БАРДЫК ЖОЛДОР КУДАЙГА АЛЫП БАРАТ

№682 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж

Адам кайсы динди тутунат, кимге сыйынат өз эрки. Буга ишен, сеники туура эмес деп таӊуулаганга болбойт. Атактуулар айылында бул көрүнүш кандай, ким кайсы динди тутунат, сурап көрдүк.

Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: «МЕЙЛИ ХРИСТИАН, БУДДИСТ БОЛ, ТУУРА ЖОЛДО БАРАТСАӊ МУСУЛМАНСЫӉ»
- Бизге мугалимдер Кудай жок деп үйрөткөндүктөн 1988-жылга чейин Кудайдын бар экенине такыр ишенчү эмесмин. Чоӊ апам каза болгондон кийин Бишкекке көчүп келип, шаардын четиндеги айылда жашап калдык. Ошол күндөрдө 1 жаштагы кызым ооруп, дене табы 40 градустан түшпөй койду. Түн ортосунда кайрыла турган тууганыбыз жок, дары таппай жалдырап калдык. Карасам, кызыбыздын көзү жумулуп бара жатат, коркуп кеттим. Ошол маалда чоӊ апамдын арбагына кайрылып, «небереӊизге жардам берип, аман алып калыӊызчы. Кызым аман калса, Кудайдын бардыгына ишенем» деп жалынып жибердим. Сыйынгандан кийин 20 мүнөттүн ичинде кызымдын дене табы түшүп, кадимкидей жакшы болуп кетти. Ошол күндөн баштап Кудай бар деп жашап келе жатам. Намазга жыгылбайм, бирок ырым-жырымдарды жасап, куран окуп арбактарга сыйынып турам.
1999-жылы апам аябай катуу ооруп калды. Доктурлар «адам болбойт» деп кол шилтеп коюшкан. Бир көзү ачык кишилерди карачу. Тишим ооруганда Темир Бирназаровдун сунушу менен барсам, чын эле касиети бар экен, айыгып калган эле. Апамды да алып барайын десем, «доктурлар айыктыра албаган ооруну көзү ачык айыктырмак беле?» деп такыр барбай койду. Оорусу күчөп кыйналганда айла жок барды. Ага баргандан 3 айдан кийин доктурга барса, оорунун симптомдору жок чыкты. Ошол табыпка 7 ай каттап, Кудайга шүгүр, ушул күнгө чейин күүлүү-күчтүү оорубай жүрөт.
Ал эми дин жөнүндө айтсам, мусулманчылык туура жол дегенди түшүндүрөт. Мейли христиан, буддист, мусулман болсун, айтор, туура жолдо бара жаткан болсо, мусулманчылык деп аталат. Мухаммед пайгамбардын доорундагы жазуулар сакталып калган экен. Пайгамбар азрет Алини чоӊ казатка жөнөтүп жатканда «тоолуктарга кылыч салба, алар бизден мурун мусулман болгон» деп айтыптыр. Демек, кыргыздар арабдардан мурун мусулман болгон экен деп билем.

Шайыр Касымалиева, актриса: «МЕН КУДАЙГА КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЭЛЕ КАЙРЫЛАМ»
- Кудай Адам атабызды топурактан жаратып туруп, «уф» деп үйлөгөндө жан кирген. Анан анын кабыргасынан Обо энебиз жаралган. Ошондуктан бир гана Кудай биздин жаратуучубуз. Ар бир адам жан дүйнөсүн ар кайсы ишеним менен толтурат. Башка динге өтүп кетти дегенден алыс болушубуз керек. Себеби менин тагдырымды эч бир пенде чечпейт, бир гана Кудай чечет. Ошондуктан кандай динде, кандай ишенимде жүрөм өз эрким. Ага эч ким кийлигише албайт. Динди таӊуулабаш керек. Акыры Кудайдын алдына барганда баарыбыз жооп берерибизди жүрөккө бекем түйүшүбүз зарыл. Кичинекей кезимде элдин «Кудай жок» деп айткандарын кулагым чалып калчу. Бирок өздөрү тымызын мисалы, таене-таяталарым «О кудай, бөөдө кырсыктан сакта!» деп Кудайга сыйынышчу. Бала кезде эле Кудай бар экенин жүрөгүм сезчү. Аян түштөрдү ушул күнгө чейин көрүп келем. Кандай түш көрсөм, жакшысы да, жаманы да аткарылат. Динге бөлүнүүнү жактыра бербейм. Ишенимдер көп болгону менен Кудай бирөө. Ыйык китептерден Куран, Тоорат, Инжил, Забурду, индуизмди изилдеп көрдүм. Тигил туура эмес, бул туура деп башка диндегилердин көӊүлүн ооруткум келбейт. Эӊ негизгиси, өзүмдүн жолумду таптым. Кудайга кыргызча эле кайрылам, 50 жылдан бери тилегенимди берип келе жатат.

Мухтар Атаналиев, ырчы: «ШАЙЛООДОГУ КАЛПТАРДЫ ЖҮРӨГҮМ КӨТӨРӨ АЛБАЙ ООРУП КАЛГАМ»
- Мектепте окуп жүргөн атеизм заманында эле мугалимдер «Кудай жок, биз маймылдан жаралганбыз» десе талашчумун. Биз маймылдан жаралбасак керек, бизди Кудай жараткан деп өзүмчө божомолдоор элем. Бирок дин жөнүндө түшүнүгүм жок болчу. 2007-жылы биринчи жолу партиялык тизме аркылуу депутаттарды шайлоо болуп, үгүт иштери менен Кыргызстанды түрө кыдырып калдык. Адам баласы калпты өкүртө айтып, жамандаганды да өтө жакшы өздөштүргөн экенбиз. Жаӊжалдашып урушуп, адамдар бири-бирин жек көрүп, куру убадаларды берип жатышат. Карап туруп уяласыӊ, колунан келбеген ишти айтып элдин башын айландырышат деп. Адамдын ушунчалык калпты окшоштуруп айтканын 2 ай бою уга берип, жүрөгүм көтөрө албай ооруп калгам. Анын үстүнө мен колдогон партияны шайлоодон четтетип коюп, биз да көп кишиге убада бергенбиз, аларды ойлоп сарсанаа болдум окшойт. Үгүт иштери аяктаган соӊ үйгө жетип эле сулк жыгылдым. Жүрөгүм катуу ооруганда Абас деген бир тууган иниме айттым. Ал мечитте имам, «дааватка барып келсеӊиз айыгасыз» деди. Катуу ооруп жаныӊ көзүӊө көрүнгөндө айла жок, жүрөгүм айыкса болду деп 4 айга дааватка кетип калдым. Ошол жактан көзүм ачылып акыйкаттык бул жакта турбайбы деп түшүнүп, Кудайды таанып келдим. Ал жактан келип ырдаганды токтоттум. Иним буга чейин эле дин жөнүндө айтып келген, ага көӊүл бурчу эмесмин. Адам баласы ушундай экенбиз, качан гана кыйналганда Кудайды эстейбиз.

Динара Эсенгулова, продюсер: «КУРАНДА КУДАЙДЫ ТААНЫГЫӉАР КЕЛСЕ, ЗАБУРДУ, ТООРАТТЫ ОКУГУЛА ДЕЛГЕН»
- Менин түшүнүгүм боюнча, дүйнө жүзүндө бир эле Кудай бар. Аны эч кимибиз көрбөгөнүбүз менен, жүрөктө сезип турабыз. Ошондуктан кыйналганда Кудайга жалынып жиберебиз. Кудайдын колунан баары келет. Жерди, Айды, ааламды пайда кылып адамды жаратып койду. Адамдардын ар бирине өзүнчө көӊүл буруп жараткандыктан эч бир окшош адамдарды таппайсыӊ. Жадакалса дарактагы жалбырактар да такыр бири-бирине окшошпойт экен. Кудай адилеттүү, ырайымдуу болгондуктан дүйнө сакталып, биз жашап жатабыз. Кудайга кайрылуунун да жолдору көп. Мисалы, намаз окуп Кудай менен баарлашышат. Бул эми арабдардан келген нерсе.
Мен Кудай кыргыз кылып жараткандыктан Кудайга кыргыз тилинде кайрылам жана ал бардык тилди түшүнөт деп ойлойм. Анан араб тилин чала-була жаттап алып, ал тилди түшүнбөгөндөн кийин тамгаларды туура эмес айтып, такыр башка нерсени айтып кайрылып алгандар бар. Албетте, туура эмес деп бирөөнү соттогондон алысмын. Бизди бир гана Кудай соттойт. Бул менин жеке оюм, көз карашым. Жанагы оронуп-чулганып алгандарды деле туура эмес көрөм. Арабча кийинсе эле Кудайга жакын болуп, Кудай жакшы көрөт деген түшүнүк туура эмес. Шариятты деле 100 пайыз туура аткарган адамды көргөн эмесмин. Ар бир адам катачылык кетирет, күнөө жасайт. Жок дегенде бирөөгө жаман сүйлөп алышы мүмкүн. Оорулуу адамга доктур керек болгондой эле күнөөгө баткан инсанга Кудай керек деп ойлойм. Ыйык Забур, Тоорат, Инжил китептерин окуп чыккам. Булар кылымдан кылымга келе жаткан китептер. Ал эми Куран 7-кылымда эле пайда болгон. Керек болсо куранда да айтылган, «Кудайды тааныгыӊар келсе, Забур, Тооратты окугула» деп.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(56)
30.11.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Шайыр Касымалиева баптис да.
30.11.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shpionka,чын элеви
30.11.2015. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
amanatym, оа апей калп айтып мен жанымды жеймби
30.11.2015. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Shpionka, ай ай шпионка малыматыныз туурабы
30.11.2015. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
altynaiB, оа тупатура 100%
04.12.2015. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shpionka,менда ошентип уккам,
04.12.2015. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shpionka, mm men da oshentip ukkam. Ozunun ele choyrosunon ((
30.11.2015. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арбактар колдойт деп сыйынгандарга таан калам
30.11.2015. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пайгамбарыбыз Мухаммад с а в доорунда жооттор эрнистке окшоп шарт коюшкан пайгамбарыбызга. Эгер сенин кудайын чын болсо биздин маселени чечип берсин деп. Анан Пайгамбарыбыз Аллахтан сурап дуа кылып. Коптогон жооттор Ислам динин кабыл алышкан.
Лаа илаха ил Аллаху Мухаммадур расул Аллах келимесин айтмайынча адам мусулман болбой. Мааниси "Аллахтан башка сыйынучу зат жок мухаммад анын элчиси.
30.11.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
astagfirallaah Bul ernist bayke, but ele Kyrgyz elibiz musulmanbuz dep koyup arbaktarga suyunup turam ata enemdin arbagunan jardam surap turam degeniner ozu ele shirk bolup eseptelet , bul degen karangu tunttkun belgisi en bir jaman kuno, Islam dinin jakshu okup tushunuubuz kerek musulman bolgondon kiyin.
30.11.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эрнест мырза Тенирчи, шаманизмдми карманган адам, Шайыр айым жоотордун(Иуадаизм) динин тутунат, Мухтар мырза мусулман (Ислам) динин карманат,Динара айым да сыягы жооттордун дининде го деген ой...
30.11.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бироосунун да суйлогон создору жакбады, бирисидагы Аллахтын бар экенине толук ишенбейт экен.
05.12.2015. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirana9395,Мухтар байке ишенет буюрса
06.12.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirana9395,Айланып кетейин,Аллах деген арабчадан которгондо кудай эле болуп которулат.Сен бул тушунугундо араб болуп эле кетейин деп калгансын го. Кудай бизди оз амири менен кыршгыз кылып жаратты, кыргызча тил берди. Эгер сен айткандай аллах дей турган болсо бизди араб эле кылып жаратып койбойбу.Бул менин жеке коз карашым.
01.12.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо кылдым суйлогон создорун.Аллах баарыбызга ыйман бер
01.12.2015. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Din bul jekeche ish. Ar kim Ozu bilet kajsy dindi tutunaaryn.Bul tuura je tuura emes dep ajta albajbyz.
01.12.2015. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Астагфируллах эхх эхх кыргызым бул создорду окуп аябай журогум ооруп кетти динден тушунугу жокторду Мухтар Атаналиевдей дааватка чыгарыш керек ошондо азыркы айткан кее бир создоруно окунушуп калат эн ыйык китепти паска урган намаз жоолуктк арбдардан келген деп айткан эже Тоорат Забур Инжилди окуганча жонокой диний ктептерди окуса болмок экен тооба кылыныздар айткан созунуздорго
01.12.2015. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дин жонундо кичине болсо да эч кандай маалыматтары жок экен, дагы мусулманбыз деп коюушат. Динара Куранды 7- кылымда эле пайда болгон деп басым кылыптыр. Ошол эн акыркы берилген китеп Алла Тааладан буткул мусулмандарга дуйнонун акырына чейин ,силердейлерге жакшы таанысын
02.12.2015. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сын такпагылада кудайга ишенгени учун ушундай даражага жетип ийгиликтерге жетишкенда. дин кооп кудай бироо главное журок таза болуш керек ыйман болуш керек адам затта.
03.12.2015. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дин бир гана"" Ислам " дини калгандары туура эмес агымдар! Адамдар оздору билет эмне кылышты бирок кыямат куну кимди эмне кылышты Жалгыз Аллах Таала билет. Мен учун интервью бергендер анчалык деле маанилуу эмес Кыргызстан учун.
03.12.2015. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"7-кылымда эле"дейт го... Кудай Таалам ар кимге ыктыяр берген эмеспи озунор айткандай " озунор" жооп бересинер. Бирок кабар берет кимдин кандай адамдыгынан
04.12.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушинтип интерьвю влгандын озу туура эмес
04.12.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрнест мырза антип кудайга шарт койгонунуз туура эмескоо
04.12.2015. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугадар ислам дини таза,туура дин,жараткан Алла жалгыз,жараткан Аллага ишенели,Алладан башка эч нерсеге сыйыныштын кереги жок
04.12.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tursunbaev2004,Туура айтасын Аллахтан башка сыйынар зат жок.
05.12.2015. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларга атайы соз уйроткондой го чоочуп эле уч кишиден сурай коюп...
05.12.2015. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу Шайыр эжекебиз менен Динара апчемдин создору менде бир будомук ойду жаратты да......
05.12.2015. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rusha,ошо да забур окуганы особенно
05.12.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kozu a4ykka iwenuu bul Allahka iwenbegendik
05.12.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх Эрнист Байкебиз адашыптырсыз арбактарга эмес ЖАЛГЫЗ АЛЛАХ ТААЛАГА сыйыныш керек ал козу отуп кеткен чон ата чон энелерибиз оздоруно жооп бере ала атышабы аны бир АЛЛАХ билет
05.12.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул биздин эл астында жургон ага эжелерибиздин тушунугу ото томон экенго бул жашоодо Жалгыз гана АЛЛАХ жана анын айгамбары корсоткон жол менен гана жашаш керек
06.12.2015. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bah_tee,жалгыз исламдын жолунда жашасан, интернетте кылып отурасын, бул жерде реклама, ачык айрым кийинген кыздардын суроттору бар, куноого батпа))
05.12.2015. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары эле Кудайга ишенебиз деп жатпайбы туугандар. Сындап сөз жазгандарга кошулбайм. Ар кимдин жүрөгүндө эмне бар экенин бир гана Жараткан Аллах билет.
06.12.2015. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бироого бир динди тануулаганга болбойт. мен деле коп ойлоном илгери ата бабабыз исламсыз кантип жашады экен деп. менимче бир жакшына эле жашашкан жана аларды кудайдан безген, акылы кем жб деп кемсинтууго такыр укугубуз жок. журогундо ынсап, сый болсо, мекенин атанесин суйсо, туз журсо, муктаж адамдарга жардам берсе болду да. мен учун ушул муноздор биринчи орунда. ал эми ислам, христиан бул жон гана багыт. жалан исламдын закону менен жашагынар келсе аравияга кочуп кеткиле.антпеген сон сындабагыла
06.12.2015. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Olgon adam ech kachan, tiruu adamdy koldoboit. kk bolso tiruu adam tiruu adamdy koldoi albait, baardygy bir gana ALLAHTYN kolunda, andan bawka ech bir jaratuuchu jok ii bolgon da eemes. aa bizdin jyldyz soroilor sabatsyz ekenin korsotup koiuwuptur
06.12.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манаска ишенгиле.
06.12.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanchik9,Ozun ishene ber!Dinara,Saiyr ejeler kantet ya?Bir jaratkan Allahka ishengile!!!
medina. түзөттү 2015-12-06 14:55:46
06.12.2015. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арким аркандай
07.12.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ассалому алейкум бир туугандар биринчиден биз араптарды туураган жерибиз жок куранда аурат жерлеринерди жапкыла деген жери бар аял кишки манжалары бети ачык калганы баары корунбош керек даже фигурасыда билимбеш керек кыргызчале койнок болот ал арапча эмес аял кишки аурат жерин жабыш милдеттуу фарз тушунгуло жаппасан бул чоон Куно периштелер наалат айтат буга хадис бар эркек Адам тизе чыканактан ойдо аурат болуп саналат намаз орозо зекет мумкунчулугун болсо ажыга барыш милдеттуу .
07.12.2015. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртерак аракет кылып Аллага тобо кылып калыш керек убакыт учкан куш бугун барбыз эртен жокбуз эртенкиге чейин жашайсын деп алладан башка эчким билбейт даже гарянта жок арасынан даватка чыктым дегени туура окшойт калганына ичим чыкпады .
07.12.2015. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам баласы бул дуйного жаралган максатыбызды билишибиз керек куранда жазылу мен инсан менен жинди озумо ибадат кылыш учун гана жараткам . биз Аллага кулчулук кылышыбыз керек ал келме намаз орозо зекет ажы . мындай акылсыздыктарды окуп тан калдым козунорду чонурак ачсанар мынчалык томон кетпей биз мусулманбыз бир туугандар качанкыга чейин нанды нана деп журосунор жашынар бир топко барып калыптыр аллахым силерге журогуного динден тушунук ыйман берсин ооомин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо