№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж
29-октябрь күнү ырчы түгөйлөр Айбек Карымов менен Гүланда үй той, баласы Молдомусага сүннөт той берип элдин батасын алды. Бул мааракеден кийин атактуу жубайлардын ак өргөөсүнө барып конок болуп кайттык. Биз барган учурда Айбек мырза жумушта экенин айтып, ар бир бөлмөсү менен Гүланда өзү тааныштырып чыкты.
ЧАЙ МАЕК
– Гүланда эмнеге көрүнбөйт десе, минтип үй салган усталарды багып жүргөн турбайсыӊбы?
– Ооба, үй оӊой менен бүтпөйт экен. Жер тилкесин алып, үй салып баштагандан бери 5 жыл өтүптүр. Ушунча жылда араӊ салынып бүттү. Уста багып чыгармачылыкка деле жакшы көӊүл бура албадым.
– Үйдү жасалгалоодо аял менен күйөөнүн ортосунда көп талашып-тартышуулар жаралса керек?
– Андай учур көп болду. Кээде Айбектин табитиндеги буюм же жасалгалоо мага жакпай көп жерлерин өзгөрткөнгө да туура келди. Алып келген эмеректери жакпай калып, бирөөгө белекке берип, башкасын сатып алып жаттык.
– Ушундай чоӊ үйдө өзүӊөр элесиӊерби? Балдарыӊды карашканы апаӊ, сиӊдилериӊ келип турса керек?
– Балдарыбызды көбүнчө апама алып барып салам, андан башкага ишене албайм. Бирок биздин үйгө көп келе бербейт, «кой, уят, кайнене күйөө баланыкында да жүрчү беле» дейт. Кайненемдер келип каралашып, кабар алып кетишет. Молдомуса сүттү жакшы көргөндүктөн чоӊ апасы уй саап, алып келип берип турат. Бизге жакын жашашкандыктан бири-бирибизге кирип-чыгып эле жүрөбүз.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
7
1 | 2 | 3 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |