Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МИГРАНТ, ЖҮГҮӉ ЖЕӉИЛДЕДИБИ?

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунда Евразиялык экономикалык союзга толук кандуу мүчө болгон. Бул уюмга Кыргызстандан башка Орусия, Беларусь, Казакстан жана Армения мүчө. Бул өлкөлөрдүн ортосундагы келишимге ылайык ЕАЭСтин аймагында эмгек мигранттарынын жүрүү жана иштөө тартиби тууралуу бир топ жеӊилдиктер каралган эле. Бүгүнкү күндө ал келишим жүзөгө аштыбы же кагаз бетинде гана калдыбы байкап көрөлү деп чечтик.

ЕАЭСке КИРЕР АЛДЫНДАГЫ УБАДАЛАР
ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн жарандары бири-биринин өлкөсүнө барганда 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрүүгө уруксат берилет. 30 күндөн ашканда каттоого туруу зарыл. Мыйзамдуу түрдө 90 күнгө чейин жүрө алышат, андан ары эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимин түзүү керек. Мигранттар эмгектенүү үчүн уруксат кагазын албастан ишке орношо алышат.

Педагогикалык, юридикалык жана медициналык билими тууралуу дипломдордон тышкаркы Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары тарабынан берилген документтер таанылат. Ал эми мугалим, юрист жана медиктерге квалификациясын тастыктоо үчүн кошумча сынак тапшырууга туура келет.

Мигранттардын өздөрү менен чогуу жашаган балдары ишке орноштурган мамлекеттин мыйзамына ылайык мектепке чейинки мекемелерге барууга, билим алууга шарт түзүлөт.

Пенсиядан башка социалдык камсыз кылуулар көрсөтүлөт. Жалпы эмгек стажы эсептелет.

Мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык «Тез жардам» кызматын өз жарандарына берилчү тартипте жана медициналык камсыздандыруунун бар-жогуна карабастан бекер пайдалануу укугун берет.

Орусияда «кара тизме» көйгөйлөрү жеӊилдетилет (мисалы, мигранттын жубайы өзү иштеп жаткан өлкөнүн жараны болсо, анда ал жана анын балдары, ошондой эле эреже бузуунун жеӊил түрү менен «кара тизмеге» киргендер да тизмеден чыгарылат).


МИГРАНТТАР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Жогорудагы убадалар канчалык деӊгээлде ишке ашканын же ашпаганын мигранттардын өз оозунан угалы деп ЕАЭСтин мүчөсү болгон өлкөлөрдө эмгектенген мекендештерибиздин айрымдарына кайрылдык.

«КӨЙГӨЙЛӨР АЗАЙДЫ»
Жолдубай Мамашарипов,
Орусия, Москва шаары :
– Орусияда 10 жылдан бери ар кандай жумуштарда иштедим, учурда спорт клубда машыктыруучумун. Мурункуга салыштырмалуу мигранттардын көйгөйлөрү азайды. Мисалы, ишке кирүү кыйынчылык туудурбайт жана полиция кызматкерлеринин, жергиликтүү калктын кыргыз жарандарына болгон мамилеси өзгөрө баштады. Мурдагыдай патент алуу, орус тилинен сынак тапшыруу деген жок. Мектептерге жана жогорку окуу жайларына окуу бир аз жеӊилдеди. Жакында Москванын «Киргизия» кинотеатрынын алдында кыргыз ишкерлери үчүн атайын жай берилип жарманке болуп өттү. Анда кыргыз ишкерлери өзүнүн продукцияларын сатууга кеӊири укук алышты. Бирок «кара тизме» деген балакети күчөдү. Айлыктар көтөрүлгөн жок, азык-түлүк да кымбаттап жатат.

«ӨЗГӨРҮҮ ЖОК»
Улан Чойтонбаев, Казакстан, Алматы шаары:
– 8 жылдан бери Алматы шаарында соода кылам. «ЕАЭСке кирдик» деген аты эле болбосо иш жүзүндө эч кандай өзгөрүү жок. Казакстанда иштеп жүрүп «кара тизмеге» кирип калгандар чыга элек, Орусияда иштегендер четинен чыгып жатат. Каттоодо турбай 30 күн жүрүүгө уруксат берилиш керек эле, бирок мурункудай 5 күндүк бойдон турат. Полиция кызматкерлери каттоого турганыӊды, эмгек келишимин текшерүүдө.
Келишим түзүлгөн соӊ Кыргызстандын тиешелүү кызматкерлери анда көрсөтүлгөн шарттардын аткарылышын Казакстандын бийлигинен талап кылышы зарыл. Дагы бир маселе ЕАЭСке киргенче биздин өлкө заманбап лаборатория салышы керек эле. Анысы курулбай, биздин эт менен сүт экспортко чыкпай турат. Андыктан Кыргызстанда мал арзан. Жемиштер Казакстанга сатылып жатат, бирок баасында айырма аз болгондуктан соодагерлерге пайдасы деле аз бойдон калууда.

«ЧЕК АРАДАН ӨТӨ АЛБАЙ АРТКА КАЙТТЫМ»
Мекендештерибиздин арасында ЕАЭСтин мүчөсү болгон соӊ өздөрүнүн «кара тизмеден» чыгарынан үмүт кылгандар көп.Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Орусиянын аймагына кирүүгө 3 жылга тыюу салынып, анын 1,5 жылы өткөн 16 миӊ кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө уруксат берилгенин билдирген эле.
Федералдык миграциялык кызматынын (ФМК) маалыматы боюнча Орусияда миграциялык мыйзамды бузуп иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын саны 200 миӊ адамга жакын. «Кара тизмеге» кирген кыргызстандыктардын саны 80 миӊ кишиге жетет. Адам өзүнүн тизмеде бар-жок экенин ФМКнын сайтынан текшерүүгө болот. Бирок бул жакта да көйгөйлөр жаралып жаткандыгын мекендешибиз Рысбек Абдыразаков билдирди:
– Үй-бүлөм менен 15 жылдан ашуун Орусияда жашап, иштеп жүрдүм. 2 ирет метродон документтеримдин кээ бир жерлери туура эмес болуп полиция кызматкерлерине кармалып айып пул төлөп кутулгам. Бир жарым жыл мурун үй-бүлөм менен Кыргызстанга келгем. Кайра кетели десек, келинчегим экөөбүз теӊ «кара тизмеге» кирип калыптырбыз. Келинчегим аты-жөнүн алмаштырып, башка паспорт алып кайра кетти. Мен биздин бийликтер убада бергенинен «кара тизмеден» чыгышымды күтүп жаткам. ФМКнын сайтынан карап бир ай мурун чыкканымды билдим. Ош шаарындагы аэропортко барып «ФМКнын сайтын текшердим. Силер Орусиянын чек ара кызматынан «кара тизмеден» чыккан-чыкпаганымды билип бере аласыӊарбы?» десем, «бизде алардын так маалыматы жок» деп коюшкан. Анан балам Москвада окучу эле, аны алып жеӊил унаам менен Орусияга барайын деп жолго чыккам. Тилекке каршы, Орусияга кирерде чек ара кызматкерлери «сиз «кара тизмеде» экенсиз. 8 айдан кийин чыгасыз» деп киргизбей коюшту. Айла жок кайра артка кайттым. Тиешелүү кызматтардын жеткиликтүү маалымат бербегенинен жөн жерден чыгаша болдум. 6 миӊ чакырым жол жүрүп бензинге акча кетти. Аялым кош бойлуу болчу, мен Орусияга бара албай калгандыктан, ал кайра келиши керек болуп жатат.

«БОЛГОНУ БАЖЫ ТОСКООЛДУКТАРЫ АЛЫНДЫ»
Андан соӊ Мамлекеттик чек ара кызматынын көзөмөл башкармалыгынын башчысы Бакыт Жылтыровдон мигранттын көйгөйлөрүнө жооп алдык:
– ЕАЭСке киргенде бажы тоскоолдуктары гана алынды. Көпчүлүк карапайым адамдар чек аралар да ачылат деген жаӊылыш ойдо экен. Мурда кандай болсо ошондой эле документтер, унаалар текшерилет. Мындан тышкары азыр товарлардын агымын аныктоо үчүн жүктөрдүн ээлери талон толтуруп жатышат. Бул болгону 5-10 мүнөт убакытты талап кылат. Биз аны салык органдарына жиберебиз.
«Кара тизмеден» чыгып, бирок чек ара кызматынын тизмесинен өчүрүлө элек фактылар көп. Мунун себеби Орусиянын аймагы чоӊ болгондуктан ФМКнын жиберген маалыматын чек ара кызматындагылардын базасына жеткирүү үчүн болжол менен 1 жарым айдай убакыт сарпталып жатат.
Кыргызстан ЕАЭСке кирер алдындагы берилген убадалардын айрымдары эмне себептен дале иш жүзүнө ашпай жаткандыгын билүү максатында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине байланышканыбызда алар жооп берүүдөн баш тартышты.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН

  • Кыргыз жарандары ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн ичинен көбүнчө Орусия жана Казакстанга иш издеп барышат. Учурда Орусияда расмий түрдө 520 миӊге чукул, Казакстанда 80 миӊдей мекендештерибиз иштеп жүрүшөт.
  • Миграциялык мыйзамдарды бузган Кыргызстандын жарандарына ушул жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгууга жана кайра кирүүгө уруксат берилген. Бул «мунапысты» 30 миӊ мекендешибиз гана колдонуп, «кара тизмеден» чыгууга үлгүрүшкөн. Бул жылы Орусиядагы мекендештерибиздин Кыргызстанга акча которуусу өткөн жылга салыштырмалуу 28 пайызга төмөндөдү.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(51)
09.11.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Beweneden okwoit. Maktanbain Kudaga wugur men Moskvada ele jurom. Police kyzmatkerleri tekweret. Kaira bat ele kouyp jiberiwuudo. Koz tiibesin rahmat mamleketke uwundai iw 4aara jurguzup jatkanyna.
09.11.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш кыргыз дагы алданды окшойт (((
09.11.2015. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Казакстанда иштейбиз ,томожный союз деген эле аты болбосо эч бир пайдасы тийген жок милиция кармаса 10мин тенге сурайт пропискан болсо деле карабайт департ кылабыз дейт,налоговый базарда иштегендерге кун бербейт кассовый опарат ачкыла деп ачайын десен толька казактарга гана ачылат экен биз базарда иштегенге болбойт дейт томожный союзга кирдикко патент ачып иштесек болбойбу десек жок андай закон чыкан жок дейт эми не пайдасы тийгенин тушунгон чыгарсыздар туугандар,союзга кошулган бир тыйын болду!
09.11.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барибир эле кыргыздарды карман кетип жатпайбы
09.11.2015. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
москвада иштейм разрешение на работага 42000акча толойт элем азыр трудовой договорду ишкана жасап берди бекер
10.11.2015. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эң жакшы эле шарт түзүлдү бизге. Мурдагыдай патент, экзамен разрищение на работу деген жок. Регицтрация эле. Дагы эмне керек бизге? туура менттер кармайт, эгер документтериң жайында болсо коюп жиберет. Өзбек, тажиктерге караганда кыргыздардын абройуда, айлыгыда көп.
10.11.2015. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
фмс сайты тура малымат берет бекен бир текшерсем бар дейт кийн жок дейт тушнбодум эч
10.11.2015. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
озбек,тажиктер кыргыз паспортко камынып жатышат
10.11.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
урматтуу мекендештер.кайда болсонор да ошол жердин тутун татып, нанын жегенден кийин мыйзамдарын да сыйлап журсонор. газеталардан зордуктаган, тоногон кыргыз кармалды десе уяласын. комментарийге туура жазсанар.окуп коруп жургон создорду эле туура жазбайсынар. орус тилинен сынакты жок кылбаш керек эле. бул дагы сабаттуулукка, алдыга карай умтулууга болмок
12.11.2015. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mendi, Туура айтасын, бирок озунда туура жазсан болмок экен. Сынчынын сынаар отугу майрык болбой.
10.11.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э орустар алдап коюшат экен иштетип айлыгын бербйт,алалбай жургондор канча
10.11.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кагаз жузундо эмес, иш жузундо иштесе гана элге пайдасы тиет,иш жузуно ашыргыла- окмот адамдары.
10.11.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара тизмеде болуп туруп 1 ноябрьга чейин чыгып кирип алса болот беле? Ошондой кылгандар бар бекен
10.11.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кандайча орус тилден эгзамен жок деп атасынар мен кечээ эле тапшырдымго 7500го
10.11.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз озубуз аябай томонбуз,билим жагынан,озун алып журуу жагынан,ошон учун дагы россияндардын бизге болгон отношениеси жакшы эмес, требовать эткенди да билбейбиз
10.11.2015. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин синдим 30-октябрьда чыгып, 3-ноябрьда кирди. Эч кандай проблема болгон жок. Буга чейин документтери таза эмес болчу.3 айдын ичинде регистрация кыласын дептир. Мамлекетке Рахмат. Былтыр разрешение на работу деп канча убактыбыз, канча акчабыз кетчи эле азыр кыйла женил болуп калды. Билбейм кимдерге эле ал женилдиктер сезилбей жатат. Документтеринерди убагында жасатып, тууралап, озунорду туура, туз алып журсонор эч кандай проблема болбошу керек.
10.11.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде базарга озун точка ачып иштесен да боло турган болуп калды..озунун атында дегеним..анан проблемалар бар,конечно оздору документ боюнча жакшы жургон эместер кыйналып эле атышат..Айтор ким жашоого кызыксыз караса жашоо да ал адамга бейкапар карайт деген ойдомун!!
10.11.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялым фамилия атын озгорттуп башка паспорт алды дейт го.закондо жок нерсени айттыго же бизде конумуш нерсеби
11.11.2015. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nuria.2015,...... жок бул закондуу турдо эмес ..... негизи Ф.И.О озгорткондо баарибир кара тизмеден чыгы каласын..... ошончун пара берип ОМСти озгортуп анан таптакыр башка адам болуп чек арадан отуп кетсен болот ....... мындайды коооп адамдар кылат.....
13.11.2015. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nuria.2015,Кыргызстандын мыйзамы менен кааласаң атыңды дагы, фамилияңды дагы өзгөрткөнгө уруксат берет.
10.11.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кара тизмеден 1жыл 6 айдан кийин чыгасынар дебеди беле ! 3 жылдыктар эмне учун чыгарышпай жатышат ушуну уточните Супер инфо
11.11.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jalbirak90, cаламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүп маалымат алсаңыз болот:
http://www.super.kg/kabar/news/120799/
11.11.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, садаматсыздарбы рвп, витно жителство боюнча дагы маалымат берип коёзусдарбы. Россияда ошол боюнча кыйынчылыктар болуп жатат. Мурун жасаткандар бар эле эми ара жолдо калышты, салык чоон суммада болуп кетти? Алдын ала ыракмат.
27.09.2016. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,Саламатсызбы 1 жылдык келишим түгөнгөндөн кийин узартса болобу ,же сөзсүз РФ тен кирди чыкты кылыш керекби
11.11.2015. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кара тизме канча адам кыйналууда. Эмне учун Армения Беларусь олколорунун жарандарына кара тизме жок. Кыргызстанга эмне учун бар? Кара тизме кун санап кобоюп атат. Кирип чыгып алгыла дегенине ишенип канча адам россиядан чыгып кайра кире албай жатат.
11.11.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай озгоруу жок текшеруу кучуно кирди.
11.11.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон озгоруу болду Ажого рахмат жана ЕАЭС киргенге документерине жардам бергендерге чон ыраазычылык ,ар ким ар нерсе деп коментарий калтырып жатат бирок коншу мамлекеттерге салыштырмалуу биздикилерге иштегенге Россияда жургонгондорго ото чон жардам болду келгенде регистрадцияга турасын иштеп журо бересин коншуларга рег-я,патент,квитанция менен ар айда же уч айда коюлган адрестин кожоюну менен миграционный службада журушот .Дагы деле кээ бир ХХХ нааразы.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-12 10:11:02
12.11.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Drogba, кемсинтүүдөн алыс болууну сунуштайм!
12.11.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен москвага келгениме 2 ай болду биток 1,5 ай убакыт откондон кийин полиция кармап алып сен регистрация кылбаптырсын деп жон жерден эле соттоп штраф жазып берип коюшту!!! регистрация бар болчу
12.11.2015. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eldos_kg, полиция дегендер карышкыр болот, эптеп сенден акча алмай. А сен болсо регистрациян болсо да оозунду ачып карышкырларга жем болупсун.
14.11.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eldos_kg,
Балким сенин регистрацияны базага киргизбегендир. Регистрация кыласын, бирок алар аны базага киргизбей да калган учурлары бар.
12.11.2015. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
putin eptep maksatyna jetti eldin ele woru atambaev da ozu wok bolup oturgan chygar
12.11.2015. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх туугандар кай жерде болсонор да Аман болгулачы деги
12.11.2015. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айрыкча Россияда иштегендер колдоп өлдүңөр эле го,кайра баары кымбаттайт артка кетебиз десе минус басып,качан кошулабыз эле качан кошулабыз деп!(((
12.11.2015. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен Москвадамын милициялар кармаса бат эле коеберет ишке кируу оной эмес 2 айдан бери иш издейм жок чыгат болбогон айлыкка ал айлыкка кун коросун мусулманбызда шугур кылабыз
Ушу менсиреген чондор качан ондойсунар абалды силерге ишенген биз акмак силер эч качан элдин абалын тушунбойсунор силерде журок жок алкым бар орустун колунда иштечи анан кором мен озумон кийинки бплдарыма биздин убактагы чондор адам эмес эле дейм дагы чон деп койобуз силер пассынар ушунчалык нааразымын силерге
13.11.2015. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maratik.0708, рублдун курсу сомдой элего азыр. Орусияда кризис болуп жатса мигрант эмес орустар жумуштан бошоп, издесе дагы жумуш таппай жүргөндүр. Кыргызстанда эбин таап иштеп, бутка туруп, керек болсо жумушчу орундарын түзгөндөр бар.Кыргызстандан деле аракет кыдбайсыңарбы баарыңар болбосо дагы кара тизмеге кирип кайра бара алюагандар.
12.11.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кара тизме жадатты, кара тизмеге тушконумо 1 жыл болду бирок кете елекмин миграционныйлар кармап алса депорт кылабы же камап койобу билбейм
13.11.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жумушка официальный трудовой менен кирдим.Бирок трудовой книжка ачып бергиле десем болбойт дешутатко
15.11.2015. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эээ эмне учун жалган суйлойсунор. мен Москва шаарында канчадан бери жашаймын эч качан женилдик жок таза документи балдарды да департ кылып жатат мен оз козум менен кордунго, мен ойлодум бизге виза жакшы болчу такыр каршымын ЕАЭС пайдасы жок нерсе. Жоолдубай аке мен ошол Киргизии деген кинотеатрдын жанында жашаймын эч Кандай кыргызча нерсе и сатык болгон жок. Какрас ошол новогиреево метродо жайгашкан ошол метродо 89адамды он жылга департ кылды мен ошол жерден чыктым, себеби менин аялым РФ болчу
kalysbek.89 түзөттү 2015-11-15 02:20:12
15.11.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менинда документим таза болчу эч Кандай женилдик жок ишенбегиле кыргыз элим жалган нерсе. Неге кошулду билбедим пайдасы жок нерсе ЕАЭС. Миграцияга женил дейт женил эмес а айтсынчы мамлекеттин казынасына зыян болуп жатат наборот кыргызстанды дайыма алдайт. Биздин окмот башындагы адамдарга айтар элем башынарды Бир аз иштетип иш кылгылачы деп сураныч селер келечеке кадам таштап жатасынар. Озунорду ойлобосонорда элди жерди Бир ойлоп койгулачы. Бакиевтин мезгилинде зынк болчу жаль ошол киши кетти.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо