ЖЕТИМ КАЛГАН БАЛДАР ҮЙЛҮҮ БОЛДУ

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

Быйыл Асият 5 жашта. Ал былтыр 4-декабрда өзү төрөлгөн үйү менен кошо апасы жана 3 жаштагы сиӊдиси Касиеттен айрылган. Түнкү саат 12де күйүп баштаган үй заматта күлгө айланган. Асиятты кошуна жашаган 21 жаштагы улуу эжеси Тинатин менен анын жолдошу Руслан сактап калган. Бул учурда бир тууганы 15 жаштагы Шабдан да эшикке чыгып аман калган.
Чиедей балдар жетим калгандан бери 10 ай өттү. Бүгүн бул үй-бүлөнүн кубанычында чек жок. Аларга «KG Групп» курулуш компаниясы 2 айдын ичинде 3 бөлмөлүү үй салып берди. Үй-бүлө күтүп, 1 уулдун апасы болуп калган Тинатин буларга токтолду.
– Былтыр кырсык болгондон кийин иним менен сиӊдимди өз камкордугума алдым. Жолдошум экөөбүз балдарды өзүбүз эле багабыз деп чечкенбиз. Мынчалык тез убакыттын ичинде үйлүү болобуз деп ойлогон деле эмесмин. Асият дайым өрттөн калган үйдүн дубалдарын аралай басып апам менен Касиетти эстей берчү. Мен кошуна үйгө келин болуп баргам. Карасаӊыз, жакындыгын. Күндө эшикке чыгарым менен балалыгым өткөн үй көрүнөт. Дубалдары күйгөн, жанды ачыткан... Артынан сөзсүз апамды эстейм. Эми минтип ордуна жакшынакай үй пайда болуп калды. Кыялдардын орундалышына себепкер жакшы адамдар жок эмес экен. Үй, акча, оокат мунун баары табыла турган нерсе экенин, ал эми апа, бир тууган, жакын адамдар табылбасын түшүндүм.
Аппак көйнөгүн кийип жапжаӊы үйдү айлана чуркаган Асияттын кубанычында чек жок. Тинатин мындан ары бул жаӊы үйдө жолдошу, уулу, иниси жана сиӊдиси менен чогуу жашаарын айтты.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(3)
09.11.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсынар KG групп... Ишинерге ийгилик, Кандай сооп иш кылдынар.. Элге болгон жардамынар мындан да жогорулап, кобойо берсин.... Силердин ишинерге чек коюлбасын эч качан.. Ал эми бул уй-булого жалан жакшы кун, жагымдуу коз ирмемдерди насип этсин ЖАРАТКАН. Уйунордо жалан гана жакшылыктар болсун...
09.11.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахы ыраазы болсун KG групптан,козумон жаш тегеренди окуп алып...
10.11.2015. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жардам бергиси келгендер ушинтип эле жардам берет. соссуз депутат болуш эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо