Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кылычбек Султанов, элчи: «ОКУУЧУЛАРДЫ БИЛИМ АЛУУГА ШЫКТАНДЫРГЫМ КЕЛЕТ»

№681 20-ноябрь-26-ноябрь, 2015-ж

«Эгер мектепте окуп жүргөн кезимде сабактардын дээрлик баары жашоодо кереги тиерин билгенимде абдан жакшы окумак экенмин»,- дейт Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов. Аталган элчилик мекенибиздеги мектеп окуучуларынын арасында «Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм» деген темада дил баяндар сынагын жарыялады. Мындай идея кандайча жаралып калды, максаты эмнеде экенин сурап, элчи мырзага кайрылдык.

– Кылычбек мырза, сынакты уюштуруу идеясы кантип жаралды?
– Өзүӊүздөр билгендей, гезит-журналдар же башка жалпыга маалымдоо каражаттары көптөгөн сынактарды өткөрүп келишет. Мисалы, сулуулар сынагы, ырчылар сынагы сыяктуу. Көптөн бери мүмкүнчүлүк таап, мектеп окуучуларын да кызыктыруучу сынак уюштурсам деген оюмда бар болчу. Анан жыл бою жай мезгили болгон экзотикалык өлкөдө иштеп, жашап жатып Айтматовдун «Эрте келген турналарындагы» Султанмуратка окшоп мектепте окуган сабактарымды эстедим. Эгерде ошол сабактардын жашоомдо кереги тиерин билсем, мектепте отличник болгонума карабай андан да кызыгуу менен окумакмын деген ойго келдим. Мектепте окуп жүргөн кезибизде чынында көптөгөн сабактардын келечекте канчалык пайдасы тиерин жакшы биле бербейбиз да. Окуучулар дүйнө жүзүнүн канчалык кызыктуу экенин билишсе, мектептеги түрдүү сабактарды жакшылап түшүнүүгө, өздөштүрүп окууга, үйрөнүүгө шыктануусу күчөйт эле.
– Демек, окуучуларды билим алууга шыктандырууну максат кылып жатыптырсыз да. Сынактын шарттарында 12ден 15 жашка чейинки балдар деп көрсөтүлдү. Эмнеликтен ушул курак тандалып алынды?
– Бул курак балдардын акыл-эси жетилип, келечекке көз жүгүртө баштаган маалы. Мына ушундай жаштагы балдардын дүйнө таанымын кеӊейтүүгө шарт түзгүм келет. Жеӊүүчүлөргө дүйнө жүзүнүн өзгөчөлүгүн: климатын, жаратылышын, өсүмдүктөрүн, маданиятын, тилин, адамдарынын өӊ-түстөрүн, мамлекеттердин өнүгүү деӊгээлдерин, деӊизди, океанды, аралды, түркүн жаныбарларды өз көздөрү менен менен көрүп-билгенге шарт түзүлөт. Бул нерселер, кызыктар, таасирлер окуучуларды билимге умтултат, шыктандырат. Демек, алар мындай мүмкүнчүлүктөн кийин келечекте мыкты ийгиликтерге жетишиши мүмкүн.
Ошондой эле алар өздөрүнүн мектебиндеги, классындагы окуучулар менен көргөн-билгендерин бөлүшүп, алардын да билимин, дүйнө таануусун кеӊейтүүгө себепкер боло
алышат.
– Эмне үчүн ар бир ЖМКга бирден аймак бөлдүӊүздөр?
– Тилекке каршы, билим берүү деӊгээли, билим алуу мүмкүнчүлүгү өлкөбүздүн ар башка аймагында ар башка деӊгээлде. Ошол өзгөчөлүккө карабай өлкөбүздүн ар бир аймагынан жеӊүүчү чыкса деп ойлодум. Ошондон улам жети облустан жана негизги эки шаардан жеӊүүчүлөрдү кантип аныктоо керек деген тапшырма пайда болду. Бул тапшырманы чечүүнүн бир жолу катары Кыргызстандагы алдыӊкы 9 ЖМКны өнөктөш кылуу жолун тандап алдым. 9 маалымат булагы Кыргызстандагы 7 облусту жана Ош менен Бишкек шаарларын бөлүшүп алышты. Эми ошол аймактар боюнча дил баяндарды кабыл алышып, редакциялык кеӊеште жеӊүүчүлөрдү аныкташат. Ошентип 9 жеӊүүчү тандалат.

Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(20)
23.11.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бардык олкодогу элчилер Кылычбек Султановдой жумуш иштегенде, олкобуз качан бутуна турмак. Карачы Малайзия дегенди картадан бар экенин копчулук билчу, бирок, ал жактагы жашоо тууралуу тушунук болбогон. Азыр Султанов элчи болгондон бери байма-бай ар турдуу иш-чаралар откорулуп, Малайзия жонундо кобуроок билип калынды. Жумушунузга ийгилик, дагы дагы жетишкендиктердин устундо талыкпай иштей беруусун каалайбыз. Рахмат Сизге Султанов Кылычбек.
Sayragul түзөттү 2015-11-23 09:34:21
25.11.2015. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sayragul,Айыл жергесиндеги элеттин окуучуларын тартсаныз жакшы болмок!Ар бир облустан бирден окуучу тандалса да жакшы болмок.Канча окуучу барганга болот?
25.11.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rasul_Rahmanaliev, саламатсызбы!
Ар бир облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан бирден окуучу тандалып алынат. Жыйынтыгында тогуз окуучу барат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына өз-өзүнчө аймактар бөлүштүрүлгөн. Буга ылайык, "Супер-Инфо" гезити Нарын облусундагы мектеп окуучуларынын арасынан жеңүүчүнү аныктайт жана дил баяндарды konkurs@super.kg электрондук почтасы аркылуу кабыл алат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-25 12:05:23
23.11.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн соонун! мага ушу идеяныз аябай жакты. анткени мектепте окуп жургондо дил баян жазып коптогон сыйлыктарды алгам. ошол кезде да ушундай сынак болсо жакшыле,чет жерди коруп келмекмин деп айтчуумун.окуучуларга ийгилик!
23.11.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы эн сонун ишинизге ийгилик.э
23.11.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз! Абдан жакшы ...Окуучулардын билим алууга шыктандырган идея.Олкобуздо сиздей патриот инсандар коп болушун тилейим.
23.11.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Элчи десе эле туш оогуча элге(мигранттарга)эшигин ачпаган,ачса да чеке жылытаарлык соз айтпаган,чечип бере турчу проблеманы озуно жуктоп туруп,артына бир тээп айдаган Кыргыз Элчилиги(кайсы мамлкетте болбосун)деген тушунук бар эле. Чындыгында бул агайдын иштеп жатканы жогорку иш-чараларынан корунуп турат экен. Демек Малайзия элчиси кылдат жана мыкты иштеп жатат десе болот, азаматсыз Кылычбек Султанов!
23.11.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kylychbek Kamchyevich, sizden suranych, bolgonu 9 jash okuuchular barsa, tushuku jana kechki tamaktaryn kamsyzdap koisonuz jakshy bolmok!Kyrgyzda jakshy soz bar, "Jakshy aityrbai bilet, suratpai beret!!! Aldyn ala chon rahmat!!!
23.11.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Acerkg, ушунусуна рахмат! Ушунусуна ыраазы бололу! Ал жакта угушумча кыргыздар коп. Кыргыз кыргызды коргондо коноктомой бар )) А баса, сиз женип кеттинизби?
23.11.2015. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Acerkg, саламатсызбы!
Кылычбек Камчыевичтен жооп алдык, "кам санабагыла, эч кимди ачка калтырбайм" деди. Эгерде сиз дагы салым кошом десеңиз, дагы кошумча балдарды алып келүүгө жардам берсеңиз болот. 1 балага чыгым 1500 доллардын тегерегинде экен.
24.11.2015. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_portal, Salamatchylyk!
Joop kaitarganynarga teren raazymyn, chon rahmat! Myndai joop men uchun ele emes, jalpy ele uchun kubanychtuu! Kylychbek Kamchyevichtin ishine iigilikter bolsun, myndan ary kozdogon maksattary orkundoi bersin!
23.11.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal 20.11.2015. 12:45 0
Acerkg, саламатсызбы!
Түшкү жана кечки тамакты барган тарап өзү каржылайт
23.11.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Elchibiz Malaysianun jashoo turmush onukkonun oz kozu menen korup Kyrgyz jerinda ushunday onukkon olkogo aylantkusu keletgo deym,
24.11.2015. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул элчи жигит жакшы иштейт азаматсыз кыргызда ушундай жигиттер кобойсун
24.11.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Кылычбек мырза иштеринизге ийгилик каалайм ден соолукта болунуз эч качан оорубаныз
25.11.2015. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султанов экономикадагы, бизнестеги иш алып баруунун жолдорун билген билимдуу дипломат болгондугу учун жакшы жумуштар жасалып жатат. Ушундай иштин козун билген, Кыргызстанга пайдасы тийген дипломаттарды кобойтсо жакшы болмок. Мына, кечээ эле Америкадагы Кыргыз элчилигинин эшиги ачылбай, кыргызга жардам берген эч ким жок экендигин депутат Лунара Мамытова айтты. Коп эле жерде ушундай. Элчи Кыргызстандын жузу, аларды коруп Кыргызстанды тааныйт башка элдер.
Sayragul түзөттү 2015-11-25 16:04:08
26.11.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shat.88, саламатсызбы!
Сурооңуз түшүнүксүз болуп жатат. Кененирээк купуяга жазсаңыз.
Модератор Соңку кабар түзөттү 2015-11-27 09:04:39
27.11.2015. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Студентердин билимин оркундотуго да жардам бере турган долборлорду ишке ашырса жакшы болмок. Канча студент бар кыргызстанда. Админ тиншелуу болумго жеткирип койсонуз
27.11.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mani, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Жеткирип коёбуз.
02.12.2015. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец Кылычбек брат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо