Асел Кадырбекова: «НУРЛАНДЫН АСЕЛ ЭКӨӨБҮЗ СҮЙЛӨШПӨЙ КАЛДЫК ДЕГЕНИ ТАӉ КАЛТЫРДЫ»

№680 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж

Бүгүнкү каарманым менен болгон маек эмоцияга бай болду. Бул жолу ырчы Асел Кадырбекованы такыр башка тараптан таанууга жол ачылды. Себеби ырчы биз менен жан адамга айтпаган сырлары, максаттары жана уйгу-туйгу сезимдери менен бөлүштү.

– Жакында Баястан менен «Сен» аттуу ырды аткарып, клибинин бет ачарын өткөрдүӊөр. Дуэт ырдап чыгуу кимдин идеясы?
– Репертуарымды башкача ыр менен толуктоону чечип «Экарекордс» студиясына ыр жаздырайын деп баргам. Продюсер Эрнест Уметалиев «кел, репертуарыӊа жаӊылык киргизели» деп сунуштап калды. Анан дуэт жаздырууну туура көрүп, ким менен жаздырса болот деп ойлонуп көрсөк, Баястан жакшы талапкер болчудай. Ал сунушубузду четке какпай, чогуу ырдап чыктык. Клиптин бет ачарына атактуу инсандар келишти. Жакшы пикирлер менен кошо сындар да айтылды. Алардын ичинен «вокалдан сабак алышыӊ керек» деген кеп-кеӊештерин бергендер болду. Буюрса, бул мүчүлүштүктү жоюуга аракет кылам.
– Чыгармачылыкка жаӊы эргүү менен киришкендей сезилип жатасыӊ...
– Мурда ушундай иштегенге шарт болбой келген. Шайлоодон кийин жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү (күлүп). Мурдагыга караганда тааныш-билиш, тажрыйба топтодум. Ошондон улам чыгармачылыкка билек түрө кириштим.
– Шайлоого карата жүргүзүлгөн үгүт иштеринде айрым партиялардын концерт уюштуруучулары ырчылардын гонорарынан үлүш талап кылышып,
кээ бир атактуулар алар менен чыр-чатакка чейин барышканын уктук. Бул тууралуу сенин оюӊду уксак...
– Жеке өзүм тууралуу айтсам, мен иштеген партияда ортомчулар болгон жок. Андыктан бул тууралуу кабарым жок экен.
– Кеп нугун жеке жашооӊо бурсак. Социалдык баракчаӊа башыӊдан бактысыз сүйүү өткөндөй билдирүү жазганыӊды окуп калдым...
– Мен бирөөнүн эмес, өзүмдүн каталарымдан сабак алат экенмин. Бактысыз сүйүүгө кабылдым деп айта албайм. Баарын жеӊсе болот. Мурда, балким, сүйүүгө берилгендирмин. Азыр баары жайында.
– Баары салыштыруудан билинет.Жакшы адамды кезиктирүү үчүн көп жигиттер менен мамиле куруу керек деген көз карашка кандай карайсыӊ?
– Менин чөйрөмдө жигиттер көп. Анткени ырчы кыздарды көп мырзалар курчап турат. Эркекке карата кандай ушактар айтылбасын аларга жараша берет, кыздарга болсо бул уят. Кыз деген кыздай болуп, намысын сактап жүрүшү керек. Андыктан бул ойду колдобойм.
– Нурлан Насип экөөӊөр кыз-жигит болуп сүйлөшүп, эки жолго түшкөнүӊөрдү айткан. Мамиле кандай себептерден улам үйлөнүү тойго жетпей
калды?
– Биз 4 жарым жыл кыз-жигит катары сүйлөштүк. Коомчулукка мамилебиз тууралуу менин суранычым боюнча жарыялачу эмеспиз. Себеби кыз-жигиттин мамилеси туруксуз деп ойлойм. Ортодогу мамилени кызга сөйкө салгандан кийин же үйлөнүү тойго 1 ай калганда жарыяласа болот. Нурландын мамилебизге чекит коюлгандан кийин «Асел экөөбүз кыз-жигит болуп сүйлөшпөй калдык» деп интервью бергени мени таӊ калтырды. Анткени экөөбүздүн сүйлөшпөй калганыбызга 1 ай эмес, 9 айдын жүзү болгон. Нурлан экөөбүз анын аты чыга электе, унаасы, үйү жок батирде жашап жүргөн кезде сүйлөшө баштаганбыз. Ал мага жолугушууга келгенде кичинекей «Сникерс» алып келер эле, арзан ашканалардан тамактанчубуз. Бара-бара адамдар өзгөрөт экен. Аны абдан сыйлайм. Экөөбүздүн бири-бирибизге кошкон салымыбыз зор. Нурланга мен муза болсом, ал мага шоу чөйрөгө жол көрсөтүп берди. «Нурланды ыр жаздырыш үчүн колдоносуӊ» деген сөздөр айтылчу. Эч кандай андай эмес. Бири-бирибизге чын дилибизден мамиле кылчубуз. Бирок экөөбүздүн дүйнөгө болгон көз карашыбыз эки башка экен. Келечекте бирге жүргөнүбүздү көрө алган жокпуз. Ошондуктан мамилебизге чекит коюп, дос бойдон калдык.
– Көп жыл чачыӊды кара түскө боёп келгенсиӊ. Психологияда чач жасалгасын өзгөрткөн айым өзгөрүүнү каалап жатканынан кабар берет деп айтылат. Сен дагы жашооӊду өзгөрткүӊ келдиби?
– 2 жылдан бери кара түстүү чачымдан тажап, өӊүн өзгөрткүм келип жүргөн. Бирок чечкиндүүлүк жетишпей жаткан. Деги эле бир чечим кабыл алуу мен үчүн оор. Бул деген чач эле, кайра боёсо болот деп көзүмдү жумуп өӊүн өзгөрттүм.
– Келбетиӊди бир калыпта алып жүрүү үчүн диета кармайсыӊбы?
– Буга чейин 45 килограмм болчумун. Менин 170 сантиметр боюма бул салмак туура келбейт. Азыр 52 килограмм болуп сүйүнүп жатам. Анан каяктагы диета (күлүп)? Мурда кийимдер мага кийим илгичке илип койгондой көрүнсө, азыр жарашыктуу болуп калды. Бирок семирип кетким келбейт.
– Азыр жеке жашооӊдо абал кандай?
– Азыр жеке жашоом тынч. Чыгармачылык менен катуу алектене баштадым.
– Бул убакка чейин жигиттер менен мамиле куруп көрдүӊ да. Эркектин мүнөзүн билгенден кийин сага кандай адам керектигин түшүндүӊ?
– «Сүткө оозу күйгөн адам айранды үйлөп ичет» дейт. Мурун келбетине карап, билимине маани берчү эмесмин. Жыл өткөн сайын адамды тереӊдеп изилдей баштайт экенсиӊ. Эӊ башкысы, жөнөкөй, байлыкты, бийликти, кыйынчылыкты көтөрө алган, жашоого олуттуу караган туруктуу адамга жолуксам дейм. Анан сөзсүз түрдө билимдүү, интеллекти бийик болушу керек. Аны менен түбөлүктүү жашагым келет. 70ке чыкканда да байбичем деп сыйлап турган адамга жолугуу башкы максатым.
– Учурда үй-бүлөдө аялдар, балдар зордук-зомбулукка кабылып жатканы коомдогу көйгөйлүү маселелердин бири болууда. Бул жат көрүнүштү
кантип чектесе болот деп ойлойсуӊ?
– Биз, аялзаты, бир сөздөн эле сынып калышыбыз мүмкүн. Эркектин аялзатына, балдарга кол көтөрүшү анын алсыз экенинен, акылынын аздыгынан кабар берет. Менин оюмча, бул көрүнүштү сөз менен түшүндүрүп жойсо болот. Ушундай кылыктарды кылган эркектерди түшүнбөйм, түшүнгүм да келбейт. Алар психологиялык жактан жабыркагандар болсо керек.
– Маегиӊе рахмат!

"Ырчылыкка жаӊы кадам таштап жаткан кез. 2011-жыл".

"Баястан менен дуэт ырдап, репертуарыма өзгөчөлүк киргизүүнү кааладым".

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Мени менен сүйлөшүп жүргөндө Нурландын эч нерсеси жок болчу" дейт Асел Кадырбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(148)
17.11.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Gulnaz.GS, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
17.11.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Нурланды эмне кыласыз,Баястан менен эле журуп алыныз дааа)))
17.11.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Suikumduu98, Очередь Баястанга келген болову а ?))
17.11.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
озун деле ал кезде Ошол Асель Кадырбекова эмес элен да. Сникерсин айтпай эле койбойсунбу кайыл болуп жургондон кийин. Ызана чыдабай айтып салдын окшойт.
17.11.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теманын аталышы озгоруп калыптырго? Нурландын эч нерсеси жок болчу деп турганле эми Нурлан тан калтырды болуп калыптырго )))))
18.11.2015. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асель Турдалиевага окшошуп калганбы...
22.11.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD,точно
SUPER.KG видео
18.11.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ырчылардынн баары кандай деги,жоок жимгитим жоок,же кызым жоок деп,карасан бир куну чыга келишет биз 5 жыл суйлошуп жургонбуз,3 жыл деп чыга келишет пай пай
Медиа-портал
18.11.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jika_fisabillah,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
18.11.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо неме... Баягы... Мурда кыздар жигит менен суйлошконун уялгандан жашырышчу беле аа? Бул кыз го Нурлан менен кыз-жигит болгонун айтыптыр. Бирок, азыр кыз-жигит болуп тени менен жургонун эмес жаш айырмачылыгы чон, анан да ойнош болгондорун да ачыкка чыгара баштады го... Же бул эмне... цивилизацияга жетишкендикпи?
18.11.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурланды эмне кыласын Асель мен турганда
18.11.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Асель сага ийгилик!Туугандар негативинерди жыйнаштыргылачы!
18.11.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Асел ийгилилик сага ак ийилет бирок сынбайт
18.11.2015. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичинекеей сникерс дебептир, жон эле сникерс дн, арзан ашканада тамактанчубуз деп да айтпаган видеодо же кыскартылган видеобу, айтор видео мн жон жазылган интервьюну окуп коруп эки башка ойдо бткенсин Асель ждо
Медиа-портал
18.11.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Асель, ты удивительно красивая девушка. Удачи и везения тебе во всем.
19.11.2015. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Без макияж сүрөткө түшүп көрсүнчү Асел...Менимче түшө албайт...
19.11.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aruuzat88, макияжсыз тушкон суроту бар го.
19.11.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видео жокко, кече аягына чейин коро албай калдым эле...
19.11.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
peri-jan, саламатсызбы!
Видео макаланын төмөн жагында жайгашкан.
19.11.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болсун жакшы балага жолуксун бул кыз да Нурланга азыр кыздар ашык болуп турган убагы козун май басып дегендей)))) Андан коро кадрына жеткен сени сыйлаган ыймандуу акылду балага жолугушунду насип кылсын!
20.11.2015. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аселдин ырлары жагат.Бактылуу болсун!Ишине ийгилик!
20.11.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи бул кыз абдан сулуу,нурлан таланттуу,
бирок чогу жашап жатпаган сон экоонун ортосунда не болгонун билбей туруп тон бычканыбыз туура эмес достор
20.11.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аааа де кызыгы жок
21.11.2015. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нурландын ити чоп жеп жатат, бир аздан сон ити арыктан суу ичип калганда кайрылып келсе керек бирок сага озун айткандай интеллигентный адам пара
21.11.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырчы эркектерди коргом да, туну менен кочодо журушот. Ар кайсы кыздарга барышат. Бир кызга байланып отурбайт алар. Асел деле ошондойдон тажаса керек. Мен бир ырчы менен суйлошом деп тунулуп калгам бир кундо. Эгер тынч жана суйуктуу болуп жашагын келсе элдин адамы менен жашабай койгон жон. Асел озу айткандай быйыл жакшы ийгиликтерди жаратты.Ийгилик каалайм. Сулуулугуна суктанып эле отургун келет. Биринчи жолу жанынан коргондо кыз башым менен сурдоп кеткем сулуулугунан. ))) аман журуп,эл кызы бол.
22.11.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нурланды паска тееп суйлогону жакпады мага. ким эле туулганда пасып кетмек эле
22.11.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уну жок,жасалма сулуулук мн жургон катардагы ырчы кыз.Ошентсе да,кен келечек,аялдык бакыт каалап кетем.
22.11.2015. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мурда жашырып жургон суйуулорун эми эмне айтып атышат? оз абийирлерин оздору ачып! пиар деп эле тушунуп калдым!
22.11.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйомго сени!
23.11.2015. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы, супер инфо! Медиа порталдан видеолор ачпай жатат кантип көрсөк болот?!
23.11.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Afina, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
23.11.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кыз жакшы ырдайт. Нурлан которулуп менменсинип кеткенгр
SUPER.KG видео
25.11.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurlan silerge kelip intervyu beriptir biz suilowpoi kaldyk dep deitgoo. Men owo intervyusun tappai jatamgoo. Bilgender bolso aityp koiunuzdar4y suranam.
SUPER.KG видео
28.11.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи Нурланга пара эмес Нурланды жаман аттуу кылайн дегенго озу Асел Нурлан ыр жазып берип эми эле элге таанылдыго
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо