КАЙРАТ НУРТАС МАЙЫП КЫЗГА БЕЛЕК БЕРИП, НУРЛАН НАСИП АПАСЫНЫН БУТУНА ЧӨГӨЛӨДҮ

№681 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж

Аталышы – Нурлан менен Кайраттын «Достук» концерти
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Өткөн күндөрү – 16-17-ноябрь
Башталышы – 19:55, 19:35 (билетте 18:30)
Көрүүчүлөр – Залдын 110 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Билет баасы – 300-1500 сом
Алып баруучулар – Тамашоучулар Самат Эркинбеков, Эмил Эсеналиев
Мыкты номер – Кайрат Нуртастын «Байка» аттуу ыры, Нурлан Насиптин комуздун коштоосунда ырдаган ырлары.

Отурмак түгүл туруп бут коёрго жер калбай калган 2200 орундуу Спорт Сарайынын чоӊ залында концертте отуруп 2010-жылды эстедим. Анда Нурлан Насип «Супер-Инфонун» жыл мыктыларын тандоосунда «супер дебютка» талапкер, сахнаны багындырууга жаӊыдан аттанган, аты жаштардын арасына эми тарай баштаган жаш ырчы эле. «Унута албай келем мен өзүӊдү, балбылдап жанган кара көзүӊдү...» деген ыр саптары эсиӊизде да, окурман. Мына ошол ыр көӊүлүмдү буруп, 2010-жылы, ноябрь айында Спорт Сарайында боло турган Нурлан Насиптин алгачкы чоӊ концертине бармакчы болгом. Тилекке каршы, ошол маалда Апрель окуясы боюнча сот башталып, сотко катышуучулардын баарын батыра ала турган имарат жок деп, баягы сот Спорт Сарайында өтүп, концерт болот имиш, болбойт имиш деп жатып барбай калгам. Эмнеге бул окуяны эскерип жатам? Ырчы катары бул жигит «Супер-Инфонун», концерттерге барып, таасирлер менен бөлүшүүнү адат кылып алган менин көз алдымда чоӊойду.
Эмесе, окурман, эки күндүк концертти ысыгы тарагыча баяндап берейин. 16-ноябрь күнү биринчилерден болуп концерт болчу залга кирдим. Эки капталда, сахнанын ортосунда, ылдыйында экрандар, түркүн жарыктар... Сахна мыкты жасалгаланыптыр. Аздан соӊ залга ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызын жетелеп бир мырза келип мага катарлаш орун алышты. (Бул кызды баса белгилегенимдин да жөнү бар окурманым. Аны баяндоонун жүрүшүндө айтып берем).
Концерттин башталышын күтүп отура берип тажаганымдан сырткы эшикке барсам, билет калбай, акчага киргизүүнү суранып жүргөндөр көп экен. Көрүүчүлөр концерттин башталышын салт болуп калгандай эки күн теӊ бир сааттан ашык күтүштү. Алып баруучулук милдетти аркалаган тамашоучулар Самат менен Эмил куйкум сөздөрү менен элдин маанайын көтөрүп, дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда сахнага Нурлан Насипти чакырышты.
Кулагына илип чыккан микрофону Нурлан кайсы маалда фонограмма менен, кайсы маалда жандуу үн менен ырдап жатканын даана байкатып турду. Бул кечеде төрт жигиттен турган бийчилер сахнага да, Нурланга да жарашып көрк гана берип жатышты. Адатта, концерттерде топурап сахнага чыгып алып, бири колун көтөрсө, бири түшүрүп, бири оӊго кетсе, адашып бири солго кетчү бийчилер көӊүлдү алагды кылып, кыжырды келтирчү. Жанымдагы кыз-жигиттер бул жигиттердин ыргагында чайпалып, кошо бийлеп кеткенге жер тар болуп эле кармалып жатышты окшойт.
Нурлан элден эле гүл ала бербейин дегенби, айтор, кыпкызыл роза гүлдөрүн көтөрө чыгып, көрүүчүлөргө берейин деп элди аралады. Жанында кайтарып жүргөн жигиттер болбосо аны кыздар баса жыгылышмак экен. Гүлдү кыздардан озунуп талашкан эркектерди көрүп, Кайрат Нуртас элди араласа эмне болор экен деп чочуладым.
Кайрат да чыкты, сахнага. Зал дуу боло түштү. Кыздар телефондорун ылдый түшүрбөй сүрөт-видеого тарта башташты. Айрым кыздар өзүн кармай албай телефонун көтөрүп сахнага карай жүгүрүп, күзөтүп турган жигиттер менен урушканга чейин барышты. Ашынган күйөрмандардын арасында гүлү сынып, сабагы калган букети менен сахнага чыгып, 2200 адамды бушайман кыла күттүрүп коюп Кайрат менен сүрөткө түшкөндөр болду.
Мен билгенден Кайрат Нуртас арык болчу. Бул жигит азыр баралына келип, өӊ-келбети өзүнө куп жарашып турган кези экен, «ушунча алыс жерден келип, мындай келбетти көрсөтпөй кетиш кылмыш» дедиби, айтор, эки күн теӊ үстүндөгү костюмун чечип залга ыргытып ийип, ой-да жыргап бийледи. Костюмдан тышкары да белегим бар деген казак жылдызы алдыӊкы орундукта отурган көрүүчүлөргө журнал, дисктерди тарата баштады. Арткы катарда отургандар, мага-мага дешип биринчи катарда койкоюп кырка тизилип отурушкан Нурлан Насиптин сахналаш досторун тебелеп, төө басты кылып коюшуна аз эле калды. Башы менен жерге сайылганча жан талашкан кыздардын акылы тайкыбы, же мен алардын түшүнүгүнө жете элекминби, азыр да башым маӊ болуп турат.
Башында сөз кылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз Нурлан менен Кайраттын чыныгы күйөрманы болду. Баштан аяк телефонуна (башкалардыкындай смартфон эмес, кадимки Нокиасына) видеого тартып, ырчылардан көзүн албай отурду. Кайрат Нуртас ыр жыйнагын таратардан мурун «концерт башталарда ушул жерден бир кызды көрдүм эле» деп аны залдан издеп таап, ал кызга белегин берип, «ден соолугуӊуз чыӊ болсун, оорубаӊыз» деген жылуу сөзүн айтканда «баракелде!» дедим, ичим жылып.
Күйөрман кыздардын колдоосунан эргип чыккан казак жылдызы көл-шал терге түшкүчө ырдады. Анан Нурлан экөө сахнада эл менен кошо казак туугандарга Инстаграм аркылуу салам айтып, ыраазы болуп кетти. Ал эми кыргыз жылдызы Нурлан көрүүчүлөр менен коштошордон мурун «Апакемдин маанайы» аттуу жаӊы ырын аткарып, апасын сахнага алып чыгып, гүл берип чөгөлөп таазим кылды. Окуяларга бай болгон достук концерти эки күн теӊ аншлаг менен өттү. Эки ырчынын күйөрмандары концерттен маанайлары көтөрүӊкү чыгып, кудуӊдай үйлөрүнө тарашты.

Толик Сынчы


Нурлан Насипти чөгөлөткөн, Кайрат Нуртасты чечинткен достук концерт

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(64)
Медиа-портал
18.11.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге Жоодар ырдаган жок, мен концерттен кордум эле.
SUPER.KG видео
18.11.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Концерт абдан сонун болду.Элдин коптугунон "престелип"калдык го))Нурлан жакшы даярдык коруптур.Мурун бийчилер жалан кыздар болсо,азыркыда эркек балдарды да аралаштырыптыр.Жигиттер жакшы бийлешет экен."Нурлан жандуу ырдай албайт,"дегенди тогунго чыгарды окшойт.Репертуардындагы белгилуу ырларын,гитаранын,комуздун коштоосунда жандуу ырдады.Кайрат Нуртасты эл абдан жакшы кабыл алды.Ал тургай кошулуп ырдап жатышты.Эл менен тамашалашып,ар бир номерин чын конулдон аткарды.Эмнеси болсо да такшалып калга
SUPER.KG видео
18.11.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концерт сонун болгондур. Менин кичинекей 5- жарым жаштагы синдим, атама-" Нурлан Насипти сатып беринчи"? -дей берет. Кийин эрге тийбейм. Мага атам Нурлан Насипти сатып берет дегенде баарыбыз кулуп калабыз. Ырлары жакшы, уккулуктуу. Ийгилик. Ар дайым ушул жонокойлугунуздон жазбай, эл алдында ырдап журо бер, иним!
Медиа-портал
18.11.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
feruza86, kuba_76,
Саламатсыздарбы!
Порталдын жалпы ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын-пикир жана сунуштар болсо admin@super.kg же info@super.kg даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Мүмкүнчүлүк болгондо концерттер порталга жүктөлөт. Сунушуңуздарга рахмат!
Медиа-портал
18.11.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурлан жылдыз оорусу менен ооруп калыптыр. Нурлан жонокой бол. Интервьюсунда да маанисиз эле суйлоп койду го. Кайрат азамат орду менен кыска нуска.
Медиа-портал
18.11.2015. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Нурлан ото эле мактаанчак болуп калыптыр. Тушунуктуу. Актангансып, "Кыздар сиз учун барабыз"- деди дейт го. Кайрат Нуртастын тембри абдан жагымдуу. Экоонуздорго тен чыгармачылык ийгилик!
Медиа-портал
18.11.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кантседа концерт жакшы денгелде отуптур азамат.Бирок Нурлан менен эмес Ильяз менен концер койсо жакшы болмок мен Кайраттын апасынан сурасам биз Ильязды сыйлайбыз жакшы корбуз ал ото жонокой жигит Кайраттын Кыргызстандагы ырчылардын ичинен эн жакын досу Ильяз. Нурлан озу конок болуп ырдап кетсин деп сунуштаганынан чогу концер бергиле деп сунуш киргиздим деди.Кимге кандай мага Нурланга караганда Ильяз жагат жонокой жасалма эмес мактанбайт кансе дагы бардык кыргыз ырчыларга ийгилик бар болушсун
Медиа-портал
24.11.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bema19.86,Кайраттын апасынан сурасам дейсинби? )) Эмне Телефондо бат баттан суйлошуп турасынбы )) Элди ишендирип жибергин келиптирго аа? ))
SUPER.KG видео
18.11.2015. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Konsert jakwy boldu. nurlan ilyaz jakwy yrdait birok bilbeim maga kairat menen joodarbeshimdin golosun suiom obaja8 ekoo uchun baaryna dayarmyn.
SUPER.KG видео
19.11.2015. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайрат Отто акылдуу таланттуу мен Кайратка ишенем Нурлан апасынан сунуш тушту деп мактанып койуптур.
Медиа-портал
19.11.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
NADUW,
Саламатсызбы!
Opera mobile же google chrome браузерлери менен көчүрүп көрүңүз. Катачылыктар дагы кайталанса бизге купуя кат менен кайрылсаңыз болот, рахмат!
Медиа-портал
19.11.2015. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аселди окугандан кийин Нурлан жакпай калды
SUPER.KG видео
19.11.2015. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Залды кооз кылып жасалгалашыптыр ошол учун молодцы, жанада Нурландын костюмдары жакшынакай экен, Кайрат спортивный кийинип жургондойго
Медиа-портал
20.11.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соонун болуптур!Ырлары жагат,уну да жакшы.Ийгилик сага Нурлан!Жанагы кызды негедир сага тен корчу эмесмин.Ал деле бактылуу болсун.А Кайрат супер!Унунор очпой, элдин конулун которуп журо бергиле!
SUPER.KG видео
21.11.2015. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оой Кайратты корбой калганыма журогум ооруп жатат. Бир мумкунчулук келгенде колдон чыгардым.
Кыргызстанда болгондо бармакмыын.
SUPER.KG видео
22.11.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми Нурлан Кайрат м-н Кыргызстанга эле концерт коюп жатса,Ильяз давно Казахстанда концертин берген.Демек бул жерде эч концертти мактап,И м-н Н.салыштырууга болбойт.Ильяз бул доорлорду басып откон.эми Казахстана шоу концерт коюп барса бир жон,казак Эли барбай калды го.
SUPER.KG видео
22.11.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайрат Нуртас Илязды концерт коём деп айтыго эмнеге аны чакырбайт экен
SUPER.KG видео
22.11.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Иляздын ырлары орусча,казакча,озбекче,тилдерге которулуп хит болгон.Чын чынына келгенде Кайраттан Илязь Абдыразаков кучтуу ырчы
23.11.2015. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыздар бир аз озун кармаса, намыстуураак болуп.
23.11.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт жакшы болгону жогорудагы сюжеттен корунуп турат. Супер инфонун концерт залынан коробуз деген умуттомун.
23.11.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концертин эртерек жуктогулочу сураныч супер инфо.
23.11.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
eldar87 Эн туура айтасыз Ильяз басып откон доорду Нурлан коро элек анын дооруна жетпесе дагы керек андай болуу учун жонокой эмгекчил ж.б коп нерсени талап кылат. Жоодарбешим тоже жакшы ырчы Кайрат экоонун стили голосу озгочо кансе да баардык ырчыларыбызга ийгилик
23.11.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурландын үстүндөгү пиджак Чынгыз Турдубековдукуго
SUPER.KG видео
23.11.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан дагы да бийиктикке умтула бер! Элдин уулу озун болдун, кыргыздын тумары, аман болгун! Сыймыктанам, сыйлайм! Кайрат мега бойдон кала беирниз! Баары сонун! Сезим менде башкача,
24.11.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайрат Нуртасдын чыгармачылыгын баалаймын Ильязга жетпейтго Нурлан Насип аракет кылат
24.11.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайрат жакпаган Эскираак кастюмун кийип келгенби дейм Эл жака карап ыргытканына караганда ))
25.11.2015. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар адамдын оз оорду бар сахнада. Ооба Ильяз абдан талантту жонокой ырчы мага да жагат. Бирок Нурлан Насиптин деле озунун достоинствасы бар. Антип бирин жаман деп бирин жакшы деген туура эмес го. Эгер жакпаса пусть, силерди уккула деп эч ким доставлять этпейт.
25.11.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой соонун концерт болуптур! Молодец экообу тен мыкты адамдар таланттар. Мындан да бийиктике жете бергиле
27.11.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ее сонун нурланда илязга тен еле ырдайтго.ийгилик баарына тен
29.11.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кыз отурду деди ал ким эле? Кыз жонундо кийин айтам деп айтпай коюптур админ.
30.11.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ledi89, саламатсызбы!
Макаланын аяк жагында жазылган: Башында сөз кылган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыз Нурлан менен Кайраттын чыныгы күйөрманы болду. Баштан аяк телефонуна (башкалардыкындай смартфон эмес, кадимки Нокиасына) видеого тартып, ырчылардан көзүн албай отурду.
30.11.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат Нуртас ыр жыйнагын таратардан мурун «концерт башталарда ушул жерден бир кызды көрдүм эле» деп аны залдан издеп таап, ал кызга белегин берип, «ден соолугуӊуз чыӊ болсун, оорубаӊыз» деген жылуу сөзүн айтканда «баракелде!» дедим, ичим жылып.
SUPER.KG видео
26.06.2016. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жакты
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо