БЕК ИСРАИЛОВДУН МИЛЛИОН СОМДУК ТОЮ

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

Күз мезгили үйлөнүү тойлорго бай болот эмеспи. Бул күздө үйлөнүүгө жетишип калайын деп чуркаган дагы бир эстрада жылдызы, «Жаӊы толкун-2012» сынагынын катышуучусу Бек Исраилов 4-ноябрь күнү сүйүктүүсү Айжаркынга элдин батасын алып үйлөндү. Анда ырчынын үлпөт тоюнан эксклюзивдүү репортажга көз жүгүртүӊүз.

Блиц-маек
– Куш боо бек болсун, Бек , Айжаркын! Тоюӊар өзгөчө өттү, айтсаӊар, мындай той өткөрүү идеясы кимге таандык?
Бек:
– Рахмат, өзгөчө той өткөрүү менин каалоом. Мурунтан эле адаттагы тойлорго окшошпогон, европалыктардыкындай башкача үлпөт той өткөргүм келчү. Ата-энем «бул нерсеӊ элге жагабы?» деп күмөн санашты, аларга ишенимдүү эле «жагат» деп койгом. Тойго келген элдин маанайынан баарына жакканын көрүп кубанычта болуп турам. Өзүмө да абдан жакты.
– Бирок мындай тойду ата-энеӊдин каржылоосусуз өткөрүү мүмкүн болбосо керек, сыр болбосо тойго канча акча сарптадыӊ?
Б.:
– Албетте, ата-энем жардамга келди. Былтыр кыштан бери өзүм чыгармачылыкты токтотуп коюп, клип тарттырбай жүргөн акчамды да коштум. Каржы жагын көбү сыр деп айтышпайт го, биздикине миллион сомдой кетип калды окшойт.
– Айжаркын, Бекти өмүрлүк жолдоштукка тандооӊо эмне себеп болду?
Айжаркын:
– Бекти сүйгөндөн мурун да, абдан сыйлайм. Талантын сыйлайм. Экөөбүз 4 жыл кыз-жигит болуп жүрүп бири-бирибизди жакшы эле сынадык. Аягында үй-бүлө курууну чечтик. Кыздарда турмушка чыгарда «ушул адамга чыксамбы же чыкпасамбы?» деген кооптонуу болот эмеспи, мен ишенимдүү эле Бекти тандадым. Анткени Бек мени бактылуу кыла алат.
– Тойго кол кабыш кылдыӊбы?
А.:
– Ооба, шоу-программаны чогуу уюштурдук. Торт тандоодо, залдын жасалгалоосуна да өз жардамымды коштум.
– Кармашкан колуӊар үзүлбөсүн, бактылуу болгула!

Той башталары менен минтип созулган ак көйнөкчөн Айжаркынды атасы жетелеп келип күйөө баласы Бекке тапшырды.

Нике шакек тагылып, Бек менен Айжаркындын никеси мыйзамдуу деп жар салынды. Зал толо ышкырык-сүрөөн астында эки жаш колдоруна нике күбөлүктөрүн кармашты.

Жүз жылдык куда-кудагыйлар, (солдон оӊго) Бектин атасы обончу Жолдошбек Исраилов, кайненеси ырчы Чолпон Алсеитова, апасы акын Гүлмира Рыспаева жана кайнатасы композитор Аскар Карыбаев. Чыгармачыл үй-бүлөдөн куралган эки жаштын тоюн көрүп ата-энелер чексиз бактылуу.

Жаш жубайлардын өкүл атасы Мирбек Атабеков «Жаным» аттуу ырын музыканттардын коштоосунда жандуу ырдап, бул учурда эки жаш ак бийге түштү.

Мындай тойлордо атактуулар «селфилдешпесе» инстаграмдагы окурмандары таарынат сыягы.

«Биринчи жолу өкүл ата болдум» деп кубанган Мирбек Атабеков келинчеги Мээрим АКШда экенин айтып, жакында наристелүү болорун сүйүнчүлөдү.

Анжеликанын «Бактылуумун» деген ырын Бек кошулуп ырдап жубайына күтүүсүз сюрприз тартуулады.

Эки жаштын тоюнда биз көнүп калган үйлөнүү тойлордогу жар-жар ыры, тортту аукционго коюу деген жөрөлгөлөр болгон жок.

Айжаркын гүл ыргытып күйөөгө чыккысы келген кыздарды абдан кубантты. Тамада Кубат Кубанычбеков «колуктунун гүлдестеси бир эле кыздын багын ачпай, баарыӊардыкын ачсын» деп гүл менен ар бир кызды чапкылап тамашага да салып өттү.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Ырчы Бек Исраилов үйлөндү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(81)
10.11.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматуу форумчулар Алина Жетигенова, Райхан Абдувалиева булар биздин сыймыгыбыз болушу керек, буларды кимдер гана тааныбайт, бул ырчылардын ырлары менен чонойгонбуз, булардай ырчы азыр жокко эсе. Так что кичине болсо да сыйласанар
10.11.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун!ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-10 12:34:05
10.11.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abaeva-1987, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
10.11.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала жасалмадай...Куйоо баланын досундай шыпылдайт го....жакшы корунбойт экен
10.11.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
10.11.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Откон аптада эле тойдогу чыгымдарды азайтуу боюнча макала чыкты эле. Бек миллионду чачпай эле сарамжалдуу той кылып улгу корсотсо болмок. Ошончо каражатты бир кундо чачпай андан коро эки жаш там менен машина сатып алып же бир чакан бизнес ачып алышса жакшы болмок. Ата-энеси омур бою чогулткан акча бир кундо сапырылып жок болду. Мына ушинте берсек анан качан кыргыз онолот. Эми дагы бир ырчы Бектен мен кем бекем деп андан ашырып 2 миллионго той откорот. А так келинчеги очеровашка экен.Ото суйкумдуу.Койногу дагы бир 200-300 долларды чапчыйт го дейм. Азыр ушундай койноктор мода го. Жалтыр-малтыры жок,жонокой,бирок кымбат. Бактылуу болсун. Бек ото эле аржай экен,скромныйраак болсо болмок эркек деген.
Bereke10 түзөттү 2015-11-10 13:45:53
10.11.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бек деген ырчыны биринчи жолу корушум бактылуу болгулаа
10.11.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Класс мага жакты.Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
10.11.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Европеец болом дегенго Бек,кантседа бактылуу болушсун
10.11.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир миллиондун жуз минине той откоруп калганын майыптарга жетимдерге берсен болмок Же кечее супер инфого ыйлап жардам сурап бир жарым мин доллар керек деп кайрылган балалуу келинге жардам бергенинде жаш наристе айыкмак Мына ошондо ОЗГОЧО ТОЙ кылдым деп мактансан болот Миллионду тойго коротуп даана ким экенинерди корсотупсунор.
Медиа-портал
10.11.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу уй-булолор кобойо берсин кыргыз элимде!
10.11.2015. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
да уж сындайт десе эле
11.11.2015. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
билбейм эмнесине миллион кеткен (балким, 70%ти калымга жумшалгандыр) обычныйле кыргыздын тою, ресторан, тамада, жар-жар ыры, шакек салуу аземи, кударалдын созу, ырчылар, шааншокот бий - стандарт. Айжаркындын атасы айткандай-кызымды ээрчитип келип куйоо балама бердим деди, болду ошол эле евростиль....Негизи, акча чачмайды токтотуш керек десе, улам кучойбузда миллион коротуп тойлорго... кантседа, эки жаш бактылуу болушсун...
11.11.2015. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
подружкасынын чачы мощная химия экен :-)))
11.11.2015. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирбек Атабековдун биринчи жолу окул ата болушуна тан калдым, анын уже 10дон ашкан окул балдары бар экен деп ойлогом...
11.11.2015. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Той соонун болуптур. Эки жаш тартынбай оздорун ээн эркин алып журушуптур.
SUPER.KG видео
11.11.2015. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми тойдо экоо тайрандап бийлебей эле койсо болмок.кийин деле бийлеп жетишмек.ар Ким ОЗУ менее озуго
11.11.2015. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurgiz91, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
11.11.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун. Акча бул жон эле идеа акча колдун кири келет кетет. Жакшы коз ирмемдер калды зато . Ким акчаны жогутудан корксо омурбою коркуп отот кээдей болуп. Миллион ду табып жоготкон адам кайра эле жон таап алат. Той мага абдан жакты.
12.11.2015. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ешекке жабуу жапсан деле ешек бойдон калат. Анынсынары той Европа стилинде отобу же башка стилде отобу баары бир кыргызсын. Тойго келген чыгармачылыктан алыс адамдар концерт коргондой еле болсо керек.Той болот тойдун ертеси да болот дегендей ушунча Каражатты актаган башкаларга улгу боло турган уй булолордон болгула. Бар болгула бай болгула,куш боонор бек болсун Эми.
16.11.2015. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lenovo820,башын антип эшек менен деле баштабай койбойсуңбу, анан аягында бар болгула, бай бойгула дегениң кандай?
Медиа-портал
12.11.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бек жана Айжаркын куш боонор бек болсун.Бактылуу жаш-жубайлардан болгула.
Медиа-портал
12.11.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактылуу болушсун .
Медиа-портал
12.11.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин дагы улпот тоюм болсо гооооо.
Медиа-портал
12.11.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Миллион сом кеткенине ишенген жокмун дасторкондон корунуп турат го канча кеткени.
15.11.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси озгочо?кайдагы миллион сом ?
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-17 12:03:57
15.11.2015. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмнеси озгочо?кайдагы миллион сом доорубосунчу
15.11.2015. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
15.11.2015. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эй тооба антишсе болмок мынтишсе болмок дегендер оздору нени кыйратып атышат дейм да
19.11.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Миллиондук той коргонум жок бул жерден..апыртма.
06.12.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Невеста кичине скромныйраак болсо болмок
Медиа-портал
03.03.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылууу болгула
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо