ЖАШЫ ЖЕТЕ ЭЛЕК КЫЗДЫ ҮЧӨӨЛӨП ЗОРДУКТАШКАН

№680 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж

Жакында Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун 17 жаштагы тургунун зордуктап, денесине оор залал келтирген деген шек менен 3 жаран кармалды. Алар кызды Ош-Ноокат жолундагы талаага алып барып зордукташкан деп шектелишүүдө. Жабырлануучунун көрсөтмөсү боюнча үчөө аны ээн үйгө алып киришип, кийин талаадан да кыйнашкан.

«ҮЧӨӨ КЕЗЕКТЕШИП ЗОРДУКТАШТЫ»
Жабырлануучу 17 жаштагы Айгерим (белгилүү себептерден улам аты-жөнү өзгөртүлдү) Кара-Кулжа районунан Ош шаарындагы таежесиникине барып келе жатып ушундай окуяга туш болгонун айтып көрсөтмө берген:
– 20-октябрда апам Оштогу таежемдикине андан карызга алган акчаны жеткиргенче учураша кел деп жиберген. Ошто 2 күн турган соӊ 22-октябрь күнү үйгө кетүүгө камындым. Таежем Оштон Кара-Кулжага каттаган таксиге салып жиберди. Ош шаарынан чыга бериш жерге келгенде белгисиз унаа келип, мен кетип бара жаткан таксинин жолун тороп токтотту. Ал унаанын ичинен мага тааныш эмес белгисиз жигиттер түшүп келип, мени ой-боюма койбой унаадан сүйрөп түшүштү. Арачыга түшкөн таксистке бирөөсү «бул менин карындашым болот. Сиз аралашпаӊыз, карындашым үйдөн качып бараткан, өзүбүз чечебиз» деп кыйкырганыма карабай түшүрүп калышты. Колумдагы кийим-кече салган баштыгым ошол жерде калып калды.
Мени 8019 деген мамлекеттик номерлүү унаага салып алып жөнөштү. Ичинде 3 жигит бар экен. Алар жолдон бир дүкөндүн жанына келип токтошуп, арак-шарап алып ичишти. Андан соӊ Ноокат району тарапка кетип бара жаткан жолдо жайгашкан Алмалык айылына келишти. Ал айылдагы киши жашабаган ээн тамга алып киришкенде мен каршылык көрсөттүм. Үчөөнүн бири колдорумду байлап, бири тургузуп алып буттарыма темир түтүк менен чапкылашты. Кийин улам бири кезекке туруп зордукташты. Бул 22-октябрдан 23үнө караган түнү болгон окуя болчу. Түнү менен кыйнашты.
Эртеси жарык кирип калганда мени буту-колум байланган боюнча таштап кетип калышты. Кечки саат 6лар чамасында үчөө кайра келишти. Жанына бир бейтааныш кызды ээрчитип алышыптыр. Андан жардам болобу деп үмүттөнгөнүм менен ал дагы тигилердин таламын талашып, «айткандарын кылып койбойт белеӊ!» деп урушту. Ал менин ич кийимдеримди бербей алып койду. Колумду бошотушту, кийиндим. Үчөө мени алып чыгып унаага салып Ош-Ноокат жолундагы талаага алып барып дагы зордукташты. Андан кийин Жапалак айылына жакындап калганда жолго таштап коюшту. Мен ары-бери өткөн унаанын баарын тосо бердим. Караӊгы болуп калгандыктан унаалардын бири токтоп, абалымды байкап үйүнө алып барды. Эртеси буттарым баспай калыптыр. Үй ээлери «Тез жардам» чакыртып, мени ооруканага алып кетишти.

«ЖАБЫРЛАНУУЧУ ӨЗҮ МАКУЛ БОЛГОН»
Айгеримдин абалын көргөн оорукана кызматкерлери укук коргоо кызматкерлерине маалымдашкан. Бул боюнча издөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп, 27-октябрда Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Папан айылынын 3 тургуну колго түшүрүлгөн. Алардын экөө 19 жашта болсо, бирөө 22 жашта. Кылмышка шектелип кармалгандар бардыгы жабырлануучунун өз каалоосу менен болгон дешүүдө:
– Биз ал кыз менен 23-октябрда Ош шаарындагы «Келечек» базарынан таанышканбыз. «Каякка барасыӊ, жеткирип коёлу» десек, «каякка алып барсаӊар, ошол жакка бара берем» деп унаага өзү отуруп алды. Чогуу Жапалак айылынын чыга бериш жерине бардык. Ал биздин сунушубузга макул болуп, анын өз каалоосу менен жыныстык катнашта болгонбуз. Анан ошол жерге таштап кетип калганбыз. Биз кызды бир эле жолу көргөнбүз, башка кезиктирген эмеспиз.

«ДЕНЕСИНДЕ ЗАПКЫ ЖЕГЕНДЕН КАЛГАН ТАКТАР БАР»
Бул кылмышты тергеп жаткан Ош ШИИБинин тергөөчүсү Нургазы Дыйкановго кайрылып, окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат алдык.
– Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Колго түшкөн үчөө Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат. Жабырлануучу менен кылмышка шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрүндө карама-каршы жагдайлар көп. Мунун баары тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Тиешелүү экспертизалар дайындалган, жыйынтыгы азырынча чыга элек. Бирок жабырлануучунун денесинде запкы жегенден калган тактар байкалып турат. Жабырлануучу жашы жете элек, ошондой эле ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам катары каттоодо тургандыгы белгилүү болду. Алгач кыздын туугандары табылгыча андан болгон окуя тууралуу социалдык кызматкерлердин катышуусу менен көрсөтмө алганбыз. Ал учурда кыз буттарынан алган жаракаттан баса албай жаткан. Азыр абалы жакшырып калганын медицина кызматкерлери кабарлашты.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(65)
16.11.2015. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Маршрут менен же жеке машинада журот окшойбуз.Кыргызстанда адамдар адам эмес эле ким болуп баратышат.Кудай сактасын.
16.11.2015. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жазасын алышсын
16.11.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино
17.11.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бара жаткан таксиден кантип түшүрүп алды экен. Таксидеги клиенттер да унчукбадыбы ? Кантип эле жолдо бараткан таксини тосо калышты ?
Түшүнүксүз суроолор көп.
17.11.2015. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен кечээ туну саат 2 лерде бир жаш кызды УВДнын астынан салып алдым, туулган кунум эле жигитим келбей калды дейт. Мен ичимден кудай сакта деп жеткирип койдум. Уйуно барганда таксичилик кыласызбы деп суроо узатты мен жок десем, акча бербей рахмат айтып тушуп кетти. Менин кочомдон 6 кочо ойдороокто жашайт экен. Бирок бир жаман ой кетет экен андайда...
18.11.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir_kgz,Жигитин тунку экиге чейин кочодо жалгыз кутуппу? Просто "клиент байкелерин" кутуп тура бергендир да экиге чейин бироо-жарым келээр деп. Молодец жигит экенсин акчасын албай тушуруп жиберген,башка болгондо тушурбой эле,толо деп,акчасы жок болсо талаага алпарып башка ишин бутурмок. Туну саат экиде нормальный кыз атайын таксини вызов кылып уйуно кетет,кочодо корунгонду токтотпой.Мээси жок кыздар ошентип оздору "приключения на свою Заххху" издешет. Анан ким кунолуу жигиттер куноолуу.
17.11.2015. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыз баспай калса бутуна урса когорбой эле дак болуп калганбы тушунбодум...и кызды ал таксиде экенин Балдар кайдан билли...ал кыз балким таныштыр анан тааныбаган адамдар эч качан антпесе керек тообаа кылдымгоо ишенич кыйынгоо
17.11.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Guzi88, туура айтасыз кантип балдар таксиде экенин билип алып барып зордошту кызык...... баарына кыз куноолу болсо керек себеби кунажын козун сузбосо бука жибин узбойт.. деген соз бар элибизде
17.11.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына ишениш кыйын ошо кызды эле андып турушмак беле миндеген кыз кетет ко жалгыз
17.11.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сактсаын баарыбызга ыйман берсин. Билбегенден кийин бир нерсе деп айтыш кыйын.
17.11.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tengara, этика нормаларын сактаңыз!
18.11.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,ушул боюнча толугураак маалымат берип койунуздарчы!Сураныч!
18.11.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet, саламатсызбы!
Суранычыңызды түшүнө албай жатам. Кененирээк жазсаңыз.
17.11.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын. Мындай окуялар кийинки кезде коп болуп жатат го. Катуурак жаза колдонуш керек.
17.11.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
балдар 3чоо болуп атат элестетсенер анан кыздын шайы келеби а мумкун биз ойлогондой эмес мен ойлойм бул жерде балдарда куноо
17.11.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба, тооба! Кыз сактагыча туз сакта деп бекеринен айтылган эмес.
17.11.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимисине ишенбейм озгочо кыздын айтып бергендери тан калычтуу го. А эмне таксист жалгыз эле кызды салып кетип баратканбы???? Тушунуксуз
17.11.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озу макул болгон убакта да бул айбандын иши!
18.11.2015. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ош~ Кара~ кулжа кетип жаткан,Таксист адамдан сураш керек,Может ошол мыкаачыларга салып бергендир,телефондо связь кылып.Менде кыз бар деп.....Сураштырыш керек кубоо катары хотя бы
19.11.2015. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shamdagai2013,туура айтасын,мен да ошентип ойлойм
18.11.2015. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызда да бар да таанышпаса кууп бармак эмес да таксини кочодон корунгон м.н тааныша бербеш керек адамдын ичинде эмнени ойлоп жатканын эч ким билбейт
19.11.2015. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эки минуталык кумар деп эми кеминде 5 жылдан кесилесиңер(((
19.11.2015. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишенебиз эми? Байкашымча эки тарап тен чындыкты айтып жаткандай...Озу эч кимге суу жукпайт экенда !!! Мындай талаш жараткан нерселерди окугум келбей калды!!
19.11.2015. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана Аллах билет,эки тарап эки турдуу суйлошуп жатат,Аллах жазасын берсин зордукчуларга,биздин айылдада ушул сыяктуу корунуш болгон,Кыз озу оорулуу экен 4 баланы чакырып оз каалосу менен болгондон кийин зордуктады деп атасы келип 10 Минден алган балдардан
20.11.2015. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ишенем кыздын созуно дал ушундай окуя болгон Бишкекте. 6 жыл мурда дос кызым тахи тоскон, таксис бир аз айдаганда бир женил машина тороп досумду ой бойуна койбой алып кеткен калганын айтпай эле койойун . Кыларга жумушу жок эригип жургон эркектер толтура. Кыздар озунорго сак болгула.
20.11.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде таксистин куноосу бар бул биздин карындашыбыз десе эле салып бере береби акмак турбайбы кардарды алгандан кийин айткан жерине жеткириш керекта жолдо токтотконго эле салып бере бербей бул таксис менен берки ХХХХ суйлошуп алганго, эмнеге анда таксист милиция кызматкерлерине кабар бербейт сумкасы калыптырго таксинин ичинде документтери болсо
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-20 11:34:41
20.11.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал учоону ХХХ же ХХХ ХХХ ХХХ. Анан билет кыйналгандарын ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-20 11:35:00
20.11.2015. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zzz---zzz, этика нормаларын сактаңыз!
21.11.2015. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз озу макул болгон кундо деле буту клун байлап сабап эмне кылышат! Жазаларын алышсын эми.
21.11.2015. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болгонун бир гана оздору жана алла билет. Кантседа азыркы убакта мындайлар ото коп болуп жатат. Мындайларга эн эле катуу жазаны колдонуш керек.
22.11.2015. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеси болсо да қызды (қарындашын, эжен, женен болобу) жалғыз эч жака жибербегиле
22.11.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai saktasyn. Uchoolop zordoo bul erkektin iwi emes.
23.11.2015. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
смертная казнь
04.12.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууру тойгончо жеп, олгончо карганат!
29.12.2015. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар да жалгыз жүрбөй кыска кийинбей жүрсө болмок да эркектин жанынан кыска кийип өтүп кетет анан кызыгып кетип өзүн кармай албай да калышы мүмкүн да
26.01.2016. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын кайда баратабыз жырткыч болуп кеттикпи биз ушундай олуп баратышса денесин саткандар жететко жаш кыздын тагдырын талкалашыптырда акмактар
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо