7-КАБАТТАН КУЛАГАН КАНАЙЫМДЫН АБАЛЫ ЖАКШЫРУУДА

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

19-сентябрда Орусиянын Москва шаарында окуп, иштеп жүргөн мекендешибиз Канайым Абсамат кызы зордукчудан качам деп 7-кабаттан кулап кеткен. Эсиӊиздерде болсо, гезитибиздин мурунку сандарында бул тууралуу кенен макала жазганбыз.
20 жаштагы Канайым окуусу менен катар дем алыш күндөрү кары-картаӊдардын үйлөрүн жыйнап акча тапчу. Үй жыйноо боюнча чакырык түшкөн дарекке барган Канайымды ал батирде жашаган өз мекендеши зордуктамакчы болгон. Андан качкан Канайым балкон аркылуу коӊшу батирге өтүүгө аракет кылып жатып буту тайып, жерге кулап түшкөн. Каарманыбыздын омурткасы, жамбаш сөөгү сынып, кыймылсыз абалда ооруканага жеткирилген.
Учурда Канайым кыймылдай албаганы менен, абалы бир топ жакшырып калган. Ага жакында 1-операция жасалды. Анын апасы Гүлшан айымдын айтымында, бул операцияга 500 миӊ рубль кеткен. Эми 2-операциясына 300 миӊ рубль керектелет. Бул боюнча Кыргызстандан жардам беребиз деген мекендештердин башын бириктирген ыктыярчы Руслан Бекназаров буларды билдирди:
– Канайым тууралуу жаӊылыктардан окудум. Социалдык тармактар аркылуу ыктыярчылар биригип, анын операциясына акча чогултууну баштадык. Мен Кыргызстандан жардам берем дегендер үчүн телефон номерлеримди жарыялап коюп күтүп жаттым. Бир күнү мага бирөө телефон чалып, «пенсионермин, Канайым кызыма 500 сом берейин дедим эле» деди. Тилекке каршы, мындан башка жардам кылам деген чалуу болгон жок. Ошентсе да Канайымга Орусиянын аймагында, башка чет өлкөлөрдө жүргөн мекендештерибиз кайдигер караган жок. 100, 200 рублдан болсо да чогултуп берип жатышты.
Канайымдын өз абийирин сактайм деп ушундай эрдикке барганы баарыбыздын жүрөгүбүздү жылытып, бир чети сыймыктантты. Анткени Орусияда жүргөн кыздарыбыздын баарын «бузулган» деп жаманаттыга чыгарып, аларды жылаӊачтап, ур-тепкиге алып видеого тарткан «патриот» сөрөйлөр аттарын булгап бүтүшкөн. Кыздарыбыздын баары андай эмес да. Алдыда Канайымды 2-операция күтүп жатат. Азыр элден 100 миӊ сомдой акча чогулуп калды.
30-октябрда өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Канайым Абсамат кызына жардам катары президенттик фонддон 300 миӊ сом бөлдү. Бул жагымдуу жаӊылык менен катар Канайым бутуна туруп, басып калды деген кабарды жазып чыгар күн да алыс эместир.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(13)
09.11.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыгып кетсин
09.11.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы кабар,кудайым колдоп,басып,ордунан туруп кетсин!
09.11.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дуа кылып турабыз айыгып кетсин
09.11.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып кетсин
09.11.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыфаасын берсин!
09.11.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым озу колдосун сени бул кундорду корбогондой болуп айыгып кет
09.11.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргызым качан бирибизди колдойбуз байкуш кыз эртерек айыгып кетсин.
берки палван сорой не болду экен жоопко тарттыбы
09.11.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошол зордукчу эмне болду экен? Бул окуя россияда болду бэле? Айыгып кетсин ушундай кыздар коп кыргызда кыздарыбызды талаа жеринде кудай озу сактасын.
10.11.2015. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргыздар чакырган экенби? Же шериктериби?
10.11.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кененирээк маалыматы жоктор үчүн: http://www.super.kg/article/show/33707
11.11.2015. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президентибизге да рахмат,ушу сыяктуу канча окуя болуп кетти,кайдыгер карабай жардам берип келе жатат.
12.11.2015. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаа берсин
18.01.2016. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омуру узуун болсун тез айыгып кетсин жанагы зоокур темир тордо кордукту корсун ошол жакта озун зордуктап бычып салсын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо