Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«Эль Класико» ДҮЙНӨНҮ ЭКИГЕ БӨЛЧҮ ТИРЕШ

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

Испания гана эмес, дүйнөнүн эӊ белгилүү футбол клубдары мадриддик «Реал» менен каталондук «Барселонанын» өз ара беттешүүсү футбол дүйнөсүнүн назарын буруп келет. «Эль Класико» аталган жүз жылдык тиреш кантип башталганынан тарта алардын акыркы оюнуна чейин баяндайбыз.


КЛУБДАРДЫН ТАРЫХЫ
Испанияда жаӊыдан футбол жайылгандан тарта борбор калаанын футболдук клубу «Реал» менен Каталония провинциясынын «Барселона» командасы алгачкылардан болуп түзүлгөн. Бири шаардан, бири облустан болгон жагдай эки клубдун атаандашуусуна зор түрткү берген.
Испаниянын падышасы жана өкмөтү жайгашкан Мадрид шаарында «Реал» 1902-жылы негизделген. Андыктан клуб падышалык атка ээ болуп, шаардыктардын жакшы көргөн командасы эле. Ал эми «Барселона» клубу 1899-жылы өлкөнүн Каталония автономиялык облусунда түптөлөт. Кезинде Испаниянын диктатурасына кабылган этникалык каталондуктардын жалгыз чер жазуусу – өз клубуна күйөрмандык кылуу эле. Ошондон тарта «Барселонанын» башкы девизи «клубдан да артык» деп аталып, күйөрмандар үчүн Каталониянын көз карандысыздыгынын сим­волун чагылдырган.

«РЕАЛдын» ИЙГИЛИГИ «БАРСЕЛОНАнын» КАЙГЫСЫ
Алгач каталондук клуб «Мадрид» үчүн атаандаш боло алган эмес. Падышалык команда өз курамына өлкөдөгү эӊ мыкты футболчуларды чакырып, ийгиликке жетип турган. ХХ кылымдын ортосунда «Реал» өлкө чемпиондугунан тышкары эл аралык Чемпиондор кубогун 5 жолу катары менен утуп алган. Бул кездеги «Реалдын» ийгилиги каталондуктардын кайгысы эле.
ХХ кылымдын жарымынан кийин гана «Барселона» баш көтөрө баштаган. Анын катарын Голландиянын мыкты футболчусу Йохан Кройф толуктап, чемпиондук наамды алууга көмөктөшөт. Командалардын күчтөнүүсү менен «Эль Класико» тиреши жаӊы тепкичке көтөрүлөт.

САТКЫН АТКА КОНУУ БАТ ЭЛЕ
Элдешкис эки команданын футболчулары бири-биринин катарын толуктоосу чанда гана кездешет. Мындай учурда ал спортчу кечээ күйөрмандардын сүймөнчүгү аталып келсе, эртеси дароо саткын атка конот. Бирок клубдардын тарыхында бул жагдайлар бир нече жолу катталган. Алсак, «Барселона» футболчулары Бернд Шустер, Микаэль Лаудруп падышалык командага кошулушкан. Ал эми 2000-жылы «блаугрананын» эӊ мыкты футболчусу Луиш Фигунун «Реалга» өтүшү менен, ал каталондуктардын негизги саткынына айланган.
Кызыгы, учурдагы «Барселонанын» машыктыруучусу Луис Энрике да падышалык командада 5 жыл ойноп келген. Ал 1996-жылы каталондук клубга кошулуп, аны менен капитандык наамга жетип, кийин машыктыруучусу болуп чыга келди.

МЫКТЫ ОЮНЧУЛАР ТИРЕШИ
Бири-биринен ашып өтүү үчүн командалар ар убак өз курамына мыкты оюнчуларды чакырат. Өз кезегинде падышалык клубда Зинедин Зидан, Роналдо, Бекхэм ойногон болсо, «Барсада» Ривалдо, Роналдиньо өнөрүн көрсөтүп келишкен.
2009-жылы Криштиану Роналдунун «актарга» кошулуусу менен бирге «Эль Класико» жетер чегине жеткендей.
«Реалды» Роналду алдыга сүрөсө, «Барселонаны» Лео Месси жетектейт. Учурда бул командалардын тиреши дүйнө жүзүн экиге бөлөт. Роналдуга жан үрөгөндөр «Реалды» тандаса, Месси мыкты дегендер өзү эле кантип «Барселонага» күйөрмандык кылганын билбей калат.

«ЖЕ МЕН, ЖЕ БЕНИТЕС КЕТСИН!»
Бул эки команда испан чемпиондугу алкагында бири-бири менен 21-ноябрь күнү кез келди. Аталган беттешти КТРК түз эфирде көрсөтөрүн жар салган. Бирок эч кандай түшүндүрмөсүз көрсөтүлбөй, күйөрмандар тарабынан бир кыйла сынга кабылды. Ал эми оюнга келсек, Неймар менен Луис Суарес падышалык клубду өз үйүндө уяткарып, 0:4 эсебинде жеӊип алышты. Бул оюнга Месси жаракатынан улам экинчи бөлүктө гана алмашууга чыккан.
Оюндан соӊ ызаланган Роналдунун падышалык клубдун президентине «Же мен, же машыктыруучубуз Бенитес клубдан кетсин!» деп айтканы ММКларга тарады. Бирок клубдун президенти Флорентино Перес маалымат жыйында бул сөздөр чындыкка дал келбээрин айтып, Рафаэль Бенитеске ишеним артарын билдирди.

Акыркы беттештин мыкты оюнчуларынын бири Луис Суарес 2 гол жаратты.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(18)
30.11.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ктрк 6 жолу ХХХ болсунчу
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-11-30 10:49:19
30.11.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
soccer_boy95, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 3 күн БАН!
30.11.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ктрк дагы бир жолу элдин ишенимин жоготду
30.11.2015. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
КТР ди он жети мунот кутуп отуруп, жонокой жалал-абаддык 7 каналга которсом болуп жатыптыр, КТРге абдан катуу таарындым, 7 каналга РАХМАТ!
30.11.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы жанылык болуптур. КТРКнын кылган жоругу (ойлонуп ылайыктуу сөз таба албай койдум, же бандан корктумбу). Ла-лиганын ойундарын super.kgден чагылдырып турсанар, байма-бай жакшы болмок.
30.11.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bazarkyl, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
30.11.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ktrk uiat ele boldu koiup berem dep alyp
30.11.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пададан алдын чаң чыгарба деген сөз барго ошондой болуптурда ктрк
30.11.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ктрк теле коруучулордон кечирим сурап неге футболду косото албай калганын айтып койгондо болмок мен жабылып калгыча куттум.... Интернетке кирсем 4 0 болуптур.
30.11.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рналдо эми не кылаткен кетет бекен командадан
30.11.2015. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
урматтуу супер инфо ктрк эмне себептен туз эфирде алып бере албаган себебин билип бергилечи алдын ала чоон рахмат
01.12.2015. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ктркнын корсотуулору ар дайым кечигип же оз убагында корсотулбойт. Эмне жоопкерчилик жокпу буларда? Мамлекеттик бир иш чара болсо баарын унутуп ошону корсотуп коет.
01.12.2015. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ктрка мамлекеттик бир иш чара болсо баарын унутуп ошону эфирден чыгарып коет. Жоопкерчилик жокпу буларда?
01.12.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ктрканы мин дегн футбол суйуучулр куткон эле, уят эле болуштуго???
03.12.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
барибир Роналдого эч ким жетпейт да эмки оюнда буюрса утат Барсаны
03.12.2015. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ктр аявай рекламалап атып корсотпой койду го
03.12.2015. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КТР дайыма ушундай, андан коро туркмондордун каналынан туркчо коргон жакшы. Уятда ушунунар
04.12.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишеничти актабады ктрка футболду кобураак алып берсе жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо