Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАНТКЕНДЕ ӨГӨЙ БАЛАНЫ ӨЗ БАЛА КЫЛСА БОЛОТ?

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

Өгөй ата-эненин баары жаман дегенден алыспыз. Башка никеден төрөлгөн балдарын өз баласындай кабыл алып, бактылуу үй-бүлө болуп жашагандар көп. Бирок биз материалды өгөйлүктү кабыл ала албагандарга арноону чечтик. Өгөйлөр бири-бирин өздөй кабыл ала албай ортодо жек көрүү пайда болот. Мунун айынан акыркы убакта өгөй балага болгон зордук-зомбулук, суицид жана башка үрөй учурган окуялар көбөйгөндөй. Канткенде үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алууга болот? Өгөй балдарды кантип өздөй кабыл алуу керек? Бул суроолорго психолог Гүлмира Молдокулова менен бирге жооп издеп көрөлү.

БАРДЫГЫ ЧОӉ АДАМДАРДАН КӨЗ КАРАНДЫ
Биринчи турмушунан баласы бар экенин билип туруп ал адам менен башын байлоону чечкен адам, баланы сабырдуулук менен кабыл алышы керек. Бардыгы чоӊдордон көз каранды, кимдин баласы болсо, ошол адам ортодо көпүрө болушу шарт. Эки тарапка теӊ акырындан түшүндүрүүдө, бири-бирине көндүрүүдө ал адамдын ролу чоӊ.

МЭЭРИМ ДАРОО ТӨГҮЛБӨЙТ
Өгөй балдарга болгон жакындыктын жоктугу нормалдуу көрүнүш. Эгер таанышкан эле мезгилден тарта сүйүү, мээрим төгүү сезими жаралса таӊ калычтуу болмок. Көпчүлүк өгөй ата-энелер мээримдүү, сүйүктүү адамдын образын жараткысы келет, бирок балдар жасалмалуулукту бат эле сезет да, ортодогу жарака дагы тереӊдейт. Сезимдер убакыттын өтүшү менен жаралат.

ОКШОШТУК ИЗДЕӉИЗ
Алгач жолдошуӊуз же жубайыӊыз менен кеӊешип алыӊыз. Экөөӊүздөр чогуу бала менен кандай мамиледе болуш керек, анын мүнөзү, эмне жагат, эмне жакпастыгын талкуулаӊыз.
Бала менен тез-тезден баарлашыӊыз. Качып жатса да мүмкүнчүлүк таап сүйлөшкөнгө аракет кылыӊыз. Аны менен жакшы мамиледе болгуӊуз келгенин ачык айтыӊыз. Эгер аны ишендире алсаӊыз, ийгиликке болгон алгачкы кадам ташталды.
Баладан айырмачылык эмес, окшоштук издегенге, жаман жагын эмес, жакшы жагын көргөнгө аракет кылыӊыз.

КЕӉЕШИН КОЛДОНУӉУЗ
Үй-бүлөдөгү маселелерди ортого салыӊыз, баладан жардам сураӊыз. Анын жардамысыз колуӊуздан келбесин түшүндүрсөӊүз, бала өзүн керектүү сезет. Оюн кунт коюп угуп, кеӊешин колдонгонго аракет кылыӊыз.
Жалпы кызыкчылык болсун. Бала менен бир жерде чогуу болгудай экскурсия, сейил бак, аттракционго байма-бай барыӊыздар. Бири-бириӊердин карааныӊарга көнүүгө убакыт керек.

ТАЛАШПАӉЫЗ
Баланы өгөй атасын «ата», өгөй апасын «апа» деп айттырып мажбурлоо туура эмес. Анын биологиялык ата-энесинин ордун талашпаӊыз. Канчалык баланын жашоосунан
өз ата-энесин чыгарып салгыӊыз келсе, бала ошончолук сизге каршы турат.

БИРДЕЙ КӨРҮӉҮЗ
Өзүӊүздүн да балдарыӊыз бар дейли. Күлчү кыздын окуясындай өгөй балдарыӊызды ашыкча жумшап, өз балдарыӊызды оокат кылдырбай койбоӊуз. Бул бир чети түгөйүӊүзгө оор тийсе, экинчи жагынан баладагы «өзүмдүн атам (же апам) болсо минтмек эмес» деген ойду жаратып, ал чүнчүп кетет.

МАКТОО ШЫКТАНДЫРАТ
Жетишкен ийгиликтерди мактоо баланы дагы жакшы иштерди жасаганга шыктандырат. Ошол эле учурда ката кетирсе бул өгөй да, үнүмдү бийик чыгарсам жаман көрүп калбасын деп кабатыр болбостон түшүндүрүп айтканга, бийик чыккан үндөн сестенүүгө жеткириӊиз. Балада «мага баары болот» деген ой жаралбашы керек.

АТААНДАШПАӉЫЗ
Баарынан оору өспүрүм куракта балдардын өгөй ата, апалуу болушу. «Өгөй – өөнчүл, жетим – кекчил» дегендей, бул куракта баланын психикасы назик болот. Үй-бүлөгө жаӊы мүчө кошулганда сын көз менен карап, кыйкымчыл болуп чыга келет. Ага атаандашып айтышып, урушуп эпке келтирбеӊиз. Алгачкы 2-3 ай жайына коюӊуз, андан көрө анын атасына же апасына жакшы мамиле жасай бериниз.

ДОСТОРУНУН ЖАНЫНДА УРУШПАӉЫЗ
Баланы дос-курбуларынын көзүнчө урушуп, кемсинтпеӊиз, бардыгы үйгө барганда чечилиши керек. Башкалардын көзүнчө сизди шылдыӊдаса да, тилиӊизди тишиӊизге катып, жылмайып туруп үйгө баруусун өтүнүӊүз. Үй-бүлө мүчөлөрү кеӊеш куруп, ким эмне күнөө кетиргенин, кимге эмне жакпасын ачык айтып чечишип алган туура.

КОЛ ТОПТОӉУЗ
Тууган-урук, кошуна-колоӊ, баланын дос-курбуларына чейин жылуу мамиле жасап, өзүӊүздүн жакшы жактарыӊызды көрсөтүӊүз. Бала чөйрөсүнөн көп нерсени кабыл алат.
Колдон келсе баланын өз атасы (же апасы) менен жолугуп, кеӊешиӊиз, достук мамиле сунуштаӊыз. Баланы өз балаӊыздай кабыл аларыӊызды, анын бактысын тилериӊизди түшүндүрүӊүз. Анын сөзү балага өтүмдүү болот.
Өгөй балдар менен жакшы байланыш түзөм десеӊиз, сабырдуулук, чынчылдык жана ишенич керек. Эгер анын майда-чүйдө «каприздерине» чыдай албасаӊыз, анда ал наристенин атасы же апасы менен үй-бүлө куруунун кажети жок.

ЭСКЕ САЛСАК...
Өгөй атасына кошулуп өз апасынан кордук көргөн жаш балдар тууралуу гезитибиздин мурунку сандарында басылып чыккан окуяларды эске салсак.
2013-жылдын 5-октябрь күнү Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун ооруканасына комага түшкөн абалда Диана аттуу 2 жаштагы кыз жеткирилген. Заара ушатып койгон Диананы өгөй атасы камыр жайчу үбөлүк менен башка, жамбашка бир нече жолу чаап жиберген. Денеси ооругандан ыйлаган кызын апасы да сабаган. Жыйынтыгында дарыгерлердин аракети жардам бербей, наристе ооруканада эсине келбей көз жумган.

***

2013-жылдын 14-октябрь күнү Сокулук районунун Шопоков шаарынын тургуну О.З. аттуу айым укук коргоо органдарына кайрылып, жарандык никедеги күйөөсү ал жумушка кеткенде 8 жана 10 жаштагы секелек кыздарын зордуктап жүргөнүн билдирген. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында 2 секелек кызга күч колдонуп, өзгөчө мыкаачылык менен сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөнү аныкталган.

***

2015-жылдын 10-сентябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Чолок айылынын 36 жаштагы Ормон аттуу тургуну 1,5 жаштагы өгөй кызын отко кактап, ысык мешке отургузуп, сабап өлтүргөн деп шектелип кармалган. Өгөй ата 1,5 жаштагы наристе төшөккө сийип койгону үчүн ушундай мыкаачылыкка барганын айткан.

Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
09.11.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менда тогуз айлык кызды асырап алгам. Кудайга шугур, чоңоюп быйыл мектепке барды.
15.11.2015. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ssinz7,асырап алган башка да, бул жерде экинчи жолу турмуш кургандардын балдары ж-дө сөз болуп жатпайбы
09.11.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Огой эмес оз баласын таштаганы кордогону бар. Адамдын озунон кимге кандай мээрим того алаары.
09.11.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
таааптаза ичинде кири жок бейиш жыттанып турса кантип урганга колун барат...
10.11.2015. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироонун баласы деп озундун баланан да жакшы карайсында!болунуп калбасын,соз тийбесин деп
10.11.2015. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул өгөй ата-енелер үчүн еч жерден издеп тапкыссонунбилим екен. баарыбызкунт койуп окуп чыгалы...
10.11.2015. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Апа мени жат дебей ушул эрезеге жеткиргениниз учун сизге чоон рахмат, сизге туболук таазим!!!
gulzar_gulu түзөттү 2015-11-10 17:06:42
11.11.2015. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфо жакшы маселени которуп чыгыпсынар
15.11.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наристелер, таптаза балакайлар. Бага албаган ата-эне мага эле берсинчи 40 балам болсо да бакканга даярмын, ар биринин кудай берген ырыскысы бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо