Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БАЛАМДЫН ИЧЕГИСИН УЛАГАНГА ЖАРДАМ КЕРЕК»

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

«Балам үчүн баарына даяр болуп калдым. Айлам түгөнгөндөн улам сиздердин босогону аттадым. Жүрөк тушумду өйкөп, бир таш тургансып демим кысылат. Эзилип жаткан баламды көрүп башым да көп ооруй турган болуп калды»,- дейт 22 жаштагы Айзада Токтобекова.

«БИРИНЧИ ИЧИ ӨТҮП БАШТАГАН»
– 18 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум ала качып кеткен. Эки балалуу болуп, алар бизди бакытка бөлөштү. Улуусунун кылык-жоругу чыгып, бизди кубантып калганда экинчи уулум төрөлдү. Жалил аттуу ысым берип, баарыбыз сүйүндүк.
Бирок кубанычыбыз узакка созулган жок. Төрөлгөнүнө 3 күн болгондон кийин Жалилдин ичи өтө баштады. Улам алдын жууп-тазалап, жаткырып коём, жылыш болбойт. Эртеси ичи өткөнү тып басылып эле курсагы чоӊоюп кетти. Жел толуп калды го деп, укалап, жылуулап да көрдүм, болбоду. Барган сайын ичи чоӊоюп баштады. Акыры Токмоктун бейтапканасына алып бардым. Ал жактан алгачкы жардамды көрсөтүп, ооруну басуучу дары сайып, «эгер ичиндеги жел кайтпаса, анда ооруканага алып барасыӊ» дешти. Акыры чыдабай, такыр басылбай ыйлап туруп алганда «Тез жардам» чакырдык. Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургия бөлүмүнөн дарыгерлер келип, баланын абалы оор экенин айтып алып кетишти.

«ЗАӉЫ КУРСАГЫНАН ЧЫГАТ»
– Хирургия бөлүмүнүн алдында 2 күн түнөдүм. Мени киргизишкен жок, баламды да көрсөтүшпөдү. Эмчегиме сүт толуп, зыркырайт, баламдын өлүү же тирүү экенин анык билбейм. 2 күндөн кийин дарыгерлер «баланын ичин ачышыбыз керек, макулдугуӊарды ырастап, тил кат жазып бергиле» дешти. Жолдошум экөөбүз макул деп кол коюп бердик. Ичин ачса ичегилери төрөлгөндө эле жабышып төрөлүп (спайка), чыкпай жаткан заӊ, газ ичин көптүрүп жаткан экен. Врачтар «балаӊдын жашап кетерине кепилдик бере албайбыз» дегенде өзүмдү коёрго жер таппай калдым. «Ичке ичегисинин жоон ичегиге чейинки 15 сантиметрдей жери жараксыз болуп калыптыр, аны алып таштап, кайра улайлы десек ичегиси жетпей жатат. Жаш баланыкы 1 жашка чейин өсөт, кийинки операцияда өсүп калган ичегисин туташтырганга аракет кылабыз. Макул десеӊер ичин ачык бойдон таштап, ичегилердин учун ошол тешиктен чыгарып туралы» дешти.
Төрөлгөндөн бери мына ушул көрүнүш. Көтөнүнөн чыкчу заӊ, желдин баары курсагындагы ичеги аркылуу сыртка чыгат. Муну инстинкт аркылуу башкаргандай башкара албайт экен, бала кааласа-каалабаса деле заӊ агып турат. Азыр уулум 1 жаш, 3 айлык болду, организми алсыз болгондуктан гемоглобин көрсөткүчү төмөндөп, оозул болуп жатат. Врачтар «эмчек эмизбей, тамак бер» дешти. Жеген тамагы катуу болуп, ал чыкпай курсактагы тешикти кеӊейтип айрып, канатып жатат.

«ОПЕРАЦИЯНЫ КЫРГЫЗСТАНДА ЭЛЕ ЖАСАЙТ ЭКЕН»
– Кээде Кудайга наалат айтып алып коркуп кетем. Бир ырайым Кудайдан болорун билем, бирок ага себепкер адамдар чыгабы деген үмүттө элге кайрылууну чечтим. Жолдошум курулушта иштейт. Анын тапканы бизди багууга кетет. Балдардын күнүмдүк тамак-ашы, кийим-кечесинен ашпайт. Үйдө иштеген башка киши жок. Жалилдин чоӊ атасы каза болуп калган, а апабыз болсо эжебиздин балдарын багып бошобойт. Кыскасын айтканда, уулубузду дарылатууга такыр мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. Болгон көзгө көрүнгөн жылтыраган буюмдарыбыздын баарын сатып, балабызга операция жасоого жана дарысына жумшадык. Доктурлар жалпысынан 1 жарым миӊ доллар керек дешти. Дагы жакшы, операцияны Кыргызстанда эле жасаса болот экен.
Колум суудан чыкпай, күнүм кечке ушуну менен өтөт. Дакилерди метрлеп алып, курсагына жаап, чыккан заӊын жууйм. Улуу балам да каралбай калат. Бечара иним 12 жашта болсо да баладай болуп ойнобойт, сабактан шашып келип улуу баламды карашып жардам көрсөтөт. Балам экөөбүз жакындарыбызга көйгөй жарата берип өзүм да чүнчүп кеттим.
Мына ушундай арманын айткан жаш келин маӊдайымда ыйлап отурду. «1 жарым миӊ долларды бир түштөнүүгө коротуп койгон акчалуу адамдар толтура, бир кем дүйнө» деп үшкүрүнүп алды. Балким, чын эле бир үй-бүлөнүн багын ача турган зарыккан акча бир март адамдын чөнтөгүнөн чыгып калар деген тилекте Жалилдин тагдырын жарыяладык.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
09.11.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
1,5 мин доллар, чонтоккобу же операциядан кийин дарылагангабы??? Урматуу Айзада Минздравка кайрылып корсонуз, может организуют бесплатную операцию, и бесплатное лечение. Хотя бы крайнем случае сооплата толоону бошотуудан сурансаныз. Вообще то операция бекер болуш керек. Акча только сооплатага и дары дармекке эле керек бобосо.
09.11.2015. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала бечара аябай кыйналыптыр кудайым шыпаасын берсин.биздин чондор ушундайларга жардам беришсе жакшы болмок.
09.11.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Той деп каяктагы алкаштарды аракка тойгузганча акчанарды ушуга окшогон муктаж адамдарга берсенер эки дунуйо бактылуу жашйсынар кыргыздар!Мен дагы ак койнок кийгим келет деген келесоо кызды албагыла Ал кыз ак койноктон эртесин ойлобойт.
09.11.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчаны кандай жол менен которсо болот ошону да жаза кетсенер балким телефон номерин калтырып койсонор. Жардам берчуулор чыгар, Аллах шыпаасын берсин
09.11.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жардам берүүнү каалаган адамдар үчүн:
Алуучунун банкы: ОАО "Оптима Банк"
Алуучунун счету: 41777000416
БИК:109009
Алуучу: Токтобекова Айзада Айылчиевна
Айзаданын телефон номери: 0556285556
09.11.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буйурса баары жакшы болот.
09.11.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо Аллах. Озун жардам береге кор. Азаптан озун куткар момун пенделеринди!!!
09.11.2015. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырайымынды аяба.
09.11.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жана бир ырчы тоюма милион кетти деп журот ошого окшогондор жок дегенде 50минин берсе болотко.
10.11.2015. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыпа берсин.
10.11.2015. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле шайлоодон аябай киреше тапкан ырчылырга да кайрылып коруу керек. Анжелика, Мирбек жб колунда барлар 5-10 мин сом кылып отуруп эле топтоп койчу сумма экен. Суперден сураныч, кайрылуу жасап корнулочу, балким колу ачык бироосу жардам береер
10.11.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле шайлоодо ары жак бери жакка опсуз чачкан депутаттардан бир азамат чыгып, берип койсо ото чон соопчулук болот эле. Боорукер адамдар ото коп, табылат, Кудайым буюрса бул баланын операциясы жасалат .
10.11.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп тукурсо кол болот дейт,телефон номери болсо,жок дегенде 50,100 сомдон бирдик салсак абдан жакшы болмок экен.Ошентсе болот бекен билип телеф жазып коюнуздар.
10.11.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bolotbai3, саламатсызбы!
Комментарийлердин башталышында кабарчыбыз жазып кеткен маалыматтар турат:
Жардам берүүнү каалаган адамдар үчүн:
Алуучунун банкы: ОАО "Оптима Банк"
Алуучунун счету: 41777000416
БИК:109009
Алуучу: Токтобекова Айзада Айылчиевна
Айзаданын телефон номери: 0556285556
10.11.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр телефон номуруна акча салып да чогултса болот го, Супер Инфо Сиздер уюлдук байланыш операторлору менен байланышып ушул нерсени чечип бере аласыздарбы, копчулук жонокой жарандар коп акча бере албаса дагы 100-200 сомдон салып отуруп топтолуп калат эле керектуу сумма
11.11.2015. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим коп тукурсо кол болот дегендей, ким колунан канча келсе которойлу ,жардамыныздарды аябаныздар,сураныч,кайрымдуу болгонго уйронойлух
15.11.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошо номерге эле акча которулса жакшы болмок 50 60 сомдон болсо деле чогултуп бермекпиз.бир жеген.самсы гамбургердин акчасын салсаккоп тукурсо кол болот эле да
19.11.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаратканым жардам бере кор! Жамандык корбогон эр-жигит болот буйруса.
20.11.2015. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар коп тукурсо кол болот дейт 100 сом 1000 сомдон колдон келишинче ар бир адам жардам берсек ошол акча бат эле топтолот номеринерди жазгыла колдон келишинче жардам берели 1000сом болсода
20.11.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар коп тукурсо кол болот дейт баарыбыз биргеликте жардам берсек 100 сом 1000дон чогулуп калат номеринизди жазыныз
27.11.2015. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качанга чейин которсо болот экен?
19.12.2015. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы! тел номерине бирдик салсак, ал кантип каерден алат? билгендер жазып коюнуздарчы. баланс томонку номерге салсак болотпу? рахмат !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо