ЯПОНИЯ «МАНАС» АЭРОПОРТУНА КӨМӨК БЕРЕТ

№678 30-октябрь-5-ноябрь, 2015-ж

26-октябрь күнү Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ Кыргызстанга атайын иш сапары менен келип кетти. Президент Алмазбек Атамбаев премьер менен япон тилинде «коничива» деп саламдашып: «Эки жыл мурун бизди Японияда жылуу кабыл алганыӊызга ыраазычылык билдирем. Ал жактан сакура алып келип отургузган элек. Бишкекте сакуранын өсүп кетишин жакшы жөрөлгө деп ойлойм»,- деди. Япон премьери президент Алмазбек Атамбаевди парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады. «Биз демократиянын жалпы баалуулуктарын теӊ бөлүшөбүз»,- деди Синдзо Абэ.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Япониянын ортосунда 9 келишимге кол коюлду. Жалпысынан алганда, эки өлкө ортосунда 120 миллион доллардан ашуун каражатты камтыган келишимдерге кол коюлган. Анын ичинде 107 миллион доллар Ош-Баткен-Исфана жолун куруу үчүн 40 жылга насыя катары,  «Манас» аэропортунун коопсуздугу үчүн 14 миллион долларлык материалдар грант түрүндө берилмей болду.
Маалымат үчүн: Синдзо Абэ япон премьерлеринин ичинен Кыргызстанга келген биринчи өкмөт башчы болду.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
02.11.2015. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул акчалардын 90%и иштетилсе гана?жок болот да булар да
06.11.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аба майданга сумке салып ташуучу кол араба сатып берип койсо гана эми ошол акчанын бир бөлүгүнө? Дайым келгенде кол араба талашып калат жүргүнчүлөр..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо