КЕСИПТЕШИН БАШКА АТКАН ЖЕТЕКЧИ ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРӨТ

№681 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж

13-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон райондук бөлүмүнүн кызматкерлери чатакташа кетип, жетекчиси кол алдындагы кызматкерин тапанча менен бир нече жолу атып жиберген деген маалымат желдей тарады. Кызматкерин аткан Эмилбек Тарыхчиев «мен аткан эмесмин» деп жаткан менен, укук коргоо кызматкерлери ага күнөө коюп жатышат. Кызыгы, кылмышка шектүү камалган эмес болсо, жабырлануучу арыз жазбай жатат.

«АТКАН КИШИГЕ ДООБУЗ ЖОК»
Бул окуя боюнча жабырлануучу Таалай Исаевдин уулу Нурсултан Сайпидиновго байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– 13-ноябрда атам менен анын жетекчиси Эмилбек Тарыхчиевдин ортосунда келишпестик болуп кетиптир. Эмилбек ава биздин айылдан. Жаӊжал эмнеден чыкканын билбейм. Ал өзүнө тиешелүү травматикалык тапанчасы менен атамды башка жана колго атып жибериптир. Башына тийген октор, бактыга жараша, тереӊ кирген эмес. Азыр жакшы болуп калды. Башка маалымат булактарына тарап кеткендей атам эсин жоготуп же комага түшкөн эмес, басып эле жүрөт. Маселе мыйзам чегинде чечилиш керек экенине карабай укук коргоо кызматкерлерине арыз жазуудан баш тарттык. «Бир айыл, бир жерде тургандан кийин чатакташпагыла» деп айылдын аксакалдары кийлигишип, жараштырып коюшту. Ошентсе да маалымат укук коргоо кызматкерлерине жеткен соӊ алар иликтөө жүргүзүп жатышат.

«ӨЗ АРА КЕЛИШИП АЛАБЫЗ»
Эмилбек Тарыхчиевдин жеӊеси Мавлюда айымга байланышканыбызда өз оюн төмөнкүчө билдирди:
– Кеӊсенин ичинде болбогондон кийин жаӊжал чыкты же кокустук болду деп жоромол айтуу кыйын. Бирок ал жерде күбөлөр болгон. Эл арасында «колун үзө атып салыптыр» десе, кээ бири кайним аны эшиктен кирип келе жатканда эле атыптыр деген кептер тарап жатат. Ал жерде күбө болуп турбагандан кийин эл эмес, туугандары биз да эч нерсе дей албайбыз. Балким, иш боюнча чатакташкандыр. Күбөлөрдүн айтымында, чатакты басуу үчүн асманга атуу болгон. Башка эч нерсе билбейм.
Мыйзам деген мыйзам, териштирүү болот. Ал эми биз бир эл, бир жер болгондон кийин өз ара келишип алабыз.

«КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ»
Бул иш боюнча Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматкери Мыктыбек Турдубеков төмөнкүлөрдү билдирди.
– Окуя 13-ноябрь күнү болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон району боюнча жетекчиси менен бөлүм башчысынын ортосунда жаӊжал чыгып, курал колдонулган. Жабырлануучу Базар-Коргон районунун Кызыл-Ай айылынын тургуну 1964-жылы туулган Таалай Исаев 3 жолу баш сөөгүнөн жана 1 жолу оӊ колунан октон жаракат алган. Ал райондук Мамкаттоонун жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.
Эмилбек Тарыхчиевдин куралды алып жүрүүгө мыйзам чегинде укугу бар экени анык болду. Териштирүүнүн негизинде соттук медициналык, соттук биологиялык жана баллистикалык экспертизалар дайындалып, иш прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 28-97-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Окуя боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы ыкчам иликтөө тобун түзүп иликтөө жүргүзүп жаткан маал.
Учурда Эмилбек Тарыхчиев ээлеген кызматынан убактылуу четтетилген.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
23.11.2015. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
чон суммада акча берсе керек да, арыз жазбаныздар деп. азыр ок атмак турсун, бетин кичине когортуп койсон жон карап тура турган адам жок.
23.11.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акча да баары
23.11.2015. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым баарына ыйман инсап беерсин))))
23.11.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Буга окшогондорду курал алып журуу укугунан омур бою ажыратуу керек.
Азыркы кезде Кыргызстанда, оз ара келишип алды деген себеп м-н эле кылмыш ишин жаап коюп жатышат. Мындай нерсе улана берсе, эртен мен деле башка бироону ур токмокко алып, биз келишип алабыз десем болот экен да ???
27.11.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ой шумдуук олбой калганын кара..элдешип аланы эле туура болот менимче.
23.11.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мыйзам 4егинде иш жасаш керек,атып атып жарашып алса боло береби?
23.11.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Прокуратураны жоюш керек.
23.11.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул жанылык жетекчини тааныган баардык адамдар учун аябай тан калычтуу. Кээ бирлери мындай окуя болгонуна дагын деле ишене албай журушот. Себеби ал кылмыш аткара турган адам эмес. 20 жылдан бери жетекчи болуп иштеген адам мындайга барышы мымкун эмес.
Бирок чынында кылмыш кылган болсо, анда жазасын тартыш керек...
23.11.2015. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Менин атамды 3 жолу башка атканда, оозуму ачып отурбай, ХХХХ ХХХХ ХХХХ ХХХХ. Мына эми кел элдешели чакыр продажный аксакалдарыны демекмин. Тим эле женесин ортого салып... Асманга бир атса, жамгыр болуп жаап 3 жолу башына тийиптирби. Кубо болгон эмеспиз дейт дагы, озу тымызын кылмышкерли актап жатканын кара... Госрегистр да жалан эле жегичтер отурчу. Коррупцияга дагы текшерип кою керек тиги чиновник-стрелокту.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-23 14:59:42
23.11.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
AlbertEnshtein, провокация жаратпаңыз!
23.11.2015. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акча берип оозун жапса керекда азыр бардык нерсе акча мн чечилип калган акчан жок болсо сен эч ким эмессин
23.11.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээ туугандар закон боюнча мин элдешсе да курал менен кол салууну мамлекет териштирет т а жабырлануучу отказ кылса дагы мам т деген законго ылайык сурашы керек
23.11.2015. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кудай сакта биринчи жолу угуп жатам ушундай окуяны.Баарысы акчаго менимче да.
23.11.2015. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мергенчини жетекчи кылбаш керек.
23.11.2015. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таалайда да бир иш бар окшойт. Баласы да эркек экенго жашы канчада? Ден соолук керек иш табылат.
23.11.2015. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
э бул жерде башка нерсе бар да менимче ал ок жегендин да бир кылмышы бар да ошого кысып калды болбосо бир айыл эмес бир тууганы болсо да алчусун алмак арыз эмес жакшылап иликтеш керек
24.11.2015. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elnuram090,
Булар озу кыйын семья элге кантип мамиле кылышты билет жакшы адам Таалай байке
24.11.2015. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сакта биздин айылда эмне болуп кетиптир Таалай .аке тузук болсо болду бул киши менин конушумго кудай сакта нурсултан аке Эркекта озу
24.11.2015. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Астына келсе атандын кунун кеч болуптур да.
25.11.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушундай ХХХ атышса деле камакмак тугул,кармалбаптыр, элине куйгон чыныгы жигит жинин баса албаса(Ташиевге окшогондор)эле сотко ашырышат, Кыргызстан-укмуш олко болду.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-25 13:47:45
25.11.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balzak, этика нормаларын сактаңыз!
27.11.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олуп калса эмне болот эле. 1 эмес 3 жолу ок башына тийиптир,колуна тийсе андада оз ара келишип алабыз дегени болбойтко. Бирок ушундай кырсыктан , сакта тооба.
28.11.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо биринен бири калышбайт,кылмыш иштери прокуратурага отсо деле акча менен сотту басып коет.Басканы акчасы жетет Тарыхчиевдин
28.11.2015. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олуп калганда келишмек тугул, атышып кетсе керек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо