МАЛАЙЗИЯНЫН ПОДИУМУН БАГЫНДЫРГАН КЫРГЫЗ ЖИГИТИ

№681 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж

Чет мамлекетте ийгиликтерди багындырган мекендештерибиз арбын. Айрымдары илим тармагында өзүн көрсөтсө, кээ бирлеринин спорт, бизнес жаатында жетишкендиктерин көрүп көӊүл көтөрүлөт. Чет жерде ийгиликке жетип жүргөн жаш модель Жоомарт менен болгон маекти бул жактан окуӊуз.

Толук аты-жөнү – Жоомарт Токтосунов
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 17-май
Бою –190 сантиметр
Салмагы – 78 килограмм
Туулган жери – Ош облусунун Отуз-Адыр айылы
Билими – Малайзиядагы Лимкоквинг университетинин студенти
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Учурда – Малайзияда модель болуп иштейт

– Малайзиянын подиумун багындырганга чейинки кадамдарыӊа токтолсоӊ...
– 5 же 6 жашымда болсо керек, ата-энем мени чоӊ энеме таштап, Ош облусунун Отуз-Адыр айылынан Бишкекке көчүп келишкен. Бир жылдан кийин «балабыз борбордо билим алсын» дешип, Бишкектин четиндеги Төмөнкү Ала-Арча конушундагы мектепке беришти. Ата-энем ишкерлик менен алектенишет. Төрт бир тууганбыз. Мектепти аяктагандан кийин туугандарымдын кеӊеши менен Малайзиянын маалыматтык технологиялар боюнча университетине тапшырдым. Англис тилин жакшы өздөштүргөндөн кийин Лимкоквинг университетине которулдум. Кесибим программист.
Бул жакка келгенден кийин эки жыл эрке студент болуп ата-энемдин акчасына жашап жүрдүм. Анан алардан кайра-кайра акча сурай бербейин деп дүкөнгө сатуучу болуп ишке киргем. Бир күнү адаттагыдай кардарларды тейлеп жатсам бир кыз келип «модель болгуӊуз келбейби?» деп сураганда алгач күлкүм келген. Ал өзүн тааныштырып «модель болсоӊуз, сизге акча төлөп беребиз» деп мени ынандырды. Ошентип кокусунан келген кардар кыз менин модель болушума түрткү болду.
– Дароо эле подиумга чыгып кетпесеӊ керек?
– Моделдерди окуткан мектептерге барып, өз алдымча күзгүнүн алдында басып далай ирет машыктым.
– Ал жакта моделдерге болгон талаптар кандай?
– Боюӊдун узундугу 185 сантиметрден 195 сантиметрге чейин болушу зарыл. Албетте, дене-мүчөӊ келбеттүү жана жүзүӊ жагымдуу болушу керек.
– Алгачкы гонорарыӊ эсиӊдеби?
– «Stylo» мода агенттигинин көргөзмөсүнө чыгып 1000 доллар алгам. Азыр ата-энемден акча албайм, тапкан каражатым өзүмдү каржылаганга жетет.
– Атактуу кайсы бренддер менен иштешесиӊ?
– Индонезиянын Maura Clothes, Кытайдын Meterbonswe, Кореянын Brothaboy Aus, Beyond Closet, Малайзиянын Ezuwan Ismail, Benua Feat, Altimet Bon Zainal, Fairuz Ramdan өӊдүү бренддери менен иштешем. Алардын кийимин кийип подиумга чыкканым үчүн бир көргөзмөдө 600 доллардан 1000 долларга чейинки гонорар алам.
– Сен дайым келишимдүү болуп турушуӊ керек эмеспи, спорт менен машыгып, мода кууп кийинесиӊби?
– Агенттерим (буйрутма берүүчүлөр менен келишим түзүүчүлөр) айтмакчы, менин жүзүм дайым сатыкка даяр болуп турушу керек (күлүп). Кыргызстанда бокс, кикбокс, күрөш менен машыкчумун. Азыр дене-мүчөмдү бир калыпта кармап туруш үчүн машыгуу залына барып турам.
Шопоголикмин, моданын артынан кууп кийинем, бул мага жагат.
– Моделдик кесиптен тышкары эмне менен алектенесиӊ?
– Бир жылдан ашык убакыттан бери модель болуп иштеп келатам. Келечекте деле сүйүктүү кесибим менен иштейм деп ойлойм. Учурда кошумча дүкөндө сатуучу болуп иштейм.
– Эми жеке жашоого келсек, жандап жүргөн сүйүктүүӊ барбы?
– Учурда сүйлөшкөн кызым жок. Болочоктогу жубайымдын акылдуу болушун каалайм. Кыйын учурларда акыл айтып, жөлөк болуп турган жан шеригиӊ болгонго эмне жетсин? Жандап жүргөн түгөйүм гана болбостон, ал менин досум, кеӊешчим болушу керек.
– Сулуу айымдарга капчыктуу мырзалар ашык болушат эмеспи. Сенин келишимдүү дене-мүчөӊө ашыккан кыздар да көп болсо керек?
– Мага суктанган кыздар көп эле (күлүп). Мода көргөзмөлөрү, фотосессия ушул өӊдүү иштер бүткөндөн кийин мени менен сүрөткө түшүп, жагымдуу сөздөрүн айтып кетишкен кыздар болот.
– Ата-энеӊ сенин модель болуп иштөөӊө кандай карашат?
– Алар менин модель болушума каршы эмес, менин ар бир ийгилигим үчүн сыймыктанышат.
– Алдыда аткарам деген кандай максаттарыӊ бар?
– Окуумду ийгиликтүү аяктап, Малайзияда иштеп, тажрыйба топтоону пландап жүрөм. Келечекте бул жактан алган тажрыйбамды мекениме барып бөлүшүп, бир тармакты өркүндөтүү менин башкы максатым.

«Модель болууну үч уктасам түшүмдө көргөн эмесмин».

«Бир көргөзмөдө 600 доллардан 1000 долларга чейинки гонорар алам».

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(36)
23.11.2015. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ийгилик.. азаматсын...
23.11.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Модельдикте иштеген балдар подиумга чыкканда,фото сессесияда боёнуп,ар тур дурдуу образда кылдаттык менен суротко тушуп,туптуз болуп,бир калыпта басып жатканда кыздарлагы кылыктар корунгондой Биз кыргыздар букуройуп,талтандап,эки колун канат сыяктуу которуп баскандарга конуп калганбыз ошол учун модель балдардын кыймыл аракетин кээ бир адамдар когуштой элестетип алат.
Бул нерсе келбеттуу студенттер учун эн жакшы жумушко дейм,адал тамак бироонун нан уурдап же стриптизге тушуп жатпагандан кийин
23.11.2015. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Адамдагы эн биринчи сулуулук бойдун узугдугу эмеспи аны туура алып журсо кандай сонун бою узун кыздарга да тушунбоймун букуройуп эки желкесин алдына таштап алат,
23.11.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
молодец жигит! жарайсын!!! респект!
23.11.2015. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргызстандын атын чыгарып журо бер!!!Азамат!!!
23.11.2015. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде ушундай сулуу жигиттер коп озучу ))) Менден кичуу экен да чавып алайын десем)))) а так мен деле моделдике жарайм эй ))) Азаматсын !
23.11.2015. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын!
24.11.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аиии ай суйуп калдым окшойт!
24.11.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу жигит экен жагып калды чиркин мен сени менен бактылуу болгум келет
24.11.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жердешим болот турбайбы. Азамат, ийгиликтер!
24.11.2015. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эн жакшы!!!максатына жет,кыргызстандын керегине жараган жигиттерден бол!ийгилик!
24.11.2015. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын иштерине ийгилик каалайм
25.11.2015. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу жигит экен. Молодец.
25.11.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Койгулачы ушулда жумушпу.
25.11.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азырынча студент экендигин эске алсанар,озунун нанын озу таап жатат. Азамат Кыргыз жигити ооооо тиги ата бабабыз тааныбаган Малайзияда жузун корсотуп журот. Ийгилик коштосун дайыма.
25.11.2015. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец ийгилик!!!
26.11.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rossiyaga kelip ishtep kalush 15 Jul uktasam tushumo kirgen emes. molodes jigit Kyrgyzdu duynogo taanutaber
26.11.2015. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Modeldik Kyrgyzmyn degen jigittin ishi emes
26.11.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик.
27.11.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец аябай симпотичный бала экен коро албагандар ар нерсени былжырай берет ушул да ишпи деп оздорунун бою бир карыш.
27.11.2015. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аралаш болсо керек ошон учун сулуу
27.11.2015. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
негизи кыргыздар козу бутук бою кыска буту тайтак болот кобу
11.12.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guzel_,сен өзүң кыргызсыңбы? Бизде сулуу кыз-жигиттер көп,алардын акылы менен тарбиясы кандай ким билет.Сен өзүң жазгандай эмессиңби?
28.11.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ди каприо экен го. Молодец. Бойдокмун кызым жок дейт. Кыздар чамдагыла.
28.11.2015. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ишинизге ийгилик! чындыгында суктана турчу чырайы келишкен мырза экен)))
28.11.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оо, красавчик турбайбы)) модель болуп, жасанып, боенбосо, соонун болуп суротко тушпосо байкамак эмесмин/ демек биздин айланадагы жигиттер да ушундай эле экен да. Караааап туруп, мысленно кийинтип, прическа кылып.....оп, озубуз принц кылып алсак болчудай)) а так бул бала чындан эле жакшынакай экен....
29.11.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарына эле жараша бербейт боенуп прическа кылып алтындан кийинтип койсон да жарашпаган балдар бар.
29.11.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
igilik,birok soomoyi menen ortondu qygargandaky mazmuundu emigeqe tvxvnbogonvno karaganda...bul eki manjany aldyna karatyp qygargan ayityluu qirqildindegen maanisin tuyuntsa,a ozvno karata qygargandy yapondordep tvxvnvxot.
29.11.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
qirqildegendi tuyuntkan,a bu eki manjany ozvno karata qygargandy yapondordep tvxvnvxot.
29.11.2015. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга а Отуз-адыр
29.11.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!!
30.11.2015. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Жигит.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо