ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

№680 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж

Индия
КАШМИРДЕ МАЖҮРҮМ ТАЛДЫН БУТАКТАРЫН КУРГАТУУ СЕЗОНУ
Индиялыктар учурда кыштын камын көрүп, себет токуу үчүн мажүрүм талдын бутактарын кургатуу менен алек. Себет ичине чопо идишти салышат. Чопо идиштин ичине болсо кышкысын жылынуу үчүн чокту салып коюшат. Чоподогу чок жылуулугун узакка кармагандыктан кышында эл идишти төшөктүн алдына салып алышат. Кышкысын аталган өлкөдө электр жарыгы көп өчкөндүктөн жана анын тарифинин баасы кымбат болгондуктан эл ушундай амалдарга барууда.

Иордания
ИОРДАНИЯНЫ СИРИЯЛЫК КАЧКЫНДАР КАПТООДО
Иорданиянын падышасы Абдалла II ибн Хусейн: «Биздин өлкө кабыл алган сириялык качкындардын саны болжол менен 1 миллион 400 миӊдин тегерегинде. Башкача айтканда, кабыл алуу жагынан жетер чекке жеттик, мындан ашыгын батыра албайбыз. Качкындар калктын жалпы санынын 20 пайызын түзүп калууда»,- деп билдирет.
Эскерте кетсек, качкындардын 10 пайызы атайын лагерлерде жашаса, калгандары Иорданиянын ар аймагына отурукташкан.

Науру
КАРООСУЗ, ТАШТАНДЫГА АЙЛАНГАН ӨЛКӨ
Науру аралында жайгашкан аталышы уйкаш өлкө мындан 30 жыл мурун дүйнөдөгү эӊ бай мамлекет эле. Анткени анда фосфат өндүрүлүп, аны сатуудан өлкө абдан байыган. Ар бир үйдө машина болуп, эл салык төлөөдөн толук кутулган. Бирок өлкөнүн ишенген фосфат кени акыры түгөнүп, өлкө кризистин кучагында калган. Учурда элдин 90 пайызы жумушсуз. Аралдан эскирген машиналар менен тамтыгы чыга баштаган үйлөрдү, кылар иши жок ары-бери баскан адамдарды көрүүгө болот.

Индонезия
ӨЛГӨНДӨРДҮН СӨӨКТӨРҮН ТАЗАЛОО ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ
Индонезиянын Сулавеси аралында өлгөндөрдүн сөөктөрүн тазалоо фестивалы өттү. Андай фестиваль ар бир 3 жылда бир өтөт. Аралдын тургундары көзү өткөн жакындарынын сөөктөрүн коюлган жеринен алып чыгып, тазалашат. Анан тирүү кезинде кандай кийимдерди кийүүнү жактырса, ошондой кийимдерди кийгизишип, кайра көмүшөт.
Мындай салт көп кылымдан бери келе жатат. Фестивалдын жаралышына бир уламыш себеп делет. Илгери бир аӊчы дарактын түбүнөн өзүнө бейтааныш адамдын жарым чириген сөөгүн таап алат. Ал сөөккө өзүнүн үстүндөгү кийимдерин кийгизип, ырым-жырымы менен жерге берет. Өлгөн кишинин арбагы тигил адамды колдоп, жакшылыктарга жеткизген имиш.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
16.11.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иорданиянын падышасына таазим , бир туугандарды ошенттип тосуп алыптыр )))
16.11.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан кызыктуу нерселер экен.
20.11.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azim.00kg,сөөк тазалагандар жинди го, казып кайра көмүп. Акылсыз салттар да көп дүйнөдө.
16.11.2015. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
науруну ХХХ ХХХ ХХХ башкарган экен бар болсо чара-чара,жок болсо бечаралардан. Иорданиянын падышасы жакшы падыша экен. А муногу ХХХ ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-16 12:37:50
16.11.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jetinur90, башкалардын улутун, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
16.11.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Индонезиялагы фестиваль укмушго, тообо, олгон адамды да жон койушпайт экенда, казып чыгып кайра комуп
16.11.2015. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жанына коюп суротго тушуп алыптырго, кандай адамдар булар, коркбогон
16.11.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Индонезянын салты жроктун ушун алат го
16.11.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Индонезиянын салты куруп калсын. Эчтемеден коркпогон ХХХ го.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-17 11:32:23
17.11.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
aku, башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынган! 5 күн БАН!
17.11.2015. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу кантип болсун мазактагансып
17.11.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас.
соокторду жайына эле коюшпайбы
17.11.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
18.11.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тек койгула эми ар ким оз салтын жасай берсин,биздин деле коп салттар бироолорго жакпайт да ошондой эле кеп
18.11.2015. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
perichte,
Эмнеге тек коймок элек Кеттик Индонезяга бул салтты туп тамырынан бери жоготуп келевиз )))
19.11.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тобооо...олгон адамды жон койбойбу..ал эми легендасында ал олгон адамды жон эле коомп коюптур го..кайра 3 жыл сайын казып алып, кийиндирген эмес да!!!
19.11.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lyubimka туура айтасын уламышка туура келбейт
19.11.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Индонезия нын салты коркунучту экен . Тооба жакшы эле кыргызстанда мындай салт жок. Мусулман болуп калганыма шугур.
20.11.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
откондо бизде студенттер моркто олгон адамдар менен суротко тушуп аябай кызуу талкууга алынды эле ошолор индонезияга жаны кийимдерди ала барышсын тигилер менен кошо суротко тушот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо