Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сайкал Садыбакасова, «2014-жылдын супер ырчы айымы»: «УШАКТАРДЫ МЕН КӨТӨРӨ БЕРЕМ, БИРОК АПАМА АНЫН БААРЫ КАТУУ ТИЕТ ЭКЕН»

№681 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж

Ырчылардын жашоосунда күн менен түн алмашып калган. Алар күндүз уктап, кечинде той, концерттерге чыгышат эмеспи. Бүгүн Сайкал түнү менен студияда ыр жаздырып, «биротоло силерге маек берип анан уктайын» деп саат 9:00дө кеӊсебизге баш баккан эле. Ырчы менин суроолорума чарчаӊкы маанайда жооп берип жатты.

– Сайкал, уйкудан калып күнү-түнү катуу иштеп жаткансыӊ го?
– Ооба, студиядан «Апакем» деген ырды жаздырып келе жатам. Күндүз бошобой, биз бошосок студия бошобой, айтор, кээде ушинтип түнү менен иштегенге туура келип калат. Азыр үйгө барып бир аз уктап анан келейин десем, мен уктагандан кийин бульдозер менен ойготсо да турбайм. Ошондуктан жумуштарды бүтүрүп уктагандан ырахат алам. Негизи эле такыр бош убакыт жок. Клип тарттырмай, ыр жаздырмай, тойго чакыруулар... Ушинтип жүрүп былтыркыга салыштырмалуу 8 килограммга арыктап кетиптирмин.
– Канчалык иштеп жатсаӊар да азыр «Кыз-Бурактан» мурункудай Касиет Артыкова, Айжамал Кабылова сыяктуу көз токтотуп, эсте кала турган
кыздарды көрбөй жатабыз...
– Айжамал эже «Кыз-Буракка» 5-классында келген. 10 жылдан соӊ популярдуу болуп аты чыккан. Менин ырдап баштаганыма 13 жыл болду. Азыркы кыздар деле иштесе болот. Тилекке каршы, жаӊы аты чыгып тааныла баштаганда турмушка чыгып кетип жатышпайбы. Мурда келишимде 25 жашка чейин турмушка чыгууга тыюу салынган эле. Азыр чектебей, эркиндик берип койгонбуз. Бирок бул нерсе болбойт экен. Ошондуктан апам «келишимге өзгөртүүлөрдү киргизем» деп жатат.
– Эл арасында «Кыз-Буракты» тойго чакырсак, Сайкал Ошто болсо, Оштогу кыздары менен эле барып фонограмма менен ырдап кете берет, кыздардын үнү өздөрүнүкү эмес» деген нааразычылыктар болуп жатат...
– Биз Бишкектебиз, Ошко тойго чакырып 5 кыздын жол киресин төлөп беришсе, бул жактан кыздарымды алып барам. Бирок акысы 1500 доллар болуп кетет. Ошто деле «Кыз-Бурак-2» деген топ бар, алар даярдоо группасында. Аларды да окутуп сахнага даярдап жатам. Өзүм топтун негизги курамындагы кыздар менен жүрөм.
– «Кыз-Бурак» тобу толугу менен сенин колуӊа өттү беле?
– Эмки жылы топтун 40 жылдыгы болот, ошондон кийин толугу менен мага өткөрүп берет. Апам сырттан эле көзөмөлдөп турат, топтун түйшүгү менин моюнумда. Ишенесизби, апам күнүгө эртеӊ менен саат 8де тургузат. Кечинде саат 12де топтун иштери, убактымды каякка жумшадым, ошол боюнча бир күндүк отчёт берип анан уктайм. Ошондо да «эшикти бекиттиӊби, газды текшердиӊби, жарыкты өчүрдүӊбү?» деп тактап туруп анан «эми уктай бер» дейт. Байкуш апам эки жолу үй күйүп кетип коркуп калган да.
Бир жолу кыздар кышында Бишкектеги үйдөгү үйлөмө ток мешти күйгүзүп коюп кетип калышкан экен. Кыздардын бөлмөсү өрттөнүп баштаганда апам келип өрт өчүргүчтөрдү чакырып өчүрткөн. Ошондо ачуусу келген ал кыздардын баарын тизип аябай урушкан эле. Бул окуя Оштогу үйдө да кайталанган. Ал жактагы эмеректер, кыздардын формалары өрттөнүп кеткен. Андан кийин апам жаӊы үй салып, жаӊы эмеректер менен кыздардын бөлмөсүн сонун кылып койду.
– Апаӊ эмки жылы 63 жашка чыгат экен...
– Апам мен эс тартканда кандай болсо, азыр деле ошол бойдон. Чачы да, кашы да, мүнөзү да эч өзгөргөн жок. Мага караганда тыӊ, бүт жакка жетишет. Мен да келечекте апамдай иш билги кыйын аял болгум келет. Ал үчүн талыкпас эмгек кылып тажрыйба топтоом зарыл. Андыктан апамдан кимге кантип сүйлөш керек, убакытты кантип туура пайдаланыш керектигин үйрөнүүдөмүн. Былтыр январдан бери жанталашып клип тарттырып, ыр жаздырып жакшы эле иштедим. Буюрса жаӊы жылдык программаларга тартылып алган соӊ январда ооруканага жатып бир сыйра дарыланып, эс алып чыксамбы деп жатам.
– Мурунку жигитиӊ Нурлан клип, тасмага тартылып эл оозуна актёр катары алына баштады. Ал сенин атактуулугуӊдан пайдаланып шоу чөйрөгө баш багып алган сыяктуу...
– Менин атактуулугумду пайдаланды же пайдаланган жок деп айта албайм. Эл баарын көрүп турат. Андыктан ал жигит жөнүндө эч нерсе айткым келбейт. Бойго жеткенден кийин арзуусун билдирген мырзалар четтен чыгат экен. Алардын бирөөсүнө карап койсоӊ күлдү, күлүп койсоӊ жүрдү кылып жиберип жатышпайбы.
– Бирок учурда «Добулбас» тобундагы Ильяз менен сүйлөшүп жатканыӊ чындык да. Ал менин досум деп актанарыӊды билем. Кесиптештериӊ Асел менен Нурлан да доспуз деп мамилелерин жашырып келишкен эле...
– Ооба, Нурлан да, Асел да менин досторум. Мен экөөнүн ортосундамын, экөөнө теӊ тартпайм. Менин оюмча, эки жаш үйлөнгүчөктү элге жарыялабай эле турганы оӊ. Анткени ар кандай күтүлбөгөн окуялар болуп кетип, экөө баш кошпой калышы мүмкүн. Мен актанбайм. Чындыгында, Ильяз менин жигитим экендиги тууралуу кептер калп. Азырынча жигити жок эле тынч жашап турууну чечтим.
– Байкашымча, жигиттерден көӊүлүӊ калгандай, балким, ушак сөздөн тажагандырсыӊ...
– Андай сөздөрдү мен көтөрө берем, бирок апама катуу тиет экен. Азыр 23 жаштамын. Буюрса, баарына жетишем. Албетте, апам небере жытын жыттап чоӊ эне, таене болгонго татыктуу. Ал үчүн тарбиялуу, тектүү, мени жана апамды сыйлаган, чыгармачылыгымды түшүнгөн жигитке турмушка чыгышым керек.
– «Учурда кризис болуп жатат» деп эмнегедир элдин маанайы суз, бул нерсе сага байкалуудабы?
– Эмне, кризис болуп жатабы? Бизге азырынча жете элек окшойт. Финансы жагын апам карайт, акчаны да апам карайт. Мага эмес, ага сезилип жаткандыр.
– Маегиӊе рахмат!

«Апам мен эс тартканы кандай болсо, азыр деле ошол бойдон».

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Сайкал Садыбакасова: "Ак көйнөк кийип турмушка чыгуу - кыялым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(67)
23.11.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza.janybekova, саламатсызбы!
Макалага жазылган варианты да, сиз жазган вариант да туура.
23.11.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик Сайкал бар бол. Супер инфо Бактыгул Бадиева тууралу да маалымат берсениздер болобу?
23.11.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал сен сулуу,ачык айрым тарсылдап суйлогон жакшы кызсын маладец,дайыма алга!
23.11.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроолор деле скучный экен. Нурлан экоо жонундо сураса болмок экен ))))
23.11.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да Бактыгулда Бадиеваны чыгаргылачы
23.11.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Иш жакшы, бирок уй-було биринчи орунда турат. Сайкал да оз оюндагыдай ыймандуу, мартабалуу жердин уулуна баш кошуп, турмуштан оз ордун табышын тилейбиз. Эмики макала "Сайкал турмушка чыкты" деген кабар менен байланышса, суйунуп куттуктоо айтабыз.
23.11.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Интервью алган кыз аябай сулууго. Менин орус парехмахерим бар Вероника деген, экоо аябай окшош экен)))
23.11.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир интервюсунда "э браток мококососсунго я "деген создор менен суйлоптур . ошондо Сайкалда актрисалык онор бар экенин билдим . азамат !
SUPER.KG видео
23.11.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Лямычкасы эле жагат...кулгону сонун.Аябай чарчанкы сууз интервью бериптир.
23.11.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер ырчы айым
23.11.2015. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
назира кадыевадан маек алсанар ото кубанат элем даа супер инфо кутсок болобу
24.11.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leili, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
23.11.2015. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карьера деп журо бербей турмушка чык, а то сурсуп кетесин.Азыр Кыз-Бурак дегенде Сайкалды эле тушунуп калдык го. Ошончо адамдын жугун тарткандан коро жеке эле ырчы болуп алышын керек экен.
23.11.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишине ийгилик
24.11.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыз-Бурак2син кайсы убакта окутуп журот озу Бишкекте журсо,тим эле футболчулардай экен го резерв-запасной составы менен)))
26.11.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dubai,Гулшайыр эже окутат да кошумча курамын,негизги курам Бишкекте аларды Сайкал...
24.11.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мага жагат жонокой,маеги да жасалмасыз
24.11.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурунку жигити нурлан кайсы клип кинолорго катышкан
24.11.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн жакшы азамат карындашым ушунунан жазба жонокой кыз.ал эми куло берет экен дегендерге айтар элем:кыз назы менен кызда анан кулбой-нетпей журсо дагы айтат эленерда всокомерная деп .андыктан алдыга журо бер дейм ийгилик каалайм озгондук акаларин.....
akubeku түзөттү 2015-11-24 20:01:41
25.11.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сайкал мага аябай жагат! Кыз бала учун биринчи орунда уй-було болуш керек деп ойлойм. Андыктан турмуш жолуна эртерээк аттаныз демекчимин!
25.11.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулшайыр эженин жашында кашы калын экен а азыр ичкерип кетиптир деп эле ))) тамаша
Сайкал аябай сулуу ачык айрым жонокой кыз мага жагат. Ушунундан жазба. Мени мурда Сайкалга окшоштурушса аябай суйунчумун ))) ал убакта Эстей жур ыры менен жаны чыгып келе жаткан болчу) Помпошка болуп )))
25.11.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурланы кайсы клипте катышкан эл журт айтып ийгилечи сураныч
26.11.2015. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
25.11.2015. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сыйлайм. Мыкты ырдайт
26.11.2015. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу кыз,ийгилик апасындай кыйын болот коросунорго!
27.11.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоон чоон ийгилик, эч качан очпой кыргыз элине эмгек кылып жакшы ырларыгар менен журо бергиле. Сайкал алга.
28.11.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гулшайыр эжени аябай жактырам эркек муноз простой.суйлогону да ордунда
28.11.2015. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн эле "таттуу" кыз да! ишинизге ийгилик жана уй булоолук БАКЫТ каалайм!
29.11.2015. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул Бадыева мн Бегимай Эсенгуловалар вапще жок болуп кеттиго апеей интервю алып койгулачы Урматтуу Супер Инфо!
SUPER.KG видео
01.12.2015. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коздорун укмуш бир башкачаго сенин ийгилик жаным
SUPER.KG видео
06.12.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saikal bir az erke taltan alyp jurbo emi ozundu,sen uje katta kyzsyn da ;)birok,kylyktary jagymduu,kulgonu,munozu,unu degele talanttuu kyz.
SUPER.KG видео
06.12.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyz burak tobundagy Aigerim degen kyzdyn ozunun yrlary bolso kirgizsener please,anan maek dagy kurgulachy Aizat,Maksat.Tatynakai kyz eken,unu dagy jagyp jurot,Saikal ga kopko ishtegen talanttuu,tatyna kyzdar kop bolso,ulam kyzdar ozgoro berbei almashyp.Iygilik jalpyna!
Медиа-портал
07.12.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алтыным десе, ушул калыбындан жазба. Анан эртерек турмушка чыгып кетчи. Ушу жаман коздордон кудай озу сактасын. Жанагы "Сизге" деген ырынардын клипиндеги жигит сага куп жарашат эле.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо