Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГҮЛДҮҮ КАПУСТА ЧАЧТЫ, ТЫРМАКТЫ БЕКЕМДЕЙТ

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

Түстүү капустабы же гүлдүү капустабы? Туурасы, гүлдүү капуста экен. Ага мындай илимий аталышты араб ботаниги Ибн-эль-Бейтар ыйгарган. Анткени капустанын гүлгө окшоп бажырайган бөлүктөрү биригип чоӊ гүлдестени элестетип турат. Белгилүү жазуучу Марк Твен гүлдүү капустанын касиетине жогору баа берип, аны «жогорку билимдүү капуста» деп атаган. Келгиле, бул жашылчадан даам жасап, өз баабызды берели.


ГҮЛДҮҮ КАПУСТА ОМЛЕТИ

Керектүү азыктар:
Гүлдүү капуста
– 200 грамм
Козу карын (шампиньон) – 150 грамм
Көк пияз – 1 боо
Сыр – 150 грамм
Жумуртка – 5 даана
Сарымсак – 1 тиш
Каймак – 3-4 аш кашык
Өсүмдүк майы
Татымына жараша туз, зире

Даярдоо ыкмасы:
1. Алгач жашылчаларды жууп-тазалап алабыз. Пиязды жарым шакекче туурасак, козу карынды теӊ ортосунан бөлөбүз. Ал эми гүлдүү капустаны жоон бутагынан ажыратабыз. Сарымсакты майда туурап алабыз.
2. Андан соӊ казанга майды куюп, ысыган кезде жашылчалардын баарын салып 2 мүнөттөй кууруйбуз да, бир аз туз салып, капкагын жаап 5 мүнөт жай отто демдеп коёбуз.
3. Жашылчалар демделгенче 5 жумуртканы чоӊ идишке чагып, ага каймак жана сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп чалабыз.
4. Казандагы жашылчаларды духовканын табасына же жогорку температурага чыдай турган идишке салып, үстүнө жумуртканы куябыз. Табитиӊизге жараша зирени алаканыӊызга салып укалап, үстүнө себелеп койсоӊуз болот. Эми табаны 180 градуста ысып турган мешке салып, 5-7 мүнөттө бышырып алабыз. Тамак даяр. Дасторконго коёрдо көк чөптөр менен кооздоп койсоӊуз болот.

КОТЛЕТА

Керектүү азыктар:
Тоок эти
– 600 грамм
Гүлдүү капуста – 300 грамм
Болгар калемпири – 1 даана
Сыр – 70-80 грамм
Жумуртка – 2 даана
Каймак – 2 аш кашык
Ун – 2 аш кашык
Көк пияз – Бир боо
Өсүмдүк майы
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин жана болгар калемпирин майда туурап алабыз. Ал эми гүлдүү капустаны ажыратып, туздуу сууда 5 мүнөт кайнатабыз, аны да майда туурайбыз. Буга майда тууралган көк пиязды кошобуз.
2. Сырды сүргүчтөн өткөрүп, ага каймак, жумуртка, ун, татымына жараша туз салып аралаштырабыз. Буга тууралган жашылчаларды, этти кошуп жакшылап аралаштырабыз да, муздаткычка салып 1 сааттай тыныктырып коёбуз.
3. Мындан соӊ колду суулап туурамжыны орточо көлөмдөгү котлетанын формасына келтирип, кызыган майга эки тарабын кууруп алабыз. Котлета даяр. Муну гарнир менен дасторконго берсеӊиз болот.

ФАРШТАЛГАН ГҮЛДҮҮ КАПУСТА

Керектүү азыктар:
Гүлдүү капуста
– 1 баш
Пияз – 2 даана
Эт – 300 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сыр – 100 грамм
Татымына жараша туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Пияз менен этти майда туурап, туз, мурч, чийки жумуртканы кошуп туурамжы даярдап алабыз.
2. Гүлдүү капустаны жалбырактарынан ажыратып, муздак сууга чайкап алабыз. Андан соӊ туздуу сууга 5 мүнөт кайнатабыз. Капуста муздагандан кийин гүлдөрүнүн ортолоруна туурамжыны салабыз.
3. Духовканын табасына пергамент кагазын салып, үстүнө фаршталган капустаны коёбуз да, 180 градуста ысып турган мешке 30 мүнөттөй салып бышырабыз. Андан соӊ алып чыгып, үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелеп, кайра 20 мүнөттөй бышырабыз. Тамагыӊыз даамдуу болсун!

ПАЙДАСЫ

  • Гүлдүү капуста организмге жакшы сиӊет жана аллергия чакырбайт. Андыктан 4-6 айлык кезинен эле балдарга гүлдүү капустадан пюре жасап берүүгө болот.
  • Гүлдүү капустаны кош бойлуулукту пландаганда жана кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында жеген пайдалуу. Анын курамындагы фолий кычкылы түйүлдүктүн жакшы өөрчүшүнө таасир тийгизет. Ошондой эле гүлдүү капуста калийге жана К витаминине бай болгондуктан заара айдоочу касиетке ээ. Бул жашылчаны пайдалануу менен кош бойлуу кездеги шишиктен сактанууга болот.
  • Гүлдүү капустанын курамындагы омега-3 кычкылы жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алса, каротиноиддер көздүн көрүүсүн жакшыртат.
  • Америкалык окумуштуулар гүлдүү капуста урук чыктагыч безинин рагын өөрчүшүнө бөгөт боло алат дешкен. Ал эми курамындагы магний никотиндин организмге тийгизген таасирин жайлатат.
  • Гүлдүү капустадагы тиамин нерв системдерин жана жүрөктүн иштешин жакшыртса, рибофлавин сулуулук үчүн эӊ керектүү витамин. Ал терини тонуста кармап, чачты жалтыратып, тырмакты бекемдейт. Ошондой эле арыктайм дегендерге мыкты азык. Анткени мында клетчатка көп жана калориясы аз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
30.11.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайдалуу кенештер экен. Айрыкча кош бойлуу кезде туйулдукко пайдасы коп экен. Бул капустаны мурда эч корбогон экем. Кайсыл жерден сатып алса болот
01.12.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ainaz.ainaz,Базардан,жашылча саткан дукондордон сатып алсаныз болот.
30.11.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жагат да ушул капуста,сууга эле кайнатып,лимон, олив.май,туз кошуп жесен да дамдуу
02.12.2015. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы.
04.12.2015. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баягы жумурткага аралаштырып кууруп жечу капустабы? Кимге кандай билбейм бирок мен жей албайм)))
04.12.2015. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен фаршталган вариантын жасадым, сонун болот экен. Күптүйүп калбайт экенсиң, бат эле аш болуп кетти окшойт, курсагым кайра ачып калды
05.12.2015. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер сураныч чачты кантип кою кылса болот ошол жонундо жазыныздарчы?
06.12.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоголок капустаны туздоо рецептери барбы жазып жибериниздерчи сураныч?
07.12.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jumka0505, саламатсызбы!
Капустаны туздоо тууралуу азырынча төмөнкү гана макалалар бар:
http://www.super.kg/article/show/5215
http://www.super.kg/article/show/23759
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо