Кылмышка шектүү: «БАЛДЫЗЫМДЫН 2 ЖАШТАГЫ КЫЗЫН СИЙИП САЛГАНДЫГЫ ҮЧҮН УРГАМ»

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

Үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Ош облусунун Өзгөн райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эки жашар наристе оор абалда келип түшкөн. Алган жаракатынан улам кыз эсине келбей эртеси күнү көз жумган.

ОКУЯ КАНДАЙ БОЛГОН?
Өзгөн райондук ооруканасынын дарыгерлери кыздын ур-токмоктон улам каза болгондугу тууралуу маалыматты 27-октябрда жергиликтүү милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдиришкен. Ыкчам иликтөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында наристенин өлүмүнө шектүү катары анын апасынын бир тууган жездесин кармашкан. Наристе кыздын апасы Өзгөн районунун Коммунист айылынын тургуну 22 жаштагы Айчүрөк Жапар кызы, ал эми атасы Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургуну 31 жаштагы Медер Абдылда уулу экендиги жана экөөнүн ажырашып кеткендиги белгилүү болгон.

«ТАРБИЯЛАП КОЁЮН ДЕГЕМ»
Кылмышка шектүү Мурасбек Курмушуев сурак учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Балдызым Айчүрөктүн биздин үйгө келип убактылуу жашап жатканына 1 жумадай болгон. 26-октябрь күнү саат 20:00 чамасында анын кичинекей кызы сийип койгону үчүн тарбиялоо максатында шапалак менен жамбашына уруп койгом. Кыздын абалы начарлап кеткенинен ооруканага жеткиргенбиз, тилекке каршы, ал каза болуп калды.

«КЫЗЫМДЫ САБАП ӨЛТҮРГӨНҮН АЙТЫШКАН ЭМЕС»
Маркум кыздын атасы Медер Абдылда уулу менен байланышып, окуя тууралуу буларды уктук:
– Келинчегим Айчүрөк экөөбүз 2012-жылы баш кошконбуз. 2014-жылы 1-январда кыздуу болгонбуз. Ортодо пикир келишпей бир ажырашып, кайра табыштык. 2015-жылы 1-майда кайрадан таарыныша кетип, улуу жездеси Асан менен эжеси Бермет (кылмышка шектүүнүн жубайы) экөө келип келинчегимди алып кетишкен. Кызымды бербей алып калгам. Арадан бир ай өткөндөн кийин, тактап айтканда, 12-июнда мен базарга, апам да жумуштары менен бир жакка кетип, кызым менен атам үйдө калышкан. Ошол күнү келинчегим менен кайнатам үйгө келип, кызым эшиктин алдында ойноп жүрсө келинчегим «шымын которуп коёюн» деп ошол бойдон аны алып кетип калыптыр. Ажырашып жүргөндө келинчегиме көп ирет «кайра кел, жарашалы» деп айткам, бирок келбей койгон.
Экөөбүз жашабасак да, телефон аркылуу сүйлөшүп турар элек. 24-октябрда байланышканыбызда Айчүрөк: «Жазы айылына Мурас жездемдикине барып жашап турам. Ошол айылдагы бала бакчада иштемекчи болдум» деген. Кызым ооруканада жатып көз жумганын 27-октябрь күнү түштөн кийин коӊшумдан уктум. Ошол замат ооруканага бардым. Келинчегиме жолуга албай, анын ата-энесинен сурасам, «ойноп жатып чоӊ таштын үстүнөн кулап түштү» деп айтышты. Бажам сабап өлтүргөнүн айтышкан эмес. Чынында, кызымдын бетинин оӊ тарабында жана чекесинде көк ала так бар эле. Экспертизадан өткөрүп, наристени кыйнабай эле коюуну чечип, сөөгүн жерге берип койгонбуз. Угушумча, окуя болгон күнү келинчегим үйдө болгон эмес. Өзгөндө бир кафеде идиш-аяк жууп иштеп, үйгө кеч барыптыр.
Ал эми кызымдын токмоктолуп каза болгонун SUPER.KG порталынан окуп калдым. Ошондуктан окуяны кайрадан териштирүүгө кириштим. Заара кылып койгону үчүн өлтүрүп салышканына ачууланып жатам. Кызым 2 жашка да толо элек болчу, 1 жаш 10 ай болгон. Мындай болорун билгенимде эчак эле алып келмек элем. Эми өлтүрүп коюшканы аз келгенсип, аялымдын туугандары кызымдын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн бербей жатышат. Келинчегим да мени менен байланышпай качып жүрөт.

«КЫЗДЫН АПАСЫНЫН АБАЛЫ ООР»
Маркум наристенин апасы Айчүрөк менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын Тилек аттуу тууганы менен байланышып, төмөнкүдөй маалыматтарды алдык:
– Карындашым менен күйөөсү ажырашкан соӊ күйөөсүнүн башка аял алганын укканбыз. Айчүрөк кызы менен атасынын үйүндө жашап жүрүп, жездесиникине келгенине аз эле болгон. Минтип кырсык болуп кетти. Мурасбектин кичинекей кыздары туугандарга «атам Айчүрөк эженин кызын «эмнеге сийдиӊ?» деп башка чапканда дубалды сүзүп жерге кулап түштү» деп айтышыптыр. Ооруканадан дарыгерлер кыздын башына кан уюп калганын айтышты. Жоготуудан улам карындашымдын абалы оор. Нерв оорусуна чалдыгып, бир колу жана бир буту жакшы иштебей калды. Ооруканага барып ийне сайдырып, дарыланып жатат. Ал эми күйөөсү болсо басып да келген жок. «Келинчегим менден качып жүрөт» дегени калп.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ КАМАЛДЫ»
ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын кызматкери Жанна Сатарбаева окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде) боюнча кылмыш иши козголгон (мыйзам боюнча бул берене менен айыпталгандар 8 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылат). Кылмышка шектүү катары Өзгөн районунун Жазы айылынын 39 жаштагы Мурасбек Курмушуев аттуу тургуну кармалып, камакка алынды. Ал күнөөсүн моюнуна алды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
09.11.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфонун жаны саны чыкканда ушул бей куноо наристелердин чон адамдардан зулум коргону чыкпаса экен дейсин акылынарга келгилечи ээ эки бутту айбандар наристелерди кыйнабагылачы алар периште го аны да бир эне тогуз ай которуп толготуп торогон го
09.11.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ажырашуу ортодогу балага эле кыйын. бирине аял, бирине эр табылат! аа наристечи... зээнин кейит.
09.11.2015. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кантип эле жамбашына уруп эле койсо олуп калсын,тооба.Алдаса да окшоштуруп алдаса,аябай эле сабаган болуш керек,колуна шал тийгир.
09.11.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимисине ишенишди деле билбейсин това )))
09.11.2015. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки жаштагы баланы бироого кантип таштап кети.кудай жазасын берсин.бироого зар бироого кор деген ушуда.жашоо онолду бирок адамгерчилик кыргызда калбады.


09.11.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ окшоп туратко муну да ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-10 10:43:07
10.11.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dedadilet, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, провокация жаратууга тыюу салынган! 5 күн БАН!
09.11.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо акыркы убактарда ушундай зээн кейиткен окуяларды чагылдырган газетага айланып баратат. Адамдар кайда баратканын, эмнеге мынчалык мыкаачы болуп баратканын тушунбойсун.
10.11.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажырашардан мурда жакшылап ойлонгулачы адамдар!!! Оз кызыкчылыгынарды ойлоп,ортодогу бейкуноо балдардын тагдырына балта чаап атасынар!!! Ушундай наристелерге зордук зомбулук корсотулушу ата-энелеринин жоопкерсиздиги! Аларды да кошуп жазага тартыш керек!
10.11.2015. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ билбеген неме го кебетесин,наристени карабаган ата энесине наалат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-10 10:46:02
10.11.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Truelensk, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз!
10.11.2015. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын бергиле мындай мыкаачы ХХХ,ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-10 10:46:51
10.11.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aizada_jusupova, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө, провокация жаратууга тыюу салынган! 5 күн БАН!
10.11.2015. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда мындай көрүнүштөр биринчи болуп жаткан жок. Айтоор педофилия, наристелерге моральдык жабыр келтирүү сыяктуу бир канча көз көрбөгөн,кулак укпаган окуялар болууда. Бул кылмыштарга тез аранын ичинде чара көрбөсө өзгөчө энелердин анан жалпы коомдун моральдык деградацияга алып келет.
10.11.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак экен го.эн оор жазаны бериш керек
10.11.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahtyn jazasy dep koiso da bolot myndai nerseni...birok balada emne kunoo???bawyna jaba siyse da unchukpai otur janybar dese
10.11.2015. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии журокту эзетго, жаш балада эмне куноо, эч ким ажырашпасада
10.11.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштар ото женил ойлуу, кичине кыйынчылык болсо эле ажырашып тынышат, ортодо жаш балдар жабыр тартат. Бири-бирине очошуп катын алып,эрге тийе коюшат. "Мына сага, керек болсо ажырашкандан бир апта отпой энеси оппогонго уйлоном же эки аптада энесине эркелебеген эркекке эрге тийем" деген манкурттук бар.Ортодогу балдары куурчактан да арзан.Экоо ажырашпаганда,балким бала тируу болмок.Айнанайын ата-энелер!манкурттарынар ажырашабыз десе бир жеринерди кысып жашагыла ортодо бала бар деп катуу тургулачы
10.11.2015. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кээ бир оосар ата-энелер,(озгочо энелер) кетсе кетсин баланчанын энеси оппогон жаш кызын алып берем дешет. Ортодо бала бар эле суйлошолу,эмне болду, жакшы жашап атып эле эмне себептен ажырашып калышат? Ортодогу балдардын тагдыры эмне болот? Биз, чооон эле кишилер, кийин куноолуу болуп калбайбызбы? деп ата-энелер ойлонуп мээси жок жаштарга айтып-деп, уй-булону сактоо зарыл экендигин айтып- деп ундойлу.
10.11.2015. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булда болсо Кудайдын Берген сыноосу Медер аке сабр кылын эми
10.11.2015. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Номерин бере аласынарбы Айчуроктун сураныч. Купуяма калтырып коюнуздарчы.
10.11.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал акыбалын сурайнчы. Жакшы бекен
11.11.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах туура жолунан адаштырба
11.11.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай адамдардан жакшылык кутуп болбойт,кичинекей тили жакшы чыга элек балага кантип колун тийгизет,айтар элем энелер балдарынарды кор оокат деп акча деп журуп бироолордун колуна таштабагыла,азыркы адамдардын пейили бузулган,мен даже оз кайната кайненеме ишенип таштап кете албайм.акча деп журуп баланды бир кун жоготкондо кайра кайтара албай башынды мыкчып карамап отуруп калышынарды алдын ала ойлонгула
11.11.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул жездесин омур бою отургузуш керек сийип койгон эмне болоруун ошондо тушунсун,мн балам сийип койсо да оз энеси айтат котонуно чаап кой экинчи шымына сийбей калат чапкандан бала эч теке болбойт деп,кордунорбу кандай адамдар бар.Баланын каргышына убалына калсын ушундай балага мээрими жоктор
11.11.2015. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан
11.11.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул айбандын жазасын жакшылап бериш керек Медер жаман болуптур газетадан окудум укпаган экем
11.11.2015. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaiy jannatta bolsun
baikushta emne kunoo?2 jashka da tolo elek eken. Bashyna chapkanyn kara?
bir jakshynakai eken. Ata-enenin kunoosu ushulardyn aiynan koz jumup oturat.
12.11.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiiii jawoo emne ele bolup baratat buga eldin sabatsyzdygy da joltoo bolup jatat
12.11.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондор ойгонгуча коп жоготуу болот окшойт тообо. Каякты карап отурушат?
13.11.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ,ушундай акмактарды атууга эле кетиришсе жакшы болмок
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-13 15:17:15
13.11.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIZANURA, этика нормаларын сактаңыз!
28.11.2015. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимдин башына ар кыл сыноо келет турмуштун туйшугунон улам ар кыл кесепеттер коп болот. Наристеде не куноо.
18.12.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип бироонун баласына кол которот кичинекей наристе болсо ал эчнерсени билбейтта болбогон эле нерсе учун .... бул окуя башкаларга улгу болсун ....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо