Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ынак Осмоналиев, ырчы: «БУЛ МЕНИН АКЫРКЫ ИНТЕРВЬЮМ»

№680 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж

«Аппак кар», «Мумия дарыӊ жок беле?» аттуу ырлары менен элдин эсинде жүргөн Ынак Осмоналиевден интервью алалы десек, борбордон Кара-Балта шаарына көчүп кеткендигин айтты. Аны менен маектешүү үчүн ырчынын үйүн көздөй сапар тарттым. Жолугушчу жерден мени сакал койгон, көз айнекчен мырза күтүп алды. Ырчынын эмне үчүн чыгармачылыктан оолактап, дин жолуна түшкөнү тууралуу баарлаштык.

– Ынак мырза, 2010-жылы автокырсыкка кабылып, жаракат алдыӊыз эле. Азыр ден соолугуӊуз жакшыбы?
– Өзүӊ көрүп тургандай, Кудайга шүгүр, ден соолугум жакшы. 2010-жылы автокырсыкка кабылганым көпчүлүккө маалым. Башында жамбашымдын оорусуна маани бербей, эти жанчылып калса керек деп жүрө бергем. Көрсө, кашка жилик менен жамбаштын ашташкан жериндеги суюктук калбай, кашка жиликтин башындагы кемирчек жешилип калыптыр. 8 ай ооруп доктурлар мага коксартроз, остеопороз деген диагноз коюп, төрт жолу операция жасаттым.
– Кара-Балтага көчүп келишиӊизге эмне түрткү болду? Шаардын ызы-чуусунан тажадыӊызбы?
– Кыздарым таенесинин колунда окуп калгандыктан кайра-кайра мектеп которо бербейли деп ушул жакта жашап жатабыз. Азырынча шаарда же бул жакта туруктуу жашап калабыз деп айта албайм. Бирок шаарга барсам көчөдөгү тыгындан, ызы-чуудан кадимкидей чарчап, кеткенче шашам. Бул жерде үй-бүлөм менен соода-сатык кылабыз.
– Үй-бүлөӊүздө эмне жаӊылык бар? «Уулдуу болмоюнча жубайымды төрөтө берем» деп айтканыӊыз бар эле...
(Күлүп) Кудайга үнүм жетип, ушул жылдын 1-июлунда уулдуу болдум. Чоӊ атасы атын Мухаммед Али койду.
– Сакал коюп алыпсыз. «Сакалды тим эле койбопсуӊ» дегендер четтен чыкса керек?
– Мурун «эл эмне дейт?» деп элдин ою менен эсептешчүмүн. Ошондон улам да чочуп сакал койбочумун. Азыр менде андай сезим жашабай калды. Мурун ырчылыгым менен сыймыктансам, азыр ушул жүрүшүм менен сыймыктанам.
– Демек, чыгармачылыктан оолактап кеткениӊизге ден соолугуӊуз себепчи эмес экен да?
– Чыгармачылыгыма ден соолугумдун тиешеси жок. Эгерде чын эле ырдагым келип, ынтызар болсом отуруп алып деле ыр жаздырып, клип тарттырып радио-телеге бере бермекмин. Буга чейин ажылык зыярат кылууга барып, Бангладешке 4 ай дааватка чыгып келгенимди жашырып, ачык айтпай келгенмин. Бирде ырдап, кайра жок болуп кетүү жан дүйнөмө туура келбеди. Андыктан Жараткандын ыраазычылыгын алып, анын өкүмү, пайгамбарыбыздын сүннөтү менен жашоону чечтим.
– Берген маектериӊиздин биринде «ырчылык арам эмес» деп айткан экенсиз...
– Ооба, бир күнү илимдүү дин аалымы менен сүйлөшүп отуруп, ал «Пайгамбар өзүнүн акыны Хасан Ибн Сабитке чепкенин белек кылган, ырчылык арам эмес» деп айткан болчу. Ал сөздү балким туура эмес түшүнүп алсам керек, ошондой деп айтып алгам. Кийин өзүм дин тууралуу маалымат алдым. Кыскача айтканда, ырчылардын концерти кеч киргенде башталат. Концертке айрым жаштар спирт ичимдиктерин ичип, кечеден чыккандан кийин мушташып, сауна-мейманканаларга барышы мүмкүн. Андан сырткары миӊдеген билеттерди тааныштар аркылуу мажбурлап сатууга туура келет. Бирөөнүн маӊдай тери менен тапкан акчага жан багуу арам да. Ал сөзүм үчүн Кудайдан, дин мээнетин кылып жүргөн адамдардан кечирим сурайм.
– Эски өнөр эске түшүп кайрыктар, саптар келип кетсе керек?
– Сүйүктүү кесибиӊди бир заматта таштап коюу оор. Кээде ырдагыӊ келет, сахнада жүргөн күндөрдү сагынасыӊ. Бирок мен мунун баарын курман кылып, бир тараптуу жашоону тандадым.
– Автобиографиялык тасма тартсаӊыз, ага башыӊыздан өткөн кандай окуялар камтылмак?
– Убагында бейбаштык кылып СИЗОдо 4 ай отурган күндөрүм болду. Ырчы болуп, элге таанылсам деп тилек кылчумун, ага да жеттим. Ырчылыктын аркасы менен жакшы-жаман күндөрдү башымдан өткөрдүм. Эгер мүмкүнчүлүгүм болсо, башымдан өткөн күндөрүмдү камтыган тасма тартмакмын.
– Телефондон сүйлөшкөндө радио-теледен ыр, клиптеримди алдырам деп айттыӊыз...
– «Супер-Инфо» гезити убагында чыгармачылыгыма колдоо көрсөткөн. Ошондуктан маек бербейм деп койсом текеберчилик кылган болмокмун. Бул менин чыгармачылык тууралуу акыркы берген интервьюм. Гезиттен макаланы окуган жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер менден интервью алабыз деп убара болушпасын. Жакында Индияга дааватка кетип жатам. Жолго чыгардан мурун радио-теледен клиптеримдин бардыгын алдырып кетем.
– Маегиӊиз үчүн рахмат! Максаттарыӊыз орундалсын.

"Үй-бүлөм менен намаз окуйбуз, жайкы каникулда кыздарым медреседе окушту".

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(60)
16.11.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мага жаштардын ото эле динге берилгени жакпайт. Бул ото коркунучтуу. Алгач динге берилет анан фанат болот анан бир жолу Аллах учун деп турдуу уюумдарга кошулуп анан Жихадга кошулуп башташат жаштар. Андан коро илгеркидей эле 60-70 тен ашканда дин жолуна тушушсо жакшы болмок. Дин жолуна тушпой эле ичпей-чекпей жакшы журсо болот да.Туура жол дин аркылуу эле эмес, адамдын ан-сезиминин,журогунун таза болуусунда деп ойлойм. Динди тандагандын баары эле таза эмес болуп жатпайбы.
16.11.2015. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Bereke10,Кошулам Диндин аркасынан адам болом деп жаман жолго тушуп жатышат. Озубуздун эле салтыбыз менен журсок дейм. Идиология дегенди тушунуп каада салт идиология менен деле жан дуйнону байытса болот. Динди карманып бир тараптуу болуп билими дагы чектелип дин жонундо гана тушунугу бар. ар тараптан билим алыш керек.
16.11.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
oscar,сага ким айтты дин жолундагы адамдар акылсыз , же бир тараптуу болуп калат деп !!! Диндар адамдарбыздын саны 1 500 000 000 дон ашуун , ушунун баары акылсыз ,акыл эси коронгу адамдарбы анда ? Анан да " идиология " эмес идеология болуп жазылат !!!
16.11.2015. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Bereke10,сага ким гарантия берет 60-70 жаш жашайсын деп , бир секундда эмне кутуп турганы белгисиз бизди .
16.11.2015. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Bereke10, ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ билип кой бир тууганым Дин намаз баардык адамдын парзы сен кааласан калабасан окуйсун биз милдеттуубуз ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-17 10:52:52
17.11.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiutbekov1989, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
17.11.2015. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Bereke10,сиз 60 70 жашка чыкканда окуса жетишет дейсиз эртенки кундун эмне болоорун кудай антип айтбаныз адашасыз!!!
17.11.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bereke10, 60-70 жашка жетпей отуп кетсен эмне болот. Баардык нерсени орду менен кылган жакшы таккы диндин фанаты болгон дагы болбойт. Намаз окуп туз Гана жолдо журуу керек
17.11.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bereke10, 60-70 ке чыкканда кааласан каалабасан да Кудай дейсин да (( Жалгыздык, ден соолук жок, Дискотека жок, Достор жок, Кыздар ккарабайт)) Анан олот деген ушул экен деп Кудай дешет да )
17.11.2015. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bereke10,60-70 чыктыкпы жокпу астагфирлох деп кооп айтыныз суйлогон созунуз учун урматтуу мусулман бир тууганым
19.11.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10,Сиз 60-70 чыгам деп кепилдик бере аласызбы?Албетте дин жолунда жургондордун арасында да таза эместер бар,бирок динден оолак жургондордун арасында андай акмактар 10 эсе коп болуп жатпайбы.Бироону койуп,озунорду ойлосонор,туугандар.Аллах ыраазы болсун,Ынак байкеден
20.11.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bereke10, Аллах га шек келтирбе! Сен дагы бул дойнодо убактылуусун.
26.11.2015. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10,кечирип кой катуу тийсе бир тууган озунузду аябай еле акылдуу сезет окшойсуз.
16.11.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Илгери атасынан мурда баласы сакал-мурут койсо элдер наалат кылчу. Азыр болсо уяты жок эле атасынан мурда саксайтып сакал коюп алышат. Турк лицейде иштеген турк агайларды билем 5 маал намазын окуп дин жолунда журушот,бирок сакад-мурутун чычайтпай эле таптаза болуп,тыкан костьюм-шым кийип,атыр коюп жагымдуу журушот. биздин кээ бир намазкандын жанында тура албайсын тер сасыйт буркурап,тырмактары кир,сакал-муруттары май, Кечирип коесунар,бирок ХХХ ХХХ ХХХ дейм да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-23 11:01:30
16.11.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bereke10,дин жолуна тушкону жакшы да,кокус эртен олуп калсан эмне деп жооп бересин,дин жолуна тушкондордун баары бирдей эмес.
19.11.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bereke10,туптуура, сага кошулам. Арыдан бери болгон жакшы. 70 ке чыгаарынарга козунор жетпесе, куноо кылбай туз жашагыла. Куноолорду кылып, анан намаз окуп койсо баары кечирилип кетчуудой же сакалдарын остурсо баары унутулуп калчуудай ойлошот.
PeRa түзөттү 2015-11-20 00:07:58
23.11.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bereke10, этика нормаларын сактоону сунуштайм!
16.11.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Адамдар кызык, "саксайган тук" кээ бирооно жагаттыр)))
16.11.2015. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах ыраазы болсун ! Гыйбат кылууну токтотобуз туугандар .......
16.11.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тема жакпады...
16.11.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ин Шаа АЛЛАХ! Намазынызды Улуу АЛЛАХЫБЫЗ кабыл кылган болсун! Эн сонун бактылуу жашоону тандапсыз, сиз жакын адамдарынызга, уй булонузго бактылуулук тартуулап жатасыз!ар дайым дуаларыныз кабыл болуп, жолунуз ачык болсун,мен сиз менен сыймыктанам!
16.11.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
илгери лезвия болбогон таза-тыкан эле жургуло бироону сокпогуло урбагыла алла жолунаа туштум деп эле сапсайбай дисковери каналында корсотот жапайы адамдарды сакалы сапсайган а жыланач оздору жалбырактар мн тосуп алышкан мына ошолордо лезвия жок а биздечи саалы жок эле мээни иштеткиле аялдарды сыйлагыла сакалдын ордуна
16.11.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ма шаа Аллах! Аллахым туура жолдон адаштырбасын! Кээ бир комент жазган эжелерге айтат элем, эртен эмне болоорун Аллахтан башка эч ким билбей! 60-70жыл жашоого кантип кепил бересиз? Ар бирибизге Аллахым ыйман берсин Ин шаа Аллах!
17.11.2015. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эртен эмес коз ирмемден кийин олсок да жооп беребиз кылгандарыбызга.А ким коруп келиптир дин жолундагылар баары бейиште жургонун.Кудай бар бир гана кудайга ишенем калганы болбогон нерселер
17.11.2015. 04:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла ыраазы болсун!
17.11.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсо да коп берилбей эн негизигиси намазды калтырбай окусак ошол болгону го дейм.Бул менин жеке оюм.
17.11.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах ыраазы болсун.
17.11.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар нерсени суйлой беришта туура эмес туугандар Ынак байке туура кылган бизда окунуп калбайлы кыяматта Аллахтын ыраазычылыгын алыш баарыбызга насип етсин
17.11.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болуп.жакшы кабар калган ырчыларга да ынсап ыйман берин аллахым.баарыбыз аллахга кайтабыз эн туура болду тандапсыз.
17.11.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дин темасы башталса эле тенирчилер менен мусулмандар ортосунда дебат башталат
17.11.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынак байке Аллах сизден разы болсун Уй булонузго бакыт тынчылык орносун ИАллах кимге каласа динден тушунук берет Аллоху акбар
18.11.2015. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ынак досубуз АЛЛАХ ыраазы болсун!уй булон менен бактылуу бол!биз силерди жакшы коробуз!АЛЛАХ баарыбызга такыбалыкты насип этсин!
18.11.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам журогу каалаган нерсени тандайт да туурабы тукра эмеспи ал оз иши ийгилик каалайм
18.11.2015. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Такыбалык кылып ырчылыкты таштаптыр,Аллах ыраазы болсун,адамдар бул дуйного эмне максатта келгенин билбей ар нерсеге урунуп жургондо,сиз максатынызды таапсыз,ушул позициянызда эми бекем болунуз,бактылуулук дин гана болот
18.11.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
соонун!бизге да такыба уй-було болуу насип этсин
18.11.2015. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кылыпсыз туугандарыныз кабатыр болуп атты эле ичкиликке берилип кетти деп
18.11.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынак менин жакшы коргон ырчым эле,азыр андан да жакшы коруп кеттим,Аллах ыраазы болсун
19.11.2015. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым Исламдагы жашоонунузду берекелуу кылсын!
19.11.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur Abdulaziz, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз! Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
20.11.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынак Осмоналиев сен туура жолго тушуптурсун. Аллах ыраазы болсун! Мындан ары дагы жакшы ийгиликтер коштосун. Мындай баталарды сен ырдап журсон, алалбайт болучун. Сага жана сенин уй-булоно ийгилк каалайм.
20.11.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким канча мунот жашаарын эч ким билбейт ошондуктан дайыма тура жолдо журолу туугандар. Эртен кандай кун болору белгисизда!
21.11.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче, "акыркы" деп айтуунун өзү коркунучтуу...Теманы башка койсо болмок....
22.11.2015. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МААШАЛЛАХ туура жолду тандаганынызга.Баардык дуа,намазыныз кабыл болсун.Иншаллах сиздей инсандар,уй-булоолор кобое берсин.Оомин.
22.11.2015. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МААШАЛЛАХ туура жолду тандаганынызга.Баардык дуа,намазыныз кабыл болсун.Иншаллах сиздей инсандар,уй-булоолор кобое берсин.Оомин.
23.11.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kobra86, hanisa, жеке билдирүүлөрдү купуя менен жазыңыздар!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо