БЕКТЕМИР ТОЙ ӨТКӨРҮҮНҮН ОРДУНА САЯКАТТООНУ ТАНДАДЫ

№679 6-ноябрь-12-ноябрь, 2015-ж

Апрель айында «Салам, Нью-Йорк!» тасмасынын башкы каарманы, актёр Бектемир Мамаюсупов сүйүктүүсү Мунарага баш кошконун жазганбыз. Анда эки жаш кыз узатуу тоюн өткөрүп, элден бата алышкан болчу. Заманбап тойду өткөрүүнүн ордуна жан шериктер Түркияга барып бал айын өткөрүп келишкенин угуп, актёрду кепке тарттык.

– Бектемир, заманбап тойдун ордуна саякатты тандап алыпсың...
– Мен кыз узатуу тойго да каршы элем. Кыргыздын каада-салты менен ата-энесинин колунан алып кетейин дегем. Бирок Мунара улуу кызы болгондуктан той беришкен. Ысырапкорчулукту жактырбайм, ошондуктан той өткөрчү акчага Түркияга барып саякаттап келдик.
– Бирок өмүрүңдө бир жолу үйлөнөсүң, той өткөрүш керек деген жаштар да бар...
– Той өткөрүү – бул баш оору. Көптөр жылдап чогулткан акчасын 1 күндө коротуп отуруп калышат. Тойго 10 миң доллардан 30 миң долларга чейин акча каражаты кетет. Ошол акчага жер тилкесин, унаа сатып алып кийинки жашоону ойлош керек да. Эң негизгиси жубайлар бактылуу болуп кетиши керек.
– Кандай эс алдыңар?
– Түркиянын Шанлыурфа, Стамбул шаарларында болдук. Ал жакта досторубузга жолугуп конок болдук. Стамбулга 1998-жылы комуз ойноп фестивалга барганда бир үй-бүлөнүн үйүндө жүргөн элем. Ошол үй-бүлө менен телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз. 18 жылдан кийин кайрадан аларга жолуктум. Алар бизди тосуп алып мейманканабызга чейин төлөп беришти. Кыскасы, жаңы эмоциялар, жаңы жерлер. Той өткөргөндө акчаны сапырып отуруп калмакпыз.
– Мейманканага чейин төлөп беришсе, анда сарамжалдуу саякат болгон экен?
– Ооба. Билетке 1000 доллар, басып-турганыбызга 1500 доллар кетти. Ошол акча кийим-кече алганга да жетти. Той менен эч нерсени даңазалай албайсың. Анын ордуна бизге окшоп саякаттап сарамжалдуу болуш керек.
– Рахмат, бактылуу болгула!

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(24)
09.11.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Туптуура толугу менен кошулам.Эмне кереги бар коп акча коротуп эртеси ал каражатты ордуна коюу керек деп иштейсин.Бизде бал айы деген тушунук жок.Эн башкысы бактылуу болушсун.Шоу бизнестегилер тойлорун концерт сыяктуу откозуп калышпадыбы.Сарамжалдуу уй було деп ушуну айт.
09.11.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
koldoym....
09.11.2015. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менда колдоймун.Той кылып тойдун эртеси карыз толоп жургондор толтура, ошол чон тойдун ордуна уй же жер сатып алышса келечегине жакшы болот эле
16.11.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altyshka_23,туура айтасың.Жакында радиодон "ресторанда той өткөргөн кээ бир адамдар, тойдун аягында ресторанга төлөөгө акчасы жетпей калып, бир кишини залогго калтырып кеткен учурлар да болот" дегенди угуп калдым.Ушинтип башкаларды туурап той беребиз деп, бекер эле акчасын чача бербестен, жаштарга чакан той өткөрүп, калган акчасына жаштарга керектүү нерсе алып берсе кандай сонун болмок. Азаматсыңар Бектемир+Мунара, жер көрүп, эл көрүп келген көбүрөөк эсте калса керек
09.11.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ото чон той эмес,уйлонуу улпот тойду чакан кылып,закска чыгып,белгилеген жакшы,ак койнок кийип,закска чыкпадым деп окунгондор да толтура!
16.11.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurzada78,закска чыкпадым деген кандай,мааниси түшүнүксүз го
09.11.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кошулам
09.11.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун!!! Туура ойлошкон, бактылуулук силерге...
09.11.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң туура,азаматтар,кошулам...
09.11.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Туптуура кылышыптыр. Бир Америкалык киши бизге лекция окуп жатып кыргыздардын уйлонуу тойу жонундо соз болуп калды Ал кыргыздар Россияга же башка жака барып иштейсинер анан келип ошончо жыл иштеген акчаларын тойго коротушат анан кийит кийип эт жеп ата энелер жыргайт бирок алар билишпейт кандай кыйынчылык менен ошол акчаны таап келишти . Кээ бир ата энелер кредит алып свадьба беришет аны тологон учурда эки жаш сен кылдын мен кылдым деп отуруп ажырашып кетишет деп айтса оозум ачылып калса болобу
09.11.2015. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эн туура жуз пайыз кошулам той болот тойдун эртеси болот дегендей азамат акылына береке тойго сарптаган акчага уй же керектуу нерсеге жумшоо жакшыго
09.11.2015. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элдер не дейт уят деген закон менен той болуп кетет.Элдер барибир соз кылат.Тойдо отуруп Банан жейт элем бул ананас коюптур дегендей.Молодец брат бактылуу болгула,ийгилик.
09.11.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец ушундай жигиттер жагат да,жигит болсон шок бол шок ьолбосон жок бол дегендей жооп бериптир.
10.11.2015. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
кыргыздын салтында барбы анан келин куйоо чет жака барып эс алып келген
10.11.2015. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Молодцы! Кыргыздын жаштары акылдуу болуп бара жатканына ичим жылыды
10.11.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мына (орусча айтканда-наконец-то)жакшы жышаандын-көч башы,аябай жакшы, керектүү маалымат,силер үчүн кубанычтамын,бактылуу болгула, балалуу болгула!!
10.11.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daa en tuura barakelde! men da sizge koshulam i koldoim! baktyluu bolunuzdar!!!
10.11.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин той ошондой болду. Азыраак киши чакырып, кундузу эле. Ак койнок, кортеж жок. Ашып барса 90 мин сом кетти баш-аягы. Тойдон кийин Туркияга, Кипрге эс алып келдик. Кредит алып, же карызга батпай эле, жылдап тапкан акчаны бир кундо чачпай эле откордук.
11.11.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула! !!Эн сонун, мына ушинтип эле ойлонуп,уйлонушсо болотго жаштар.Созсуз элге корунуп ашыкча ысырап кылып той бербей, ошол ысыпаптында жообун беришти ойлош керек.
11.11.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болушсун. Арким озу каалагандай кылатта. Бирок саякат кылган дары жакты. Келечегин ойлогон бала экен турмуштун ысык суугун тартканы корунуп турат.
11.11.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
11.11.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
11.11.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
14.11.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka baktyluu bol, doske.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо