Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«РОСИНБАНК» МЕНЕН «ОРГТЕХСТРОЙ» ИШЕНИМДҮҮ ӨНӨКТӨШТӨР

№680 13-ноябрь-19-ноябрь, 2015-ж

11-ноябрь күнү «Оргтехстрой» ачык акционердик коому «Росинбанк» ААКсы менен биргеликте заманбап «Чатыр-Көл» турак жайынын алгачкы капсуласын салышты. Бул долбоор банк системинин ишкерлер коомчулугу менен тыгыз иштешүүнүн жыйынтыгында ишке ашты.

«БАНК МЕНЕН ИШКЕРДИН МАМИЛЕСИНИН ҮЛГҮСҮ»
Аталган долбоор Бишкек шаарынын тургундарын дагы бир заманбап 12 кабаттуу турак жай менен камсыз кылгандан тышкары банк жана ишкерлердин ортосундагы мамиленин үлгүсү катары саналат. «Росинбанк» менен «Оргтехстрой» курулуш компаниясы бир нече жылдар бою тыгыз иштешип келет. ААК «Росинбанк» башкармалыгынын орун басары Алмаз Бекназартегин буларга токтолду:
– «Росинбанктын» жергиликтүү ишканалар менен тыгыз иш алып баруусу шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө аз да болсо салымын кошуп келет. Буга чейин биздин банк өлкөбүздөгү бир нече ири объекттердин курулушун каржылоого жардамдашып келген. Алсак, Шопоков шаарындагы завод, Ош шаарындагы төрт жылдыздуу мейманканалар, Бишкектеги «Боорсок» соода тармактары. Ошондой эле Таш-Көмүр шаарындагы мунай иштетүүчү заводдун иштешине салым кошкон. Ал эми учурда борбор калаабыздын борборунда заманбап турак жайдын курулушуна көмөктөшүп, «Оргтехстрой» компаниясы менен чогуу иш алып баруудабыз. Аталган долбоорго катышуудан мурун анын тобокелчиликтерин санап, бардык тарабын изилдедик. Бул 2 жылдык ири долбоор эки тарапка теӊ ыӊгайлуу болгондон тышкары шаар тургундарын кооз, заманбап үй менен камсыздаары шексиз. Бул банк ишмердүүлүгү бизнес коомчулугу менен кандай иш алып баруусунун үлгүсү боло алат деп эсептейм.

«РОСИНБАНК» МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ БИЗ ҮЧҮН ПАЙДАЛУУ»
Канатбек Исмаилов, «Оргтехстрой» курулуш компаниясынын Директорлор кеӊешинин башчысы:
– «Оргтехстрой» ААКсы көп кабаттуу үйлөрдү салуу менен иш алып барууда. Биздин компания «Росинбанк» менен 2 жылдан ашык иштешип келет. Жылуу мамиленин негизинде бул аралыкта шаар ичинде бир канча заманбап турак жайларды салууга жетиштик. Бүгүнкү күнү шаарыбыздын Токтоналиев-Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Чатыр-Көл» 12 кабаттуу турак жайдын алгачкы капсуласы салынды. Бул имарат акыркы үлгүдөгү технология жана материалдардын негизинде салынат. Анда жер астындагы унаа токтотуучу жай, 1-2-3 бөлмөлүү батирлер болсо, имараттын 1-кабаты кеӊселер үчүн болмокчу. Аталган банк менен иштешүүнү мындан кийин да улантабыз. Себеби биз үчүн «Росинбанк» ишенимдүү өнөктөш жана алар менен кызматташуу пайдалуу.

Адилет Керимбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо