Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БҮГҮН ТОЙ, ЭРТЕӉ КАРЫЗ...

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

Кыргыздын үйүндө жакшылык болсо, бүт айыл-апа, куда-сөөк, тууган-урукту чакырып дүӊгүрөтө той берип, элдин батасын алган адат бар. Эч кимди той өткөрбө деп айта албайбыз, бирок тойдон кийин төгүлгөн табак-табак тамактарды, башы менен жер казып иштеп жүрүп тапкан акчасынан заматта кол жууган адамдарды көрүп, элдин аӊ-сезимин башка нукка бургуӊ келет.


ТОЙДУН КЕСЕПЕТИНЕН ЖАПА ЧЕККЕНДЕР

Чет жерде ысык-суукта, ач-ток жүрүп акча тапкан мекендештерибиз көп. Мекенине келгенде тапканына чоӊ той берип, «баланча кыйын той берди» атка конот. Кыйналып тапкан акчасы 1-2 күндө асманга сапырылып, акчалуу кези сүрөттөрдө гана сакталып калат. Жашоо үчүн балдарды жалдыратып көрүнгөндүн колуна тапшырып, кайрадан акча издеп жер кезмей...
Той өткөрөт элем деп ашыкча мүлкүн, алтын-күмүшүн күрөөгө коюп, кайтарып ала албай бозоргондор...
Банктардан насыя алып той өткөрүп, көп убакыт ал карызды жоём деп баш көтөрбөй иштегендер...
Чогулткан акчасына үй алуунун ордуна той берип, өзү өмүр бою квартирада жашагандар...

ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙДУ КАНТИП САРАМЖАЛДУУ ӨТКӨРҮҮ КЕРЕК?

Транспорт

Лимузинден башка, өзүӊүздүн же тааныштардын машинасын колдонуӊуз.
ЗАГСка аз сандагы адам, өз унаасында келгидей болсун. Жакшысы бир кичи автобус жалдаӊыз.

Кафе

Шаар четиндеги кафелер арзан болот.
Жаӊы ачылып, кардар топтогусу келген кафелер менен да арзан баада сүйлөшө аласыз.
Чакан кафеге фуршет даярдап, курбу-достордун гана курчоосунда той өткөрсө болот.
Тамаданы жакшы сүйлөгөн тааныштардан шайлаӊыз. Конокторду ырдатып, ырчы-чоорчу жалдап коромжу болбой эле коюӊуз.

Фото+видео+гүл

Слайд-шоу үчүн күнүгө телефонго бир нече кадрга сүрөткө түшүп, чогулта бериӊиз.
ЗАГСка оператор менен фотографты 1 күнгө эмес, 2-3 саатка гана жалдаӊыз. Кечкисин кафеге да белгилүү гана убакытка чакырсаӊыз арзан түшөт.
Колуктунун гүлүн базардан алып, колго жасаса арзан түшөт.

АШЫКЧА ТОЮП АЛУУНУН КЕСЕПЕТТЕРИ
Тойго баргандан кеткенге чейин "жакшы тамак калганча жаман курсак айрылсын" деген принцип менен ооз тыйылбай тамак жейбиз.  Бирок ашыкча тоюп алуу ден соолукка зыян экенин дагы бир жолу эске сала кетсек. Эгер ден соолукка зыян болсо, ашыкча коромжу болуп стол титирете тамак-аштын түрүн коюунун кажети барбы?! Чоӊ адамдын ашказанынын көлөмү 0,5 литр, тамак ичкен соӊ 1 литр, көп жегенде 4 литрге чейин чоюлат. Тамак оор, жеӊилине жараша 1 сааттан 4 саатка чейин сиӊет. Өлчөмүнөн көп тамак жегендин кесепеттерине көз салсак:

Жүрөк. Көп жегенде тамак сиӊирүү органдары чоӊоёт, натыйжада организмди жетиштүү өлчөмдө кан менен камсыз кылуу үчүн жүрөккө күч келет. Кан басым оорулары жаралат.
Боор. Майлуу тамакты көп жегенде боор сиӊирип, иштетип үлгүрбөй калат. Натыйжада ички органдардын баары жабыркайт. Гастрит, ашказан жарасы, холецистит, панкреатит оорулары жаралат.
Ашыкча салмак кошуу. Толук адамдардын организминде зат алмашуу, гормондордун айлануусу бузулат. Натыйжада тукумсуздук, төрөй албоо сыяктуу оорулар келип чыгат. Андан сырткары омурткага күч келип, муун оорулары да жаралат.

БИР СТОЛГО КЕТЧҮ АЗЫКТАРДЫН ӨЛЧӨМҮ
Кафеге 1 адамга 700 сомдон жогору акча төлөнөт. 1-2-тамак, 1 же 2 салаттын түрү ошол акчанын эсебинен берилет. Этти той ээси каалагандай өлчөмдө өзү алып келет.
Дасторконго эмне азыктар, канча өлчөмдө кетери тууралуу негизги менюну кафелердеги тажрыйбалуу администраторлор түзүп берди.

КОӉШУБУЗДА...
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кедей өлкөнүн калкы той үчүн бүтүндөй өлкөнү кризиске алып келчүдөй сумма короторун сынга алып, бир катар чектөөлөрдү киргизген. Алсак, аталган өлкөдө кызмат ордун, наамдарды «майлоого» тыюу салынат. Мектепте уюлдук телефон көтөрүүгө, окуучуларды жеке менчик машинада алып келип, алып кетүүгө болбойт. Үйлөнүү той дем алышка туура келип, тойго келгендердин саны 150 кишиден ашпай, жаш жубайлардын кортежи 4 унаадан көп болбошу шарт.
Ал эми маркумдун кыркылыгына келгендердин саны 80-100дөн көп болбой, аларга бир гана тамак берилет. Эгер жогорудагы эрежелер бузулса, 580-2900 АКШ долларына чейин айып пул төлөшөт.

ТОЙЛОРДОГУ ЫСЫРАПКОРЧУЛУК ТУУРАЛУУ
Эмил Үмөталиев, «Kyrgyz Concept» компаниясынын президенти: «Айрым аткаминерлер той-топурду бизнес кылып алышкан. Шылтоо менен той өткөрүшөт, кошоматчылар тойго кошумча деп пара беришет. Ошентип чыгашасынан кирешеси көп болот. Колунда жок адам той берсе кошумча кайдан түшсүн, алар карызга белчесинен батышат.»

Имангали Тасмагамбетов, Казакстандын Коргоо министри: «Үйлөнүү той атылган салюттардын жарыгы менен эсте калбайт. Негизгиси, эки жаштын бактылуу жашоосу. Тойго кеткен акчаны саякатка, үй ичине эмерек же аялыӊызды, балдарыӊызды салып жүрчү машина алууга жумшаса болбойбу?!»

Самат Исламов, интернет колдонуучу: «Канчалагандар үйлөнүү тоюнан кийин жылдап карыз төлөшөт. Канчасы дүӊгүрөтө той бергенден кийин ажырашып кетип жатышат?!»

rnurzida, super.kg порталынын колдонуучусу: «Бүгүн жумушта 25 адамга банкет бар экенин билчүмүн, бирок үйлөнүү той өтөрүн билген эмесмин. Орустардын ушунусу жакшы, чакан гана той кылып коюшат. Бизге окшоп ысырапкорчулук кылбай...»

Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(30)
02.11.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Таджиктер жакшы кылыптыр чектоо кылып
02.11.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эгер кыргыздарга ошондой чектоо киргизсе анда, сразу эле эл митинге чыкса керек.Кедей байга жетсем дейт,бай кудайга жетсем дейт демекчи, кимге оор?карапайым калкка эле оор болду.Байларга тенелип дунгуротуп той беретда жыл бою башы менен жер казып иштейт.
02.11.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул макаланы ошол ашыкча чыгаша кетирип, насыя алган, карызга баткан адамдар окуйт бекен. Баарыбызда эле тууган бар, уул уйлоп, кыз беришибиз керек. Бирок эмнегедир ушул тойлордогу ашыкча чыгашаны чектей албай келебиз. Ошол карызга батып алынган келин же уйлонгон уул ата-эненин урматын актай алабы? ...
02.11.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ооба,ушундай атандашуу,эл эмне дейт деп бир кун тойлоп балдардан озубуздон аяйбыз
02.11.2015. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен дагы коп ысырапкорчулукка каршымын. Менин кайынжуртум жак точно ушундай болушту,карызга ресторанга той берип элден тушот деп акырында жаппай калып карызга батып анысы аз келгенсип жаш уй було озубузчо жашайбыз деп квартирага да чыгып алышты экоо тен иштешпейт,келин студентка.эми бул жагы кандай болот тушунбойм.бирдеме десен кийилигишпе дейт оздору билишет деп
02.11.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер кыргыздар бул адаттан арылганыбызда эчак онукмокпуз!Бизде да чектоолорду киргизиш керек.Куру намысты жыйнаштырып,чакан гана той откорууну уйронсок жакшы болмок.
03.11.2015. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен дагы каршымын!
Чын эле ошол акчага уй сатып алып эки жаштын келечегин ойлосо болмок!
Батирме-батир кочуп конуп жан сактагандан коро!
03.11.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул маселени Темир Сариев колго алып окмоттун денгеелинде ысырапты жоготуш керек же балам иштеп келсе той кылам деген ХХХ ХХХ ата энелерди камаш керек!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-03 15:45:10
03.11.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ago, этика нормаларын сактаңыз!
03.11.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неге чектоо киргизишпейт чондор же "бизнестен"калышабы?Эки жаш жашап кетсе го макул дечи,айдан тушконсуп ажырашкандары жаман да
03.11.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Той булжакта турсун,адам олгондо коп кетет, кой,уй, жылкысына чейин союлат,кыркы, жылдыгы болот ушуга да чекто киргизишсе жакшы эле.
03.11.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ысырапкерчилике чектоо киргизбейби кайактагы ишеним кагазга закон киргизбей.
03.11.2015. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол ресторандын ээлерине пайда болуп жатпайбы, кош коштон асобняктарды салып жатышат
04.11.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да карышымын ...
04.11.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
откондо абжем отту эле.аялдар идиш-аяк талашып урушуп кетишти.адам олуп атса ушундай нерселердин не кереги бар?
04.11.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичине чектоо киргизбесе ашыкча эле ырым жырым, шан шокот кобойуп жатат.Кыргызстанда кризисс болуп жатканына деле ишенбей кетесин...
05.11.2015. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тойу жок эле, фата сата кийбей эле тийгем куйого. кыпкыргызча эле алакачып келип отургузуп койушкан. Кудайдын кулагы суйунсун 15 жыл болду жашап жатканыбызга
05.11.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jon.as,Ачыгын эле айтынызчы бирок ошол нерсеге ичиниз деле куйот да. Ала качуу кыргыздын салты эмес! Озунузду озунуз алдап не кыласыз. Сиз деле ичинизден ак той менен жолдошунуздун уйунунун босогосун аттаганыныз келген да. ))) Акчаны сапырбай деле чакан той кылса болот. Жакшылыкты жакшылыктай тоскон жакшы да
05.11.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чектөө созсүз түрдө киргизүү керек,айрыкча жамандык иштерде,көзөмөл катуу болсо эле ишке ашчу нерсе!!
05.11.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр айылда,кудаа тосмой озунчо эле мурдакыдан да откон шаан-шокот менен коштолуп калыптыр.Бир тойго барсак 6 жолу эт тартылды кудалар кундузгу саат 2 келгенден тунку 3-чейин эттен ооздору бошогон жок. Андан башка женил тамак салаттардын турлорун айтпай эле коеюн. Жонокой эле адамдар, ушунча той кылышат.Дагы 2 эт тартылбай калды деп жатышты. Туштонтмой озунчо салтка айланып бараткандай (Кошуна,таякелер,тентуштар)3 уйго жанакыдай болгон салаттар менен дастаркон даярдалыптыр.
Саби түзөттү 2015-11-05 13:56:41
05.11.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздын озунун уйунон сырткары 2 уйго дагы дасторкон даярдалыптыр жанакыдай кооздолгон салаттар, андайды интернеттерден эле коргом.Салаттар, тамактар ооз тийилбей эле калып жатты.Ушунчалык ысырапкорчулук,женелердин,кыздардын тепилдеп улам салат жаныртып атып эле эстери ооп бутушту.Баштык-баштык менен эттер оозтийилбей эле салынып жатты.Эми эмне кылабыз эл айтсын мунуку укмуш болсун деген соз учун тапкан ташынганыбызды,чачып эртенки кунго кайылболдук.Ушундайды коруп туруп канча мал,канча тамак жон
05.11.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен фата кийгим келет, бирок чакан эле той болсо деп тилейм, ошого деп сарптачу акчаны андан коро тур сатып алып 1 жума болсо да эс алганын жакшы. Биз озубузду озубуз кыйнаган калк экенбиз, эс алуу, жан дуйнону онуктуруу деген тушунук жок, тууган урук, коншу не дейт деп омурубуз отот. Кыргыздын тойуна кеткен акчаны немецке берсен аны алып эки-уч мамлекетке баласы менен кошо барып эс алганга жеткирет.
05.11.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ысырапкорчулукту тамадалар да башташат,ырчылар менен суйлошуп алып бирге бизнес кылышат. каяктагы кымбат салттарды,ойундарды,приздерди ойлоп таап чыгып,той ээсине,азыр ушундай кылватышат, кылыш керек деп тануулашат. Эми келиндин 8 досу бирдей кийинип флеш-моб деп бийлегени моода болуптур. Алардын койнокторун окшош кылып ата-энелери тиктирип,макияж,прическаларына чейин жасатыш керек. Болбоду дегенде койнокко 2 мин,чачка 1,500,бетке,колго,1,500 сом=5мин сом бир кызга.Эмне керек дейм да моданын.
05.11.2015. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлегендерге приз, эки жаштын башына орго которуп 6 адам кирип, алдында бир ырчы ырдап салам салдырат, ал группага озунчо акча болуш керек. Жакында кордум Ошто Самара Каримова ошентип 6 адамды ээрчитип,орго котортуп,эки жашты салам салдыртты ырдап. Бул ырчы,бийчи анан жандоочулардын озунчо той ээсинен акча ондуруу жолубу? Ушунтип улам эле болбогон нерселерди кошо берсек, анда той ээси карызга батпай эмне болот?Приз,торт, орго ж.б кайсарлыкты жою керек.Чек койсо болмок мамлекет.
Bereke10 түзөттү 2015-11-05 16:28:43
05.11.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр куда тоскондо да укмуш болуп калыптыр кол жуудурмай кешик салганда дагы турлоп салып калышыптыр суусундуктун туру жер жемиш дагы толгон токой
06.11.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башка жакта кандай билбедимго?, бизде куйоо балдарга "12" турлуу тамак десерти м.н+морож.е. Бул сооовсем перебоор!! Андай кылып бериш колдон келет, кыйналыып кысталып! Ыйлап сыктап элге корунуш учун да, эл соз кылбаш учунда! Бир гана суроо "эмне учун?!" Жылдап кыйналып иштеп, суукту суук дебей, иштен иш тандабай, чуркап чуркап иштеп. Бир кундо туалетке ташташ учунбу?! Ашыкча чыгымга тыю салса абдан жакшы болмок?! Кошумча кошкондорубуз кайтпаса кайтпай эле койсун?!" Жанга батты топтомой соптомойлору?!
13.11.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан дагы бир туугандын кызы же баласынын тою болсо байкуш бир туугандар акча топтоп кир жуугуч машина, телевизор сыяктуу буюмдарын алып беришет озунун уйундо эски телевизор турганына карабай
22.07.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да суйлошуп журуп эле алып барган эч кандай той деген болгон эмес ал турсун досторубузду да чыкырган эмес жаш экен кетип калса керек деп ойлойт эле Кайын журтум. Насип болуп 20 жылдан ашты жашаганыма Кудайга Шугур жакшы жашап жатабыз. Мурун ЗакС тарды корсом ыйлагым келет эле )))
22.07.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми балдарыма мен корбогонумду кылып берейин деп журом Насип кылса той болсун) Бирок азыр уят деп коп нерсе кылып калышты биз да ошентсек керек
22.07.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баламды да Кызыма да эн жок дегенде 3 кун той откозуп берсем деген ойум . Канча рассход болсо да Балдарыбыз бактылуу болушсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо