Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

Япония
ТАТУИРОВКАСЫ БАРЛАРДЫ МОНЧОГО КИРГИЗИШПЕЙТ
Денесинде татуировкасы барларды Япониядагы коомдук жуунучу жайлардын көбү, ошондой эле конок үйлөрдүн жарымынан ашыгы жергиликтүү жашоочу же турист болобу киргизбей коюшат. Мындай жыйынтыкты Япониянын туризм агенттигинин изилдөөчүлөрү сурамжылоо жүргүзгөндөн соӊ чыгарышкан.
Денесине сүрөт чегилгендерди коомдук мончого киргизбей коюунун башы 2013-жылга барып такалат. 60 жаштагы Жаӊы Зеландиялык адамды Хокайдонун мончосуна киргизбей коюшкан. Буга себеп мончого келгендер бетине татуировка тартылган адамды көрүү жагымсыз дешкенинен улам болгон. Муну уккан коомдук жуунучу жайлардын жана конок үйлөрдүн ээлери да ал чечимди туура көрүп, карманып келе жатышат.

Сауд Арабиясы
УЛУУ БРИТАНИЯЛЫК АТУУЛ КАМЧЫ МЕНЕН 360 ИРЕТ САБООДОН БОШОТУЛДУ
Сауд Арабиясынын бийлиги улуу британиялык Карл Эндрини 360 ирет камчы менен сабоодон бошотту. Эндри жакын арада мекенине жеткирилет.
Карл Эндри 25 жылдан бери шарият мыйзамы өкүм сүргөн Сауд Арабиясында жашап, мунай индустриясында менеджер болуп иштеп келе жаткан. Өткөн жылы августта полиция анын машинасынан колдо жасалган шарапты таап алган. Сот аны 12 айга түрмөгө кесип, ал мөөнөтүн өтөп бүткөн. Бирок аталган өлкөдө алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана алып кирүүгө карата күрөш күчөтүлгөнүнө байланыштуу сот Карлдын мөөнөтүнө дагы 2 ай жана 360 ирет камчы менен сабоону кошкон. Бирок Карлдын балдары атасы шишик оорусу менен ооруганын жана астмадан жабыркай тургандыгын айтып, Улуу Британиянын өкмөтүнөн бул ишке кийлигишүүнү өтүнгөн. Аталган өкмөттүн өтүнүчүн эске алып Сауд Арабиянын бийлиги Карлды жазадан бошотту.

Швеция
БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРИ БОЛУП 27 ЖАШТАГЫ МУСУЛМАН КЫЗ ДАЙЫНДАЛДЫ
Аида Халзиалик Швециянын билим берүү министри болуп дайындалып, өлкөнүн тарыхындагы эӊ жаш министр болуп калды.
Аида Швецияга ата-энеси менен 5 жашында Босния жана Герцеговинадан көчүп барып жашап калган. Анын алгачкы ээлеген кызмат орду болуп Швециянын Хальмстад шаарынын мэринин орун басарлыгы эсептелет. Ага 23 жашында дайындалган.
Швецияда учурда 10 миллион калк жашаса, анын 500 миӊин мусулмандар түзөт.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
03.11.2015. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мусурмандар алдыга карай кеттик
03.11.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым колдосун !
06.11.2015. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жапондор тура кылат экен , ислам да запрет татуировка тартканы денеге)))
07.11.2015. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизде да камчы менен сабаганды кошуп койсо ээ мыйзамга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо