоӊ ата, чоӊ энемдин колуна беришиптир. 4-класска чейин Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында окудум. Андан кийин ата-энем Нарын шаарына алып келишип, түрк лицейинде окуумду уланттым.
– Сен SUPER.KG порталынын активдүү форумчусу болчусуӊ. Азыр деле форумдагы талкууларга катышып турасыӊбы?
– Менин ырчы болуп калышыма аталган порталга форумчу болушум да себепчи. 2011-жылы Алмаз Шаадаев деп сайтка катталдым да, активдүү форумчуга айландым. Сайт уюштурган форумчулардын жолугушуусуна барып турчумун. Бир жолку кезигишүүдө ырдап койдум. 2011-жылы «Супер активдүү, ырчы форумчу» деген наам алып, «Супер-Инфонун» концертинде «Жаным, ай» аттуу ырымды аткаргам. Эки жыл мурун сыр сөзүмдү унутуп калып форумга катышпай калдым.
– Чыгармачылыгыӊа кандай баа бересиӊ?
– Өзүмдү өзүм каржылап, өстүрүп келе жатам. Продюсер менен иштешкениме жарым жыл эле болду. Аябай намыскөймүн. Бирөөгө барып жагынып мени чыгарып койчу, тигинтчи-минтчи дегенди жаман көрөм. Башка ырчылардай болуп акча менен таанылып, бир жылда эле концерт берген жокмун. Эл аралап гастролдо жүрүп такшалдым, жакында борбор калаага тушоо кесүү концертимди берүүгө камынуудамын.
– Айрым ырчылардын ырынан чыры көп болот. Сенин артыӊдан да жаман сөз ээрчийби?
– Жаман иш кылсам артымды тазалаганга аракет кылам. Мүнөзүм кырс болгонгобу, бир көргөн адам бой көтөрүп жүрөт, керсейип алыптыр дейт экен.
– Жанаша баскан сүйүктүүӊ барбы?
– Көп эле кыздар менен сүйлөштүм. Бирок келечекте ушул бийкеч колуктум болот деп ээрчитип жүргөн сүйүктүүм жок. Болсо маекке чогуу келмекмин (күлүп). Жубайымдын апама окшош болуусун каалайм. Мени колдон-буттан алып колдоо көрсөтүп турушу маанилүү. Бою менден узун болсо деп кыялданам. Көбүнчө узун бойлуу кыздарга «сиздин боюӊуз узун экен, экөөбүз «пара» болчудайбыз, таанышып албайлыбы?» деп тамашалайм. Бул менин узун бойлуу кыздар менен таанышуудагы фишкам.
– Маегиӊе рахмат.

"2011-жыл, форумчулардын жолугушуусунда. Азыр жаӊы топ, башка тайпалар пайда болуптур".

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Апамдын 12 миң сомуна "Жанымай" ырын жаздырып, элге таанылгам" дейт Алмаз Шаадаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(35)
Медиа-портал
31.10.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец ийгилик Аллахым озу колдосун.
Медиа-портал
31.10.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
чыгармачыл ийгилик сага концертинди ийгиликтуу откоруп ал. концертинди суперге жуктоп койууну унутпа Жалал-Абадтан
SUPER.KG видео
31.10.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Созду нугу менен суйлогон эн мыкты жигит экен .мен мурун корбопмун . азыр корсом да башка ырчылардан айырмасы зор экен .
Медиа-портал
31.10.2015. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
токтоо жакшы жигит экен. Негизи Нарындын балдар,кыздары жакшы болушат. Мен озум деле Нарындан болбойм, бирок, коп байкайм. Чыгармачылык ийгилик каалайм!
Медиа-портал
31.10.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Форумчу болгом дейт гоо,жакшы жонокой жигит экен,ийгилик!
SUPER.KG видео
31.10.2015. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жонокой адамгерчиликтуу бала экен. Чыгармачылык ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
31.10.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооо Алмазик, азамат!
SUPER.KG видео
31.10.2015. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Концертиниз ийгилуктуу оттсун, мурда байкачу эмесмин, башка ырчылардан айырмасы Отто чон экен, ийгилик сизге.
SUPER.KG видео
01.11.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырлары жакшы ийгилик.
SUPER.KG видео
01.11.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Билбейм ким бул ?! Бирок ырын уккам жаным Ай деген эки ыр жазып Эле концерт берген туура эмес
Медиа-портал
01.11.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмнеге концерттин атын "Жанымай" деп койгон жок, ушул ыр менен алгачкы жолу сахнага чыккан, алгачкы клип тартылган.Эч качан аны унутпаш керек. Ушул ыр гана уккулуктуу, башкасы тойлордо ырдап акча табуу учун гана жазылгандай
Медиа-портал
01.11.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
janailin,
SUPER.KG видео
01.11.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Almaz baike ar bir oiun toluk jetkirip jakwy suiloptursuz.yrlarynyzdy kaltyrbai ugam.meili kelchi janym kelchi janymai yrlarynyzga soz jok.konsertte jany yrlarynyz bolobu.men sizdi bashka yrchylardan bawkacha korom.aiyrmalanyp turasyz .iygilik kaalaim omurunuz uzun bolsun
Медиа-портал
01.11.2015. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алмаз башка ырчыларга караганда орду орду менен суйлогону абдан жакшы жузундогу жылмаюсунун аркасында кандайдыр бир сыр жаткандай ийгилик сага
Медиа-портал
02.11.2015. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
....биринчи концертин менен куттуктайм......!!! .... ой-максатын ишке ашсын...... анан сени оллло сагындык саксаш .....)))))))))))))
02.11.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унуно береке мам уну жагат.
02.11.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almaz baike maga a9bai jagadyz. Chygarmachylygynyzga igilik.
Медиа-портал
02.11.2015. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул дагы кайсы ырчы
02.11.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперстанда ачкан темаларын коруп калам ))
02.11.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын,Шаадаев ! Мыкты форумчулардан болчусун, дагы да мыктылыгындан жазба !!! Ийгилик , концертин аншлаг менен отсун !
02.11.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат уну,келбети,жонокойлугу баардыгы сахнага керек адам экен,бар бол чыгармачылыкта албан албан ийгиликтерди каалайм,концертинди аншлаг менен откоруп алышына тилектешмин☺
02.11.2015. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик концертинизге! Бир куну форумга суйроп жатып алып кирдим эле кайра киреви десем ошону менен исчез болду байкежим)))
SUPER.KG видео
03.11.2015. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жаным ай ырын деле озун деле билбейткем,эки ыр ырдап анан популярный болдум дегенде крышан кетет го чиркин...
03.11.2015. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооуу убагында форумду дуркуроткон гооо ушу жигит
04.11.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге менин билдируулорум жок?
04.11.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erkem, саламатсызбы!
Сиз бул макалага алгачкы жолу комментарий жазыптырсыз. Башка бөлүмгө жазган эмес белеңиз?
04.11.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чукодой бою сары алтын жигитта, чыгармачылык, деги эле омур жолуна албан-албан ийгиликтер саксашым...:-*
04.11.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алмаз.. Жакшы ырдайт биз студент кезде манаста кее бир кечелерге чыгып ырдап калчу
05.11.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эх шаадаев 2011-жылкы форумдун жолугушуусун айтып бойдок кездин эн кызыктуу эсте каалаарлык кундорунун бирин эске салдынгоо...супердин тамаша торуна илинип,СССР менен ЖЫЛДЫЗдын баш кошконуна ишенип,тан атканча каалоо-тилек айтып,тытып бийлеп,укмуш чачыраганбыз...:-Pбир суперге таарынычым жылдын дебютуна наминант болдун десе узак жол артып барып,бир жонокой диплом ала албаганымда суперден...минтип уй кожейке болуп отуруп калганымда жок дегенде абысындарыма корсотуп,мактанып тураар белем...эх кечиресинер темадан алыстап кеттим окшойт ээ...
05.11.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erkem, ))))
SUPER.KG видео
05.11.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2013-жылы форумчулар арасында откон бильярдка келип катышып кеткен..
07.11.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалаймын
07.11.2015. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо