«БЕЙТАПТЫН ӨМҮРҮ КОЛУӉДА ТУРСА, ЧАРЧАГАНГА АКЫӉ ЖОК»

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

«Кайсы жериӊ ооруп жатат?» десе, көпчүлүгүбүз «ичим» деп чектелебиз. Ошол биз билбеген кайсы органыбыз ооруп жатканын так аныктап, дарылап бутубузга тургузган гастроэнтерологдор тууралуу баяндайбыз. Каарманыбыз Бишкектеги Улуттук хирургиялык борбордун хирург-гастроэнтерологу, доцент Дүйшөмбү Сыргаев.

ДАРЫГЕРДИН ИШИ МЕНЕН ЖАКЫНДАН ТААНЫШУУ
Мен барган убакта каарманыбыз оорулууларды карап көрүү үчүн камданып жаткан экен. Чогуу жөнөдүк. Адегенде жаӊы түшкөн бейтап жаткан палатага баш бактык. Ичин баскылап, кармалап көрүп жаткан дарыгерге 59 жаштагы бейтап:
– Түндө үйдө кой сойгонбуз. Кан басымым жогору болгону үчүн майлуу деле жечү эмесмин. Анан эт бышканда бир кулагы менен бир көзүн жедим. Ошондон көп өтпөй жаман болуп, сыртка чыктым. Аӊгыча кан кусуп жибердим,- деди. Врач аны көрүп болгон соӊ мээрман айымга кандай текшерилүүдөн өткөрүүнү жана керектүү дары-дармектерди дайындады. Кийинки палатадагы 35 жаштагы аял Ак-Суу районунун ооруканасынан өтүн алдырган. Операциядан кийин 3-4 күн өтпөй денеси саргая баштап, дарыгерлер борборго жөнөтүшкөн. Врачтын айтымында, ал жактагы хирургдар операция кезинде өт жолун кошо бууп салышкан. Хирург ал катасын моюнуна алып, Дүйшөмбү Сыргаевге кабарлаган. Мында кайрадан операция жасалып, аялдын абалы азыр жакшы.
Дагы бир бейтап боордун циррозунан жапа чегип, ич көӊдөйүнө суу толуп келген. Ичинен 17 литр суу сордурулуп алынган. Азыр деле ичинен 6-8 литрдей суу чыга тургандай томпоюп турганын көрүп баш чайкадым.
Мына ушундай оорулуулардын ар бири менен жакын адамындай маектешип, дарылап, кеӊешин айткан врач менен анын кабинетинде маектештик.

«БЕЙТАП ОПЕРАЦИЯДАН ЧЫКПАЙ КАЛСА, ХИРУРГ ҮЧҮН ТРАГЕДИЯ»
– Врачтык кесипке жөн жерден келбесеӊиз керек?
– Атам ата мекендик согуштун катышуучусу болгон. Мен анын 61 жашында көргөн баласымын. Атам кан майдандан өпкөнүн кургак учугу менен ооруп келип, убак-убагы менен дарыланууга аргасыз болду. Ал кезде кичине экендигиме карабай врач болсом, атамды өзүм айыктырат элем дечүмүн. Ошол таасир врач болууга жеткирди. Мына, иштеп жатканыма 35 жыл болду.
Гастроэнтеролог бул – тамак-ашты сиӊирүүчү органдардын оорусу боюнча адис. Башкача айтканда, кызыл өӊгөчтөн тартып, ашказан-ичеги, боор, өт, уйку бездерине чейинки ооруларды жана аларды айыктыруу жолдорун билиши керек. Жумушка эртеӊ мененки 7де келип ооруларды карап чыгам. Кечки саат 5терде барып бошойм.
Улуттук медициналык академиянын госпиталдык хирургия кафедрасында да эмгектенгендиктен чет элден келген студенттер үчүн лекцияны англисче окушум керек. Андыктан ал тилди 50 жашымда үйрөнө баштагам.
– Катуу ооруп келгениӊде ак халатчандар Кудайыӊдай эле көрүнөт. А сиздерде кандай кыйынчылыктар, түйшөлүүлөр болот?
– Кээде операция үчүн түн жарымда чакыртышат. Чоӊ операцияларда 6-7 саат тикеӊден тик турасыӊ. Таманыӊ ачышып, бели-бутуӊ уюп, чарчайсыӊ. Бирок адамдын өмүрү колуӊда турса, жакындары Кудайга жалынып сыртта турса, сенин чарчаганга акыӊ жок. Кээде бейтаптар бир эле кезде 2-3 жери ооруп, же кырсыктап оор абалда түшөт. Кантип айыктырсам деп күн-түн ойлонуп жатып, акыры бир жолун табасыӊ. Эртеӊ менен келгенде эле ошондой оор оорулууларга чуркайм. Жакшы болуп калдым десе, семире түшөм. Бейтапка канчалык жакшы мамиле жасасаӊ, ал сага ошончолук ачылып, баарын айтып берет, сага ишеними жаралат. Ишеним бул – жарым дарылап, айыктыруу. Кээде оорусу өтүшүп кеч келгендер жолугат. Андайга операция да жардам бербей турганын сезип, «кап, эрте келсе эмне?!» деп жаныӊ ачыйт. Жок дегенде өмүрүн узартуу үчүн жандалбастайсыӊ. Бейтап кокус операция столунан чыкпай калса, анда хирург үчүн трагедия.
– Боор, уйку безин, ашказанды кесип салуу деген сиздерде адаттагы көрүнүш болсо керек?
– Эгер текшерүүнүн жыйынтыгы ошону талап кылса, кеспешке айла жок. Боордун 30 пайызы таза, аман болсо адам жашап кетет. Уйку бези чирип баратса да, 15-20 пайызын сактоого аракет кылабыз. Көк боордун 5 пайызы калса адамдын өзүнүн ич майына ороп туруп, ордуна тигип коёбуз. Бул үч орган акырындап өсүп, 1 жылда калыбына келип калат. Ашказан жарадан, шишиктен улам жарабай калганда алынып салынып, кызыл өӊгөчтүн башы түз ичегиге туташтырылат.

«ӨЗҮМДҮ АЙЫКТЫРУУ КЫЙЫНГА ТУРДУ»
– Элди дарылаган врачтын өзүнүн ооруп калган кездери болсо керек?
– 1987-жылы бир эле кезде катуу сасык тумоолоп, шашылыш операция кезинде ийне менен колумду сайдырып алып, сарыкты да жугуздум. Ал аз келгенсип апам каза болуп калды. Оорулар менен стресс биригип, уйку безиме да таасир бергенин, дароо чара көрүү керектигин сездим. Бирок апамды акыркы жайына узаткыча убакыттан уттуруп, кант диабетинин алдын ала албай калдым. Ошондон бери ал оору менен алышып келем. Кант диабетинин айынан бир бутум кыскарып, көзүмдүн көрүүсү абдан начарлады. Москвага барып, көзүмө операция жасаттым. Минтип бир нече ооруну башымдан өткөргөн жаным анан бейтаптарды кантип жакыныӊдай карабай коё аласыӊ?
– Акыркы учурларда кайсы оорулар менен көп түшүүдө?
– Ичимдиктин айынан келип чыккан боордун циррозу жаштар арасында көп кезигүүдө. Ичимдикти маданияттуу ичүү дегенди элибиз өздөштүрө электиги өкүндүрөт. Жапжаш туруп кан кусуп келишет. Анткени боордун циррозунда кызыл өӊгөчтүн кан тамырлары жооноюп кетет. Анан кичине эле күч келсе жарылып, адам кан куса баштайт. Боордун альвеококкоз оорусу да жайылып баратат. Азыр бул оору менен 7-11 жашар балдар да операция болууда. Муну альвеококк мите курту козгоп, иттен, жапайы жаныбарлардан жугат. Малдын ичинде мите курттары бар ыйлаакчаларга толгон боорун итке ыргыткандар ооруну итинен кайра өздөрүнө жугузуп алышат. Стресс, майлуу, таттуу тамактардан улам уйку безинин оорусуна чалдыккандар көп. Фаст-фуд менен достошкондор гастрит, ашказан жарасына чалдыгышууда. Ошондуктан адамдар жашоого сергек карап, туура тамактанып, оорулардан өзүн жана балдарын сактап, ооруса дароо келип дарыланса дейсиӊ. Врач дарылаганы менен, ал Кудай эмес экендигин унутушпаса.

"Бейтаптардын сени үмүттүү карап, мени айыктырат деген ишенимин акташыӊ керек" деген каарманыбыз иш учурунда.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
02.11.2015. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ишининиздерге ийгилик коп коп адамдардын сообуна калып журо бериниздер,ден соолукта болунуздар жана баардыгыбызга белгилуу болгондой биринчи байлык ден соолукту барктай билели урматтуу окурмандар.
02.11.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Колунар дарт корбосун.
02.11.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен гастроэнтрологго текшерилгени барсам трубкасын жуткузуп ашказанды текшерди да справкасын жазып кетип калды эч кандай консультация да бербеди жылуу суйлогон да жок медсестра болсо 300 сом чыгар деп акачасын алып жонотуп жиберди азыркы врачтарга акча болсоле болду каерге барба акча акча дейт же нормальный гастроэнтролог таппай койдум Ош шаарынан
03.11.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Erniet,Сиз туура эмес жакка кайрылган ондоносуз.Сиз айткан трубка жуткузган жак эндоскопия деп аталат.Результатын эле бир кагазга чыгарып берет.Анан кайра гастроэнтерологко барас кенеш алыш учун.Эндоскопияда отургандар эч кандай кенеш беришпейт.
02.11.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булардын суйлогону баша,кылган иштери башка. Суттон ак болуп интервью береберишет.
02.11.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
EdikoKG, кошулам. бул ак халатчандар кандай экенин ооруганда билесин. а мындай интервьюдан бары эле укмуштуудай суйлоп коюшат
02.11.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы маек. Менин атам хирург кардиолог жумуш ото оор деп биздин каалообузга карабай бир да баласын медик кылган жок.
02.11.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен озум врачмын. бирок балдарымды медицинага аралаштырбоого аракет кылам, анткени азыркы заманда адамдардын ан сезими озгорду, баары тен эле акча деп калышты. Ошонун айынан врачтар да жаман корунуп атышат. Дуйшон Темирбековичти жакшы тааныйм, биз анын колунан окуганбыз. Действительно жакшы врач. Ишинизге ийгилик.
02.11.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Толкунданып кеттим. Аман болунуз эч оорубаныз ак халатыныз кирдебесин.
03.11.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Да ладно, андан коро бейтаптын акчасы колунда турса чарчаганга акым жок дешсе болмок)))
04.11.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай врачтар коп болсун, ишинизге ийгилик дайым ден-соолукта болунуз!
05.11.2015. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз озу врачтарды кондуруп койгонбузда жакшы карап койсо эле чонтогуубузду теший тургансып берип баштайбыз
05.11.2015. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Врач карабай койду дегенге таккккыр ишенбейм,же сага особый внимания керек же омуру бир нерсеге ыраазы болгон адам эмессин,мен келечекте балдарымдын врач болуусун каалайм!
07.11.2015. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы агай,коп жашаныз.
07.11.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы врач,жакшы агай...коп жашаныз.
07.11.2015. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онолуп калышканго э. 2015-жылы бир бомжду кочодон скорый менен ушул национальныйга алып келишкенде эч нерсеси жоккен деп которуп алып чыгып сыртка карабай таштап коюшкан эле. Олло ошол куну кечке 5-каналдан корсоткон болчу. Значит жылыш бар.
08.11.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо мен да Дуйшон агайдан дарылангам , бул адам башкалардан айырмаланып ишине ото жоопкерчиликти Жана берилгендик менен дарылайт. Бейтаптарга аябай жоопкерчиликтуу мамиле кылат. Мен билгеним ошол, мен 20 кундой жатсам керек же 14 кун точно унутуп калдым
08.11.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ишин сүйгөн, жоопкерчиликтүү кордиолгдор боюнча маалымат бере аласыздарбы? Алдын ала рахмат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо