САХНАНЫ БЕШИККЕ АЛМАШТЫРГАН ЫРЧЫЛАР

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

«Балам, балалуу болгондо билесиӊ» деп апаларыбыз айтып калат эмеспи. Эне болуу – бул бир гана наристе жытына мас болуп, толкунданып сулуу сүрөттөрдү социалдык тармактарга жүктөө эмес. Анын артында уйкусуз түндөр, түгөнбөс түйшүк жатат. Биз көбүнчө эл көзүндөгү айымдарды төрөсө деле сынын бузбай, сахнада ырдап жүргөндөрүнө гана күбө болот эмеспизби. Бул жолу ырчы айымдардан эне болгондон кийин жашоосу кандай өзгөрдү, сурап көрөлү.

Гүлзада Рыскулова, ырчы: «БАЛАМА ОЮМДАН ЧЫГАРЫП, КАНДАЙ ГАНА ЫРЛАРДЫ ЫРДАБАЙМ»
-Чынын айтсам, мага бала багуунун түйшүгү билинбей деле жатат. Жардамчы сиӊдилерим бар, баламды ошолор карашат. Үйдө жумуш деле жасабайм, көбүнчө жумуштан бошобойм. Азыр Ош шаарындабыз. Чоӊ атасы менен чоӊ энеси борборго бара алышкан эмес. Андыктан небересин көрсөтөлү деп келген элек. Кудай жалгап, уулум Курманбек жоош, курсагы тойсо болгону. Азыр бир жарым айлык болду. Баарынан кызыгы – улуу балам кызганбайт деп ойлогон элем. Бирок кичүүбүздү эркелетип койсок, «Мени да ушинтип жакшы көрчүсүзбү, эркелетчү белеӊиз?» деп кызганып сурап калат. Анан «ооба, сени да ушинткем. Сен да кичинекей болгонсуӊ» деп анын да көӊүлүн алганга аракет кылып жүрөм. Жолдошум экөөбүз теӊ баласаак экенбиз. Деги койчу ырдап да беребиз, сүйлөшүп да отурабыз наристебиз менен. Түнү тынч уктаганы менен, күндүзү тынбай сүйлөшүп турушубуз керек. Жадакалса Манас да угат, оюмдан чыгарып кандай гана ырларды ырдап жатканымды уксаӊыздар, күлөт болушуӊар керек. Өзгөчө эмизип жатканда жакшы тилектеримди айтам, себеби эненин сүтү аркылуу жакшы каалоо-тилектер балага өтөт экен. Негизгиси кыргызымдын керегине жараган адам болсо экен деп жатабыз.

Айгерим Расул кызы, ырчы: «АТАСЫ ҮЙДӨ БОЛСО, ЭЧ КИМГЕ БЕРБЕЙ ӨЗҮ КАРАЙТ»
-Кош бойлуу кезимде 30 килограммга жакын салмак кошкон элем. Кызым дагы чоӊ төрөлдү. Бирок төрөттөн бир жума өтпөй дароо 15 килограммга арыктадым, убакыттын өтүшү менен баягы кошкон салмагымдан дайын да калбады. Баланы эмизгенде тамак ылгап жеп калат экенсиӊ, ошого да арыктап жатат окшойм. Төрөттөн кийин наристемдин кыркы чыкканча төркүнүмдө болдум. Концерт, тойдун баарын жыйыштырып кызымды гана карап отурдум. Кырк күн өткөн соӊ дароо тойлорго чакыруулар келе баштады. Анын үстүнө шайлоого карата үгүт иштери да башталып калган болчу, дароо эле жумушка киришип кеттим. Кайсыл жакка барбайын кызым Ханбийке дайыма жанымда. Кокустан үйгө таштап кетчү болсом 1-2 сааттан ашпай жетип келем. Чогуу алып алсам, эмизип, жардамчыларыма карматып кетем. Ырдап бүтүп келгиче томпоюп уктап турат. Үйдө болгонубузда күндүзү, түндөсү да чыр салып кыйнабайт, жаткызып койсом уктай берет. Ойгонсо деле өзү менен өзү болуп ыйлабайт. Ушунусуна миӊ мертебе шүгүр. Кээде сүткө тойбой калганда буламык да берип жатам. Кыскасы, энелик милдетимди жакшы эле өтөп жаткандаймын. Атасы болсо жумуштан колу бошосо эле жетип келет. Жолдошум үйдө болгондо эч кимге бербей өзү карайт. Ошондуктан көп кыйналган жокмун.

Айпери Кубик кызы, ырчы: «ТҮНДӨСҮ БАЛА КАРАП, КҮНДҮЗҮ «ЗОМБИДЕЙ» БОЛУП ЖҮРӨМ»
-Төрөткө чейин 15 килограммга толгон болчумун. Азыр бала эмизип отуруп 50 килограмм болуп калдым. Уулум Даян чындыгында «капризный». Мен жумуш жасап жатканда үйдөгүлөр дайыма колго көтөрүп жаман көндүрүп коюшту. Ошого колдон түшпөйт. Кыркы чыкканча төркүнүмдө болуп эч кандай кыйынчылыкты деле сезген эмес элем. Үйгө келген соӊ баламдын уйкусу алмашып түндөсү уктабай, ойгонуп алат. Күндүзү жыргап уктайт, жолдошум экөөбүз «зомбидей» болуп жүрөбүз. Төрөгөн соӊ бир айдан кийин концерттерге чыга баштадым. Алгач мындай учурларда өзүмдүн апам каралашып жатты. Азыр болсо жолдошум жумуштан эрте келсе ал карайт, же кайненем жумуштан келсе ал. Иши кылып ким жумуштан эрте келсе ошол адам карап турат. Кээде үйдөгүлөр күлүп калышат «бала багуу оӊой дедиӊер беле» дешип. Баары бир балаӊдын кылыктары, наристе жыты болгон кыйынчылыкты унуттурат экен. Балам менен алышып отуруп үй жыйнаганга жетишпейм, же тамак жасай албайм. Ошентип эле убакыт өткөрөбүз. Анан да жумуш деп тытынып жүргөндүктөн үйдө отуруп калганда бир аз башкача сезимдер болду. Наристеӊдин жанында болгон албетте, жакшы, бирок баары бир жумушуӊду сагынат экенсиӊ.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(29)
09.11.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Торогондон кийин бала багып эле уйдо отурган жакшы го,сразу концертке чыгып кетпей бир айдан кийин.Канча коп адам каралашса да,эненин караганы башкача.
09.11.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ырчы айымдар жок дегенде 6 ай өздөрү эч кимге каратпай карашса жакшы болмок. Эми эмнеси болсо да балдарыңар оорубай чоңое беришсин!
09.11.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар ким озу билет да,баланардын омурун берсин.
09.11.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман болушсун жожолор?
09.11.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактыгул Бадиева тууралуу да маалымат берип коюнуздарчы сураныч
amira15 түзөттү 2015-11-09 12:57:21
09.11.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар дайымкыдай Айгерим Расул кызы сулуу.Арыктап жакшына болуп калыптыр.Айпери Кубик кызы толуп жакшына болуп калдыле.Арыктаган жарашпайт.
09.11.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне болуу бактысы арбир аялга насип кылсын.
09.11.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айпери байкуш мага окшоп кыйналыпсында менинда балам ото ыйлаак болчу жаным жай албай же кир жууй албай же тамак кылалбай кыйналгам жардамчы синдилер коп болсо жакшы ушунлайда омурун берсин баландын ыйлаак бала кийин куйумдуу болот деп койушатко ылайым балан сага куйумдуу болсун
09.11.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичинекейлердин омурун берсин Аллахым
09.11.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эсен аман чонойтуп алгыла карындаштарым.
09.11.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим супер
09.11.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарыбызга не болуу насип этсин айпери м.н айгеримдин интервьюсу бир аз окшош болуптур
09.11.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
роддомдо да клип-плип тартпапсынар да баарыле 1 ай отпой жумушка чыгышып
09.11.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Артистердин ою биринчи очередь жумушунда эле окшойт.
10.11.2015. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим молтуройт го, ото эле сулуу бп калыптыр. Ар бир пендеге наристе жытын жыттаганды буюрсун.
10.11.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу суперчилер Бактыгуль Бадыева кана? Ошондон интервью алып бергилечи Сураныыыыч! Такыр эле жок болуп кетти го Алайлык жигитке турмушка чыккандан бери. Эмне жолдошу катуу колбу? Же ырдатпайт же гезитке чыгартпайт?
10.11.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
11.11.2015. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10,Инстаграмга кирсеңиз ошол жактан көрөсүз күндө жаңы фотолорун.
14.11.2015. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruuzat88,адресин жазып койгулачы билсениз
10.11.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оюмдан чыгарып кандай гана ырларды ырдап жатканымды уксаӊыздар, күлөт болушуӊар керек. Анан чонойгондо тантып калбасын ((
10.11.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим суулу болуп кетиптир
11.11.2015. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наристелердин өмүрү узун болсун,эл керегине жараган мыкты уулу— кыздар болуп өсүшүн.
11.11.2015. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип арыктаса болот экен ,мен торогондон кийин семирип кеттимгоо,
12.11.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айпери сага чон бакыт каалайм
12.11.2015. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми акча ағып жатса уйдо жатып алабызбы дешти да. Семирип, анан арыктагандын ортосунда канча тер аккан, аны ошолор билет, жөн эле жатсаң килограммдар жоголуп кетпеши анык. Эне болуу оной эмеско.
13.11.2015. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Torogondon kiin ozdoru ele karashpaiby.Kainenege, sindi, mamasyna karmata salbai.Nyanka jaldap algandarga voobshe soz jok!
13.11.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдогу концертке эмне жетсин, мен кундо концерт кором кызым аркестирдин коштошу менен бекер коюп берет.
13.11.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери мен сени жакшы тушунуп турам мен азыркы убакта тундосу бала карайм,кундузу уй жумуштары айтор биз баарына жетишет экенбиз.
14.11.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим аябай сулуу болуп кетиптир арыктап. Негизи аялзаты торогондон кийин сулуу болуп чыга келишет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо