Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлжигит Калыков, ырчы: «БОЛОЧОКТОГУ КАЙНАТАМ МЕНЕН ТААНЫШКАНДА АЯБАЙ СҮРДӨГӨМ»

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

Өткөн санда ырчы Гүлжигит Калыков сүйүктүүсү Айпери менен окурмандарды тааныштырып, чогуу маек курабыз дешкен эле. Минтип кыз-жигиттин маегине да кез келди.

– Салам, эки жаш! Бысмылда дегенде эле экөөӊ таанышкан күндү эстеп кетпейсиӊерби?
Гүлжигит:
– 2007-жылы досторум менен көлдө эс алып жүргөндө таанышканбыз. Көл жээктеп сиӊдиси менен сейилдеп жүргөн кызга көзүм түштү. Таанышып аты Айпери экенин, эс алууга ата-энеси менен келгенин, Бишкекте жашаарын билдим. Коштошуп бир аз баскандан кийин телефон номерин албаптырмын деп артка бурула бергенде досторум «басчы, интернеттен таап аласыӊ» деп коюшту. Шаарга келип интернет булактарын тыттым, окуу жайларга барып издеп таппай койдум. Тагдырым бир эмес экен деп үмүт үзүп койгом. Бирок бий боюнча сабак алууга барып Айперини кайрадан кезиктирип калдым. Көрсө, бийчи кыздардын биринин курбусу экен. Ошентип табышып, дос катары мамиле кура баштадык.
Айпери: – Алгач таанышканда Гүлжигитке көӊүл деле бурган эмесмин, катардагы эле жигиттердин бириндей кабыл алгам. Ичимден жөнөкөй жакшы бала экен деп койгом, бирок жигитим болот деп такыр ойлобоптурмун.
– Айперинин жүрөгүн багындырууга атактуулугуӊ жардамга келгендир?
Г.:
– Жүрөгүн багындыруу кыйынга эле турду. Башында мени такыр карачу эмес. Жакын дос болуп жүрөгүнө «коридор» ачып кирип алган соӊ акырындап ал жерден орун ала баштадым. Кээ бир кыздар, балким, атагыӊа, дагы бирөө байлыгыӊа карап мамиле кылышаттыр. Айпери менен таанышкан учурда атым чыга элек болчу. Сен андайсыӊ, бул мындай деп адам тандабай баарына бирдей мамиле кылганы жаккан.
А.: – 4 жыл досумдай, байкемдей эле көрүп жүрдүм. Убакыттын өтүшү менен ырчы экенин билдим. Күнүгө эртеӊ менен саат 7де үйгө келип сабакка жеткирип барып, кайра сабактан узатып жатып мени өзүнө көндүрүп алды. Гүл, белек-бечкегин берип көӊүлүмдү алчу. Анын үстүнө үйдүн кичүү кызы болгондуктан эркелегенди жакшы көрөм. Ушинтип эркелетип жүрүп эле туулган күнүмдө машинасына салып, Бишкек шаарынын четиндеги Манас айылына көзүмдү жаап алып барып, «ач» деди. Ачсам стол жасап, скрипка ойнотуп, досторунун курчоосунда колума алтын шакек такты. Бул сенин жигитиӊ болоюн деген белги экенин дароо эле түшүндүм.
– Үй-бүлөдө казан аяк кагышат дейт, кыз-жигиттин ортосунда деле кашык-вилкалар ойноп кетсе керек?
Г.:
– Көп учурда менин жумушумдун айынан таарынышабыз. Жолугушууга же киного барабыз деп сүйлөшүп алып, ошол күнү бошобой калам. Айпери чалып «боёнуп алып сени күтүп жатам» деп таарына баштайт. Чыдамым кетип катуу айтып таарынтып алам. Менин мүнөзүм чатак болгону менен, бул сабырдуу, ошондуктан мамилебиз сакталып келет деп ойлойм. Ал эч нерсе эмес, жолугушууга да көбүнчө мен кечигип келем. «Энесин көрүп кызын ал» демекчи, Айперинин апасы аябай жакшы адам. Түшүнбөстүк болуп кетсе эле Айперинин апасын эстейм. Анткени ал өтө сабырдуу, биз кандай гана ката кетирбейли туура түшүнгөнгө даяр.
– «Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр» демекчи, бири-бириӊерге жакпаган мүнөзүӊөр барбы?
Г.:
– Айпери башында өтө кызганчаак болчу, дагы жакшы, азыр кичине көнүп калды. Экөөбүз таанышып дос болгондон кийин деле мен башка кыз менен, Айпери башка жигит менен сүйлөшүп көрдү. Ал кезде кызгануу деле болгон эмес эле.
А.: – Апам айтмакчы, жадакалса жаныбарлар деле түгөйүн кызганат экен го. Өзү кызгануу боюнча менден ашып өтөт. Анын үстүнө жылдыз белгиси арстан болгондуктан үстөмдүк кылып, «меники гана, мага гана тиешелүү» деген принцип менен жашайт. Анан да көп уктаганы жакпайт.
– Ата-энелериӊер менен тааныштыӊар беле, анткени Айпери болочок кайненесин «апам» деп калды?
Г.:
– Айперинин атасынын туулган күнүндө ата-энеси менен таанышкам. Ага жолукканы үйүнө барсам, «кир, атамдын туулган күнү» деди эле, уялып кирбей койгом. Анан атасы менен апасы чалып, «үйгө кир, балам» дешти. Алардын сөзүн эки кылбай кирип тааныштым. Болочок кайнатам менен таанышканда сахнада сүрдөгөндөн эки эсе толкундандым окшойт.
А.: – Гүлжигиттин ата-энеси менен досубуздун тоюнда тааныштым. Мындай баланы тарбиялаган ата-эне, албетте, жакшы адамдар экенин мен айтпасам деле билсеӊиздер керек. Таанышканда эле «ата, апа» деп кайрылгам.
– «Былтыр Гүлжигит үйлөнөм деп даярданып кайра тойду токтотуп салыптыр» деген сөздүн канчалык чындыгы бар?
Г.:
– Былтыр чынында эле үйлөнөйүн деп камынгам. Бирок ата-энем бир аз иштеп ал деп кеӊештерин берген. Ошондуктан той токтогон. Үйдө Айпери жөнүндө көп сөз болот. Аны жакшы көрүшөт, «бизге башка келиндин кереги жок» деп калышат. Тамашалап «Айпери орус чалыш, аны эмне кыласыӊар? Мен силерге айылда өскөн, кара жумушка тыӊ кыз алып келем» десем, «кой, ай» деп чочуп кетишет.
– Кыздар атасына окшош жигитти тандашат дешет. Гүлжигиттин атаӊа окшош мүнөзү барбы?
А.:
– Атама мүнөзү, анан да унаасын таптаза алып жүргөнү окшош.
Г.: – Апам менен салыштыруу туура эмес деп ойлойм. Бирок окшош жактары көп, алсак, бат чечим кабыл алганы. Апам атамды туугандары, достору менен катышууга түртүп турат. Айпериде да ошол сапат бар. «Бүгүн тиги досуӊдун туулган күнү, жок дегенде телефондон куттуктап кой» деп эскертет.
– 8 жыл айтканга оӊой болгону менен, аябай эле көп убакыт. Бул аралыкта кызыктуу окуялар да көп болсо керек?
Г.:
– Айпери экөөбүз Караколго лыжа тепкени жөнөгөндө ата-энесине барып сурап, жоопкерчиликти моюнума алып кеткем. Ал лыжаны жаӊыдан үйрөнүп жаткан болчу. Бир убакта аябай бийик, тик чокудан лыжа тээп учуп эле баратат. Өзү да кыйкырып алган, жүрөгүм оозума каптала түштү. Токтоно албай бир карагайды сүзүп албаса экен деп Кудайдан тиленип ийдим. Кудай жалгап, абалды колго алып токтоп калды. Айпери менен жүргөн убакыт дайыма кызыктуу өтөт. Мен сууда сүзсөм кошо сүзөт, чуркасам кошо чуркайт, коньки тепсем жанымда кошо тебет.
– Анда, буюрса, эмки жылы ушул маалда нике шакек тагынып маек курган күнүӊүздөрдү күтөлү.

"Көп кыздардын арасынан жүрөгүм Айперини тандады".

"Айпери менен өткөргөн ар бир күнүм кызыктуу болот".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Гүлжигит Калыков сүйлөшкөн кызы менен тааныштырды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(66)
09.11.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
абдан жарашыктуу тугойлор экен. Бактылуу болунуздар. Аябай жонокой, жакшы кыз экен)))) Жараткан экоонуздорду жаман создон, жаман коздон сактасын!
10.11.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун тугой экен бактылуу болунуздар!
10.11.2015. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжигиттин ачуусу бат келет, Айпери сабырдук. Айпери эрке, Гулжигит эркелетуучу болот экен да ээ.)) Албетте эки жаштын бири-бирин толуктап жургону эн жакшы корунуш болуп саналат. Эки жаштын алоолонгон суйуусу очпосун!)
10.11.2015. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызды тигинтип которгондон коро мойнуна мингизип туруп эки бутун саландатып которсо болчу экен ээ)))
10.11.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз жонокой тамашакой мыкты кыз экен!Макияжы деле сопсонун жарашып турат!Гулжигиттин журуш турушун аябай баалачумун,озуно татыктуу бийкени тандаптыр!Бактылуу болгула!
10.11.2015. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыздын жылдызы жок экен
10.11.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бойдок болсо ырчыларда популярдуу болуу шансы кобуроок болот окшойт. Кобу эле мурдааа уйлонгон же суйлошкону бар кийин айтышат экен да
10.11.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула кызы жакшынакай кыз экен сулуу нурзада жолдошовага окшош экен
11.11.2015. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аиийда 8жылдан бери таанышса 30ка чыкканы калган немелер экен деп ойлоп кетсе, экоонун келбеттери окшош экен жакшынакай болушуп.. бирок Айпери же кыргыз эмес же орус эмес, ХХХ да аралаштырып суйлоп, ушу ХХХ кыздар ХХХ кыргызча уйронуп алсанар боло уят болбой, Айжамал Осмонова деген журналист кыздан мастер-класс алышынар керек да, так даана таптаза суйлойт орусча да кыргызча да!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-11 10:15:51
11.11.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
LadyD, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз! Азырынча оозеки эскертүү!
11.11.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин суйгонум гооо...(((( Гулжигит мейли бактылуу бол,мен сени суйуп отом.Бирок пара эмес экенсинер создун ачыгы.Али да кеч эмес ойлонуп кор...
11.11.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jigit.85, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
12.11.2015. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgulaaa
12.11.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырчы бактылуу болгула
12.11.2015. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин кичинекей кызым бул кабарды угуп бир капа болуп кайра жазылды 5 жашар кызым Гулжигит Калыков мн Нурлан Насипти аябай Жакшы корот бактылуу болгула эки жаш
13.11.2015. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз али жашко э)) суротто чон корунгону менен мектеп окуучусундай экен. Бактылуу болгула.
13.11.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун!
13.11.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
13.11.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экообу окшош экен
13.11.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окшош экен
14.11.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болунуздар.
14.11.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун. Татынакай тугойлор экен. Тен арып,тен карыгыла....
15.11.2015. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит сен мага жакчусун,бакыт каалайм туболуко бактылуу болгуыла!
15.11.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
15.11.2015. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
15.11.2015. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
о бооооожеееее как я рада
15.11.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
смысле я первый раз комментарий написала
20.11.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окшош кийинишет экен)
SUPER.KG видео
26.11.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигиттин мунозу аябай жакты!!!
08.12.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх Гулжигит...Мейли эми бактылуу бол,Айпери жонокой жакшы кыз экен.)
Медиа-портал
06.01.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batma5,
Саламатсызбы! Кандай катачылыктар болуп жатат? Бизге кененирээк купуя кат менен жазып койсоңуз, рахмат!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо