Омар, ырчы: «МЕНИ КАРАЛАГАН АДАМДАРДЫН КЕЧИРИМ СУРАШЫНА МУКТАЖ ЭМЕСМИН»

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

Омар 2008-жылы «Жаӊы толкун» аталыштагы эл аралык сынакта Алла Пугачёванын колунан «Алтын жылдыз» сыйлыгын алып, ырчы катары калыӊ элдин назарына түшкөн. 2011-жылы «Жылдын супер ырчы мырзасы» наамын алган. Ырчы үстүбүздөгү жылдын 27-июль күнү Талас шаарынан алдамчылыкка шектүү катары кармалып камакка алынып, жакында ага карата кылмыш иши токтотулду. Ырчы менен кылмыш иши токтотулгандан кийинки жаӊылыктары тууралуу сүйлөштүк.

– Омар, суроо-жоопту ток этер жеринен баштасак. Кашыктап жыйган кадырыӊ чөмүчтөп чачылып калгандай эле болду. Башыӊдан өткөн окуяны өзүӊдүн, элдин эсинен чыгарыш үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасыӊ?
– Болгон окуяны элдин, өзүмдүн эсимден чыгарыш үчүн атайын аракет кылган жокмун. Азыр эӊ биринчи максатым – элдин купулуна толгон чыгармаларды жаратуу. Жакында жаӊы ырлар жыйнагым чыгат. Ош, Жалал-Абад шаарларына концерт берүүнү пландап жатам. «Мезгил – эӊ мыкты дарыгер» демекчи, башымдан өткөн күндөрдү убакыт унуттурат го.
– Адамдын башына кыйын иш түшкөндө ою, мүнөзү өзгөрүлөт дешет...
– Бул окуя мага турмуштук чоӊ сабак болду. Кол сунгандардын баарына эле жардам бериш керек деген түшүнүктөн алыстадым. Жакындарымдын айтымында, мүнөзүмдө да өзгөрүү болуптур. Өзүмө дагы кооптонуп жүргөндөй сезилип жатам.
– Азыр мага мурунку Омар көрүнбөй турасыӊ. Бир аз кыйналып калгандайсыӊ...
– Жок-жок. Клип тартабыз деп эрте тургандыктан ушундай көрүнүп жатсам керек. Негизинен бул маселе мени чүнчүтпөш керек. Эр жигиттин башына эмнелер гана келип кетпейт? «Тыйындын эки бети бар» дегендей, эки тарабын теӊ көрдүм. Жаман адамдар кайсы жерде экенин, ал жер жакшы жер эмес экенин көрдүм.
– Камактагы күндөрүӊ түшүӊө кирип кыйналган жоксуӊбу?
– Кудай сактасын, андай болгон жок.
– «Сотко күбө катары катышасыӊ, кылмыш иши токтотулду» деген чечимди укканда кандай сезим болду?
– Бул чечим сентябрда эле кабыл алынган. Нуржан Токтогуловдун (ырчы менен чогуу айыпталып жаткан досу) сатып алган сарайын таптык, акчаны кайда жумшаганын билген күбөлөр табылды. Мен берген көрсөтмө 100 пайыз туура чыгып, Нуржан доомат таппай калды. «Сотко күбө катары катышасыӊ» деген чечимди укканда кубанганымдан ыйладым. Үйгө келип жети токоч бышырып түлөө өткөрүп, курмандык кылып мал союп бей-бечараларга тараттык.
– Бул окуя башыӊдан өткөндөн кийин жанымда жубайым болсо, кайгымды теӊ бөлүшөр беле деген ой келбедиби?
– Ооба, андай ой келди. Аял – кабыргаӊ деп коёт эмеспи. Жанымда жубайым болсо, ал процесс жеӊилирээк өтмөк беле деп ойлодум. Бир туруп эгер үйлөнгөнүмдө өзүм тарткан азапты жубайымдын башына үйүп, аны жагымсыз жагдайга калтырат белем деген да ойлор болду. Эмнеси болсо да ал күндөр артта калды. Эми жашоомду жаӊы барактан баштайын деп чечтим. Үйлөнүп балалуу болсом, бул күндөр бат эле унутта калат.
– Сен үйлөнөм деп айткандан бери чыгармачылыктагы досторуӊдун айрымдары балалуу болуп калышты...
(Күлүп). Буюрса, үйлөнөрдөн мурун «Супер-Инфого» келип кетем. Социалдык тармактардан элдер качан үйлөнөсүӊ деп сурап жатышат. Ата-энем да үйлөн деп кыйнап жатышат. Чын эле досторумдун алды эки балалуу болуп калды. Алардын балдарын көргөндө балалуу болгум келип кетет.
– Кыйынчылыкта дос-тууган иргелип калат эмеспи. Кимдин ким экени билиндиби?
– Кимиси дос, кимиси менин атагыма дос экени билинди, электен өттү.
– Азыр Нуржан менен мамилеӊ кандай, сенден кечирим сурадыбы?
– Менин оюмча, ал тарап өзүнүн көз карашында турат болуш керек. Анткени айтчу сөзүн айтып алды. Учурунда ата-энеси ыйлап, элди калп менен ынандырышты. Ачык айтканда, алардын ою менден акча алуу болчу. Бул иш ачыкка чыга электе Болот байке (ред. жабырлануучу) мени «Омар, кара пиар деген бар» деп коркутканда, «мен акча алган эмесмин, мени коркутпаӊыз» деп айткам. Ал киши 50 жаштан өткөндө ушундай нерсе кылып туруп кечирим сурайбы билбейм. Бирок Нуржан түшүнсө азыр болбосо да кийин кечирим сурайт болуш керек. Кечирим сура же сураба деп деле айтпайм, алардын кечирим сурашына муктаж эмесмин.
– Алдамчылыкка шектүү катары кармалган ишиӊ тууралуу сүйлөшкөндөн тажадым дедиӊ. Эмне тууралуу сүйлөшкүӊ келди эле?
– Бирөө айткан экен, «кедей өлкөдө саясатты, бай өлкөдө маданиятты сүйлөшөт» деп. Азыр кенедей баладан аксакалдарга чейин саясатты сүйлөп калышты. Кыргызстанда дагы футбол өнүгүп жатат. Бизде дагы футбол оюндары өтүп, элдер спорт тууралуу сөз кылышса сонун болмок. Коомчулукта сахна, маданият, адабият тууралуу талкуу жүрүп, «жаӊы акындын китеби чыгыптыр, мындай жазылыптыр» деп сүйлөшсө жакшы болмок.
– Жакшы китеп демекчи, сөзүбүздү китеп тууралуу сүйлөшүп жыйынтыктайлы. Акыркы ирет кайсы жазуучунун китебин окудуӊ?
– Китепти сүйүп окугандардын катарына кирбейм. Антсе да психология, диний, экономикалык багыттагы китептерди окуйм. Көркөм адабиятты окуй албайм, 50 беттин тегерегинен кийин кызыктуу сюжет таппасам токтотуп коём. Акыркы жолу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романын окуп чыктым.
– Маегиӊе рахмат!

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(45)
30.11.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биииилбееейм!
30.11.2015. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да билбееейм, азыр кимге ишеничти да билбейм!
30.11.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Омар,өзүмдү мисал катары айтсам,сен жөнүндөгү пикирлерим эч кандай тескээри жакка өзгөрбөдү. Тескээринче,башыңа мүшкүл иш түшкөндө да адамдык сапатыңды сактап,эч кимди күнөөлөгүң келбегени,мендеги баркыңды ого бетер көтөрдү.
30.11.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омарчик ) баары артта калды, эл сиз менен жашоону жаны барактардан баштоонуз конулду которду. Туура айтасыз адам жаны жашоону баштоосу менен бакытты багындырат, ийгилик. Токтоолугу орундуу суйлогону менен жагат.
30.11.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Senuchunzhashaim, жеке билдирүүнү купуя менен жазып жибериңиз!
30.11.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, Кечиресиз админже )
30.11.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан айтып коет го курулай дооматтан, жалган жалаадан сакта деп... Бирде жигит тоо минет, бирде жигит жоо журот, эч нерсе эмес баары озу калыбына келет, бирок, аркандан ээрчип тураар балээни жармаштырып коюшту.
30.11.2015. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омар чыгармачылыгын оркундоп осо берсин. Ар дайым алдыга карай умтула бер.
30.11.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо Чоро Думанаев жөнүндө жазгылачы сураныч көптөн бери жазыла элек
01.12.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баары артта калды! Омар мурун биз учун кандай болсо азыр деле ошондой!!! ишинизге ийгилик!
01.12.2015. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо,Омар ишине ийгилик!"Ак ийилет бирок сынбайт"-деп мен сага ишенгем.Омардын "Кыргызстаным"-деген ырын уккандан тажабайм.Мен сыйлап,урматтаган ырчы Омар бактылуу бол!Кызыктуу жакшы маек учун Суперге терен ыраазычылык!
01.12.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негедир жакпай калды ушул ишинен кийин
01.12.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин жаным го. Бактылуу болунуз ишинизге ийгилик.
Акталышынызды, куноонуз жок экенин башында эле билгем.
01.12.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен журогу кармап калды дегенде эле тунулгом! Ошол жерин бекер аткаргансында эркекче эле бутуруш керек эле эсин жоготбой!
02.12.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ruslan_d,эркекчее ха,ха сенин озундун башына тушпогон сон айта бербейсинби оозго келгенди
01.12.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уят.уят,уят. Омар сага.
01.12.2015. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Омардын эч кандай журок мурогу оорубайт. Кудайым анын бетин ары кылсын. Эгер чындап ооруп калса көрөм кандай абалда болгонун. Уят эмеспи. Бул кылганың жигиттик эмес Омар!
01.12.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!Ийгилик!Башынан коро албагандардын чырагына май тамып эле жыргап калды,башынан колдогондор колдоп эле келет.Омардан башка бироонун колунан келсе,келээр,бирок Омардын колунан келбейт мындай жаман иш.
01.12.2015. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
как то он не вызывает доверия, особенно после того инцидента...
01.12.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Омар байке сабырдуу адам экен. Баарын сабырдуулук м.н женди. Кудайды тааныган Алла деген адам сабыр кылыш к.к. Баары Кудайдын буйругуна жараша. Баарыбызга Аллахым сабыр ыйман берсин.
01.12.2015. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец.Сыйлайм бул жигитти.Коро албастар кылды баарын
01.12.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишине ийгилик ар дайым алдыга карай умтула бер
02.12.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
до того тошнить уже от него!!!
02.12.2015. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баарына бирдей жага албайсын бул жашоодо,ошон учун ушул созду Омар сага айткам, бирок сен жонундо сн куйормандарындын оюу бузулган жок деп ишенем,мындай иш болбосо да сени коро албагандар дагы деле ойдодогу камент. сыяктуу жаза беришмек,сени колдойбуз
02.12.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироок сени Омар ишендирип кетет элем адамдардын 100% тин 80,90% сени колдойт
03.12.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanu, Izdeim_seni.,
Жеке билдирүүлөргө купуя кат бар.
03.12.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдын козунон корунуп кандай экени мен Омарга аягына чейин ишенгем.Аным да тастыкталды менин курбум м.н Омар чогу окуптур,ал Омар бала кыял,ото ишенчээк ,журогу таза адам деди.Ал эми токтобой ушак кылып аткандар андан коро озунорду карагыла?периштесинерби?Омар иним ит уро берет а сен арстансын иттерге караба
03.12.2015. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи намаз окуп
Динде жургон адамдар коп косяк кетирип баштадынбы.иренжип кетет экенсин.мён сыйлап жургон Адам ушундай болсо деп
11.12.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnaz.GS,Сен Кудайга ишен, анан өзүңө ишен,бирөөнү эмне кыласың, өз жашооңду бил
03.12.2015. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак болсо актыр акталыпчыканы жакшы болуптур. Бирок Алла билет баарын. Кыргызча жакшы укулукту бирда ыры жок эми чыгарма чылык менен жакшы иштесен болот эле. Жакшы ырларды кутуп каламын.
05.12.2015. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллага чындап ишенип намаз окуган адам ырдабайт болчу!
06.12.2015. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар олкобуздун эн алдынкы ырчыларынын катарында, Адам баласынын башына эмнелер гана келбейт дейсин; Эн башкысы баары артта калды башынды бийик котор, дагы алдыда канча деген ийгиликтерди багындыруун керек . Биз сени колдойбуз!
16.10.2019. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahım kuru doomattan jalgan jalaadan saktasyn ak yiylet bırok synbait chygarmachılık yigılık maga unu ayabai jagat
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо