Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

10 ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТООГО ШЕКТЕЛИП КОШУНАСЫ КАРМАЛДЫ. Аны жашынмак ойнойбуз деп азгырып барган

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

«10 жаштагы бөбөк зордукчунун курмандыгы болду. Айланайын эркектер! Эмне болуп бара жатасыӊар? Ушунчалык напсиӊерди тыя албагыдай эркиӊер куруп калдыбы? Кызыбыздын психикасы жайында эмес. Ал азыр ооруканада жатат. Мен эми зордукчулар акылына келбесин түшүндүм, андан көрө ата-энелер кичине балдарына сак болушсун деп кайрылып жатам». Ушундай кептерди айткан Кочкор районунун Жаркын аттуу тургуну редакциябызга кайрылды.

«КЫЗДЫН ЖҮРӨГҮ ТҮШҮП КАЛЫПТЫР»
– Жабырлануучу кыз 10 жашта, менин агамдын кызы болот. Үйдүн улуусу болгондуктан сабактан келери менен кичүү инилерин карап, апасына кол кабыш кылат. Окуя 25-октябрда болду. Ал күнү дем алыш болуп сабакка барбагандыктан инилерин ойноткону эшикке алып чыккан. Ошол маалда 37 жаштагы Азат деген кошунасы да балдары менен эшикке чыгыптыр. Кыздын көрсөтмөсү боюнча окуя мындайча болгон.
Кичинекей балдар жашынмак ойноп жатышса Азат «мен да ойнойм» деп кошулуп алат. Балдар ойноп жаткан жерде өзүнүн дагы кызы бар экен. Биринчи Азат көзүн жумуп, балдар жашынышат. Кийинки айлампада Азаттын кызы издемек болуп, башкалар жашынганга кетишет. Ошондо агамдын кызы сарайга чуркап бара жатса Азат кармап алып, «тоокканага чогуу жашынабыз» деп ой-боюна койбой көтөрүп кирип кетиптир. Ал жактан оозун колу менен жаап, зордуктап коёт. Бала неме билбейт да, өзү кенедей кыз болсо, өмүрү эркектин мүчөсүн көрбөсө, жүрөгү түшүп калыптыр. Кандай болуп бошонуп кеткенин билбейм. Чамасы, өзүнүн кызы издеп келип калат деп шашса керек, ишин бүткөн соӊ коё бериптир.

«МЕН ЖӨН ЭЛЕ ОЙНОП КОЙГОМ ДЕЙТ»
Биз мындан соӊ жабырлануучу кыздын апасына байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Ошол күнү кызым үйгө келип ооруп жатам деп эле жатып алган. 2-3 күндөн кийин атасы жумуштары менен чыгып кетип, үйдө балдар менен калдым. Сыягы, атасынан коркуп уялса керек. Ал кеткен соӊ «апа, мен бир нерсени айта албай жатам» деп көзүнө жаш толуп ыйлап жиберди. Такып сурасам оозу менен айтканга батына албай, кагазга «мени Азат байке зордуктап койду» деп жазып, кагазды колума карматып эшикке качып чыгып кетти. Арданып бир нерсе болбосун деп артынан барып, кызымды үйгө киргиздим. Андан соӊ тактайын деп кошунаныкына жөнөдүм. Азатка айтсам алгач танып баштады. Аялы кош бойлуу, 4-баласын күтүп жаткан үй-бүлө. Келинчеги менин айткандарыма ишенбей, кызымды чакыртышты эле, ал болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берди. Анда Азат «Ой, мен ойноп койгом, эч нерсе болбойт, анын үстүнө кирген да жок» деп жатпайбы. Кызык неме экен, эмне сөзсүз эле ичегисине чейин айрып салыш керекпи? Адамдар эмне мынча зөөкүр болуп баратышат? Экспертизадан кыз көтөн чучугунан зордукталганы аныкталды. Жолдошум келгенден кийин ага айтуу өтө оор болду. Сөз баштап окуянын аягына чыккыча укпай туруп кетти. Жүрөгүбүз тилинип жатат.

«ТУУГАНДАРЫ СҮЙЛӨШҮП ЭЛЕ БҮТҮРӨЛҮ ДЕП ЖАТАТ»
– Милицияга арыз жаздык. Тууган-урук чогулуп эле ызы-чуу түшүп калдык. Учурда кызыбыз ооруканада жатат. Баланын психикасын жайына келтириш кыйын. Эс тартып калган кыз башынан өткөн окуяны кантип унутат билбейм. Баарынан да Азаттын туугандары келип алып, «Кызыӊар эч нерсе болбоптур го. Кыргызча эле бүтүрүп коёлу, эч кайда арыз жазбай тургула. Азаттын майда балдары бар, келинчеги да кош бойлуу, убалын ойлогула. Балабыз түрмөгө түшсө адам болуп чыкпайт» дейт. Ушундай маӊкуртчулукту түк сиӊире албай жатам. Эмне кенедей наристелерибизди көрүнгөн тооккана, сарайда кордоп, зордуктап коюп, анан эч нерсе болбогондой сүйлөшүп бүтүрүп коюш керекпи? Чоӊ киши темир тор артына отурбоонун айласын издеп, тагдырын ойлоп жандалбастап жатат, а кичинекей кыздарыбыздын тагдыры эмне болот?
Азатты Кочкор РИИБинин убактылуу кармоочу жайына алып кетишти. Тергөөчү ага «ишти тергейли, актанчу бир нерсе айтасыӊбы?» десе, шылкыйып, жасаган ишин моюнуна алып отуруп берди. Менден кечирим сурап, болгон окуяны айтты: «Ишимди бүткөм, булганган жерлерин өзүнүн ич кийими менен аарчыдым»,- деп. Эми ушул окуяны бармак басты, көз кысты кылбай жакшылап аягына чыгарып, жок дегенде кыздын укугун коргоп беришсе экен...

Бул боюнча Нарын ОИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Медина Султаналиевага кайрылып, жооп алдык:
– Окуя катталганы чындык. Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган Азат Матиев аттуу жаран 30-октябрда кармалды. Анын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(47)
09.11.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-09 14:04:37
09.11.2015. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leylektik-77777, провокацияга жол жок! Эскертүү!
09.11.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бычып,турмого тыксын.4бала жетим калса апасы тирик эптеп кунун короор.4баланы аяган менен дагы канча баланын тагдырын бузушу мумкун.
21.10.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ALBIKA, туура айтасыз ошол 4баланы ойлосо мындай барбайт болчу. Анан кечирсе дагы эле кыла берет камап салыш керек.
09.11.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушуга окшогондорду ХХХ ХХХ керек окмот неге олум жазасын киргизбейт бу акылга сыйбаган иш, кыздын келечеги эмне болот психологиясы жабыр тарты гоо жаш туруп эх зоокурлор эки дуйно жакшылык корбогуло озунор да ушундай болуп кордолгула
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-09 15:03:52
09.11.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ledi.asfira, провокация жаратуудан алыс болуңуз!
09.11.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Напсисин тыя албаган акмак, аялы бар туруп кызындай секлекти кантип зордуктады экен.эмнеге мындайлар кобойуп жатышат кыргыз эли каяка баратабыз илгери мындай нерселер болгон эмес жараткан баарыбызга ыйман ынсап берсин
09.11.2015. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо кылдым кудайым сактасын... он гулунон бир гулу ачыла элек наристенин тагдыры талкаланып калды. акыркы жылдары мындай кадамдарга барган педовилдердин саны кобойуп кетти буларды ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-10 12:26:01
10.11.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
edelveis0088, провокация жаратпаңыз! Эскертүү!
09.11.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы бир кордук коргон наристе.Супер инфо гезитинин жамаатынан суранат элем ушундай окуяларды кун алыс жазып жатасынар тийиштуу органдардан бул окуяларды токтотуунун жолун табууга болор болбосун сурап билуунорду.Каттуурак жаза колдонуп зоокурлор кандай азап тартарын кошо жазсанар жакшы болмок.Кимдир бироо арам оюнан кайтат беле.Кыжырдануу менен окурмандар окуп дагы эле кийинки сандарында журок эзген койгойго туш болуп жатабыз.
09.11.2015. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга окшогон айбандарды элдин козунчо асыш керек, а-то ото кобойду. Мараторий параторийине карабай!!!
09.11.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ мен болгондо ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-10 12:20:49
10.11.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
dedadilet, провокация жаратпаңыз!
10.11.2015. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай нерселер кобойгондон кобоюп атат бири бирин коруп алышып эле ушинтсе болот экен да деп атышат го. Ойлорунда менин жасаганым билинбейт билдирбейм деп ойлошот окшойт .
10.11.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эркектер айбан болуп калышыптыр ар жума сайын эле кичине кыздар зордукталды деп жашы жете элекмес жашы жетип калгандарды дагы зордуктаганга акылары жок мындай айбандарга катту закон чыгарыш керек
10.11.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектер эмне болуп баратасынар бир жеринерди тыя албай???? !!!! Акмак неме,озундо да кыз бар экен го,ошонун ордуна коюп корбойбу эч болбосо!!! Адам эмес,макулук экен го!!!Бычып эле салыш керек мындайларды!!!Адам деп айтууга да ооз барбайт...
10.11.2015. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окмот тез арада педофилдерге каршы мыйзам кабыл албаса,мындай айбандардын саны кун санап осуп баратат...
10.11.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин депутаттар ушуга окшогон утуру чыккан маселеге карап туруп, тез аранын ичинде чечим кабыл алып, законду катуу жаза бериле турган кылбаса бул нерсе ото кобойуп кетти. Канча наристелер кордолуп. Тоббоо балдары бар адамдардан мындай нерсени кутпойт элек го, бирок жасалууда.
10.11.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кызга боорум оруп атат,озундода кыз бар экенгоо ойлонбойбу кудайым жазаасын эки эселеп берсин
10.11.2015. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш кыз. Кудайым сенин жазанды берсин. Дагы уялбай ишимди бутком дегеничи,ишинди бутпой ар нерсе бол. Бул кайтаар дунуйо. Бир кун келип ушундай кунду сага корсотсун
11.11.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гезиттин ар бир санынан окуп калдык ушундай окуяны. Жогорку жактагылар эмне кылып отурасынар? Зордукчуларды олум жазасына кесиш керек.
11.11.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Педофилдер кобойду, тез арада жепутаттар олум жазасын киргизбесе, бул ар бирибиздин башыбызга тушушу мумкун .
11.11.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактай кор коом эмне эле болуп баратат. Педиофилдерге карата жазалоону кучотуш керек. Онугуу прогоестин програмасында бар болчу эми депутат болушту иштеп чыгышсын
11.11.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атуу керек ХХХХ кана онугуу рпргресс олум жазасын киргизебиз деп шайланып алып эми ХХХ отурат. эл окулдордору биринчи кезекте ушул маселени которуу керек. айбанчылык аша чаап баратат ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-11 15:56:44
11.11.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pirim77, этика нормаларын сактаңыз! Провокация жаратпаңыз! Азырынча оозеки эскертүү!
11.11.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кызга кандай колу барды экен э Тооба Буга окшогон адамдарды олум жазасына тартыш керек
Nurbek95 түзөттү 2015-11-11 16:31:41
12.11.2015. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurbek95, мындай адамдарга олум жазасы да ото женил болуп калатго
11.11.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адам емес екен!!
11.11.2015. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ ХХХХ ХХХХ ..озунун деле кыздары бар экенго....эмне болуп баратат заманыбыз.Эже ал ХХХХ коргобой эле ...жазасын бердириниз.ХХХХ ХХХХ....кыздын тагдырын талкалап ХХХХ ХХХХ .....
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-12 10:48:50
11.11.2015. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул не деген зоокурчулук темир тор артында жазасын алсын ХХХХ,мен жон эле ойноп койгом деп,бул ишти жон эле бутурсо эртен дагы башкасын ошентип ойноп койушу мумкун,ушуларга окшогон зоокурлордун жазасын кудайым берсин.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-12 10:49:06
12.11.2015. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдар кандай болуп баратабыз,каааантииип кичинекей кызга тийгенге дити, ою барат,эмне деген акмакчылык. Жанды кашайтатго
12.11.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanur_89kg, ALSU2010, этика нормаларын сактаңыздар!
12.11.2015. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак айтаарга соз жок айбан десе
13.11.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ex xx erkekter erkekter kaida baratasynar chydamynar ketse uidon chykpai otursanar bolo
13.11.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам эмес эле айбан да.Байкуш кыздын тагдырын талкалады.
14.11.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ХХХ тууган уруктары кошулуп болушуп жатканына не дейсин,тим койгула колу мн жасаганын мойну мн тартсын. Жок дегенде бир пед.ге азайсын,кудай сактасын баарыбызды. Балдарын ойлосо башы бсо ошого бармак беле,ал адамга ким кепилдик берет дагы кайталабайт деп. Соо туруп ушуну жасаса,туугандары силерде бала жокпу болушасынар. Балдарын озунор каралашкыла ага болушпай
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-17 12:04:54
17.11.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nura.177, этика нормаларын сактаңыз!
28.11.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун балдарын,кош бойлуу аялын ойлосо бул ишкебармак эмес.кылган ишине жооп бериш керек закон боюнча.кыргызча кылып бутургонго болбойт.ооруну жашырсан олуму ашкере болот деген соз барго,ошол жон айтылган эмес.
23.01.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттар такси айдап чыкпай,отуруп ушундай зоокурлордун устунон мыйзамдарды иштешпейби,эл силерди такси айдасын деп шайлаган эмес
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо