Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Beeline жаӊы смартфону: МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ ЭКИ ЭСЕ ЖАКШЫ – БААСЫ МУРДАГЫДАЙ ЭЛЕ!

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

Телекоммуникация рыногунун лидери Beeline өз смартфонунун жаӊы версиясын – Beeline Smart 2 чыгарды. Негизги артыкчылыгы – мурдагы 3890 сом баасында кубаттуу конфигурация. Жаӊы смартфон үч өлчөмдүү графика менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Бул девайс өз баа сегментиндеги эӊ мыктылардын бири.
Beeline рынокко өз смартфонунун жаӊы версиясын чыгарды. Beeline Smart 2 мурдагы версиянын бардык артыкчылыктарын сактап калган. Бул – жеткиликтүү баасы, болгону 3890 cом жана 2 SIM-карта колдонуу мүмкүнчүлүгү. Ошондой эле сапаттык мүнөздөмөлөрү бир кыйла жакшырды: оперативдик жана орнотулган эс тутум эки эсеге көбөйтүлгөн, эми алар 1Gb жана 8Gb`ты түзөт. Платформасы жаӊыртылган жаӊы девайс акыркы версиядагы Android 5.1 иштейт. Көрсөткүчү жогорулатылган, тагыраагы 5 мегапиксель камера орнотулду. Смартфон ошондой эле GPS-кабыл алгыч, сыйымдуу аккумулятор менен жабдылган, Wi-Fi жана Bluetooth 4.0 колдойт.
Beeline Smart 2 соцжелелерде баарлашуу, мультимедиа файлдарын көрсөтүү, мобилдик телевидение, электрондук китептерди окуу, кеӊсе кагаздары менен иштөө, GPS боюнча навигация жана башка мүмкүнчүлүктөрүн берет. Кубаттуу процессор смартфонду башкаруунун салмактуу жана тез болушуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле процессордун өндүрүмдүүлүгү үч өлчөмдүү графиканы сапаттуу иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул online режиминде жана смартфондо орнотулган оюндарга дагы тиешелүү.
Beeline жаӊы мобилдик түзүлүшүн компаниянын каалаган сатуу жана тейлөө кеӊсесинен же расмий соода түйүндөрүнөн сатып алууга болот. Смартфонго 1 жылга кепилдик берилет. Ошондой эле Beeline Smart 2 смартфонун сатып алганда 2 айга 4 Гб интернет-трафик белекке берилет. Бул белек смартфондун бардык артыкчылыктары менен таанышып алууга жакшы мүмкүнчүлүк берет.

Beeline Smart 2 техникалык мүнөздөмөлөрү менен компаниянын www.beeline.kg расмий сайтынан кененирээк таанышууга болот.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
30.11.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыкканына 3 ай болдуго,артыкчылыгы да кемчилдиги да бар
01.12.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу бала рекламада ой бай девей эле койчу
05.12.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батарейкалары жок сатылбайт экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо